Жылдызы жанып... Айжан: "Бабанов менен Эшимканов өрт мырзалар" - Кандай мырзалар жагат? - Эркек деген ичи кенен, ак көңүл, темпераменттүү, акча тапканды билген, негизгиси, жалындап туруш керек. А кыздай болуп назданып турган эркектерди көргүм келбейт. Андай эркектер сырты сулуу болгону менен аял менен мамиле курганды билбейт. Өзү кыздай болуп ыргалып турса жанындагы айымды кантип жылытмак эле. Эркектин ичи өрт болуп турганы жакшы да. - Азыркы саясатчылардын арасында ичи өрт мырзалар кимдер деп ойлойсуз? - Менимче, Бабанов менен Эшимканов ошондой. - А аялдын сулуулугу кандай роль ойнойт? - Сулуу эмес аялдар болбойт. Бир гана фигураны карап, жасанып жүрүш керек. Биздин аялдар үйдө отура берип "убакыт жок, толуп кеттим, мени күйөөм таштап кетти" деп ыйлап калышат. Антпеш керек. Андан көрө бир аз болсо да өзүбүзгө убакыт табышыбыз керек. Анткени эркек "жан дүйнөсү таза болсо болду" дегени менен баары бир аялды көзү менен сүйөт. - Аялдын бактысы эмнеде? - Аялдын бактысы балада. Балалуу болгон аял бактылуу. Бала энени сатпайт. А эркекке толугу менен ишенгенге болбойт. Бирде болбосо бирде, сени башка аялга алмаштырып коюшу мүмкүн. Азыр аялдар күйөөсүнүн андайына деле көз жумуп калды. Иши кылып мен билбесем болду деп. - Эне болуу бактысы башыңызда бар да... - Ооба. Эне болуу деген сонун да. Эсимде жаңы эле боюмда болгондо ар бир кадамымды абайлап кылып, өзүмдү ушунчалык этият кармап калгам. А баланын энесинин ичинен жаңы кыймылдай баштаганы сөз менен айтып бергис жыргал. Муну өз жаныңда сезишиң керек. Аял кишинин түйшүгү оор деген менен ошол көз ирмем эркек адамга Кудай бербеген бакыт. Эркектерге ушул жагынан "не повезло". Бул керемет сезимдерди энеге эле бериптир. Мени эркек киши төрөттү. Ошондо уялганымды айтпагыла. Төрөтүм оор болду. Өзүм кичине болгонум менен балам 4 кг. 300 г. болуп төрөлдү. Бирок баланы көргөзгөндөн кийин бардыгы унутулуп калат экен. - Жолдошуңуз менен ажырашып кеткен турбайсызбы. Жалгыз бой аялга бала тарбиялоо оор да? - Албетте. Азыр балам 3 жашка чыкты. Аты - Данияр. Ал "мама, мен эркекмин!" деп сыймыктануу менен айтып жүрөт. Ажырашканыбызга 2 жыл болду. Бирок атасы келип кезигип турат. "Жарашалы, мени кечирип кой" деп да келген. Бирок кечире албадым. Ал азыр деле үйлөнө элек. - А жүрөктүн жарасы кантип айыкты? - Жолдошум менен ажырашканда аябай кыйналып жүрдүм. Ажырашуунун азабынан жаңыдан эле арылып келатам. Акыркы күндөрү бир аз өзүмдү эркин сезип, ошол сезимдерден кутулуп келатканымды сездим. Жүрөк оорум эми басылгансыды. Мезгил өткөндөн кийин жан дүйнөмдү түшүнө турган адам издей баштадым. Аял болгондон кийин, албетте, эркектин эркелетүүсүнө, сүйүүсүнө, камкордугуна муктаж болот экенсиң. Көчөдөбү, иштеби, айтор, айланадан алаңдап эле жакын адам издей берчүмүн. Бирок ал мезгил дагы өтүп кетти. Кудай буюрбаса табылбайт экен. Жалгыз калгандагы күндөр коркунучтуу түштөй эле болду. Атургай туугандарым жактан да мени түшүнбөй, жаман көргөндөр чыкты. А элден уялганымчы. Бирок ал күндөр өткөнүнө мен өкүнбөйм. Турмушка эрте чыгып, катачылык кетирип алганым чын, бирок ошондон келечек жашоомо чоң сабак алдым. Эми эркек менен кантип мамиле түзүп, кандай убакта эмне кылышты жакшы билем. - Турмушка чыгып, интим жашоосун көргөн аял үчүн жалгыз жашоо оор болуп калат дешет. Ажырашуудан кийинки күндөр кандай болду анан... - Мени ар бир эле турмушка чыккан айым түшүнөт болуш керек. Эркек менен жашап, кумардын даамын татып калган аялга, ансыз жашоо болбой калат. Биринчиден, ден-соолукка зыян. Бул медициналык жактан такталган. Анан ажырашуудан кийин жалгыз калган күндөр, андан алган стресстерден чүнчүп кеттим. Анүстүнө мен темпераментүү адаммын. А мендей адамдарга "ансыз" жашоо оор болот экен. Бирок "эркин аялмын" деп эле көрүнгөн менен жүрө берген болбойт. Мен жакын мамиледе бир эле адам менен болууну каалайм. Мындай мамиледе эки адам бири-бирине дене ыргагынын жардамы менен сүйүүсүн далилдей алат. Жан жыргаткан кумарлуу түндүн эртеси адам өзүн кадимкидей жакшы сезип калат. - Азыр жаңы үйбүлө курууга даярсызбы? - Албетте, кайра турмушка чыккым келет. Бирок азыр ал адамды кезиктире элекмин. Сөз айтып жүргөндөр бар, бирок жүрөгүмө жакканы табылбай атат. Анүстүнө бир жолу жаңылгандан кийин коркуп калат экенсиң. Аркаман чуркагандар көбөйдү. "Сүйөм, күйөм" деп. Сүйөм деп сөз менен айта бергендерге ишенбейм. Жөн гага "макул, сүй, каршы эмесмин" деп коем. - Мындан 15 жыл мурдагы Айжандан азыркы Айжанга эмнелер калды? - Ырдоого умтулуу гана. Ал кезде назик, жумшак неристе болчумун. Жашоонун аркы-беркисине урунуп атып азыр турмушка быштым. - Жан курбуңуз ким? - Аида Кулуева. Аны эркек досум деп коем. Сөзүнө турат, эч качан сатып кетпейт. Анан өзүн жөпжөнөкөй алып жүрөт. Ошол эле ырчы кыздардын арасында аша чаап назик болуп алгандары бар. Аларды көргөндө барып "өзүңө келчи!" деп башка чапкым келет. А мен бейтааныш адамдын көзүнчө деле кыйкыргым келсе кыйкырып, ыйлагым келсе ыйлап алам. Ошол үчүн Аида мага "больная женщина" деп ат коюп алган. Дагы бир жакшы кеңешчим таенем. Аны менен чогуу жашайм. Мага сөз айтып жүргөн мырзалар үй жакка келип калганда, ал терезеден карап эле кимдин кандай экенин айтып коет. - Ырчы айымдарды "чоңдор" ээлеп алышат экен го? - Мага деле антип келгендер бар. Аялы бар эркектер да сөз айтышат. Андайларга "мен ырчымын" деп айтам. Алардын түшүнүгүндө ырчы деген ким экенин билбейм, бирок мен үчүн ырчы - бул таланттуу адам. Ал таланты менен бай эркектерге эмес, элге кызмат кылышы керек. - Атаандаш кыздар барбы? - Албетте. Бирок мен алар менен урушпайм. Көбүнчө алардын келбетине, жакшынакай кийимдерине комплимент айтып турам. Муну менен мен жагалданбайм, жөн гана маданияттуу адамдын мамилесин кылам. Ошого да карабай, мага каршылана беришсе, алардын көзүнчө эле жигиттери менен жылуу учурашып, жакшы сүйлөшүп коем. А бул сокку айымдарга кандай тиерин өзүңөр билесиңер. Бегимай БАКАШЕВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|