Качкындар кайрыгынан

Саясатка таарынгандар

Курманбек Бакиевдин бийликке келиши менен Аскар Акаев үйбүлөсүн алып, качып кетти. Ошого катар Мурат Малабаев да "куйрук түйүп", Кыргызстанды таштап чыга берген. Чоң саясат кубулма жүздүү болот турбайбы, андан бери саясатыбызда эчен өзгөрүүлөр болду. Бийликке каршы чыккандарды күчкө салуу менен "сындыруу" көбөйдү. Мунун натыйжасы "качкындардын" санын арбытты. Эмесе баам салып көрүңүз.

Клара Кабилова
БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова сенсациялуу кайрылуу жасоо менен ээлеген кызматынан баш тартып, Кыргызстандан чыгып кеткен. Оппозицияга таштап кеткен видео кайрылуусунда президенттин уулу Максим Бакиев коркутуп-үркүткөнүн айтып, мындан ары мындай кордукка чыдабасын билдирген. Аны менен катар өткөн парламенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болгонун далилдеп бере ала турганы жөнүндө кептин башын чыгарган. Азыр Клара айым Москва шаарында деген маалыматтар бар.

Болот Шерниязов
"Ата Мекен" партиясынын төрага орун басары Болот Шерниязов үйбүлөсү менен АКШнын Чикаго шаарында жашап жүрөт (бирок жакында Бишкекке келип кетти). АКШга кеткенин башка өлкөлөрдөгү саясый оюндар кандай болоорун билгиси келгени сыяктуу түшүндүрдү. Анткени, ал АКШда тил үйрөнүп, президенттик шайлоонун өтүшүн байкап көрүптүр. БЭК кыймылына Болот мырзанын кошулбаганы кызык. Кээ бир гезиттерге берген маектеринде БЭКтин ичинде ага жакпаган саясатчылар бар экендигин кыйытыптыр.

Өмүрбек Абдрахманов
Бириккен Фронттун жана апрель митингдеринин активдүү катышуучуларынын бири, "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү, бизнесмен Өмүрбек Абдрахманов үйбүлөсү менен АКШнын Түндүк Каролинасында жашайт. Парламенттик шайлоодон кийин ал дагы саясаттан кеткендиги тууралуу маалымат жыйын өткөргөн эле. Анткени, салыктарды жашырган деп финансы полициясы анын жубайына кылмыш ишин козгоп койгон болчу. Айрым маалыматтарга караганда, Өмүрбек Абдрахманов Бишкектеги эмерек фабрикасын сатып, үй-жайын, эмерек дүкөндөрүн ижарага берип кеткен. Азыркы учурда ал АКШнын бизнес системасын казып, тил үйрөнүп аткан чагы.

Равшан Жээнбеков
"Ата Мекен" партиясынын дагы бир мүчөсү Равшан Жээнбеков Бостондогу техникалык университетти аяктап, үйбүлөсү менен Филадельфия штатында жашайт. Демократияны өнүктүрүү фондунда иштейт. Аны менен катар "Ата Мекен" партиясынын чет жактагы бюросун жетектейт. Атасы чыгарган "Ачык саясат" гезитинен сан сайын эле дубай саламын айттырып турат.

Урмат Барктабасов
Урмат Барктабасов акчасынын жардамы менен жарым жылга жетпеген кыска убакыттын ичинде "Мекеним Кыргызстан" партиясын түзүп, эл арасында "дүң" дей түшкөн. Президенттик шайлоого аттанам деп атканда казак атуулу экен деп, БШК каттабай койгон. Барктабасовду колдогон тарап митингге чогулуп, Акүйгө да кирип кеткенге үлгүргөн. Массалык тартипсиздикти уюштурду деп күнөөлөнгөн соң чет өлкөгө качып кеткен. Элге ири суммадагы тараткан кредиттерин кечип жибергени, албетте, аброюн арттырган.
Бирок, элдин уулу четте жашынып жүрбөй, элдин түйшүгүн кошо көтөрөөрүн Урмат мырза билсе керек.

Эдил Байсалов
СДПК мүчөсү Эдил Байсалов парламенттик шайлоо болордун алдында шайлоо бюллетендерин сүрөткө тартып алып, интернетке жарыялап жибергендиги үчүн күнөөлөнгөн. БШК ал бюллетендерди жараксыз деп таап, 2 млн. 717 бюллетень кагаздарын СДПКнын эсебеинен кайрадан даярдоо боюнча чечим чыгарган. Байсалов мырза аталган партиянын катарынан чыгарылган. Башпрокуратура "Мамлекетке ири суммадагы зыян келтирди" жана "КРнын БШК ишине тоскоол болду" деген эки статья менен кылмыш ишин козгогондон кийин, ал Кыргызстандан чыгып кеткен. Европанын бир катар өлкөлөрүнөн саясый башпаанек сурап, акыры Швециядан орун тапты көрүнөт. Азыркы учурда үйбүлөсү ошол жакта. Европалык окумуштуулар менен чогуу Кыргызстандын жаңы тарыхы жөнүндө жазып атканы тууралуу да билдирген эле.

Кубатбек Байболов
"Ак Шумкар" партиясынын лидерлеринин бири болуп жүргөн Кубатбек Байболов өткөн парламенттик шайлоодон кийин жубайы Нуржамал Байболова экөө "саясатан кеттик" деп жар салган бойдон көрүнбөй кеткен. Анткени, чынында эле бийлик аларга бизнеси жагынан кысым көрсөтүп аткан эле. Саясый принциптеринен байлыгын өйдө койгону ушудур, айтор, дымы чыкпай калган. Бирөө Америкадан саясый башпаанек сурап атат экен десе, бирөө Алма-Атада үйбүлөсү менен жашап, мемуарларын жазып атат дешет. Өткөндө оппозиция биригүү жөнүндөгү меморандумга кол коюу үчүн Коомдук парламент жыйынына чогулганда, "булуттан чыккан айга окшоп" келип кол коюп кетти эле. Анан эле кайра дагы жок болуп кетти. Оппозиция өткөргөн Курултайга да келген жок. Же бийлик бизнесин дагы бир жагынан кысып койдубу?




  Сейрек кадр

Каке менен Саке
Алдагы сүймөнчүк сүрөттө Качкын Булатов менен Сагынбек Момбеков. Бири айдоочу, бири ырчы. Экөө бириккенде саясатчы. Кыргыздын саясатчысы да кызык, күтүүсүз тараптан пайда болот. А күтүүсүз жаралган саясатчыдан саясат туулаары турган иш. Оригиналдуу ушул эки саясатчыбыздын чыныгы саясаттагы салмагы кандай? Экөөнүн элге, бийликке таасири канча? "Криминал коркутуптур", "Колун кайрып ийиптир", "комузун тартып алыптыр", "камап коюптур" өңдүү имиштер илээшип жүргөнү жүргөн. "Эр айдоочу" Качкын байкебиз саясатты руль тегереткендей тегеретет. Сагынбек акебиз саясатты ыр-күү менен түшүндүрөт. "Сат, сат, колтугуңдун жүнүн сат" деп ырдабатып элдин эсин оодарат. Бул экөөсүз митингдин кунары жок. Мобул ирмемде деле митинг жыттанып, катардагы кайсыл бир "кетсинизм" обону жаңырып...
Соткелеринин жаны тынбай, көлөмдүүсү сообщение жазып, комузчаны маяк тыңшап дегендей. Үлкөн оппозиционерлер менен атсалыша күүлөп, карапайым катмардан калкып чыгыштын өзү эрдиктей. Айдоочубу, ырчыбы, эмгегин эл үчүн эметип атышпайбы, маселе шондо. Арга жок. Акүй саясатынын алсыздыгын көрүп, муун-жүүн бошоп турганда Каке менен Сакенин саясатына каниет кыласың. Элитный саясатчылар "этек түрмөй" деңгээлинде эсептешип, уяттан кетип атышса, кантели анан... Балким, бу экөөнүн бири ажо, бири премьер болуп калса, өтө тез оңолот белек?..

Азамат КЫЯЗОВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan