Учурмаек

Бакыт БЕШИМОВ, ЖК депутаты, КСДП фракция жетекчиси:
"Бакиевди кантип жеңүүнү билем"
- Бакыт мырза, КСДП депутаттары Түштүктү түрө кыдырып келипсиздер. Өзүңүздөр күткөндөй жыйынтык алдыңыздарбы?
- Биз өз максатыбызга жеттик. Кандай гана тоскоолдуктар болбосун, биз эл менен жолугуштук. Жолугушуунун болуп калганы, биринчиден, ал жолугушууга келген элдин каалоосу болду. Эл ал жерден өз эркин көргөздү. Экинчиден, биз күчтүү жана ийкемдүү иштедик, депутат катары. Ошол эки фактордун кошулуусунун негизинде биз ийгиликтүү жолугушуу өткөрдүк.
- Тоскоолдуктар болду деп атпайсызбы. Кандай өңүттө болду?
- Бут тосуу, тоскоолдуктар системалык түрдө болду. Биз мыйзамдын негизинде баардык иштерди жасаганыбызга карабастан, булар жолугушууга залды бербей, милицияны алып келип элди коркутуп, ага карабастан залга кирип эл жолугушууга даяр экенин көргөзүп, жолугушуу башталганда светти өчүрүп коюшту. Ал жерге келген элге УКМК, ИИМ кызматкерлери тарабынан басым көрсөтүлдү. Биздин депутаттык укуктарыбыз бар. Эл менен жолугушуу тууралуу. Ага карабастан артыбыздан көзөмөлдөгөн адамдар, машинелер жүрдү. Кыскасы, бул режим коргоочу органдар террористтерге, экстремисттерге жана Кыргызстандын коопсуздугуна, улуттук кызыкчылыгына каршы иштеген адамдарга каршы иштебей эле, бизге каршы иштеп атат.
- БЭК кыймылы жакында бийлик менен диалогго барганы турат. Кандай натыйжа чыгышы мүмкүн?
- Сүйлөшүүнүн негизинде натыйжасын көрөбүз. Бирок, менимче эгер диалог болуп калса, бул башталышы гана болот. Биринчи иретте ушул сыноодон улам президенттин айтылган сөздөрү аныкталат. Экинчиден болсо бийлик өзүнчө сыноодон өтөт. Чынында президент айткандай, булар диалогго даярбы? Же башка максат менен андайга барып жатышабы? Ачыгы диалогдун жүрүшүндө билинет. Күтө туралы...
- БЭКтин Түштүк региону боюнча лидерлигине бир кездеги "Акаев бийлигин 7 жылдык мөөнөткө дейре узартчумун" деп кол топтогон Аманбай Сатыбаев шайланыптыр. Муну менен оппозиция элди ирээнжитип албайбы?
- Сөзсүз ирээнежитип алат. Мен муну укканда чындыгымды айтайын, өтө айран таң калдым. Бирок, бул көпчүлүктүн чечими да. Саясатта негизги жеңишке жетиш үчүн кээ бир компромистерге барыш керек. Азыр жалпы саясый аренада мындайлар көп. Азыркы аткаруу бийлигин караңызчы. Алар айтып атат: "биз Акаевге каршы чыккан бийликпиз" деп. Каяктан?.. Ошол эле мурдагы бийликте коррупциялык режимди түзгөн адамдар бүгүн деле бийликте отурат.Ушундай эле көрүнүштөр оппозицияда дагы болуп атат. Бирок шайлоого жакындаганда, артында калбыры жок, таза күчтөр сөзсүз чыгат.
- Асылбек Жээнбековдун Консотко кайрылуусунан соң, "КСДП үч-төрткө ич ара бөлүнүп атат" деген кептер тарап кетти. Чындыгы барбы?
- Ушундай ойдогу адамдар тээ эски коммунисттик, же авторитардык көз караштагы адамдар экен. Алардын ою боюнча бир партия же бир фракция болсо эле баардыгы бир короо койчосунан бир багытта, бир чечим менен жүрүш керек. Бизде демократиялык принциптерге таянуу бар. Жалпы биз КСДП идеологиясынан жана саясый платформасынан эч кайткан жокпуз. Бирок ар бирибиздин ой-пикирлерибизди сыйлайбыз, урматтайбыз. КСДП - бул көп ойдун негизинде келип туруп түзүлгөн, жакшынакай саясый багыт. Ошондуктан, Жээнбеков Консотко кайрылганы менен КСДПнын идеологиясына каршы чыккан жок. Ошондой эле башка депутаттарыбыз бар. Биз демократиялык өңүттө жана ага таянган фракциябыз.
- "Президенттик шайлоого оппозиция бирдиктүү күч болуп чыга албайт" дешүүдө. Неге чыгууга болбойт?
- Менин оюмча шайлоого жеңүүчү вариант менен чыгыш керек. Бирдиктүү, тигил же бул дегенден алысмын. Шайлоону кандай принциптер менен жеңсе болорун мен билем. Азыркы оор, катаал учурда да.
- Билсеңиз айтпайсызбы, кандай жол менен жеңсе болот?
- Азыр айтпайм. Эрте. Аны так аныктап бергенге даярмын. Бирок кийинчерээк. Атургай "кайсы учурда Бакиев жеңет, же жеңилет" аны да билем. "Учур" гезитиңерге учуру келгенде айтып берем.
Маектешкен
Кубаныч Зайнидинов




 "Төртүнчү бийлик" төпөштөлүп

Журналистти бычактап кетишти
"Репортер-Бишкек" гезитинин журналисти Сыргак Абылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кетишти. Кесиптештери бул кол салуу журналисттин кесиптик ишмердигине түздөн-түз байланышы бар деп эсептешет. Анткени, ал көбүнчө саясый аналитикалык материалдарды жазып, бийликти сындап келчү.

Мурдагы күнү кечки саат жетилерде Сыргак Абдылдаев күндөгүдөй эле жумуштан чыгып үйүнө бараткан. Тоголок Молдо - Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тосуп чыгып, бир нече жолу бычак урушкан. Бул окуяга күбө болгон адамдар жаракат алган журналистти дароо эле шаардагы №4 ооруканага жеткиришкен. Медициналык жардам убагында көрсөтүлүп, бактыга жараша кесиптешибиз С. Абдылдаев аман калды. Бирок кан көп кетип калганынан улам ага кошумча кан куюшту, абалы оор. Медиктер журналист денесинин он эки жерине бычак жеп, эки колу, кабыргалары сынгандыгын аныкташты.
ИИМ басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитовдун айтымында, ички иштер министри Молдомуса Конгантиев Сыргак Абдылдаевге кол салуу боюнча кылмыш ишинин бетин тез арада ачуу боюнча тергөө-иликтөө тобуна тапшырма берди. "Репортер-Бишкек " гезитинин баш редактору Турат Акимов: "Бул биздин гезитке, Сыргактын өзүнө болгон эскертүү деп ойлойбуз. Башка себеп деле жок. Анткени ал чоң эле киши, кутурган жаш бала эмес, же душман издеген кырс жигит эмес", - деп билдирди. Аны менен катар эле "Ата Мекен" партиясынын тараткан билдирүүсүндө, Сыргак Абдылдаев 96-жылдардан бери аталган партияга мүчө болуп келгендиги айтылып, кол салуу өлкөдөгү саясый кырдаалды объективдүү чагылдырган, принциптүү журналист экендиги айтылат. ИИМ басма сөз катчысы болсо "С.Абдылдаевге эмне себептен кол салынганы азырынча белгисиз, айрымдары бул окуяны анын кесиптик ишине байланыштырышууда. Бирок муну так айтууга болбойт, себеп дегенде мунун чоо-жайын алгачкы тергөөнүн жүрүшү аныктайт" деген оюн айтты. "Репортер-Бишкек" гезитинин негиздөөчүсү Султан Каназаровдун айтымында, С.Абдылдаевге чейин аталган гезиттин кабарчысы Хабира Мажиевага дагы өмүрүнө коркунуч туулганынан улам, Швециядан башпаанек суроого аргасыз болгон. Акыркы учурда журналист Сыргак Абдылдаев дайынсыз жоголгон Руслан Шабатоевдин окуясы боюнча макалаларды жазып келгенинен улам, кол салууну Шабатоев менен байланыштырган ыктымалдуулук да бар.
Дилбар АЛИМОВА




  Чээндеги саясаттан

Токон Шайлиева, Ысык-Көл облусунун экс-губернатору:

"Саясаттан убактылуу гана чететтедим"

- Дайыныңызды билели дедик эле?
- Ой рахмат. Балдарымын бизнесине жардам берип, "аны кылгыла муну кылгыла" деп кеңешимди айтып жүрөм.
- Кризистин карааны сизге көрүнө элекпи?
- Анын таасири азыр баарына тийип жатпайбы. Көпчүлүк эмне болсо, биз да ошобуз да, иним.
- Кант шаарындагы базар сизге караштуу турбайбы. Ал жерден деле колуңуз бошобой жатса керек.
- Ооба, балам кредит алып иштетип жатпайбы. Мен болсо, кеңешчи катары жардам берем.
- Саясаттан биротоло кеттиңизби?
- Биз эми саясаттан оңой-олтоң кете албайбыз го. Азырынча убактылуу тыныгып турайын деп чечкем. Адам чарчайт экен. Ден-соолук да керек да, туурабы?
- Чоңдор кызмат сунушташкан жокпу?
- Жок айланайын (чоочуп). Кимдер сунушташмак эле?
- Акүйдөгүлөрчү?
- Мен ансыз деле эл үчүн иштеп, элге пайдамды тийгизип жатпаймынбы. Баягы боюнча эч жагына кошула да элекмин, эч кимисине барганым да жок.
- Чоңдор саясаттан четтегенде эле мемуар жазышчу. Сизчи?
- Андай нерсени ойлонбопмун. Азырынча ушинтип жүрө туралычы.
- Эже, бийликтегилер мактанып жатышат го. Чын эле оңолуп кеттикпи?
- Эч нерсе айталбайм, иним. Айттым го, саясатка кайра кайткычакты сүйлөбөйм деп.
- Акүйгө жуучу жөнөтпөсөңүз, анда кызмат алгыңыз келбейт турбайбы. Кандай планыңыз бар анда?
- Ай, эмне кылам? Кереги жок ай.
- Чүйдө "Ала-Тоо ынтымагы" деген уюм түзүлүп, анын курамынын көпчүлүгүн мурунку бийликтин өкүлдөрү ээлешти. Сиз ага кошулган жоксузбу?
- Качан түзүлүптүр? Билбейт экем. Даже укпаптырмын.
- Түндүк-Түштүк маселеси кайра ырбадыбы?
- Билбейт экем, кечирип койчу.
Манас ОСМОН














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan