Жыртык жолдо Пробка Өткөнкү сандарыбыздын биринде Абдыш Бейшембиев аттуу окурманыбыз шаар ичиндеги пробкалар боюнча жазуубузду өтүнгөн эле. Биз пробка көйгөйүн иликтеп, тиешелүү адамдарга кайрылып көрдүк. Чынында татаал маселе экен. Көчөлөрдү кеңейтип, же транспорт санын азайтууга мүмкүн эмес да. Бирок, өкмөт сөзсүз бир айласын табуусу керек. Адатта кандай маселе болбосун аткаминер акелерибиз каражатка шылтайт. Алардын чырагына май тамызып "кризис" деген беткап пайда болду. Кайда каражат? Кайда жол транспортунан чогулган салык төлөмдөрү? Айдоочулар биттей эле "сыгылып" атат го... Эмне үчүн борборубуздун аймагындагы көчөлөрдүн жыртык-тешиги бүтөлбөйт? Эмне үчүн айдоочулар үчүн жаралып келаткан көйгөйлөр алдын-ала чечилбейт? Көзгө басар жалгыз эле ажону резиденцияга жеткирчү Манас проспектиси, анан 3-4 эле көчөбүздүн абалы дурус. Калганычы? Согуштан калгандай. Жол транспорт министрибиз эмнени такалап отурат? Жок болсо таппайбы?! Таппаса-кетпейби! Бишкек деген Москва эмес го акыры. Пробка катардагы жумушчулардын, карапайым айдоочулардын, таксилеп нан тапкандардын көйгөйү. А чиновниктерибиз чирелей "сопровождение" менен зымырап жүрүшөт. Алар өтүп кеткиче бери жагы ширелип... Кара терге чөмүлүп МАИ кызматкерлери жол кесилишинде "чырылдайт". Аны ким аяйт? Айдоочуну ким аяйт? Свет өчүрмөйдөн светофорлор иштебей калып жатса, кенедей борборубуздагы кенедей көчөлөрдү оңдоп, ирээтке келтире албасак, Астанадай абройлуу калааны кантип курабыз? Же, жаңы шаар куруу жөнүндө ой жокпу? Ой-акылыбыз шайлоодон ары ашпай калды го... "Аракеттин баардыгы аргасыздык" Шаардык мамлекеттик автоинспекция башчысы Токтосун Сатаров мырза төмөнкү жагдайларга токтолду. -Ооба, бүгүнкү күндөгү шаар ичиндеги пробкалар чындап көйгөйгө айланууда. Бирок, башка чоң шаарлардагыдай бизде пробка негизги проблеманы жарата элек. Болгону көчөлөрдүн тардыгы, жолдордун начар абалы, автотранспорттордун көбөйө түшкөкүнө эле жүдөп атабыз. Пробканын кышкы кырдаалы башка. А жазгы кырдаалын өзүнчө карайбыз. Себеби, күндүн жылышы менен транспорт кыймылы 40-50 пайызга көбөйөт. Кышы бою көпчүлүгү ар кандай себептерден улам айдабай, көпчүлүк транспорт токтойт. Тажрыйбасы жоктор, кыз-келиндер ж.б. Ал эми жаздан тарта биздин жумуш кадимкидей оорлойт. Азыркы учурда ар бир жол кесилишине бирден инспектор "байлап" иштетип атабыз. Эртең мененки анан кечки "часпикти" тикеден-тик туруп көзөмөлдөөдөбүз. Ден Сяопин-Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги дайымкы ири пробканы жоюш үчүн мэриянын транспорт департаменти, салык инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте иш алпарып, жакшы натыйжа жасадык. Шаардан тышкаркы каттамдагы тизилген автобустар, таксисттерден башаламандык түзүлүп турган. Ушул тоскоолдук тазаланды. Москва көчөсүнүн аягын улап, дагы жеңилдик кылдык. Баарыбир деле бул жерде пробка болушу мүмкүн. Анткени, Сокулук тараптан келаткан транспорт агымы чоң. Дагы бир пробка түзүлүүчү жер - М Горький - Манас проспектиси. Манас проспектиси менен өйдө келаткан транспорт агымы солго бурулуш жасоодо пробка жаратууда. Себеби, Ж.Бөкөнбаев көчөсүнөн М.Горькийге чейин бир да көчө кесилиши жок. Жалгыз солго бурулуш жасоо М.Горький көчөсүнө такалат. Эгер бул жердеги бурулуш эрежесин алып салсак И.Ахунбаев көчөсүндөгү абал өтө оор болот. Биз сунуштарды киргиздик: Медеров көчөсүн Манас проспектисине кошуу керек. Сокулук тараптан келаткандагы шаарга кире бериштеги көпүрөнү көздөй кеткен көчөнү оңдоп, Л.Толстой көчө каттамына кошулууга шарт түзүүнү колго албаса болбойт. Совет-Горький, Совет-Москва, Совет-Токтогул кесилиштерине солго бурулуш жасоого тыюу салуу. Мындай эреже Манас проспектисиндеги ушул көчөлөргө колдонулат. Тоголок Молдо, И.Исанов көчөлөрүнө карама-каршы бир багытта жүрүү эрежеси киргизилди. Бул аракеттин баардыгы ошол пробканы жоюуга жасалган аргасыздык. Азамат КЫЯЗОВ Кримстан Кыз-келиндерди зордуктаган "Лифтёр" Бишкектеги кытай кафелеринин биринде ашпозчу болуп иштеген 23 жаштагы Акылбек Алыкулов Свердлов РИИБисинин кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү. Күндүзү кадимкидей кафеге тамак жасап иштеп, түнкүсүн лифттин ичинде кыз-келиндерди зордуктап, болгон акчасын, чөнтөк телефонун тоноп жүрчү. Окуялар "1000 түркүн" соода түйүнү жайгашкан үйдүн лифтинде болгон. Мындан эки жыл мурда жаш келин Свердлов РИИБине кайрылган. Ал кечинде жумуштан кайтканда лифттин жанынан көзү ойноктогон бир жигитти көрөт. Келин аны көп этибарга албай эле лифтке киргенде, жигит да кошо кирген. Жогорку кабаттардын бирине чыкканда жигит кандайдыр бир кнопканы басып койсо лифт токтоп калат, бирок эшиги жабык бойдон калат. Келинден жакшылыкча чечинүүсүн талап кыла баштаган. Ал баш тарткан соң күчкө салып аны чечинтүүгө өткөн. Зордуктап бүткөн соң, болгон акчасын шыпырып кеткен. Ызаланган келин эртесинде эле милицияга кайрылган. Укук коргоо органдары ал эргулду издей башташкан. Бирок табууга илинчээк болчудай эч нерсе жок. Келиндин сүрөттөгөнү боюнча азиат түспөлүндөгү, орто бойлуу, жүлжүйгөн көздүү деп айтканы боюнча издейин десе, ал белгилер көп эле адамдарга туура келет. Убакыттын өтүшү менен дагы бир канча арыз түшкөн. Бардыгынын сюжети окшош: түнкү 23.00төн 3.00гө чейинки убакыт аралыгында жалгыз келаткан кыз менен лифтке чогуу кирет. Лифтти токтотот. Зордуктайт. Колуна кирген баалуу нерселерди алып жылт коет. Бул учурда эч ким жардамга келбесине ишенет. Анткени, бул убакта баары уйкуда болуп, жардамга чакырган үндү деле угушпайт. Укса деле түн ичинде өз коопсуздугунан коркушат. Арыз артынан арыз түшсө да оперативниктер кылмышкердин изине түшө албай келишкен. Өткөн айда эле "Лифтёр" (оперативниктер аны ушундай атап алышкан) дагы бир кызга кол салган. Аягында анын чөнтөк телефонун да алып кетип, ошол аркылуу колго түшкөн. 23 жаштагы Акылбек Алыкуловдун жакшынакай эле үйбүлөсү бар экен. Аялынын боюнда бар, жакында көз жарганы турат. Алар окуя болуп аткан үйгө жакын турушат. Жумушунан машине Акылбекти түнкүсүн жеткирип келет. Ал үйүнө жете электе эле түшүп алып, үйүнө кирбестен "ууга" жөнөйт. "Олжолуу" болгондон кийин гана үйүнө кетет. "Эмне максатта ошол иштерди жасагансың?" деген суроолорго ал: "Жөн эле... Эмне кылаарымды билбей...Анан..." деп жооп берди. Арыз менен кайрылгандардын экөөсү аны көрөөрү менен эле лифтте кыйнаган зөөкүр ошол экенин дароо таанышкан. Эгер ушул адамдан жабыр тарткандар болсо, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн дежурдук бөлүмүнө кайрылып коюуңуздарды суранышат. Дилбар АЛИМОВА |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|