Саясат KG
l СДПК эрдиги
Т.Кулмурзаев кол куушурбайт
Учурда СДПКчы Тургунбек Кулмурзаев финполицияга сурак берип аткан кези. Анын губернатор кезиндеги иштери казылып, илинчээк табабыз деген аракеттер күчөптүр эй! Бирок Тургунбек мырза кол куушурчудай эмес. Ошого катар СДПК фракциясынан ЖК депутаты Иса Өмүркуловго да финполиция тарабынан кылмыш иши даярдалганы, аны да эзүүгө камданып атышканы маалым болду. Иса мырзаны темир жолго байланыштырып, чалып чыгуу аракеттери оңунан чыгары белгисиз. Себеби, И.Өмүркулов кайсы жерде иштесе да, таза иштегенин кабарлаган жайы бар... Мындай куугунтуктоолорго СДПК лидери Алмаз Атамбаевдин ачууланып атканы белгилүү болду. Эгер партиялаштарына кысым токтобосо, Алмаз мырза радикалдуу саясый кадамдарга барышы мүмкүн. Атаңгөрү, араң турган эл көтөрүлүп кетпегей эле...

l 25 мүнөт...
Ө.Текебаев жөнүндө эротикалык тасма тартылдыбы?
"Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаевге ыплас каралоо күч алганына коомчулук кыжырланууда. Буга дейре эротикалык мүнөздөгү укмуштуу фотолорду жарыялашкан. Эми тынчыйбы десек, Өмүкеге чаптаган ошондой эле маанидеги эротикалык порно-тасма даярдалганы, ал 25 мүнөткө созулары боюнча каңкуулашууда. Кызыгын кара, видеофильмдин бет ачарында белгисиз каарман айым Ө.Текебаевдин сексуалдык жагынан мүнөздөмө берет имиш. Кайда баратабыз?

l Сайрамайдан
Дүжүрлөр дүрбүсү дейби...
Акүйдөн кандай саясый реакция болсо эле, Токтогул Какчекеев менен Марс Сариев өңдүү политологдор кыйкырып чыгышчу болду. "Ой, укмуш, гениалдуу жүрүштөр, бийликке жаштар келгени акылмандык саясат" маанисинде сайрашып. Мындай кыйкырык мүнөздөгү адамдарды Акаев доорунда "дүжүрлөр" деп аташчу. Эми бу бийликтин дүрбү салган дүжүрлөрү Т.Какчекеев менен М.Сариев болобу?

l Талапкер
талаасынанТ.Акматов ээрге минеби?
Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкуловдун ээрден шыпырылышы туурасында кеп бар. Анын ордуна экс-салыкчы Т.Акматовдун кандидатурасы каралып аткан сыягында. Баса, Т.Акматовду өткөндө оппозиция короосунда жүрөт деген сөз тарап, бирок аны өзү кайра четке какты. Ушак маанисинде.

l Эки анжы ой
"Солкулдап ыйлап баратам, соолуган Жантай чал менен"
1-вице-премьерликке Ө.Бабановдун барышы күтүүсүз болду. Саясатка тыкыр иликтөө жүргүзгөн адамдар анын мындай жүрүшүн калпыстык катары баалашууда. Баары бир анын Акүйдөн эч кандай натыйжалуу маселе чече албасына көзү жеткендер да бар. Башкасын айтпаган күндө да, СДПК саясый кеңешинин мүчөлөрү Ө.Бабановдун мындай чечимине нааразы болушканын жашырышпады. Ал уялганынан аргасыз партияга арыз жазып, катардан чыгып да калды. Эки анжы ойдогу Өмүрбек мырза 1-вице-премьерликке кайгырып баргандай. "Солкулдап ыйлап баратам, соолуган Жантай чал менен..." арманда кетти Ө.Бабанов дегендей пикир айтышууда. Кызык, аны кызматка коркутуп-үркүтүү менен алпарыштыбы?

l Тымызын айбат
МЧС кылтакка илинеби?
Медет Садыркулов кызматтан кеткенден кийин айрым оппозиция өкүлдөрүнө жолугушуп, сырдашуу маанайында пикир алмашканы маалым. Ал бүгүнкү бийликке ичтен нааразы болуп, таарынганы күчөп баратыптыр. Азырынча Медеке Акүйгө ачык айбатын көрсөтө элек. Көрсөтсө оңбой калары да белгилүү. Себеби, анын А.Акаев доорунда жасаган кылмыш иши жабылган эмес. Бийлик билермандары да жөн жатчубу, М.Садыркуловдун тымызы-ын ар кандай жүрүштөрүн иликтеп, атургай ага кылмыш козгоо аракеттерин көрүшү мүмкүн экен. Азырынча Медет Чокановичке кылмыш иши козголо элек, бирок...

l Убакыт
Ош мэрине күбүр-шыбыр
Ош мэрлигине жаңы эле көчүк баскан Мелис Мырзакматовго жаңы коллектив тымызын нааразы болуп атыптыр. "Бул орунга кайдан келди, татыксыз да" дегендей күбүр-шыбыр болушуп. Ал эми М.Мырзакматов кандай шартта барганын, эмне ишти бүтүрөрүн аңдап көрмөкчүбүз. Али убакыт бар.

l Жөөлөшмөй
Эрөөлгө от тамызгы...
Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Б.Иманалиев менен экс-губернатор Ш.Медетбеков жең ичинен тирешүүгө өткөнүнөн кабар алдык. Экөөнүн бөлүшө албаганы не деп, биз мында кызыгып турубуз. Же эки үлкөндүн ачык эрөөлүнө от тамызгы жетишпей атабы? Байкап көрөлүчү.

"Учур" - пресс












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan