Мырзалар айымдарга...
Мирбек ИМАНБЕКОВ:
"Аял - эң биринчиден эне"
- Мен айымдарды "тиги" же "бул" деп бөлүп карабайм. Аял деген - эң биринчиден эне. Азыркы жаш кыздарды деле келечектеги эне катары сыйлайм, баардыгына биртең карайм. Негизи аял затынын алдында биз дайыма баш ийишибиз керек го деп ойлойм. Эң негизгиси, алар баардык жагынан таза болсо деп тилейм.
- Аялзаты үчүн эмне эң баалуу белек боло алат?
- Албетте , өздөрү кан-жанынан жараткан наристелер. Муну менен алар өздөрүнө апа болуу бакытын тартуулайт. Ошого катар адам затынын да тукуму улантып жатпайбы.




Сапар СОПУБЕКОВ: "Жубайыма арнап ыр жазбайм"
- Жөнөкөй, түшүнүктүү айымдарды аябай баалайм. Жакшы аялзаты жолдошун ар тараптан колдоп туруш керек деп ойлойм. Өзгөчө жаңы иш баштоодо. Чыгармачылыкта болобу, үйбүлөгө байланышканбы, айтор, баардык жагынан. Ал кечиримдүү дагы болуш керек. Бирок, мен муну менен күйөөсүнүн "тетири иштеринин" баарына эле көз жумуп коюшу керек деп айткым келген жок. Анткен да туура эмес. Анан биз, эркектер "кечирет" деп жүрө берген болбойт. Аял деген асыл нерсе да.
- Сүйүктүүңүзгө арналган ыр саптарыңыз барбы?
- Жок. Ага арнап атайын ыр жазайын деген оюм дагы жок. Аялзатынын сулуулугун, улуулугун, акылын даңазалаган далай ырлар бизге чейин эле жазылган да. Аябай керек болсо ошолордун бирин алып эле "жаным, бул ыр сага арналат" деп аткарып берем.

Замир Мырза:
"Жагынам десе каалагандай кийинсин"
- Мага өзүнүн ордун билген кыздар жагат. Өзүнүн ордун дегеним, үйбүлөдө, ата-эненин астында, достордун арасында, иште, айтор, бардык жерде өзүн туура алып жүрүп, өз аброюна шек келтирбей тургандай аракеттенсе деп ойлойм. Мындай айымдарды баалайм, ошондой эле келечектеги жубайымда ушул сапаттардын болушун каалайм. Анан аялдын дагы бир куралы - анын акылы деп эсептейм. Бул сапат аялды сулуу да, ыймандуу да, жагымдуу да көрсөтөт.
- Келечектеги келинчегиңдин өтө эле денеге чапташкан кийимдерди күйүүсүнө макул болот белең?
- Аял кишинин кийимине өзгөчө көңүл бурбайм. Эгер ал мага жагынам десе каалагандай кийине берсин. Ал эми башка эркекке жагынуу үчүн кыска юбка же денесинин ар бир мүчөсүн белгилеп көрсөтүп турган көйнөк кийе турган болсо... Андай жашоо болбойт. Аял деген таза болуш керек. Баардык жагынан.




Айымдар мырзаларга...
Роза ШАКИРОВА:
"Ушак айткан эркектерди жаман көрөм"
- Кыргызымдын баардык жигиттери аман болсун. Биздин жигиттерде не бир сонун сапаттар бар да. Бир эле жаман жери, айрым эркектер ушак сүйлөп коюшат. Мага анысы жакпайт. Ушак деген аялдын оозундагы нерсе да. Ал эми жолдошумдун көп сүйлөбөгөндүгүн, оор басырыктуулугун баалайм. Анысынан жазганып мен да көп сүйлөбөйм.
- "Эркек жок дегенде бир жолу жубайынын көзүнө чөп салат" дегенге оюңуз кандай?
- Булар бир эле эмес, көп эле жолу тетири ишке барышат. Дайыма эле чөп салып жүрүшөт. Бирок жакшы эркектер мунусун билдиришпейт. Эркектер күндө түрлүү тамак жегенге көнүп алышкан да. Анан ал жагынан да түрлөнткөндү жакшы көрүшөт. Бирок, "ат айланып казыгын табат" деген кеп бар. Айрымдары айланып-айланып жүрүп кайра келишет. Башы жоктор ошол бойдон жоголуп кетип, кийин арман кылышат. А өзүмдү ала турган болсом, мага баары бир. Жолдошум каалагандай жүрө берсин. Бирок мага билгизбей. Өз көзүм менен көрүп калчу болсом, экөөнү тең өлтүрүп салам. Ага да жок, мага да жок болот.

Назира ЖЕГИГЕНОВА,
"Көз айнек тагынгандар жакпайт"
- Мага бою узун, денеси чыйрак, тагыраак айтканда, спорт менен машыккан жигиттер жагат. Анан аялдардай болуп назик, мүнөзү жумшак, таарынчаак эркектерге жиним келет. Көз айнек тагынган, кечке эле китеп окуп, бир илимдин аркасынан түшүп алган эркектерди дагы жактыра бербейм. Эркектин кара күчү толуп турганы жакшы.
- Мырзалардын негизги милдети эмнеде?
- Мырза болуп жаралгандан кийин ал Мекенин, үйбүлөсүн, сүйгөн жарын коргошу керек. Турмушта аял кишинин майда-чүйдө иштерине аралашпай, олуттуу, тагдыр чече турган маселелер менен баш оорутушу зарыл.




  Мен сулуу

Жаным Айзат
Балалык сүйүүлөр
1-класста окуп жүргөндө Рома деген орус баланы жакшы көрүп калгам. Экөөбүз кошуна болчубуз. Сабакка күндө чогуу барып-келээр элек. Жолдон мага дайыма сагыз сатып берчү. Мен өзүмчө эле бактылуу. Биринчи классты аяктаганда Рома ата-энеси менен Германияга көчүп кеткен. Көпкө чейин көңүлүм чөгүп жүрдү. Ал эми 3-класс болгондо, кадимки эле "ВSВ" группасынын Ник деген солистин катуу сүйгөм (күлүп).
"Таттуу дегенде жанымды берем"
Мен эле эмес, үйдөгүлөрдүн баары таттууну жакшы көрүшөт. Мындан бир аз мурда эле, мектепте окуп жүргөндө, апам менен атам бир жакка кетип атып "Айзат, балдарга тамак жасап бер, бул акчага муну ал" деп акча таштап кетсе, мен дүкөнгө барып, толтура шоколад сатып келип койчумун. Эки иним менен чогуу далай тамак жебей, жалаң татуулар менен күн өткөрдүк го.
Эс алуу
Шоу чөйрөсүнө аралашкандан бери бош убактым деле жок болуп калды. Бош боло калганда эле курбуларым менен чогулуп, "Фараон" клубуна барабыз. Өзүм бийлегенди жакшы көрөм. Ырдаганда деле ырчылар жүрөгүндөгү нерсени сыртка чыгарышат деп коюшат го. Ошол сыяктуу бий дагы адамдын ички сезимин сүрөттөйт деп ойлойм. Ошондуктан, бийге өтө чоң маани берем. Бий жашоомдогу чоң ролдордун бирин ойнойт десем да болот.
Келечекте
Мени үйбүлөмдө "эркек киши кожоюн, анын сөзү дайыма чечүүчү болуш керек" деген сөздөр менен тарбиялашкан. Ошондуктан, мен келечектеги жолдошум биздин үйбүлөдө дайыма башкы ролдо болот деп ойлойм. Мен эч качан андан биринчи турбайм, өз алдымча чечим кабыл албайм. Бирок, муну менен аял киши эч ким эмес дегенден алысмын. Албетте, аялзатынын акылы, мээрими менен үйбүлөдө өз орду бар. Анүстүнө жубайын сыйлаган, акылдуу мырзалар эч качан келинчегинин кеңешин кулак сыртынан кетирбейт деп ойлойм.
"Атым жардам бербейт"
Айрымдар суроо берип калышат: "Ырчысың го, сабагыңдан пайдасы тиеби (?)" деп. Жок. Билимди өз күчүм менен алгым келет. Анүстүнө кесибим немис тили менен байланышкан. А тилди үйрөнүш керек да. Ырдап, бийлей берсең, тил мээңе өзү эле кире бермек беле. Албетте мугалимдер кээде "ырдап бербейсиңби" деп тамашалап калышат. Бирок, "ал үчүн баа коюп берем" дегенин уга элекмин. Өзүм да ага каршымын.
Сулуулук
Ар бир айым өзүн сулуумун деп эсептеши керек. Анткени ар биринин өзүнчө кайталангыс келбети, мүнөзү, кылык-жоругу болот да. Орустар муну "изюминка" деп коюшат го. Мен да өзүмдү сулуулардын катарына кошом. Мындай ою менен ар бир айым өзүн татыктуу алып жүрө алат деп ойлойм.

Бетти даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan