архив • редакция 



  Тар заман

Оппозиция лидерине кысым күчөдү
Баам салып көрсөк, оппозиция лидерлеринин ичинен Аликбек Жекшенкуловго кысым күчөптүр. Соңку күндөрү чындап эле катуу душмандашуу башталгандай. Мындай саясый жагдай улана берсе, Аликеңди биротоло ат көтөргүс баатыр кылып тынышат го. Себеби, анын үйбүлөсүнө бүгүн куугунтук күчөп, кылмыш козгоо аракеттери арбыды.

Маселен, А.Жекшенкуловдун бир тууган иниси Таалай Медеркуловго вице-мэр кезинде туура эмес тендер өткөзгөн айыбы менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Ага улай К.Иманкулов менен М.Иманкулов да суракка байма-бай чакырылып, күч органдарынын тыкыр көзөмөлүнө алынганы белгилүү. Ошондой эле А.Жекшенкуловдун уулу Беккулга да кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Учурда ал Москвада жүрөт. Ал эми Аликбек мырзанын өзүнө да кылмыш иши козголуп, Бишкектен сыртка чыкпоо боюнча чектөө коюлган. Дагы бир кызык факт: анын тапанчасын Адилет министрлиги мыйзамсыз колдонгон шылтоосу менен алып койгон. Мына ушундай окурман. Бир үйбүлөдөн беш адамга ушундай кылмыш жарлыгы тагылса, чын эле шекшинет экенсиң. Албетте, дал ушул кысмакка алуу аракеттер укук коргоо органдары тарабынан болуп аткан соң, эл ичинде да ар кандай кептер жүрүүдө. Эгерде бир үйбүлөгө мынчалык кысым токтобосо, карапайым калктын бийликке болгон ишеними да кетери ажеп эмес. Себеби, бир уядан бүт баарын кылмышкер атоо акылга сыйбайт го.
Кыскасы, А.Жекшенкуловдун Акүйгө сын көз карашы күчөгөндөн күчөп келет. Ал мындай аракеттерди "саясый куугунтук" катарында баалоодо. Ошону менен бирге өзүнүн таза экендигин да жашырбайт. Өзү оппозиция лидерине айланганы чын. Эми бардык кыйынчылыкты көтөрүү мезгилдин оор талабына шайкеш чыгууда. Балким мындай кыйынчылыктардан кийин күтүүсүз саясый бийиктиктер да болуп жүрбөсүн? Кудайдын буйругу, тагдырдын жолу түз болсо...
Апас НИЯЗАЛИЕВ














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan