Мүдүрүлбө эй! Акаевщина БЭКке аброй апкелбейт Расмий маалымат булактардын айтымына караганда, БЭКтин Түштүк региону боюнча жетекчилигине акаевщина Аманбай Сатыбаев дайындалыптыр. Бул адам "А.Акаевдин бийлик мөөнөтүн 7 жылга узартабыз" деген идея көтөрүп чыгып, жалпы коомчулуктун кыжырын кайнаткан. Анан ушундай фигура БЭКке аброй апкелеби? Бу туурасында СДПК, "Ата Мекен" партияларынын айрым мүчөлөрү да нааразы. Эл да А.Сатыбаевди колдошу күмөн, тескерисинче, кыжыры кайнап. Ак ийилет... М.Конгантиев А.Жекшенкуловду улуттук лидерге айлантабы? Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өткөндө журналисттер менен жолугуп, Аликбек Жекшенкуловдун тапанчасына байланышкан кылмыш иши боюнча кеп козгогону, Таласта өлтүрүлгөн Четин Серветтин (Түркиянын жараны) ажал табышына кызыктай ой айткан имиш. Аликбек мырзанын тапанчасына карата экспертиза ишинин жыйынтыгы жарыялана элек болсо, а неге А.Жекшенкуловдун куралынын тиешеси ал өлүмгө байланат? Экспертизанын расмий жыйынтыгы чыкпай жатып, М.Конгантиев кандайча ал өлүмгө А.Жекшенкуловдун куралын далилдеген атат? Министр мындай басым жасаган соң, экспертиза кызматкерлери каякка карап түздөнөт? Айтор суроолор көп. Оппозиция лидерине улам бир кылмыш ишин чаптай беришип, акыр аягы улуттук лидер кылып көтөрүп алышпагай эле. "Ак ийилет, бирок сынбайт" дейт. Бүгүнкү күн да өтөт... Кремль жарыгы Алмаз Атамбаев Москвада СДПК лидери Алмаз Атамбаев саясый иш сапары менен Москвада жүрөт. Орусиядагы үлкөн достору (аттарын атабайлык) атайын чакырышыптыр. Айрым маалыматтарга таянсак, Алмаз мырзаны Кремлде жылуу тосуп алышат экен. Жалгыз оппозиционерге ушундай мамиле көрүлүп атса, анда үмүттүн отуна жылына берелиби? Бала оюну Кочкорлуктар алданбайт Жакында Акылбек Жапаров Кочкор районуна барып, отуз чакты аксакалга чай бергенин эшиттик. Оппозицияны колдобогула маанайында "алтын шилекейин" чачыратып. Албетте, дүжүр чалдардын "хоп" деши да ажеп эместир. Бирок көп нерсеге көзү каныккан жердештер алда немедей баланын оюнуна алдана бербестир. Мындай кабарды уккан кочкорлук патриоттордун жини келип атканын эскертмекчибиз. Жаздын жели Жаныш Бакиев дарыланууда Мамкүзөт башчысы Жаныш Бакиев учурда ден-соолугун чыңап, дарыланып аткан чагы. Жаздын желине кабылдыбы, же саясаттын түйшүгүбү? Айтор, абалын дурус эле дешет. Майнап чыгабы? Азике Түштүктү кыдырууда Ушул тапта Азимбек Бекназаров Түштүктүн айрым жерлерин кыдырып, элди көтөрүү идеясын бышырып жүрөт. Кадимки айбат-сүрү менен. Натыйжада Азике майнап чыгара алабы? Ажолукка аттанарда Т.Сариевге санжырачылар каршы чыгыштыбы? Атайын күчтөр санжырачылардын колу менен Темир Сариевге каршы тирукмуш материал даярдашканын эшиттик. Темике болсо ажолукка даярданып атат. Анын дал ушундай саясатын айрым балдар көралбайт экен. Эч ким сындырууга алы жетпесин өзү да жашырбады (7-беттен окуңуздар). Сакал өсүп Экс-министрдин абалы начар Арстанбек Ногоев айыл чарба министрлигинен түшкөндөн кийин кызмат күтүп үйүндө отурат. Аза күтүп аткансып сакалын да кое берип ийиптир. Кызмат кумары жаман белем, ак эткенден так эте Акүйгө кулак төшөп, телефонун жанынан карыш жылдырбайт. Кайсы министрлик кулагыма угулуп кетет деп. Мындай шартта Арстанбек байкебиздин көңүлүн көтөрүп, жакшы сөз айткан жан болобу? Антпесе таза чөгүп кетпесин... Эл үнү Оппозиция митинги 27-мартка белгиленди БЭК ушул айдын соңунда үлкөн митинг өткөрүүгө даярдыктарды баштады. Так күнүн 27-мартка белгилешүүдө. Оппозиция лидерлери Кыргызстандын баардык региондорунан элди көтөрүүгө шерттешип атышкандай. Көрө жаталык. Бир кем дүйнө! Чүйдүн тыңчыкмалары өгөйлөнүүдө Маселен, бүгүн Чүйдүн аксакал-көксакалдары Акүйгө катуу нааразычылыгын билдире баштады. Өзгөчө той-аштардан кеп курчуп. Себеби, көзгө басар чүйлүктөр бүгүнкү бийликтин жогорку бутагында жокко эсе. Жылан сыйпагандай мындай жоруктун түйүнү неде? Дал ушундай шартта чүйлүк кадрлардын өгөйлөнүп атканы айтылат. Биз Акүйгө сунуш-пикирибизди билдирет элек: Кыргызстандын баардык региондоруна тең карап, кадр саясаты боюнча адилеттүүлүктү жүргүзсө деп. А болбосо мындай өгөйлөнгөн саясаттын арты жамандык менен бүтүшү мүмкүн. Сары Өзөн качанга дейре кенендиги менен чыдамкайлыгын көрсөтөт ыя? "Периште" саясат Алайдын кулундарына укурук ыргытылабы? Башсалыкчы Акматбек Келдибековго соңку учурда интрига күчөп, бийликтин чокусундагы (көшөгө артындагы) айрым "периштелер" чабуул баштагандай. Албетте, азырынча аттарын атабай туралык. Акмат мырзанын катуу иштегенин, күчтүү кадр экенин көралбагандар чалып жыгууну ойлошуп, сценарий түзүп жүрүшөт дейт. Атургай, ар кандай жол менен кайырмакка илебиз дегендерин да уктук. Ушундай эле ыкма Марат Султановго да башталгандай. Кокус бул экөөнө куугунтук күч алып кетсе, анда сөзсүз Алай козголот. Ансыз дагы Исмаил Исаковдун күйүтү менен араң турушат. Андыктан алайлык кулундарга алыңар жетиши кыйын... "Учур" - пресс |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|