Саясат KG
Чок баскандай
"Ата Мекендин" билдирүүсүнө түзөтмө
Өткөн саныбызда Б.Шерниязовдун губернаторлукту сураганы боюнча кепти жазганбыз. Ал маалыматты "Ата Мекен" партиясы төгүндөгөнгө аракет жасаптыр. Албетте, партия өзүнүн көз карашын билдирди, бирок мындай маалымат радикал оппозиция ичинен чыкканын, алар ММКларга жеткизе албай атканын биз жаңылык катары уруп койгонбуз. Болгону ушул.

Ээрден оодарылмай
А.Муйбиллаев кызматынан ыргыйбы?
Каржы полициясынын башчысы А.Муйбиллаевдин ооматы тайганы туру. Анын буга чейинки ар кандай ишмердиги Акүйдүн купулуна толбой, кызматтан алынары боюнча маселе каралууда. Эсиңерден чыкпаса, ММКларга Акимжандын чуулгандуу мүлктөрү жарыяланып кеткен. Ошого катар иштин жүгүн сүйрөй албай атканы да айтылууда. Эртең А.Муйбиллаев ээрден оодарылса, бийликтин кылы да кыйшайбайт экен.

Куйрук басмай
О.М. менен Д.Ү.нүн дүрмөтүнөн
Аксарайда интрига күч. Өзгөчө Д.Үсөнов менен О.Малеванаянын ортосунда. Саресеп салсак, О.М. айым ажонун кайрылуусунан катачылык кетиргени , өзүн өлө чоң сезгени, анан да Д.Ү.гө кыр көрсөткөнү менен жыландын куйругун басыптыр. Соңку кезде Д.Ү.нүн жини кашайып, О.М.дун тагдырын талаага ыргытам таризинде албууттанып аткан чагы дейт. Данияр мырза кармашканын соо койчу эмес эле. Бу саам Оксана айымга алы келээр бекен?

Шайлоо шах
Шайтан оюн шапалагы
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев "Азаттыкка" маек бериптир. Ажонун айтканын мисалга алып, "президенттик шайлоо боюнча Конституциялык сот кандай чечет, мен ошого макулмун" дегенин бетке кармайт. Акаев заманындагы саясатка такаганын, Конституциялык сот шартка жараша чечерин баса белгилеп. Саясат таануучунун анализинде шайлоодо адилеттик болбостугу кыйытылат. Эгер мындай болсо, кыкеңдер качанга дейре шайтан оюн шапалагына жонун тосот?

АКШдан айбат улуп калбайбызбы?..
"New York Times" гезитине
АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс интервью берип, "Манас" авиабазасы боюнча иш уланарын, Кыргызстан өз чечимин артка кайтарса болорун айтты. Ошондой эле авиабаза НАТОнун Ооганстандагы миссиясын аткарууда маанилүү экенин Р.Гейтс жашырбаптыр. Ал эми кыргыз бийлиги АКШ авиабазасын 18-августка чейин, башкача айтканда, 180 күндүн ичинде чыгып кетүүсүн официалдуу билдирүүдө. АКШ мындайга ынабай туру. Кыскасы, улуу держава менен карама-каршы саясат кылтыйды. Не болот?

Бай-бача саясат
"Элдин жыргалчылыгы..." Эх кандай фраза!
Хохма. Коомдук палатага К.Сыйдановдун төрага болуп дайындалышы. Бу жаңы төрага иш функциясында элдин оюн бийлик бутактарына, ажого жеткизип турат имиш. "Элдин жыргалчылыгы үчүн күрөшөм" дейт. Анан да К.Сыйдановдун эл менен Акүйдүн ортосуна көпүрө болгусу келгенине күйөсүң. Кантип көпүрө болот? Биз буга чейин анын элге күйүп, тоону томкоргонун көрбөптүрбүз. Болгону Сыйдановдордун байлыкка колун матырып бай-бача турмушта жашоо кечиргенин гана билебиз. Базар, мал, акча гүлдөткөндөрүн көрүп атып...

Толгой тарткан...
Б.Иманалиевдин кербези
Кыргызстан профсоюздар федерациясына Бакыт Иманалиев барганы чыр-чатак токтоп, иш ыргагы башталгандай. Айтмакчы, Бүткүл дүйнөлүк социалдык акыйкаттыкты коргоо күнү катары эл аралык иш-чараны Б.Иманалиев жаза кетирбей, 20-февраль күнү КПФда ачык эшик күнүн өткөрдү. Бу жыйынга министрликтин өкүлдөрүнөн бери катышты. Республика боюнча КПФнын булактары мындай иш-чараны колдошту. Эми мындан аркысын тыңдасак, Бакыт мырза профсоюздун мыйзамсыз сатылып кеткен мүлктөрүн орду-ордуна койсо деген тилек бар. Себеби, профсоюздун мүлкү элдики да.

Тамчы дайра
Такенин тарамышы түйүлүп...
Эки жылдан бери экс-депутат Таалай Субанбековго Мамалко агенттиги кыянаттыгын карматып, ишкерлигине бут тосуп келет. "Алсу" арак заводунун лицензиясын алып койгону, арактарын ар кандай шылтоо менен саттырбаганы жама-ан кыжырды кайнатыптыр. Кылдан кыйкым издеген Мамалконун директору А.Батырбековдун мындай "өнөрпоздугуна" өлө катуу жооп берип койбосун бир күнү. Себеби, Таке да оңой жоо, жөн жигит эмес да. А.Батырбеков аяк-биякты байкабаса, эртеңки күнү кыйын болот го.

Кур дымак
Үчүнчү күчтүн үрүп чыгаар ити жок
М.Садыркулов бийликтен айдалганы оппозицияга бир тийип, анан калса Иранга да чабагандап барып келди. Азырынча Бишкектин чок ортосунда иш бөлмө офисин алып, үчүнчү күч таасиринде саясатын баштагандай. Бирок артында ээрчиген таасирдүү фигура жок. Баягы эле "Акжолдун" З.Курманов, Г.Куликова, Э.Арсалиев, Б.Наргозуев, А.Мамасалиев, О.Назаров сыяктуу салмагы камгак беш-алты депутат болбосо, алар да ойт берип кетиши ыктымал. Мындай шартта үчүнчү күч катары аброй таппасы алаканга салгандай болду. Ушуга карабай МЧС эски кызмат күүсүн пайдаланып, айрым бийлик бутагындагы чиновниктерди, кээ бир суу жүрөк саясатчыларды коркутуп-үркүтүп, атургай сөгүп да басмырлаганын эшиттик. Албетте, бийлик жүргүзгөн маанайында. Же үчүнчү күчтүн жаңы ыкмасы ушубу? Биздин изилдөөгө караганда, М.Садыркуловдун Казакстанда үлкөн бизнестери бар сыяктанат. Кокус бийлик тап берсе качып берет. О.э. икая сымал үчүнчү күчтүн үрүп чыгаар итин да көрбөдүк. Кур дымактын кечүүсү болбосо...

Май басканда
Досбол акенин эки бети
Тагдырдын тамашасын кара, Мамкатчы Досбол Нур уулу "өлкөдө саясый куугунтук жок" деп балп эттирди. Анын ою боюнча бийлик оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экен. Бирок кандай сүйлөшүү жол экенин айтпайт. Мамкатчынын түшүнүгүндө өлкөдө жыргал жашоо желаргысы жүрүп аткандай... Кечээ эле Досбол аке оппозицияда жүргөндө, дал бүгүнкүдөй мамиле оппозицияга көрүлүп келген, ошондо "саясый куугунтук күчөдү" деп кыйкырып жүргөнүн билебиз. Эми Акүйгө келгени башка киши болуп кубулуп, тескери кептин термесинен созуп отурат. Кудайды карабайбы. Же бийликке келгенде көздү май басат деген ушулбу?














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan