Жети нота

Гүлиза Талипова, ырчы:
"Көк дипломум көк сандыктын түбүндө жатат"
Редакцияга Улуттук Консерваториянын фольклордук факультетинин үчүнчү курсунун студенти Гүлиза баш бакты. Комузун ала келиптир. Андайда карап турамбы, черттирип, үнүн угуп, андан ары кеп улаша кеттик.

- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дейт. Ырчылык өнөрүңдүн теги бардыр?
- Токтогул өрөөнүнүн эли өнөрлүү келет. Кадимки залкар Токтогулдун урпактары эмеспи. Мен дагы ошол жактан болом. Мүмкүн оошуп-кыйышкандыр. Шахра Талипова атамдын бир тууганы.
- Анда Шахра эжең түрткү болгон турбайбы?
- Ооба. Бирок, буга чейин өзүм ырчы болом деп элес албагам. Себеби мектепти бүтүп, эл катары шаарды көздөй жөнөп калдым. Мен келген учурда тикмечилик жумушун ылайык көрүп, анын окуусун окуп, ал жагын өздөштүрүп, бир канча убакыт өттү. Андан соң, жээним Гүлзат Батырканова мед.училищага жетелеп келип, окуусуна киргизип койду. Окуу жайдын өнөрчүлүк ийримине жандуу катышып, үч жылдын ичинде ырчылык өнөрүм менен таанылып калдым. Ал кесипти аркалап, бир күн да иштебедим. Дипломум сандыктын түбүндө жатат. Бираз өтүп Шахра эжем Воронцовка айлындагы курортологияга концерт берип, эл астына мен да эки-үч жолу ырдап чыктым. "Арашан" тобунун жетекчиси Болот Эдигеев агай эжеме кайрылып, "бул сиңдиңди мага бербейсиңби, эл кыдырып ырдатайын" деп калды. Ошентип "Арашанда" иштеп калдым.
- Музыкалык билим албай туруп эле, ишке киришип кеттиңби?
- Кыйын эле экен. Ал жердеги мен теңдүү ырчылардын үнү, ырдаганы, деңгээлдери меникинен кыйла жогору тургандарын байкап "качан ушулардай ырдап, катарына кошулам" деп беймаза боло баштадым. Канча аракет кылсам да аларды кууп жетиш кыйынга турду. Көрсө билим алыш керек экен. Аны ансамблдеги Токтогул байке байкап жүрүптүр. "Гүлиза, Улуттук консерваторияда Улукмырза Полотов агайыбызга барып, жок дегенде мындай эле сабак алып көрбөйсүңбү?" деп калды. Ал жакка барып агайга жолуктум. Буга чейин атайын музыкалык билимим болбогон соң, даярдоо курсуна окууну сунуш этти. Анысы эки жылдык экен. Эми эки жыл беркиси, беш жыл тигиниси болсо өмүр бою окуп карып кетем го, айласын тапкыла деп күлдүрдүм. Бул жагынан окутуучулар түшүнүү менен карап көрүшүп, биринчи эле курска киргизип коюшту. Кыйналсам да үчүнчү жылдын билимин алып атам.
- Окуу татаал бекен?
- Татаалы татаал. Кээ бир ырчылыкка тыгыз байланышы жок сабактарды деле үйрөтүп аткансыйт. Бирок, музыка искусствосу, анын сырларын таанып билүү үчүн бери дегенде күнүнө сегиз сааттан кем эмес машыгууну талап кылып койдум. Канчалык тереңдеген сайын ошончолук кызыгына батып баратам. Мен барктап, пир туткан Мыскал Өмүрканова, Канымгүл Досмамбетова апаларыбыздын мурас кылып таштап кеткен өзгөчө таланттарын баалап, байытып турганга не жетсин?
Маектешкен
Сурат Жылкычиев




"Руханият" аздектеген руханий лидер

Эл аралык "Руханият" ассоциациясы 27-февралда "ВЕФА борборунун" Чоң жыйындар залында "Жусуп Баласагындан Фетхуллах Гүленге чейинки толеранттуулук жана диалог маселелери" деген аталышта конференция өткөрдү. Жыйындын катышуучулары адегенде Фетхуллах Гүлен тууралуу фильм көрдү, анда бул инсандын азыркы ааламдашуу агымындагы орду, руханий лидерлиги тууралуу мурдагы Рим Папасы Иоанн Павел II, Түркия межилисинин экс-спикери Б.Арынч, жазуучу Ч.Айтматов, чыгыш таануучу аалым-академик Р.Рыбаков, Орусия мусулмандарынын муфтийи Р.Гайнутдин ж.б. дүйнөлүк кадыр-баркы жогору турган кишилер өз пикирлерин, ойлорун ортого салышты.
Фетхуллах Гүлен АКШдагы 11-сентябрь окуясында журналисттер менен атайын баарлашууларды өткөрүп, ислам дининде адамды өлтүрүү - террорчулук жок экендигин жана бул кылмыштарды дин менен байланыштыруу туура эместигин кайра-кайра айткан.
"Руханият" ассоциациясынын президенти Акун Токтосартов өз кириш сөзүндө Фетхуллах Гүлендин идеясынын негизинде ачылган билим берүү мекемелери, мисалы, Түркиядагы "Саманчы жолу", Кыргызстандагы "Себат" ж.б. дүйнөлүк деңгээлде бүтүрүүчүлөрдү даярдап жаткандыгын айтуу менен Фетхуллах Гүлен 45 илимий-популярдуу китеп жазгандыгын, ыр жыйнактарын чыгаргандыгын, анын жүздөн ашык ыры музыкалаштырылгандыгын, сүйлөгөн сөздөрү аудио, видео менен элге көп нускаларда тарап жаткандыгын айтуу менен ал мамлекет башчылары, дин ишмерлери жана ким менен болбосун сүйлөшкөн учурда диндерди урматтоого, толеранттуулукка, гуманизмге чакырып келгендигин белгиледи.
КРдин Маданият жана маалымат министри Султан Раев толеранттуулук, сабырдуулук маселелерин талкуулап жаткан бүгүнкү күндө бул маселе өтө керектигин, чоң конфликттерди диалог аркылуу чечүү зарылдыгын, муну болсо бизге Жусуп Баласагын жана Фетхуллах Гүлен сыяктуу кишилер ибараттаганын айтып кетти.
"Диалог Авразия (ДА)" платформасынын теңтөрагасы, Түркиянын журналисттер жана жазуучулар фондунун башчысы Харун Токак мырза Фетхуллах Гүлен аркылуу түрк ааламы дүйнөгө чоң жылдыздардын бирин бергендигин, ал кишинин идеясы аркылуу Чыгыш менен Батышта динине, тилине, түсүнө карабай 110 ашуун мамлекетте лицейлер ачылгандыгын, бул улуу инсандын айтканын түшүнсөк, турмушка ашырсак, келечекте дагы да жакындап, бири-бирибизди терең түшүнөт элек деди.
Орусиянын "Родина" журналынын шеф-редактору Т.Филиппова "ДА" платформасынын түзүлүшүндө эки руханий лидерлер Ч.Айтматов жана Ф.Гүлен башында тургандыгын белгилеп, Фетхуллах Гүлен сопулук салттарга жакын экендигин, өзгөчө Мавлана Жалалиддин Руми менен көп жагынан идеялаштыгын көрсөткөнүн айтып кетти.
Конференцияда Түркиянын Сивас университетинен келген профессор Энбия Йылдырым, Марамара университетинин профессору Абдулазиз Хатип, жана Жазуучулар жана журналисттер фондунун координатору Фарук Тънжер менен бирге эле кыргыз аалымдары Аскарбек Беделбаев, Асан Ормушев, Аскар Какеев улуу ойчулдар Жусуп Баласагын менен Фетхуллах Гүлендин ортосундагы жакындыктарды, алардын сабырдуулук, адамгерчилик идеяларын көтөргөндүгүн, бул ойлордун азыркы доордогу мааниси жогору экендигин көрсөтүштү.
Эл аралык "Руханият" ассоциациясы Фетхуллах Гүленге 2004-жылы "Элдердин ортосундагы тынчтык жана кызматташтык үчүн" деген сыйлыгын тапшырган. Ал эми бул жыйынды да эң биринчи болуп, бардык өлкөлөрдөн алдын биздин өлкөдө дал ушул "Руханият" өткөрүп жатат. Ассоциациянын президенти А.Токтосартовдун айтуусунда конференциянын материалдары үч тилде китеп болуп чыгат, ошондой эле Фетхуллах Гүлендин чыгармаларынын бир томдугу кыргыз тилине которулуп, жарык көрүү алдында турат.
Фетхуллах Гүлен - азыркы доордун улуу ойчулу, гуманисти
Фетхуллах Гүлен 1939-жылы Түркиянын Эрзурум аймагына караган Пасинлер районунун Коруджук айлында туулган, атасы Рамиз кожо мечитте имам болгон, апасы Рефия ханым үй ичине эле каралашып, сыртта иштеген эмес. Фетхуллах жашынан эң мыкты устаздарга туш келип, исламий билим алып, арабчаны жакшы үйрөнүп, куранды бүт жатка билип, он эки жашында хафиз даражасына жеткен. 1955-жылы он төрттөгү бала Эрзурумда медреседе да окуган, ошол эле кезде өз айлына барып балдарды да окуткан. Эр жеткенде араб, түрк, фарсий тилдерин мыкты өздөштүргөн жигит диндин, адабияттын, философиянын түйүндүү маселелерин чечүүгө аракет кылып, макалаларды жазды, ар кандай талаш-тартыштуу жыйындарда чыгып сүйлөп жүрдү. Түркиянын жана дүйнөнүн мамлекет башчылары менен көптөгөн жолугушууларды өткөргөн кезде азыркы адамдарды адептик жактан таза бойдон кармоонун жана өлкөлөрдү, диндерди ынтымактуу сактоонун проблемаларын көтөрдү. Ал биздин доордун үч "оорусун" жана алардан арылуунун жолдорун белгилейт. Алардын биринчиси - "түркөйлүк", "билбегендик", мындан чыгуунун жолу - "билим". Экинчи оору - "жакырчылык", андан чыгуунун жолу - "социалдык жактан жардамга муктаждарды колдоочу уюмдарды" ачуу. Үчүнчү кесел - "дискриминация", бул бардык конфликттердин башаты болот, мындан чыгуунун жолу - "сабырдуулук жана диалог".
Фетхуллах Гүлен ушул багытта ишмердүүлүгүн жүргүзүп, 45 китебин, анын ичинен 2 ыр жыйнагын жана 7000дей макаласын жазган, 500дөн ашык конференцияларды жана семинарларды өткөргөн, өз багытын, өзүнүн колдоочуларын тапкан. Анын ойлорун дүйнөлүк коомчулук дыкаттык менен үйрөнүп келет, мисалы, 2008-жылы 15-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Махатма Ганди менен Фетхуллах Гүленге байланыштуу конференция уюштурса, 12-февралда 250 миң нуска менен чыккан "Известия" газетасы анын бейнесин ар тараптан ачып берген П.Иноземцевдин "Фетхуллах Гүлен деген ким" аттуу макаласын жана "Аялдар аскерий адам да, дарыгер да болушу мүмкүн" деген маектешүүсүн баскан.
Фетхуллах Гүлен ден соолугуна байланыштуу (жүрөк антиопатиясы) 1999-жылдын 21-мартынан бери АКШнын Пенсильвания штатында жашайт.
Көрүнүктүү динтаануучу, философ, жазуучу, акын, коомдук ишмер, кайрымдуу инсан Фетхуллах Гүлен ушул тапта өзү негиздеген Түркиянын жазуучулар жана журналисттер фондунун ардактуу төрагасы.
Мустафа БАШКУРТ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan