Азамат Кыязовдон

АЗИЛ АРАЛ
Жумурткага чейинки репортаж
8-март. Ала-Тоо аянты. Түз эфир. Дүйнөлүк аялзат күнүнө карата дүнүйөлүү аялзаттарыбыз параддан өтмөкчү. Таңкалып, КТР-ШОУ дебеңиз. Кадимкиле сепсерезный аялдар парады. Адаттагыдай бардыгы мыйзам чегинде. Срочно токулган токтомго ылайык, бу ишчаранын мааниси зор. Өзүңөр билесиңер, өлкөбүздө аялзатынын таасири күч. Ошол "күч" өңүтүнөн алганда жакындап калган ажо шайлоого да бирчети, ушундай көзмө-көз чубатуу мезгил талабы десек жаңылышпайбыз. Ой, эмне деп жатам… Ишикылса экрандан алыс кетпей карап тургулачы. Колдон келишинче коментарий жасап турайын…
Мынакей, ошентип күтүүсүз парад башталып баратат. Улуттук символ туткан "канаттуу аял" эстеликтин түбүнө элита шумкарлары түгөл чогулушту. Акүйдү автоматчан аскерлер алты катар тизиле коргоого алышкан. Өрт өчүрүүчү машинелер… Өрт чыгып кетиши толук мүмкүн. Чүй көчөсүнүн башынан аягына чейин кылкылдап аялдар селдей агып өтүбатса, апасный да. Анүстүнө, майрамы болуп аткан соң, масы болот, базарчысы болот, мазарчысы болот дегендей…Опуртал. Жалпы үйдөгү, жалпы майрам оголе опуртал. Салтанат-палтанатыңды сапырып ийбейби бир паста. Оператор айланта көрсөтүбаткан аянттын аркы-берки тараптарында өкмөткө таандык дүжүр эркектаналар кол чаап турушат. Майрамдык салтанат ана, башталды, шаңдуу музыка коштоп…
Оп баракелде, оюн сала бийлеп окуучу секелек кыздарыбыз алгачкылардан болуп өтүп баратышат. Булардын жарымы кышында, жарымысы жайында окушат. Жылыткычы жок мектептегилери кышы бою каникулда муз тебишет. Жылыткычы бар мектептегилери жайы бою каникулда көлгө түшүшөт. Жарымы Болжурованын жаңы мектеп формасы менен, жарымы кытай базардын модасы менен окубатышат. Маладес кыздарыбызга кол чаап коелук.
Алардын кийинки катарында студент кыздарыбыз! Сактайгөр… жабыла чуркап, жансакчыларга ээ-жаа бербей, элита шумкарларын соткелерине сүрөткө түшүрүп атышат. Булардын кулактарында наушник, ооздорунда сагыз же тамеки, колдорунда Ома, Сема, Мирбек, Сирбектердин сүрөттөрү. Студент кыздарыбыз адаттагыдай бели жок шым, төшү жок көйнөк, этеги жок юбкалары менен чыгышты. Жакшы мушташышат. Көп тилдерде эркин, ачык сөгүнө алышат. Келечектин мыкты кадрлары. Уре-елеп туралы…
Келиндер! Келиндер келатышат соңку топто. Алдыңкы ак жоолукчан сегиз шеренгада жаңы келгендери. Созулуша, илбериңки баскандары нак сарооз келиндер. Кайта-кайта жүгүнүп өтүбатышкандарын карагылачы, көз жоосун алат тимеле. Андан кийинки ар түркүн жоолукчан, кээси жылаңбаш, эбиреп-жебиреп, кайненесин каарып, кайнатасын таарып келаткандары экиден-үчтөн төрөп койгондору. Көздөрүндөгү көгала мөөрлөрүнөн таанысаңар болот…
Карагылачы, катындар!.. Тойус, аялдарыбыз көрүндү тигинде! Аккуудай каалгышып, боз каздай басышып, өрдөктөй сүзүшүп, кара таандай капташып, жылаандай сойлошуп, балыктай туйлашып, сагызгандай шакылыкташып, тооктой какылыкташып, чиркейдей ызылдашып, тотукуштай бир сөзүн токсон кайталап, асфальтты айрып баратышат. Эркекти бар кылган да, жок кылган да аялзаттын анык катмары ушулар! Ышкырып, сүрөп койгула, эркектер!..
О-о, мына-мына-а… Айымдар келата-ат… "Бассамбы, баспасамбы" деп чайпала, "ирмесемби, ирмебесемби" деп сүзүлө атуу-баштуу аткаминер акелердин эсин оодара, шилекейин жуткура каратып, айымдар чубашууда. Арасында бизнес битин сыккандар, Акүй, көкүйдүн эшик-төрүн аралап, көшөгөсүн көгөрткөн тележылдыздар, сахна жылдыздар… Кырк миң долларлык шубаларын шуудуратып, Анталиядан кеп козгоп, буттары жерге тийбей "учуп" баратышат. "Браво" дебеске айлаңар жок. Же барбы?
Айымдардан кийин кемпирлер келатышат. Кайран апалар! Артис көйнөк кийип алгандарын көр! Жарайсыңар, биздин апалар! Элечек кийгендери дүжүр апаларыбыз. Эңкейип, бүжүрөп-сүжүрөгөндөрү эгиздеп, сегиздеп, тогуздап, ондоп төрөгөндөр. Баатыр энелерибизге даңк! Ушул урматтуу энекелерибиз эрикпей-зерикпей төрөп отуруп… төрөп отуруп… Це-елый мамлекет төрөп коюшпадыбы. Төрөбөй коюшса түндүк-түштүк болуп бөлүнө албай, митинг жүрүшкө чыгып, Акүйдү басып алалбай жатмакпыз да, давно аборт болуп…
Апе-ей, парад бүттүкен десе, дагы бир жоонтоп чыкты да. Саясый гезиттен шапке жасап кийгендер. Колдорунда кытайдын чаар баштыгы, бакулажка, жумуртка. Тааныйсыңар. Өзгөчө оппозиция жакшы тааныйт. Саясаттын сасыткы катындары!!! Тү-үйата, кашайып угуп калышты окшойт. Карагылачы, бизди көздөй чийки жумурткалар ыргый баштады. Качты-ык… Түз эфирден кайрадан көрүшкөнчө саламатта калгыла!..z














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan