архив • редакция 


  Еврей саясат

М.Иманалиевдин канча жүзү бар?
Кызмат дегенде кол куушуруп, кечээги сөзүн, ой-туюмун унуткан адамдарга айла жок экен. Ушундай адамдардын бири - Муратбек Иманалиев. Кечээ эле президент Курманбек Бакиевди поктоп, сын сыйыртмагын ыргытып жүргөнүн кайда жашырабыз?
Эми кеңешчи болгондо кубулуп, апакай таризде көрүнгүсү келгенин кара. Кезинде М.Иманалиев Россия державасын Борбор Азия өлкөлөрүнө жамандаганга аракет кылып, далалаттанып жүрчү. Ал эми К.Бакиев Россия менен тыгыз ынтымакта мамиле күткүсү келгенин билебиз. Бул жагынан президент менен кеңешчисинин позициялары карама-каршы чыгары ажеп эмес. Эгер Мукебиз кубулуп кетпесе...
Айтмакчы, М.Иманалиев ТИМди жетектеп турганда, Үзөңгү-Куушту Кытайга, Талас карьерин Казакстанга ыйгарганга салымы чоң экени, жерди берүү боюнча документтерге кол койгону ММКларда жазылып келген. Ошого катар А.Акаев бийлиги тушунда Каркыраны казактарга өткөрүү документтерине да аралашып, бу ишке тиешеси болгонун айтып жүрүшөт. А жаманаттысы башка адамдарга калды...
Натыйжада дал ушундай адамдын жүзү кандай штрихте тартыларын элестетип көрүңүзчү. Кантип кеңешчилик вазийпасын аткарат? Дипломат кеңешчиде интеллектуалдык көрөңгө, моралдык сапат деген болуш керек да. Ал эми М.Иманалиев кылгылыкты кылып коюп, билмексен маанайда жүргөнү кызык. Мындай адам президентке таза дилден кеңеш берип, жакшылык жаратары да арсар...
Асланбек САРТБАЕВ




  Осуяттан

Адилеттүүлүк эң жогорку орунда
КР президенти К.Бакиевге,
КР Башкы прокурору
Э.Сатыбалдиевге

Кайрылуу
Урматтуу өлкө башчысы, урматтуу башкы прокурор!
Сиздерге кайрылуубуздун себеби мындай, "Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери А.Жекшенкуловдун, "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевдин жана башка оппозиция өкүлдөрүнүн үстүнөн жакында кылмыш иштери козголуп, мунун айланасында ММКларда бир топ ызы-чуу болуп жаткандыгы бизди да бир топ тынчсыздандырууда.
Негизи Ислам дининде Аллах Тааланын айткандары боюнча, жана Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салламдын осуяттарында: адилеттүүлүк эң жогорку орундарга коюлат. Аллах Таала жана анын Пайгамбары баардык мусулмандардын алардын адилеттүүлүгүнүн сакталуусун талап кылган.
Алла Таала ыйык Куранда: "Адамдардын ортосунда адилеттүүлүк менен өкүм кыл, каалоо кумарын ээрчибе, антпесе ал сени Аллахтын жолунан адаштырып коет" (Сод сүрөөсү, 26-аят). "Адилеттүү болууңарда көңүлүңөрдү ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар, же баш тартсаңар анда Аллах силердин эмне кылганыңардан толук кабардар" (Ниса сүрөөсү, 135-аят) деп айткан.
Алланын элчиси Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис салам адамдарга: "Кең пейилдүү, айкөл болуңуздар, мына ошондо адамдар да силерге ошондой мамиледе болушат" деген.
Урматтуу Курманбек Салиевич!
А.Жекшенкуловго, Ө.Текебаевге жана башка оппозиция лидерлерине кылмыш ишинин козголгонуна байланыштуу айтаарыбыз: коомубузда адилеттүүлүктүн орун алуусуна, жогоруда аталган иштин адилеттүү чечилүүсүнө көмөк көргөзүүңүздү жана адамдын жөн жеринен запкы чегүүсүн, адилетсиз жагдайлардын келип чыгуусуна жол бербөөңүздөрдү сунуш кылабыз.
Кыргызстан жана Орто Азия мусулмандар конгрессинин жамааты














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan