Батышка "бурганак"

Ачык этек, жалаң төш...
Акыркы жылдары кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү Батыштын кулак жарган музыкасын гана туурабастан, жарым жылаңач кийингендерин да өздөштүрүп алышты. Анан алардын бактысына жараша "фотосессия" деген түшүнүк пайда болду. Эми карасаңыз, ушунчалык кооз, сулуу болуп сүрөткө түшүшөт. Албетте, анысы жакшы. Бир гана көңүлгө жакпаганы кыргыздын кызы тал чыбыктай буралып табышмактуу, денесинин интимдүү бөлүктөрүн бөтөн адамга көрсөтө бербеген менталитетинен кайтып, ачылып-чачылып алганы. Алардын айрымдарына кайрылсак: "бул шоу-бизнестин талабы, минтпесек болбойт, андан эмне болот экен?" деп жооп беришти. Эми биз муну менен "антип кийинбе, минтип кийинбе" деп ырчы-чоорчуларга акыл айтуудан алыспыз. Бир гана кыргыздын сымбаттуу образын да унутта калтырбасак деген тилек.

- Келинчегиңиздин кыпкыска юбка кийинишине кандай көз караштасыз?
Акжол Нышанов, Асеманын жолдошу: "Бул шоу-бизнестин талабы"
- Түз эле көз караштамын. Анткени бул шоу бизнестин талабы. Ырдын стилине жараша каалагандай кийине берсе болот. Бирок, албетте, кандайдыр бир чектөөлөр бар. Болот десе эле таптакыр ачылып алыштын кереги жок. Өзүнө жарашкан юбкаларды кийсин. Ал эми күнүмдүк турмушта Асеманын кыска юбка кийип жүрүүсүнө каршымын.

- Шоу-бизнесте өтө ачык кйимдерди кийүү сөзсүз керекпи?
Айпери Кубик кызы: "Ачык кийингенге мен каршымын"
- Кээ бирлер өзүнө көрүүчүлөрдү тартыш үчүн киет болуш керек. Бирок мен андай деп ойлобойм. Ийгилик андан деле көз каранды эмес болуш керек. Менин сахнага кийчү кийимдеримди атам менен апам тандаганга жардам беришет. Өтө ачык кийинишиме алар каршы. Мен өзүм деле андай кийингим келбейт.

- Жылаңач дене менен сүрөткө түшүүгө кандай карайсыз?
Темир Назаров: "Эркек адамга ал деле жараша берет"
- Эркек киши чечинип сүрөткө түшсө эч нерсе деле болбойт деп олойм. Ал эми аял кишинин мындай кылганы жарабайт. Эгер муну менен эркектерди өзүмө тартам десе жаңылышат. Андай аялдан эркек, тескерисинче, жийиркенет. Орустарда "запретный плод всегда сладок" деген макал бар го. Ошол сыяктуу эле аял кишинин ачылып-чачылбай табышмактуу болуп турганы жакшы.

- Кыргыз кыздары үчүн төшү өтө ачык кийимдерди кийген туурабы?
Мэри Шакулина: "Андай кийимдерди мен көп кием"
- Мен өзүм төшү ачык көйнөктөрдү көп кием. Бирок көбүнчө үстүнөн тор кофта же жоолук жабынып алам. Эми кыргыз кыздарына төшүн көрсөтүп, өтө эле ачык кийинип жүргөн болбойт деп ойлойм. Бирок элге жаккыдай кылып, анча-мынча кийимдерди кийип жүрө берсе болот болуш керек.

Даярдаган Бегимай БАКАШЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan