Жумасереп Түндүк-Түштүк жаракасы Өтүп кеткен аптаны этектеп, кыргыз элинин төш каккан аксакалдары Достук мейманканасында чо-оң жыйын өткөрүштү. Муну "Ала-Тоо ынтымагы" деген уюм уюштуруп, "азыркы бийлик кадр дайындоодо региондордун кызыкчылыгын унутта калтырууда" деген тар түшүнүктүн тегерегинде сөз козгошту. Сөздү түз айтканда, "бийликтен сарттарды тазалоо кеңешмеси". Маселе өтө терең, бирок, ал маселени талкуулаганга алардын бирөөсүнүн да тиши өтпөйт. Бардык бийлик бутактарын оштук кадрлар ээлеп алган болсо, бүгүн өлкөнүн маанилүү жеринде отурган Жаңыл Алиева, Данияр Үсөнов, Өмүрбек Бабанов,Турсунбек Акун, Нариман Түлеев, Мелис Эшимканов, Акылбек Жапаров, Турсун Турдумамбетов, Мурат Суталинов, Нурлан Орозбаев, Айгүл Рыскулова, Абдылда Мусаев, Назгүл Ташбаева өңдүү дөө-шаалар анда түштүктүкпү деген суроо туулат. Тактап, ийне жибине чейин изилдөө жүргүзүп айтылбагандан кийин, мындай сөздөр таарыныч эмес, ич күптү катары сезилди. Мындай ич күптүнү кыргыздардын тың-чыкма аксакал-көксакалдары козгоп отурат. Кыргыздын каймактары козгой турган маселе ушул болсо, анда, бул эл акылы тунук аксакалдардан да курук турбайбызбы, атаңгөрү... Мындан 30 же 40 жыл мурдагы окуяларды түштүктүктөр небак унуткан. Шабдан баатыр орус аскерлерин ээрчитип, Алайды аттырганын тарых китептери гана эстетпесе, эл азыр андайды эстебейт. Түндүк-Түштүк маселеси кыргызга эмне берди? Эгер майда-барат нерселерден өйдө көтөрүлө албасак, кыргыздын тарыхын кайра жазып чыгууга туура келет. Ошондо чыныгы баатырлар менен колоттун баатырлары иргелип, Бишкектин ар жеринде соройгон эстеликтердин саны азайат эле. Кыргыз интеллигенциясы бийликке асылуунун оңой формасы катары Түндүк-Түштүк маселесин козгогонго өлө маш. Саясаттагы ич күптүлөргө элди курал катары колдонуу саясатчынын тайыздыгын далилдейт экен. Акаев мезгилинде Ош жана Жалал-Абад облустарына, ички иштер министрлигине, финансы министрлигине, башкы прокуратура жана Бишкек шаарынын мэрлигине Оштук кадрлар коюлган эмес. Кесиби экономист Темирбек Акматалиев "аркалык" болгондугу үчүн ички иштер министрлигин башкарган. Чындап айтканда, тең салмак маселесинен улам колунан "пок" келбеген орундарда оштуктар отурганын тарых далилдейт. Бүгүн "Ала-Тоо ынтымагында" жүргөн Амангелди Муралиев Ошту бийлеп, анан премьерликке секирген. Ошол кезде ошондой орундарга татыктуу Оштук кадрлар жок беле? Бүтүндөй бир элди мүңкүрөтүп, басып турганда деле, түштүктүктөр "кыңк" деген эмес. Кайра Акаевдин саясатын колдоп, референдумдарына суроо-талап койгон эмес. Ишенбесеңер, Ошто губернатор болушкан Амангелди Муралиев, Накен Касиев, Жаныш Рустанбеков, Темирбек Акматалиев өңдүү Түндүктүн тың чыкма уулдары далилдеп беришээр. Бүгүнкү бийлик айрым кемчиликтеринен улам эмес, ажо Түштүк жергесинен болгону үчүн өгөйлөнүүдө. Ооба, элди жыргатып жиберген жери жок. Бирок, өтө эле жаман иштей элек да. Эгер Акаев бийлиги мындай иштегенде бүгүн өлкөбүз башкача болмок деген пикирлер бар. Менимче, бул маселенин тегерегинде баш ооруткан саясатчылар бир нерсени сезбей жатышат. Элге-журтка ажонун, же аткаруу бийлигиндегилердин жерлиги кызыктырбайт. Кыргыз казанына аш салып берген ажосуна суу куйган эмес. Азыр саясатчылар айткандай, Бакиевдик саясатка бир эле Түндүк региону нааразы эмес. Мисалы, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда нааразычылыгын көкүрөгүндө багып жүргөндөр толтура. Эл азыр түшүнүп калды. Кайсы бийлик келсе да, баягы эле "Мамайдын көрү" экенин. Ошондуктан от менен ойношсо да, элди колдонгондон алыс болушса. Бизде бир гана саясат болууга тийиш. Коррупция менен күрөшөм, пара албайм, арам акча оозанбайм, уурулук кылбайм, элге тегиз карайм, жалган сүйлөбөйм, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн башымы саям деген лидер болсо, анын ата-жотосун, жерлигин териштирбей туруп баш ийүүбүз зарыл. Кыргыз эли ушундай улуттук лидерге бүгүн жетпей туру. Манас ОСМОН Калкан саясат Ажонун эрдигине ичиңер тырышпасын! Быйылкы жылдын кышы жеңил болду. Жылдагы кычыроон аяз өзүн анчалык сездирген жок. Эгер былтыркыдай катуу ызгаар болсо, Кочкордо жана Алайда жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалы биртоп оорлошмок. Мындай кыйынчылыкты баштарынан өткөзүп жаткан миңдеген атуулдарыбыз бар. Табият кырсыгы айтып келбегенден кийин, анын жаратын ороо да оңой эмес. Мисалы, Жалал-Абадда, Баткенде катуу селден зыян көргөндөр али күнгө чейин буттарына туралбай жатышат. Акаев өлкөнү талкалап, белчесинен сазга батырып кеткен. Демек Кыргызстан талкаланган өлкөлөрдүн алдыңкы сабында турат. Эми ушул өлкөгө Курманбек Салиевич президент болуп келди. Талкаланган өлкөнү калыбына келтирүү деле көп убакытты талап кылат эмеспи. Муну айрым саясатчылар түшүнбөй, ар кандай нааразычылык акцияларын өткөзүп, ансыз да араң турган өлкөнү андан бетер кыйын күндөргө кептешти. Алгач эле мурунку бийликтин өкүлдөрүн кызматка коюп алды деп күнөөлөштү. Кадр даярдоо үчүн эң аз 20 жыл убакыт керек. Ага убакыт болбогондон кийин аларга туура багыт берип иштетпесек, кимди иштетебиз? Ажо эл атасы катары баарына кызмат берип көрдү. Айрым көр саясатчылардын айткандарына көңүл деле бурган жок. Элибиздин "сөз чынынан бузулбайт" деген накыл кеби бар. Курманбек Бакиев жөнүндө айтыла турган сөздөр али алдыда. Кээ бирине өрнөк берели. Мисалы, 2005-жылдагы элдик революцияга чейин Кыргызстанда өндүрүш жана ар кандай курулуш иштери токтоп, бүт өлкө саясат менен гана алпурушуп калган. Ал эми 2005-2008- жылдын аралыгында миңдеген үй-бүлөлөр үйлүү болушту. Мына, Ош шаарынын өзүндө беш кабаттуу үч үй бүтө жаздап калды. Бишкектин Туңгуч кичи шаарчасындагы 9 кабаттуу бүткөрүлгөн үйлөрдү айтпай кое албайбыз. Коргоо министрлиги менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине берилген квартиралар кимди гана сүйүнткөн жок? Орто жана чакан бизнестин өр алышын жеке өз көзөмөлүнө алып, максатсыз текшерүүлөрдөн арылтканы үчүн президентке ыраазычылык билдиргендер эл арасында толтура. Мунусу өндүрүш тармагындагы айрым жетишкендиктер десек болот. Тышкы саясатта да туура багытты тандап алды. Акаев көз карандылыгынан улам Америкалыктардын "Ганси" авиабазасын чыгаралган эмес. Ал эми Курманбек Салиевич бул маселеде эрдикке тете иш кылды. Тышкы өлкөлөргө болгон сапарында өзүн татыктуу алып жүрүшү элибизге чоң олжо. Ошондуктан, жеке мамилелерин колдонуп, Оруссиядан 1млн. 700 миң долларга чейин каражатты тартып келди. Эми Камбарата-1, Камбарата-2 суу сактагычтарынын курулушу кыска убакытта бүткөрүлөт. Бул иш башталганда биздин оппозиция оозуна алы жетпей ойду-кырды сүйлөгөн. Кыргыз эли бекеринен "көрүнгөн тоонун алыстыгы жок" деп айткан эмес. Ушул суу сактагычтары Борбор Азияда биздин сөзүбүздү өктөм кылат. Эл башы болгучакты суу башы болуу миң эсе улуу экенин Курманбек Бакиев далилдеп, элинин кадырын коңшулар арасында бийик кылганы ушул. Эми эки ооз сөз Ыссык-Көлдөгү Каркыра жөнүндө болсун. Манас атабыздын жери Каркыра Казактарга берилип кетип, бизди кыйла мүңкүрөттү. Бирок, анын берилишине президентибиздин тиешеси жок да. Акаевдин мезгилинде эле жашыруун кол коюлуп, казак парламенти тарабынан ратификацияланып калган экен. Буга түздөн-түз Акаев жана Акаевчилер күнөөлүү. Үзөңкү-Кууштун берилишине деле аксакалыбыз Турдакун Усубалиев баш болгон депутаттар кол коюшкан эмес беле? Азыркы оппозиционер Темир Сариев Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине кол коюп, макулдугун берген. Колу турат. Ошондо макулдугун бергендер бүгүн оппозиционер атыгып, эл атынан саясат жүргүзүп, ажобузга бут тосуп жатышат. Ушунча жетишкендиктерди көрбөй, көр саясатчы атыккандан көрө Алайдын же Ак-Талаанын башына барып, кой кайтарышса жакшы болоор эле. Ошондо эл айрым бузукулардан арылып, туура саясат жүргүзүп жаткан адамдарды жабыла колдоп алышмак. Абибилла Рахманов, 73 жашта, Ош шаары Редакциядан: Аксакал атайын Оштон кат жолдоптур. "Үнүмдү чыгарып бересиңерби?" деген сураныч менен. Албетте, журналистиканын эл аралык талабында эки жээкти тең чагылдыруу шөкөтү бар. Ошону эске алдык. Анүстүнө аксакалдын шагын сындырбайлы дедик. Афера по Чыныбаевски Жаңжал эми "Жалдан" чыкпайбы? 2006-жылдын январь айында "ЗАиР" аттуу көп кабаттуу үйлөрдү кура тарган курулуш компаниясы пайда болгон. Уюштуруучуларынын капчыгында "калай" тыйыны болгону менен алгачкы долбоору абдан эле ич жылыткыдай болчу. "112 батирден турган 12 кабаттуу эки үйдү бир жарым жылга жеткирбей бүтүрөбүз, евростилдеги заманбап жаркыраган бөлмөлөрдө жашайсыңар, болгону алдынала акчаңарды төлөй салгыла" деген бир тууган шылуун "кожоюндар" Чыныбаев Зарылбек менен Чыныбаева Асылдын апыртмасына алданган 112 үйбүлө баштала элек батирлери үчүн эле дээрлик сумманын 90 пайыздан ашыгын төлөп беришкен. Эң өкүнүчтүүсү, башталганы менен кашайып качан бүтөөрү таптакыр белгисиз. 2007-жылдын аягына жетпей үйлүү болобуз деп ишенген "Калпычыбаевдердин" "дольшиктери" азыр "үйдөн жок, же Чүйдөн жок" демекчи, армандарын кимге айтаарын билбей алаңдап жүргөн чактары. Чыныбаевдер чынында өзүнүн "дольшиктери" төккөн миллиондорду өз дарегине эле максаттуу жумшап койгондо эки үй эбак бүтмөк дешет адистер. Ал эми үйгө жумшала турган каражаттардын кайда "кайып" болуп кеткендиги тууралуу ийне-жибине чейин изилдеген материал редакциянын кат куржунуна түштү. Төбө чачты тик тургуза турган мындай маалымат менен гезиттин келерки сандарынан таанышып каласыздар. Бекбол Айдаров |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|