Башкы ролдо

Көз көрбөгөндү жүрөк көрөт
Медициналык акамедиянын жатаканасында жубайлар Таштанбек менен Индира өткөн жылдан бери жашап атышат. Экөөнүн тең көзү тубаса начар көрөт. Индира көзүнө бир нече жолу операция жасаткан. Эч кандай натыйжа болгон эмес. Дарыгерлер ага эч жардам бере албастыгын да айтышкан.
А Таштандыкы мурда бир аз көрчү, жыл өткөн сайын таптакыр начарлап кеткен.
Тагдырдын мындай тамашасын көтөрүп жүргөн бул жубайлар кадимки дени-карды соо үй-бүлөдөй эле бактылуу. Атургай, алардын үйүнө баргандан кеткенге чейин күлкүгө канып отурдук. Таштанбек өтө тамашакөй адам экен.

Таштанбек Ысык-Ата районунун Нооруз айылында төрөлгөн. Россиядан музыкалык билим алып келгенден кийин, ошол убактагы Фрунзе шаарындагы УППнын (ал жакта көзү начар көргөндөр бөтөлкөнүн капкагы, торттордун коробкасы ж.б. нерселерди даярдашат, ар түрдүү ийримдер да бар) маданий клубунда көркөм жетекчи болуп эмгектенген. Ал эми Индира Улуттук университетте окуп жүрүп, дал ошол Таштанбек жетектеген клубдун эстрадалык ырлар ийримине жазылып алат. Көп өтпөй Индира ал клубдун жетекчиси болуп калат. Ошол эле учурда Таштанбек клубдун эстрадалык тобунда бас-гитарада ойночу. Жолдошунун айтымында, Индира аны биринчи жактырып, бирок бир нече жыл бою сүйүүсүн ичине катып жүргөн. "Мен бас-гитараны "сыздатып" атканда, Индира өзү биринчи сүйүп калыптыр. Башкалар репитициядан качса, бул бүгүн репитиция болбойт" - деген күндөрү деле келип алчу. Мага сонун мамиле кылат десең. Анан жөн адам ошентмек беле (?)" деп келинчегин бир уялтып алды. Анысы да жөн калбай "сен жалгыз белең, сага чейин деле мага жаккан башка жигиттер бар болчу" деп жооп кайтарды.
Учурда экөө Медициналык академиянын алдындагы училищанын укалоо боюнча эки жылдык курсунда окуп жатышат. Буга чейин эч кимге массаж кылып көрө элек. "Укалоо оңой иш эмес. Ал үчүн адамдын анотомиясын толугу менен билип, кайсы жерде кайсы тамыр, кайсы нерв бар экенин толугу менен үйрөнүшүбүз керек. Антпесе дарылануучуга да, бизге да чоң зыян" деген сөзүнөн эле Таштанбектин жоопкерчиликтүү экени байкалып турат. Жубайы экөө "ушул окууну бүтүп, жумуш таап алсак" деген тилек менен жашап атышат. А учурда Индира мурдагы иштеген жеринин имаратын жууп күнүмдүк турмушка тыйын-тыпыр таап алат.
Келинчегинин "талуу" жерлерин чукуп отуруп, кыз-жигит кездеги биринчи белегин эстей калды. "Мен буга эң биринчи жолу атыр белек кылсам, сүйүнүп алган" - дейт Таштанбек. Көрсө, ал Индиранын курбуларынан ага эмне керек болуп аткандыгын сурап билип алыптыр.
Эки жаштын сүйүүсүнүн жанданышына репитициядан кийинки сейилдөөлөр да чоң таасир эткен. "Биринчи мен Индираны үйүнө жеткирип, анан ал мени кайра узатып келет, анан кайра мен... ошентип атып түн кирип кетчү" - деп күлдү Таштанбек. Экөө бири-бирин сынап 4-5 жыл сүйлөшүп жүрүшкөн. Индира окуусун аяктагандан кийин гана кечке эле узатыша бербей, бир жерде бололучу деп баш кошушкан. Андан бери үч жылдын жүзү болуптур. Жашоо шартына байланыштуу балалуу болуша элек. Бирок басып-туруп эле келечектеги балдары жөнүндө кыялданып коюшат. "Баласыз жашоо болбойт да, буюрса, окуубузду аяктап алып, балалуу болсок деп тилек кылып атабыз. Кеч көргөн бала өтө таттуу болот дешет го (Таштанбек 41, Индира 29 жашта). Балалуу болгондо биз аны эле айланчыктап калат ойшойбуз" - дейт Индира. Болочоктогу наристелеринин көзү көрүүсүн Кудайдан тилейт.
Индирадан жолдошунун кайсы сапаттарын баалаарын сураганыбызда "боорукерлигин, адамгерчиликтүүлүгүн, музыканы терең түшүнө билгендигин" сыйлайм деп жооп берип атса, Таштанбек: "анан бир жерге коюп койсом, эч жакка кетип калбай тура берет дебейсиңби" деп, тамашалап калды. Ал эми Таштанбек анын жөнөкөйлүгүн, назиктигин жана мындан бир нече жыл мурда, көзү жакшыраак көрүп турган мезгилде көргөн ажарлуу жылмаюусун жакшы көрөт экен. Бул үй-бүлөнүн дагы бир жакшы салты - уруш-талаш болуп кетсе, эч качан көпкө таарынышпайт. Баса, Таштанбек келинчегинин активдүүлүгүн да баалайт. Мисалы "мени быйыл жашартайын деп, студент да кылып салды" дейт күлүп.
Сабактагы лекцияларын жубайлар диктофонго жаздырып келишет. Индира кадимки дептерге калем менен жазып алат, ал эми Таштанбек атайын көрүүсү начар адамдар колдоно турган дептерге көчүрөт. Кээде экөөнүн колу бош болуп калса, Индиранын курбусу кичинекей кызын карап турууга таштап кетмейи бар. Биз барганда да ошол наристе бар экен. "Бул өз ата-энесине караганда бизди жакшы көрөт. Азырынча баарыбыздын "общий" балабыз ушул" - дейт Индира.
Бүгүнкү абалына жубайлар тагдырга деле таарынбайт. Бул тирүүлүктө күн кечирип атканына бактылуу. "Эки буту мунжу болуп, ордунан жыла албагандар деле бар да. Ага караганда биздин жашоо кудайга шүгүр. Каалаган жагыңа баса бересиң. Кээде эле жолдогу ачылып калган люктарга түшүп кетип, же бак сүзүп алганыбыз болбосо (күлүп). Көз көрүүбүз эле начар болбосо калган дене мүчөлөрүбүз кадимки эле адамдардыкындай да. Албетте, көздүн көрбөгөнү өтө начар, кээде айрымдар сени түшүнбөй, сен аны түшүнбөй калган учурлар болот. Бирок жашоо деген жакшы нерсе тура. Бизден корпой эле койгула, биз деле кадимки эле адамбыз да" деп Таштанбек сөзүн аяктады.
Бегимай БАКАШЕВА,
Дилбар АЛИМОВА




  Кримстан

Ата-энесин бычактаган канкор кыз
Заманаң аңга кулап баратабы, эй?!. Улууга урматты кой, атасына баласы каршыккан күн туулду го... Каңырык түтөткөн капсалаңдуу окуя Ош жергесинде болуп өттү. Алимжан менен Таңсыгай беш кыздуу болушкан. "Тагдыр белеги, эркек уулум болбосо да беш кызым, беш тирегим" деген Алимжан өзгөчө үчүнчү кызы Захиданы эркек мүнөз, эрке талтаң кылып өстүрөт. Захида да жалаң эркектерге аралаша чаң салып ойноп, эркекче кийинип, жүрүм-туруму да эркекче калыптанат. Шоруң арылбаган Алимжан бөтөнчө жакшы көргөн кызынан кордук көрүп, ажал менен арбашарын кайдан билди десең. Кызын бой тартса деле тээ наристе кезиндей эркелете, каалаганын аткарып, ээн-эркин койчу. Буга каныккан Захида, эркек достору атагандай Захид, мектеп курагында эле айыл балдары менен алагүү боло жинди суу согуп калчу тура. Аны көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксам болгон ата-эне катуу жаңылышкан. Балким, ошол кезде эле "кой кызым" деп тыйып коюшса, Захида турмуштан ордун табат беле.
Мектепти аяктаган Захида Оштун жогорку окуу жайларынын бирине кирет. Эки жылча кадыресе эле окуган Захида, үчүнчү курсан таптакыр өзгөрөт. Ай-күн дебей ата-энесинен акча суратып, улам бир "подружкасын" жиберет да, өзү негедир барбайт. Барса да бир жылда бир барып, анда да жөн кетпей ата-энесин убайга сала, айыл кыдыра эркек достору менен майрамдап кетет. Түштүк жергесине өзгөчө кыздардын мындай кылыгы өтө өөн учурап, осолдук катары бааланат эмеспи. Айылдагы күбүң-шыбың күчөй берип, акыры Алимжан менен Таңсыгайга ачык айтылып "кызыңды тый" деген зекүүгө жетет. Ата-эне не кылсын, аракка берилип, ар ким менен түнөп кетме кызын ооздуктамак үчүн Захиданы Ошко барып айылга алып кетишет. Окуудан келген кызына аш басып коюшуп, кеп-кеңешип айта баштаган ата-энесин жактырбаган Захида көнгөн адатына сала басып кетмекчи болот. Бирок, кеч болуп калган. Айылдын айың кебине ууккан Алимжан бир кездеги сүймөнчүк кызын тарбиялап коймокко үки-үч чаап жиберет. Өмүрү мындайга көнбөгөн кызы атасынын мунусуна катуу ызаланат. Кеп сөз токтоп, аш желинип, жат-жатка келишет. Жатаар алды да ата-эне кызына кеп-кеңеш айтып, оңолуусун суранышат. Ичинде кеги кайнап турган кызын алар кайдан билсин. Кадыресе күнтурмуш агымында төшөк салынып, түндүн оор уйкусуна кетишет. Алимжандын кичүү кыздарынын айтуусу боюнча түнкү саат бирлерге чамалап калган кезде Захида ашканадан бычак көтөрүп барып, уктап жаткан атасын төрт жолу, апасын эки жолу сайган да, түн катып качып жоголот. Алимжан менен Таңсыгайдын ичээр-суу, көрөөр-күндөрү али алдыда экен. Жууркандын үстүнөн урулган эки сокку Алимжанга анча зыян келтирбегени менен оң ийинге анан бөйрөк тушка урулган бычактан ары барып бери келсе, Таңсыгайга эки сокку тең 3,5 сантиметрдей эле кирген. Бири далыга, экинчиси сол колдун булчуңуна тийген. Капилет чыккан ызы-чуудан чочуп ойгонгон кичүү кыздары ата-энесин көргөн соң, кошуналарга чуркап, алар ооруканага жеткизбегенде Алимжан балким тирүү калбайт беле. Канчалык канкор болсо да өз кызы да. Захиданын бул кылыгын тиешелүү органдарга билдирбей эле коелу деген ата-энеге коңшу-колоң, туугандар каршы чыгышат. Ата-энесин бирдей жайламакчы болгон кыз темир тор артында. Али ишке чекит коюла элек.
Акат Аскаев
P.S. Белгилүү себептерден улам каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү.




  Жанирмем

Туман
Эмеле ачык абаны жиреп келаткам. Капилет оор туманга кирип кеттим. Темир тулпардын тумшугу араң көрүнөт. Рулга каруум карыша кыбырап калдым. Жамаачы баскан Горький көчөсү улам бир чуңкурун дөңгөлөккө тосо калып... Тумчуктуруп, басып өлтүрчүдөй болгон түнкү тумандын сүрү биртең, радиодон шаңшыган Гүлнур айымдын үнү биртең: "Кадырлашып ка-алалык, бүгүн конок, эртең жомокпуз..." Кайран Кыялбек деп коем. Кыякемдин шыкаалай бильярд атканын, шыпшына тост айтканын элестеттим. Ага улай, берки эки кыраанымды эстедим. Жокем менен Төкөмдү көрбөгөнүмө жыл айланып кетиптир эй. "Жакын жүргөн менен алыспыз" деп бирөө сыздагандай, кичинекей борбордо, кичинекей көчөлөрдө, кичинекей кызматчаларда жүрүп эле жолугушпайбыз десең. Ушул экөөнү таап алып "арпага" өлө тойгузбасам деп коем. Кадырлашып дегеним...
Жанирмем ай! Буулуккан ойлор бууланышып, сууланышып өзүнчө бурганак. көз байлаган өлүү туманга караганда, сезим удургуткан тирүү бурганак миң эсе өйдө. Далил керекпи? Анда, мисалга бечара саясатты образдуу карап көр. Мобу сасык туман кадимки кыргыз бийлигиндей, баса калат... кайра бат эле тарап кетет... "Бүгүн конок, эртең жомок" экенин акыры, ажоң менен кожоң түшүнсө кана? Менин жармач акылым, жамаачы жолдо Гүлнур айымдын ырына саясат сүйкөп, туманды сөгүлтө сүрөп баратканын карачы, таңгөрү...
Азамат КЫЯЗОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan