архив • редакция 



  Жаңылган жаак

Министр К.Сарбаев калпычыбы, же?..
ТИМ дин жаңы жетекчиси Кадырбек Сарбаевдин профессионалдык деңгээли, иш билги сапаттары коомчулукка белгисиз болчу. Ал Кыргызстандын Кытайдагы элчисинен түз эле министрликке дайындалып, иштеп аткан. Мына ушул күндөрү башкы дипломат өзүнүн чабал жүзүн көрсөттү.
"Акжол" фракциясынын жыйынына Тышкы иштер министри К.Сарбаев катышып, "Ганси" авиабазасынын өлкөдөн чыгарылышы АКШ-Кыргызстан мамилесине таасирин тийгизбейт" - дейт. Кандайча? Кудайды бир карабайбы, бүгүн дүйнөлүк эксперттер АКШнын Кыргызстанга назары бузулганын жашырбай айтышууда. А кыкеңдин министри теңирден тетири кепти тебинет. Мындай пикир тараткан министр калпычыбы, же дипломат катары профессионалдуулук деңгээли жокпу? Тили чындыктан тайгаланып.
Түшүнгөн адамга тышкы иштер министрлиги өзгөчө кызмат. Кыргыз элинин жүзүн К.Сарбаев аркылуу башка өлкөлөр тааныйт, ошого катар эл аралык мамилелер түзүлөт да. Мындай шартта министр мырза орой катачылык кетирип атса, анан кантип эл аралык коомчулукка Кыргызстан баш көтөрсүн? Бул намысты ойгото турган маселе.
Ток этер жери, мамлекеттин саздан чыга албай жатканынын себеби ушул, бүгүн бизде кадр саясатынан катачылыктар көп кетип, мүдүрүлүп аткан кезибиз. Ишти билгендер ишсиз, же чет өлкөгө кетип калышкан. Ал эми К.Сарбаев сыяктуу шылуундар бакыйган министрликти ээлеп, оозунан жаңылып отурат. Уят да.
Асланбек САРТБАЕВ















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan