Кыз маанай

Меникилер...
Экөөнү тең бирдей жакшы көрөм. Жашоомдун маңызы, тиреги да ошол экөө. Көңүлүм чөксө да, сүйүнсөм да экөөнө айтып калмайынча жаным тынбайт. Бир кезде, мен жарык дүйнөгө келе электе, балким келгенден кийин деле, кичине кезимде экөө тең жапжаш, сулуу айымдар болчу. Азыр болсо, турмуш, мезгил өзүнүкүн алып койгон. Жаштыктары артта калган. Экөөнүн тең чекесине бырыш түшүп. Өмүрдүн өтүп баратканы өкүндүрөт. Экөөнүн өмүрүнүн жок дегенде 10 жылын кайтып бериш колдон келсе эмне... Аман болсо экен деп Кудайдан суранам. Ак сүтүн актай албасам да, жакшылыгымды көрүп, баламды эркелеткен күндөргө жетип, узак өмүр сүрүшүн каалайм.
Менин алтындарым! Жарык дүйнөгө алып келген апам жана мээримин төгүп, бар жакшысын аябай ушул күнгө жеткирген энекем, бар болгула, майрамыңар менен!
Эмнеси болсо да силер жарык дүйнөдө бар кезде мен бактылуумун! Дүйнөм түгөл.
Бегимай БАКАШЕВА




Мен жашоодо башкы каарманмын
"Бул жашоо театр, а адамдар андагы актерлор" деп айтылган экен. Демек, баарыбыз жазылган сценарий боюнча ойнойбуз. Ар кимибизге жогорттон ролдор бөлүштүрүлгөн. Эмнегедир мен бул жашоодо өзүмдү башкы каарманмын деп эсептейм. Балким башкаларга күлкүлүү чыгар. Бирок, менде дайыма ушундай ой жүрөт. Кээде "же баардыгы эле ушундай ойлонобу" деп кетип, интервью алып атканда көп маектештериме ушул суроону берем. "Жашоодо өзүңүздү кандай каарманмын деп эсептейсиз?" деп. Мен күткөн жоопту эч ким бербейт. Баары эле "мен оң каарманмын" дешет. Мен башкы каарман болуп, бул жашоодогу пъеса мен үчүн жазылгандай, калгандар эпизоддук ролдорду ойноп жүрүшкөндөй. Окуянын жүрүшү мага жараша өнүгүп, өзгөргөндөй… Мүмкүн бул менин ашкан өзүмчүлдүгүмдүр. А бирок, мен бул жарык дүйнөгө келгенге чейин деле ушул "чыгарма" болгон да. Биз "кеткенден" кийин деле улана берет. Же мүмкүн, ар бир доордун өзүнүн башкы каармандары болот чыгар... Чыныгы театрда ролун аткараардан мурда актер "сценарий" менен таанышып, андагы тагдыры кандай экенин алдын ала билет. А биздин "театрда" алдыда эмне күтүп атканын билбейсиң. Мына эки театрдын айырмасы. Ар бирибизди ар түркүн тагдырлар күтүп турат…Келечегиң бүдөмүк болгону менен баарыбыз жакшы нерсени үмүт этебиз. Негизги эпизоддор али алдыда…Жалаң гана жакшылыктар, ийгиликтер күтүп турганына ишенем. Анын үстүнө чыгарманын аягы көбүнчө башкы каармандардын бактылуу болушу менен бүтөт эмеспи…
Дилбар АЛИМОВА




  Жаздалбас

Төңкөрүш
Акыркы төрт жылдан тарта "март" же "жаз" деген түшүнүк бүтүн кыргызга, дегеле Ала Тоо койнуна "төңкөрүш" дегендей угулуп, сезимди да калыптандырып салыптыр. Саясаттын "сайышаар" кези да март... Же жаз...

Өзү тээ жер жаралып, анын бетине адам-шумпай тирилгенден тарта эле шунакайбы дейм. Табиятың да өзүнүн түзүлүшүнө, турпатына мартта, жазда төңкөрүш жасайт ээ... Жадакалса турмушуңда да жазда төңкөрүш. Жарма патриоттордун тили менен айтканда, "кыргыздын канында жок 8-март" деген бар. Аял аттуунун баары ушул күнгө карата тээ жыл мурунтан даярдык көрө башташат. Керемет кыялдарга батып... Анан шордуу күйөө, эркек сөрөйдүн дагы бир маселеси чыгып калат, кашайганда... Аялдын кыялдагы керемети кыйрайт. Эми көрүп ал... Үйбүлөлүк, мамлекетте, сүйүү кемесинде , биртуугандык аба жолдорунда төңкөрүш башталат. Аягы эркектин ыйгарым укуктарын кыскартып, кайын-журттук, аяш-адаш, эже-сиңдилик башкаруу түзүлмөкчү болот. Кол сыйрылып, көз көгөрүп, айлык менен анча-мынча шабашкадан сыгып чыгарып, кысынып алган идиш-аяк, эмерек-семерек талкаланат. Айрым күйөөлөргө "импичмент" жарыяланат. Акыйкатта эргул-күйөө букача моюн толгоп коюп эле кайра өзү бийлик жүргүзө берет. Жаз келсе эле менде да эмнегедир төңкөрүшчүл сезимдер жаралчу болду. Акыркы төрт жылымды карап көрсөм, эл Акаевди Москвага кубалаган күнү мени да бойдокчулуктан кубалап жиберишиптир. Так ошол төңкөрүштүн эртеси үйлөнүп ала койдум. Андан берки жаздарда жалаң үйбүлөлүк, көртирлик төңкөрүштөрү менен алышыпмын. Эми... Эми да бир төңкөрүш күтүп тургандай. Каяктан деп коем. Үйбүлөм, ишим, дос-жором баары жайында. Негедир бир сезим бой бербейт. Иши кылса бир төңкөрүш жасайм. Бирок оппозициячылардай алдын-ала айтпайм. Себеби өзүм билбей турам.
Кыскасы, төңкөрүш жасайм.
Кубаныч




  Жанирмем

Кышкы алча
Көрөпай-шөрөпай китеп, кагаздарымды аңтарып атсам, алакан отундай качанкы кара блокнот жүрөт. Барактадым. Эсеп-кысап, аласа-бересе, ээлери эстен чыккан телефон номурлары, кибиреген-сибиреген кол жазма менен чиймеленген ырлар...Тимеле, бир кездери "акын" болуп кетиптирмин уялбай-этпей. Сөөгүңдүн "катып" баратканын ушундай эски-үскү, майда-чүйдө нерселерден байкап калат экенсиң, бирок...


...Кыш эле,
Жамгыр жаады, жамгыр жаады,
Кызык эй, февраль жамгырдагы.
Кызарат алчадай үшүк чалган,
Кыз жүзү кол чатыр алдындагы.
"Кыңк" эте,
Кыз жүзү кол чатыр алдындагы,
Саат сурайт, мүнөт сурайт...
Салмоордой каректерин кадай коюп,
Камыгып мүнөт сурайт, жүрөк сурайт.
"Чылп" эте,
Жамгыр суусун өттүм кече
Сааты жок билегимди силке-силке.
Жообу жок суроолордон,
Жүрөгү жок дене-боюм үркө-үркө.
Кызык эй, февраль жамгырдагы.
Февраль, 2004-ж.

Ушинтип жазыптырмын. Эстедим. Ошол жылы кыш жылуу болгон. Жаз эрте келген. Ал күндөрдөгү бир ирмем ыр сыяктанып кара блокнотко түшүп калыптыр. Акаев бийлигинин акыркы жылы ошентип жылуу башталган. Ошондон бери жылуу кышты, февралдагы жамгырды, анан жамгырдан жаралган алдагы саптарды эми көрдүм. Кызыгы ушу да. Азыркы бийликтин да акыркы жылы башталдыбы?..
Азамат Кыязов




Талантка таазим
Гyлнур Сатылганова
"Руханият" сыйлыгына татыды

Кечээ тарых музейинде эл аралык "Руханият" коомунун жылдызы жанып, сыйлык тапшыруу аземи өттү. Мындай баалуу сыйлыкка КР Эл артисти Гүлнур Сатылганова татып, анын нукура таланты дагы бир ирет даңазаланды. Гүлнур айым 2008-жылдын мыкты чыгармачыл инсаны атыгып, кубанычка бөлөндү. Бул кечеге коомдук жана маданий ишмерлер да катышып, алардын көч башы "Руханият" коомунун негиздөөчүсү Акун Токтосартов буларга токтолду:

Гүлсайра Момунова:
- Эми бүгүн майрамдын алдында кыз-келиндердин арасынан чыккан эң сүйүктүү кызыбыз, сиңдим Гүлнурду гүл менен эмес, ыр менен куттуктап койсом:
Сен ырдагын бул жашоодо шаңдантып,
Качанкы өткөн жаштыгымды саматып,
Сезбей келем ырахатын өмүрдүн,
Сен анчалык ырдабасаң жашартып.

Адамдарга шам чырактай жагылып,
Адамдардын жүрөгүнө агылып
Сенин үнүң жандап жүрөт жашоодо,
Адамдардын кулагына жаңырып...

Ырда Гүлнур, шаңга бөлөп жашоону,
Дүйнө баркы ырга келип багынат.

- Эгемендүү мамлекетибиздин жаңы доорунда, жаңы тарыхында эстрада жанрында ар кандай топтор жазгы козу карындай жайнап кетти. Мунун өзү эстрада искусствосунун жакшысы менен жаманын ажыратып алганга шарт түзүп отурат. Музыка маданиятынын алкагында көптөгөн багыттар, агымдар пайда болуп, изденүү менен эркин иштегенге кеңири жол ачылды. Азыркы мезгилде композиторлорубуз, обончуларыбыз, музыканттарыбыз жана ырчыларыбыз эстраданын эртеңкиси үчүн ХХI кылымдын шары менен шардана иштеп аткан кези.
Дегеле жаратканыбыз Кетмен -Төбө эли жерине эч нерсесин аяган эмес экен. Башкасын айтпаганда дагы, Токтогул менен Эшманбеттей, Коргоол менен Тууганбайдай залкарларын, Асанкалый Керимбаев мене Элмирбек Иманалиевдей таланттарды кыргыз элинин табына туш келтирип койгону не деген баа жеткис руханий байлык, не деген көөнөрбөс көркөм дүйнө! Ал эми азыр болсо, атактуу Атай менен Мусанын, Мыскал Өмүрканова менен Рыспай Абдыкадыровдун улуу жолун жолдоп, сыймыктуу салтын сактап Гүлнур Сатылганова кайталангыс таланты менен эстрада мейкиндигинде, мезгилдин тереңинде, музыканын толкунунда, сабалаган куштай кош канатын күүлөп, улам алга сызып, көркөм өнөрдүн туу чокусуна учуп барат. Анткени, жараткан Гүлнур Сатылганованын турпатына ташкындаган талантты, өзгөчө өнөрдү, тунук акылды, суктанаарлык сулуулукту ширелтип койгондой. Жалпылап айтканда, Гүлнур карындашыбыз төрт тарабынан төп келишкен, баскан багытына кут илээшкен керемет инсан. Аткаруучулук чеберчилиги, репертуардын кенендиги жагынан айрыкча айырмаланып турган улуттук эстраданын чыныгы жылдызы. Бийик профессионалдык деңгээлдин карлыгачы. Нукура таланттуу, табиятында маданияттуу кызыбыз, бүткүл кыргызстандыктардын бүгүнкү күндөгү сыймыгы. Гүлнурдун ырлары радиодон, теледен, концерттерден дайыма жаңырып, угуучуларды суктандырып, көрүүчүлөрдү көксөтүп келет. Жараткан берген жароокер жана боорукер мүнөзү, кайрымдуу жана жоомарттык дарамети кимди гана болбосун суктандырбай койбойт. Гүлнур карындашыбызга узак өмүрдү, куунак көңүлдү, үзүрлүү эмгекти насип кылса дейбиз. Айкөл Манас агабыздын, Чыңгыз агабыздын бийик рухий күчү чыгармачылык эргүү берип турсун.
Бакыт Шатенов, "Камбаркан" тобунун солисти:
-Бүгүн, 8-март майрамы алдында турабыз. Кыз-келиндер, анын ичинен Гүлнурга ушу "Руханият" сыйлыгы татыктуу түрдө берилип атканына кубанычтамын. Себеби, эстрада жаатында ырчылардын бирден-бир тунук үнү, таланты менен бааланып отурат.
Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Эл артисти, сыйлык ээси:
- Албетте мен үчүн күтүүсүз болду. Абдан чоң кубанычтамын. Эмгегимди, талантымды баалап, мына минтип сыйлыктарын берип аткандарына ыраазымын. Сыйга таазим этип, мындан аркы чыгармачылыгымды да өркүндөтүп, дагы-дагы элиме жакшы ырларды тартуу кылмакчымын.

Сурат Жылкычиев














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan