Эл өкүлүнүн элегинде

Мурат Жураев, ЖК депутаты, СДПК фракциясы:
"Биз президенттикке талапкерди жакында көрсөтөбүз"
- Америкалыктардын "Ганси" авиабазасы кыргыз коомчулугун бир топ эле дүрбөлөңгө салгандай болду. СДПК фракциясынын депутаттары да ача пикирде экен. Ар түрдүү кайчы пикирлердин жаралышы фракциянын тамырына доо кетирбейби?
- Ганси авиабазасынын өлкөдөн чыгып кетиши туурасындагы демилгеге макулмун. Анткени, биз илгертен бери орус эли менен ынтымакта жашап, алардан көп нерсени үйрөнүп келгенибиз жалган эмес. Мына тарыхты карап көргүлө, өткөн кылымдын орто чендеринде Кокон хандыгы Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнө жакындап келгенде, кыргыздын тың чыкма аксакалдары "өз ыктыярыбыз менен орус бийлигине кошулабыз" деп кат жолдошкон, туурабы? Чынын айтканда, ошол мезгилде орустарга кошулбай Кокон бийлигине кол куушуруп берсек, билбейм, азыр мамлекет катары абалыбыз кандай болмок? Тарых өзү кыргыз-орус мамилесин далилдеп, ушул мезгилге чейин бир болгонубузду ырастап жатат. Мен мурда деле чегараны Россияга берели, экономикалык мамиле түзөлү деп айтып келгем. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Ар кандай чыр-чатактардын очогу болбосо да, ошого жакын. Мунун өрнөгүн 90-жылдардын башында көргөнбүз. Борбор Азия учурда суу маселеси менен башын
оорутууда. Чыр дал ушул суу көйгөйүнөн да чыгышы мүмкүн. Анда бизге алыскы Америкадан жардам келбейт. Ошондо да орустар менен мамиле түзгөнгө туура келет деп ойлойм.
- СДПК депутаттарынын ынтымагы кандай?
- Бир чөйрөдө кайчылаш пикирлердин болуп турушу, ошол чөйрөнүн ынтымаксыздыгын далилдебейт. Демек, биздикилер айрым депутаттар сыяктуу ой-пикир, көз-караштардан куржалак эмес. Ооба, Жусупжан Амражанович экөөбүз "Гансинин" кетишине макулдугубузду бердик. Ал эми Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, Бакыт Бешимов каршы болушууда. Кечээ биз чогулуп талкууладык. Ар ким өз оюн айтты. Муну менен эле СДПКга доо кетет деш акылсыздык болот. Талаштан тактык жаралат.
- Кыргызстан эмне үчүн орустардын жетегинде жүрүш керек?
- Орустар менен жакын болсок эле алар бизди жетелеп алат деген ойдон алыс болушубуз керек. Тарыхый жана саясый кызыкчылыктар орус эли менен ынтымакта жашоо, мамиле куруу маселесине такалып жатпайбы. Алгач Кыргызстан өз коңшуларынан көңүлү тынбаса, өз алдынча эркин оокат кылалбайт да. Афганистан, Өзбекстан жана Кытай деген улуу коңшулар Кыргызстанга дайыма коркунуч туудурушу мүмкүн. Ошондуктан кыргыз элинин 65%ы президент баш болуп, Кыргызстандын Россия менен болгон достугун колдоп жатышат.
- Мындайда америкалыктар да жөн жатпаса керек. Мисалы саясый-шоу уюштуруп кое алабы?
- Жамандык кылат деп ойлобойм. Андайга дүйнө коомчулугу деле жол бербейт. Бирок ар кандай жардамдар менен гранттардын саны азайып кетиши мүмкүн.
- Президент эмнеге Москва сапарына тууралап, "Гансини" кууду?
- Конституция боюнча президент шайлоого барышы керек. Азыр интернетке Асылбек Жээнбековдун Конституциялык сотко жөнөткөн катынын жообу келиптир. Президент Конституция боюнча 2005-жылы шайланган да. Өзү октябрда шайлоо болушу керек. Президент деле шайлоо мөөнөтүн Конституциялык сот чечет дебедиби. Эми качан болоорун мен айта албайм. Анан "Ганси" боюнча президенттин мамилесин шайлоого же Москвага болгон иш сапарына байланыштырбоо зарыл. Бирок, биздин партия президенттик шайлоо 2009-жылы октябрь айында өтүүсүн туура дейт. Талап коет.
- Президент болом дегендер сиздердин партияда да бардыр?
- Президенттин эки мөөнөткө барууга укугу бар. Ал киши шайлоого барабы, же барбайбы, аны өзү билет. Партия лидери А.Атамбаев деле, албетте, СДПКдан шайлоого катышат деп жатат. Мезгил жакындаганда съезд өткөрүп, анан талкуулайбыз. Ошондо баары чечилет.
- Парламенттин келечек тагдырына божомол жүргүзүп көрбөйсүзбү?
- Парламент жаманбы же жакшыбы өз вазыйпасын аткарып жатат. Менимче, акыркы мөөнөтүнө чейин иштеши керек. Президентке мындан да жакшы парламент болбойт. Ошондуктан бул парламентти таркатып, абийир таппайт. Анын үстүнө таркатканга дагы негиз жок. Бирок президент шайлангандан кийин 30-40 пайыз оппозициядан аралаштырып, жаңы парламент алып келиши мүмкүн. Чынын айтканда, бийликке да мындай парламенттин коркунучу жок.
Манас Осмон




  Кай заман?

Жекшенкуловдорго кысым уланууда
2008-жыл оппозиция үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эки Курултай өтүп, так позиция жана иш алып баруунун багыттары такталды. Бул иштердин аткарылышында "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун ролу чоң. Мына ушундан улам ага бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп келет.
Анын бир тууган иниси Таалайбек Медеркулов Балыкчы шаарынын вице-мэрлигинен бошотулса, Таалайбектин уулу Улукбек Медеркулов прокуратура органынан жөнү жок иштен айдалган.
Аликбек мырзанын өзүнө болсо ТИМди башкарып турган кезинде министрликтин эшиктерин жаңы, сапаттуусуна алмаштырып койгонун мыйзамсыз деп кылмыш ишин козгоп коюшту. Иниси Таалайбек Медеркуловго болсо вице-мэр болуп турган кезде суу түтүктөрүн сатып алууда тендер эрежелерин бузган деп камакка алып отурат. Аны менен катар эле уулу Беккул Жекшенкуловго дагы издөө жарыяланды.
Таалайбек Медеркуловго тендердик комиссиянын төрагасы катары кылмыш козголушу - жөн гана кылдан кыйкым издегендик. Анткени, 13.01.2005-жылдагы "Бөлүм жана сатып алуучу мекеменин тендердик комиссиясы жөнүндөгү" жобого ылайык, "Тендердик комиссия баа берүүнүн жана тендердик заявкаларды салыштыруунун жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алат жана тендердин жеңүүчүсү менен келишим түзүү, же дагы башка жыйынтыкка келүүнү бөлүмгө сунуштайт". Бул норма тендердик комиссия сунуштап гана коерун, ал эми чечимди сатып алуучу тарап, тагыраак айтканда, башында шаар башкармасы турган Балыкчы шаардык мэриясынын муниципалдык менчик бөлүмү кабыл алаарын айтып турат. Ага карабай, Балыкчы шаардык мэри Т.Өмүркулов жана бөлүм башчысы Б.Мамбеталиев кызматтарынан кеткен жок. Ал эми Таалай Медеркулов убактылуу кармоочу жайга камалып атса, суу түтүктөрүн саткан Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевдин тууганы эркиндикте жүрөт.
Түтүктөр мамлекеттик стандарт талаптарына жооп бербесе, анын сапаттарына алып келген тарап жооп бериши керек да. Анда Таалайбек мырзага эмне себептен кылмыш козголуп атканы белгисиз.
Балыкчы шаардык сотунун судьясы Б.Беккулуева менен Т.Эралиев жетектеген облустук соттун коллегиясы чара колдонууну тандап алып атканда, кайсы негизге таянышты болду экен? Анткени, алар Т.Медеркуловго берилген оң мүнөздөмөнү, анын мурда соттолбогонун, үч уулдун атасы экендигин эске алышкан жок. А тургай анын ден-соолугуна да карашпады. Камалаардын алдында ал "МКБ, камень левой почки, хронический пиелонефрит, гипертоническая болезнь II степени" деген диагноз менен Улуттук Госпиталдын урология бөлүмүнөн жаңы эле чыккан эле.
Бул иште саясый заказ болгону даана көрүнүп турат. Жогору жактын буйругун соттор менен прокуратура органдары так аткарышып атат. Практика көрсөткөндөй, аягында бары бир алар тиешелүү жообун тартат. Ал эми Акүйдөгү буйрук бергендер күнөөнүн баарын аларга оодарып коеру турган иш.
Бийликтин вице-мэр болуп шаардыктар үчүн 9 жыл кызмат кылган Таалайбек Медеркуловго жасап аткан мамилесине Балыкчыда нааразычылыктар күчөп турат. Таалай Медеркулов вице-мэр болбой калганда деле, шаар эли аны шаардык кеңешке депутаттыкка шайлаганы аны сыйлаганынын далили да. Аликбек мырзанын Кочкор районундагы жердештери А.Жекшенкуловду жана анын бир туугандарын коргоо комитетин түзүп, бийлик аларды куугунтуктоосун токтотпосо чечкиндүү кадамдарга барышаарын айтып отурат.
Бийликтин ушул иш-аракеттерин көрүп отуруп, Аликбек мырзанын аброюнун өсүп атканын, анын жанында бийлик алсыздыгын көрсөтүп атканын байкайт экенсиң. Оппозицияны куугунтуктоо менен бийлик өз элине каршы иштеп, оппозицияга упай топтоп атканын сезсе экен…

Даярдаган
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan