Экс-СДПКчы не дейди? Темир САРИЕВ, "Ак Шумкар" партиясынын лидери:"Эч качан Түндүк-түштүккө бөлгөн эмесмин" - Темир мырза, оппозициядагылардын баары эле өз партияларынын көмөчүнө күл тартып атып, БЭКтин койгон максаттары ишке ашпачудай болуп атат. Эмнеге баары өз-өзүнчө иш жүргүзүп атат? - Саясый күрөш, саясый шарт ошондой. Коомдук бирикме менен коомдук ишке бара албайсың. Шайлоо аркылуу саясатка барам десең, биздеги мыйзамдарга ылайык, сөзсүз түрдө саясый партияга мүчө болушуң керек болуп калды. Ошон үчүн партиялардын түптөлүшү, алардын башында турган лидерлердин иш алып баруусу бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Саясый партиялар кандайдыр бир максаттын, шарттын негизинде биригиши БЭКтин түзүлүшүнө алып келди. Анткени, көп партиялар бүгүнкү бийликтин жүргүзүп аткан саясатына нааразы. Анткени, бийлик берген убадаларын аткарбай атат. Тилекке каршы, күн сайын элдин жашоо шарты ылдыйлап, бийликке болгон ишеним кетип атат. БЭКтин негизги максаты болуп Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү. Аны менен бирге мамлекетте ачык, таза бийлик бутактарын түзүү. Элдин байлыгы болгон энергетика тармактарын, тоо-кендерибизди саттырбай элдин менчиги катарында сактап калуу. Ушул максаттардын негизинде бириккенбиз. Биригүүнүн өзү эрдик деп эсептеймин. Бүгүнкү күндө аттуу-баштуу, эл арасында аброй күткөн адамдар кошулуп, биригип отурат. Бир лидер чыгат дегени келечектеги сөздүр. Бирок, биринчи кадам биригип чогуу иш-чараларды бекитип, ошолордун негизинде иш жүргүзүү - бул чоң жеңиш деп эсептейм. Албетте, көп адамдар, анын ичинде бийликтегилер ким лидер экенин эртерээк эле билип алсак экен деп ойлошот. Андай болгондо көп кыйынчылык пайда болуп калаарын биз түшүнүшүбүз керек. Ошон үчүн бул сөз учуру келгенде айтылат. - Демек, баары бир эле бир лидер бар экен да? - Арабызда бир лидер бар деп айтыш кыйын, арабызда ошондой түшүнүк бар деп айтсак болот. - Оппозициянын Курултайында бийликке мартка чейин мөөнөт бердиңиздер эле. Мына март да кирип келди, бийликтен эч кандай жыйынтык болгон жок. Оппозиция куру кыйкырык менен эле кала береби? - Бийликтен жыйынтык болгон жок, болбойт дагы. Ошон үчүн БЭКтин саясый бюросунда биз марттын экинчи жарымынан тартып бүт Кыргызстан боюнча нааразычылык акциясын баштайбыз деп чечим кабыл алдык. Азыр ошого кам көрүп жатабыз. - Митингге чыгасыздарбы? - Митинг да болот, саясый жүрүштөр, ар түрдүү акциялар болот. Анын баары жакындаганда айтылат. - СДПК ушул жылдын октябрь айында президенттик шайлоо болушу керек деп чыкты. Сиз бул пикирге кошуласызбы? - Чын-чынына келгенде, бүгүнкү бийликтин ресурсу түгөндү. Элдин ишеними түгөндү. Мурдагы бийлик түптөп кеткен ресурстардын баарын жеп бүттү, өздөрү жаңы ресурс түптөгөн жок. Экономиканын саясаты ушундай, кылган ишиң 2-3 жылда жыйынтыгын бере баштайт. Мына бул бийликтин экономикада жасаган иштеринин жыйынтыктарын көрүп отурабыз. Элибиз күн өткөн сайын жакырланып баратат... Шайлоо эртең болсо да жакшы болмок. Анткени, канчалык эрте болсо, ошончолук жакшы. Бул жерде амалкөйлүк кылып атышат. Президенттик шайлоо Бакиевге кандай мөөнөт ыңгайлуу болсо, ошол мөөнөттө болот. Эгерде алардын эксперттери "ушул жылдын октябрында өткөрсөк жакшы" деген прогнозун айтса, анда Конституциялык сот октябрга чечип берет. Же, тескерисинче, "жок, быйыл кыйын болуп атат, эмки жылга чейин созолу, кандайдыр бир жардам келип даярданып алабыз" десе, анда Консот ошондой чечим чыгарып берет. - Сизди дагы президенттик шайлоого тымызын катуу даярданып атат дешет? - Биз күрөшкө даярданып атабыз. Алдыда чоң саясый күрөштөр болот. Калганын убакыт көрсөтөт. - Максим Бакиев менен мамилеңиз кандай? - Эч кандай мамилем жок. - Тааныш дагы эмессизби? - Кыргызстан кичинекей мамлекет, баарыбыз бири-бирибизди билебиз. Бирок эч кандай мамилем жок. - Муну сурап атканымдын себеби, сиздин өкүл балаңыз Шаке деген менен Максимдин чогуу иштешкен долбоорлору бар экен, ысык мамиледе жүрөт экен деп укканыбыз бар... - Шаке деп Шаршенбекти айтып атсаңыз керек. Ооба, Шаршенбек деген өкүл балам бар. Ал бир топ жыл мурун үйлөнүп, мени өкүл ата кылып шайлаган. Өкүл ата менен өкүл баланын ортосундагы мамиле кандай болсо, биздин да мамилебиз ошондой эле. Башка бизнестик, саясый иштер жок. - Оппозиция чогуу отурганда бири-бирине жакшы сүйлөп, артынан шыбай беришет, ынтымагы жок дешет... - Ачык эле айтып коюу керек. Бул жерде чоң күрөш жүрүп атат. Тактикалык маселелерде пикир келишпестиктер чыгып калышы мүмкүн. Анткени, саясый-экономикалык маселелер курч. Пикир келишпестик пайда болгону мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, мындан трагедия кылбаш керек. Оппозиция бирин-бири ачык жамандаганын көрө элекмин. Албетте, адам болгондон кийин бирөөнүн жылдызы келишсе, экинчисиники келишпейт. Бирок, негизги маселелер боюнча жалпы түшүнүшүү бар. - Оппозициядагы досторуңуз сизди "бийлик менен жең-ичинен сүйлөшүп алган, ошон үчүн оппозициянын радикалдуу кадамдарына кошула бербейт" деп Түпкө, Таласка оппозиция менен кошо барбаганыңызды айтышат экен. Чын эле ошондойбу? - Түпкө барышканда, мен Америкада жүргөм. Ал күндөрү Сариев Темир Кыргызстанда жок болсо, Түпкө кантип бармак эле. Экинчиси, Таласка "Ата Мекен" партиясынын конференциясы болгондон кийин мен барган жокмун. Анткени, ошонун астында эле мен өз партиябыздын облустук конференциясын өткөрүп, Талас эли менен жолугуп келгем. Мен барбасам дагы биздин "Ак Шумкар" партиябыздын өкүлдөрү катышты. "Ак Шумкар" партиясы жер-жерлерде эл менен жолугуп, БЭК койгон максаттарды түшүндүрүп, өз ишин жасап атат. Ар ким кылган ишин доомат, көргөзмө кылбай жалпы кызыкчылык үчүн жасаш керек. Биз ошол кызыкчылыкты эске алып, ошонун негизинде иштеп атабыз. Башкача көз караштагы адамдар чыга турган болсо, биз алар менен чогуу отуруп, ким эмне иш жасап атканын таразага салып, кимдин салмагы кандай экенин көрсөтүүгө даярбыз. Анан сыртынан тон быча берген болбойт да. Сариевди сынаган убакыт, акыркы болуп аткан окуялар, эл болду. Эл алдында жүзүм жарык, мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин, качпайм дагы. Популисттик кылып, кандайдыр бир акцияларды чала-була уюштуруп, ошонун негизинде аброй күтөм дегенден мен алысмын. - Башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев менен жолукканыңыз жөнүндө маалымат бар. Бул сиздин бизнесиңизди калкалоо үчүн аракетиңиз эмеспи? - Чындыкка туура келбеген ушундай маалыматтарды кээ бир гезиттер берип атат. Мен аны түшүнөм. Анткени, ар бир гезиттин өзүнүн симпатиясындагы саясатчылары бар. Биринчиден, мен башпрокурорго депутаттыктан кеткенден кийин ошондо биринчи жолу бардым. Анда дагы өз каалоом менен эмес, Кабилованын калтырган диски боюнча суракка баргам. Сурактан чыгып келатып, башпрокурордун кабинетине кирдим. Он мүнөтчө сүйлөштүк. Ал жерде мен эч кандай бизнесим, же жеке ишим боюнча сүйлөшкөн жокмун. Муну башпрокурор өзү дагы далилдеп берсе керек. Эң негизгиси, болуп аткан кылмыш иштери жөнүндө сүйлөштүк. Анын ичинде Кабилованын иши боюнча, анткени, ал жерде өтө оор айыптоолорду жарыялаган билдирүү болуп атат. Президенттин баласы Кабилованын жеке өмүрүнө коркунуч келтиргендиги тууралуу сөз болуп аткан. Объективдүү чечип берүүсүн айттым. Албетте, бул маселе боюнча менин жеке кызыкчылыгым бар болчу. Анткени, бул адам 2007-жылдын декабрында өткөн парламенттик шайлоо боюнча чындыкты айтышы керек эле. Бирок, тилекке каршы, анын айтууга кудурети жеткен жок. Көп саясатчылар оппозицияга кошулуп алып, "бийлик кысым көрсөтүп атат" деп даттанып башташат. Көптөр ушундан аброй күтөбүз деп ойлошот экен. Мен андай даттануулардан алысмын. Биз жооптуу саясатчы болушубуз керек. Анткени, оппозициядагы адамга баары бир андай аракеттер болот. Бийлик жөн отурбайт, ар кайсы өңүттөн кысым көрсөтөт, коркутуп-үркүтүүгө аракет жасайт. Ошолордун баарына чыдайм деген адам келип оппозиция катарына кошулат. Бул бизде гана эмес, постсоветтик өлкөлөрдүн баарында эле ушундай. Өзүнүн жаман жактарын былгытып чыгарып атса, "мен оппозицияга кошулсам ушинтип атат" деп бет чапкандан алыс болушубуз керек. Эгерде мен унчукпай жүрсөм, бул Сариевге бийликтен кысым болгон жок дегендик эмес. Бул менин өз жүгүмдү өзүм көтөрө билгендигим. Бизге деле Кудай ургандай катуу кысым болуп атат, бирок биз ошого чыдайбыз деп келгенбиз да. Эгерде лидер болуп туруп ошого чыдабасак, карапайым эл кантип чыдайт, аларды биз кантип ишендиребиз? - Атамбаев экөөңүздөр дагы Чүйдүн кулуну экенсиздер. Анан бири-бириңиздер менен тирешип аткандайсыздар. Негизи мамилеңиздер кандай? - Мен өз тарабымдан айта алам, экөөбүздүн мамилебиз жакшы. Алмаз Шаршенович менден улуу. Ал кишинин оюн айтуу кыйын. Саламым түз. Эч кандай ич күйдүлүк, көралбастык жок менде. Мен эч качан кек сактаган адам эмесмин. Кандай гана кыйын учур болсо дагы тил табышып кете алам. Мен эч кимге душмандык кылбайм. Атамбаевдин өзүнүн саясатта орду бар. Бир топ учурларда элдин оор жүгүн көтөрүп жүрдү. Ошол көтөргөн жүгүнүн убайын көрүшкө толук укугу бар. Ар түрдүү сөздөр айтылып жүрөт. Мүмкүн кимдир бирөөлөр атайын айткандыр, же күйүп-бышып айткандыр. Убагында биздин ой-пикирибиз бир болуп, бир партияда, СДПКда турганбыз. Ал партияда турганда мен дагы убагында колумдан келген иштерди жасагам. Турмуш, саясат, көз караш деген өзгөрүп турат. Эгерде кайсы бир маселе боюнча көз караштарыбыз башка болсо, аны душман катары кабыл албаш керек. Бул адам менен сүйлөшпөйм деп, ал нерсе убагында өөн көрүнгөнү менен убакыт өткөндөн кийин бир столго отуруп, кол кармашып, тилектери биригип калышы мүмкүн. Кыргыздын "Ат бир баскан жерин миң басат" деген жакшы сөзү бар. Кандай кыйын болсо да, жеке кызыкчылыктан жалпы кызыкчылыкты өйдө коюшубуз керек. Биз шайлоонун астында бизге канчалык кыйын болсо дагы биз бир чечимге келип, "Ак Шумкар" партиясы менен "Ата Мекен" партиясы биригип, "Ата Мекен" партиясынын аты менен барганбыз. Бул кадамды жоопкерчиликти сезүү деп билсе болот. - Келаткан президенттик шайлоодо дагы оппозиция бир партиянын атынан чыга алабы? - Оппозиция качан күчтүү болот? Эгерде жарыяланып калган шайлоодо баары биригип, бир адам менен чыкса күчтүү болот. Биз буга болгон аракетибизди жумшайбыз. - Фронт митингилери болуп аткан мезгилде Эшимканов экөөңүздөрдү Түштүктөн келген балдарды провокация жасадыңар деп табарсыкка тепкилеген дискти таратышкан экен. Бул Түндүк-Түштүккө бөлүү эмеспи? - Сариев Түндүк-Түштүккө бөлөт деген - бул менин атымды Түштүктө жаман кылуу үчүн айтылган бийликтин негизги аргументи. Бул бийликтин алсыздыгынан келип чыгып атат. Анткени, алар бир топко чейин эмне жамандык кылсак деп издеп, эч кандай илинчээк таппай келишти. Тирукмуш ушактарды таратышты. Эл өзү тараза. 2007-жылы 16-апрелде Профсоюздар уюмунун мекемесинин астында уруш болду. Урушту спорттук дене түзүлүштөгү жыйырмадай бала баштаган. Бийликтин жасаган карасанатай иши. Өзү провокацияны жасап алып, анан кайра тескери маалымат таратып атат. Мен анда жок болчумун, бирок мага уруш башталып кетти деп телефон чалып калышты. Анан мен чоочуп аянтка кайра келдим. Запастагы милиция кызматкерлери тартипти сактоого жардам берип аткан эле, ошолор кармап келишиптир. Мен ачыгын айтып коеюн, буга Байболов да, Эшимканов да күбө. Ал балдарды эл астына чыгарып, кандайдыр бир нерселерди суроого мен каршы болчумун. "Трибунага чыгарыш керек" деп кээ бир саясатчылар айтып алып, ал балдар трибунага чыгышканда өздөрү тасмага көрүнбөй кетип калганын кийин байкап отурабыз. "Каяктан келдиң, эмне үчүн келдиң?" деген суроолор эле болчу. Алар "бийлик жактан уюштуруп алып келишти" деп айтышкан. Тасмага туура эмес тарттырып алып, айтып жүрүшөт. Менин оюма, кылган ишиме көп адамдар күбө, мен эч качан Түндүк-Түштүккө бөлгөн эмесмин, бөлбөйм дагы. Бул жөн гана мага жаап аткан көө. Ушинтип айтсак, Түштүктө Сариевдин популярдуулугу кетип калат, Түштүк колдобойт деп айтып жүрүшөт. Көп саясатчылар дагы Сариевди Түштүк колдобойт деген аргумент айтып келет. Бирок Түштүктөгү менин досторум, карапайым адамдар ал жактагылар менин туруктуулугумду, тайманбастыгымды, тазалыгымды баалашканын айтып келишет. - Тасмадан качып кеткен саясачылардын аттарын атай аласызбы? - Жок, атай албайм. Балким, ал нерсе убагы келгенде айтылаттыр. - Бакирдин, Таалай Субанбековдор сиздер менен чогуу парлементтик шайлоого аттанып, кийин көңүлдөрү калган экен. Сизди аларды учурунда пайдаланып, кийин далысын салып баса берген дешет. Ушул чынбы? - Бул дагы калп сөз. Бакирдин Субанбеков тизмеде биринчилерден болуп алтынчы катарда турган. Ал жеке мен үчүн эмес, идея үчүн чуркады. Албетте, анын аброю, уюштуруучулук жөндөмү жогору. Шайлоодо чоң салым кошту. Бирок, муну мен үчүн эмес, эл-жер үчүн жасады. Таалай болсо, азыркы убакта өз бизнеси менен иштеп жүрөт. Балким, убагы келгенде дагы саясатка кайтып келер. Эч ким эч кимге далысын салган жок. Менин эч кимге таарынычым жок, эгерде мага бирөөлөр таарынып жүрсө, аларды билбей жүргөн болсом, мен аларды туура түшүнүшүүгө чакырат элем. Эгерде мага бирөөлөрдүн таарынычы болуп, мен аны билбей жүргөн болсом, кемчилигим үчүн кечирим сурайм. Маектешкен Дилбар АЛИМОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|