Эрендерде эмне кеп?

Шамшыбек Медетбеков, экс-губернатор
Финансы кризиси... Кенебес өкмөт... Жоголгон 1 млрд. доллар...
"Элге сөзүн айтпаса, эрендерден не пайда?" - дейт кыргыз эли. Кезинде жансакчы, премьер-министрдин жардамчысы, айтылуу КГБнын полковниги болгон, экс-банкир, экс-депутат, экс-губернатор, кыскасы бардык тармакты аркалап, бизнестин битин сыгып, экономиканын эсебин чагып, эл башкаруунун элегинен өтүп, көзү каныккан, көкүрөгү ачылган, оозунда кеби, кебинде деми бар Шамшыбек мырзаны кеп кезине тарттык. Сапармаегибизге ортоктош бол, окурман...

- Шамшыбек Осмонкулович, финансы кризиси дүйнөнү курутуп туру. Бизде ага карата чара көрүү, же даярдык дегендер эч байкалбайт. Айтсаңыз, бизде финансылык кризис курчуп баратабы? Кайсы өңүттө, кандай түстө башталды?
- Албетте финансылык кризис ачыктан-ачык байкала баштады. Биринчи, анын негизги түсү миграция жаатыбыздан байкалууда. Болжол менен 1 миллиондон ашык атуулдарыбыз чет өлкөдө иштеп, бул жактагы эне-ата, үйбүлөлөрүнө жардам көрсөтүүдө. Өкмөт расмий айтып жүрчү: "эмгек мигранттарыбыздан 1 миллиарддан ашык доллар өлкөгө келип түшөт" деп. Мен дайыма айтып жүрөм, мигранттар кыргыз мамлекети үчүн №1 инвесторлор. Биз аларга шарт түзүп беришибиз керек эле. Ошолордун социалдык-укуктук жагынан коргоосун, жумуш менен камсыз болуусун бөлөк мамлекеттер менен келишим түрүндө түзүп, аларды колдошубуз керек эле. Бирок, тилекке каршы, биздин мамлекет аны жасаган жок. Учурда финансы кризиси дүйнөлүк чоң-чоң мамлекеттерге таасирин тийгизип атат. Башканы коюп Россияны эле алып айтсак. Мен жакында ал жакка барып, мигранттар менен да жолуктум. Тыңыраактары ал жактын атуулдуктарын алышыптыр. Бирок, калган көпчүлүгү бүгүнкү күндө кыскаруунун алдында турат. Орусия жетекчилери ачык эле "биринчи кезекте өз атуулдарыбызды жумуш менен камсыз кылуубуз керек" деп айтышууда. Көпчүлүк саясатчылары "Кыргызстандан, Тажикстандан келген мигранттар өз жерине кетиши керек" дешүүдө. Ошондон улам айрым жерлерде 10 000деген жумушчу орундар кыскарууда. Биздин мигранттар жумушсуз калышууда. Ушундай эле көрүнүш Казакстандын курулуш тармагында жүргөн биздин жердештерде да болууда. Эгерде биздин мигранттардын 50%ы эле кыскарса, өкмөт оозун толтуруп айтып жаткан 1 млрд. доллардын жарымы кыскарат. Бул бизге өтө чоң акча. Ал эми кыскартылган биздин атуулдардын бул жактагы үйбүлөсүн ким багат? Алар бул жакка келсе эмне иш кылышат? Муну мамлекет ойлонуп да койгон жок. Кризистин алгачкы да, оор да түсү ушунда.
- Бул сырттан тийген сокку экен. Ал эми ички экономикабызда, болоор-болбос өлүмтүк өндүрүш өңдүүлөрүбүздөчү?
- Экономиканын реалдуу сектору - бул өндүрүш. Кичиби, чоң өндүрүшпү бюджет ошондон сформулировать этилиш керек. А биздин бюджет импорттун (чет жактан сатып алуу), анын салыгын төлөөнүн негизине байланышкан бюджет. Биз негизги импортту так ошол кризистин тебелендисине тушугуп жаткан Европа, Россия анан Кытайдан алабыз. Ал жак кризиске кабылып аткан соң, бизге келип жаткан импортко сөзсүз таасирин тийгизет. Же кыскарышы, же баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Бир мисал айтайын. Нефтинин баасы дүйнөлүк рынокто үч эседен да төмөн түштү. Бизде болсо күйүүчү майлардын баасы ашып кетсе 15 - 20%га түштү. Башка өзгөрүү жок.
- Эмне үчүн мындай болууда?
- Бизде монополияга каршы мамлекеттик орган бар да. Нефтинин баасы дүйнө рыногунда түшүп жаткан соң, мамлекет, тиешелүү органдар регулировка жасаш керек эле да. Өзгөчө дизелдик майдын баасы бензиндин баасына караганда арзан болуш керек эле. Анткени, ал экинчи сорттогу май. Бизде, тескерисинче, элиталык бензиндердин баасынан жогору болуп жатат. Мунун таасири бүгүнкү күндө унга да, сүткө да, этке да жана башка азык- түлүктөргө тиет. Себеби, ошол дизель менен дыйкандар жер айдайт, чөп чаптырат ж.б. Кымбат май колдонуп аткан соң, продукция да өзүн актоо үчүн кымбатташы керек. Ошондуктан агрардык секторго да оңбогондой оор таасири болот.
- Мамлекет, тиешелүү органдар не себептен көзөмөлдөп, жөнгө салбай атат?
- Бизде монополист "Газпром Нефть" деген россиялык компания бар. Биздин өлкөнү 60% күйүүчү май менен ошол жак тейлейт. Атайын монополияга каршы мыйзамдар болот. Аны биздеги антимонополдук агенттик карап, көзөмөлдөш керек. Дүйнөдө баа үч эсеге дейре түшүп жаткан соң, бизде жок дегенде 2 эсеге түшүшү керек эле. Бул жерде күнөө өкмөттүн иштебегендигинде эле. Алардын көзөмөл кылбаганынан улам баалар түшпөй жатат. Бизде деңиз жолу жок, темир жол дээрлик жок. Андыктан, кыбыр эткендин баары бензин, дизтоплива менен жүргүзүлөт. Эгер көзөмөлдөнбөсө бизге оор эле болуп калат. Муну иштеп чыгуу татаал деле механизм эмес.
- Бөтөнчө, биз өңдүү майда, анан да коррупцияга чырмалган өлкө жетекчилеринде "алчусун алып, көрбөдүм, билбедим" стереотиби бар эмеспи. Балким биздин өкмөттүн да монополисттер менен "жең ичиндеги сүйлөшүүлөрүнүн" кесепети болуудадыр?
- Мен андай деп айта албайм. Бирок, көзөмөл алардын, өкмөттүн түздөн-түз милдети. Буудайдын да баасы түштү. Бирок, нандын баасы дале баягы. Биз баарын эле "рынок экономикасы" деп коюп, тизгинди бош тартып, "ким кааласа, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө иле берсе болот" деш туура эмес да. Рынок же пландуу экономика болобу мамлекет элдин турмушун жеңилдетүү үчүн баардык тармактарга кийлигишкенге мыйзамдуу укугу бар.
- Жакында жаңы "Салык кодекси" ишке кирди. Биздин ишкерлерге ошонун канчалык пайдасы тийүүдө? Дегеле, эмне артыкчылыгы, эмне кемчилиги бар экен?
- Ал кодексте "НДС", дагы башка майда-чүйдөнү кыскарткан экен. Бирок, ошол кыскартылган салыктардын ордун толтуруу үчүн патентти абдан көтөрүп коюшту. Бизде чоң өндүрүш жок. Кичи ишканалар иштеп атат. Ошолорго патенттик системаны киргизип койду. Бизде кийим тигүүчүлүк абдан өнүгүп, чет жакка экспортко чыгып атты эле. Азыркы күндө ал да кыскарууда. Майда ишканаларыбызга шарт түзүп берүүнүн ордуна каалаган убакта светти өчүрүп атышып, аларды да талкалап алуудабыз. Азыр ал кичи ишканалар менен иш алпаруу ишкерлер үчүн эч пайдасы жок. Тескерисинче, оор болуп калды. Ал эми патент боюнча дагы бир мисал-факт айтайын. Кадимки укалоо (массаж) кылган бир столго мурун айына 500 сом төлөнчү болсо, азыр 5000 сом кылып койду. Азыр бильярд оюну абдан өнүгүп, 2012-жылкы Олимпиадалык оюндарына киргизебиз деген сунуштар болуп жатат. Бизден дүйнө чемпиондору чыгып атат. Мурда 1 бильярд стол үчүн салык төлөм 2,5 миң сом болсо, азыр 10 000 сом кылып койду. "Биз көмүскө коррупцияны жоебуз. Тазалыкка, актыкка өтөбүз" дедик эле. Мындай көрүнүштөн кийин каяктагы таза, ачыктык болмок эле. Анткени, 500 сом төлөгөндөр 5000 сом төлөй албайт да. Же жабылат, же көмүскөлүк күч алат. А жашаш үчүн иштеш керек, жабылбаш керек да. Демек көмүскө жол тандалат. Коррупция ашынат.
- Демек, жаңы Салык кодексинин пайдасынан зыяны көбүрөөк деңизчи?
- Дүйнөдө көп мамлекеттерде "дүйнөлүк финансы кризисинен жумшак өтөлү" деп, салыктарды, төлөмдөрдү кыскартып, өндүрүш токтоп калбас үчүн мамлекеттин каражатын жеңилдетилген кредит катары берип жатат, а бизде, тескерисинче, жеңилдик кылбай, ого бетер өндүрүштү үстүнөн басып жатабыз. Атургай азыр эски машинелерге "пошлинаны" оңбогондой көбөйтүп койду. "Пошлинаны" көбөйтүш үчүн өзүбүздүн Россияныкындай машине чыгарган заводдорубуз болсо бир жөн. Биз мактанып атабыз. "Ар бир айылда машинанын саны мынчага көтөрүлдү, түкүнчөгө көбөйдү" деп. Мурун машине деген байлыктын бир көрүнүшү болсо, азыр жөн гана керектөө муктаждыгына колдонулуп калган. Ушунун эсебинен канчалаган тейлөө станциялары ачылып, канчалаган жумуш орундарын камсыздап, канчалаган "ГСМ" жагып атат. Андан түшкөн салыктар бар. Макул, машина көбөйүп, шаарда жүрүү мүмкүн эмес экен. Бирок бул жакшы көрүнүш да. Кыскасы, баардык жагынан өнүгүүгө шарт түзбөй эле, тескерисинче токтошуна, жоголушуна аракет көргөндөй болуп атат. Эми жок дегенде Улуттук Банкыбыз сомдун күчүн девальвация кылбай, кармап турса, экономика үчүн жакшы болот эле. Буга УБнын толук мүмкүнчүлүгү бар, себеби алтын-валюта запасыбыз 1 млрд. 250 млн. түзөт, эгерде эффективдүү пайдаланса.
- Айтмакчы, өкмөт тарап "кризистин бизге кесепети тийбейт, кыйгап өтүп кетет" - деп "көрөгөчтүк"кылып жиберишкенине не демекчибиз?
- Ой, кантип тийбейт? Мигранттарыбыз тигинтип атса, өзүбүздүн өнүгүп келаткан кичи ишканаларыбызды талкалап атсак, өзүбүздү-өзүбүз багалбагандыктан, импортко жашап жатсак, кантип таасири тийбейт. Мына курулуш бизде эң жакшы болуп, бутуна туруп келе жатты эле. Эми алар дагы токтоп атат. Себеби баалар түшүп атпайбы. Бул эмне дүйнөлүк кризистин таасири эмеспи? Албетте түздөн-түз таасири. Дагы бир факт келтирейин: "Кумтөр" алтын кенибизди иштеткен "Центерра" компаниясына кыргыз өкмөтү акционер болуп эсептелинет. 2006-жылы Торонтодогу (Канада) эл аралык биржадан "Центерранын" котировкасын өз көзүм менен көргөм. Ошондо "Центерранын" 1 акциясы 13 доллар болчу. Азыркы күндө "Центерранын" акциясы дүйнөлүк кризиске байланыштуу 1 долларга түшүптүр. Ошондо Кыргызстан өзүнө тиешелүү акциянын ар биринен кырк доллардан ашык жоготуп атат. Бул болжол менен эсептегенде биз 1 миллиард доллар финансылык кризистин айынан жоготуп атабыз дегендик. Бүгүн Кыргызстандын тышкы карызы 2 миллиард доллардан ашып калды. Жок дегенде биз ошол акциядан жоготкон каражат менен карызыбыздын жарымын жаап алсак болмок да. Анан, каяктагы, таасири тийбегенди айтабыз. Бул эмне таасири эмеспи? А биздин өкмөтүбүз "узак мөөнөттүү стратегиялык перспективдүү планыбыз бар, бюджетти 10%га көтөрөбүз" деп чамынып атат. Кашайып, анын ичиндеги механизмдерибиз байланышы жок болуп атпайбы. Өкмөт өнүгүү программасын кое туруп, так ушу кризисти "кантип тосуп алыш керек, андан кантип чыгыш керек" деген программага ой жооруса кана?..
- Шамшыбек мырза, акыркы маалыматта сизди Кочкор эли Турдакун Усубалиев аксакалдын 90 жылдыгын өткөрүү комитетине төрага кылып бекитиптир. Кандай аракетте, кай деңгээлде өткөрөлү деп турасыздар?
- Бул маалымат туура. 25 жылга жакын мамлекетти башкарган инсаныбыз, кыргыз эл баатыры, кыргыз элине опол тоодой кызмат кылган аксакалыбыз үстүбүздөгү жылы 90 жашка чыгат. Кочкор эли ушул жылда аксакалыбыздын торколуу тоюн жакшылап белгилеп, жогорку деңгээлде өткөрөлү деп максаттап, бул ишчаранын төрагалыгына мени көрсөтүшүптүр. Азыр биз президент Курманбек Бакиевдин атына кат даярдап, жолдоп атабыз. Ал кат менен бирге кантип өткөрүү керектиги үчүн түзүлгөн иш-чара планын да жөнөттүк. Биз ойлойбуз, бул иш-чараны мамлекет колдоп, мамлекеттик деңгээлде комиссия түзүлүп, жакшылап өткөрөбүз деп. Аныгында бул юбилейдин Турдакун Усубалиевичке кереги деле жок. Бирок, бул юбилей менен кыргыз эли эмгеги сиңген инсандарыбызды, аксакалдарыбызды кандай сыйлап, урматтайт экендигин келечек урпактарга сабак катары өткөрүп берүү. Бөлөк мамлекеттерде бул аксакалга окшогон адамдардын юбилейин мамлекеттик тургай, эл аралык деңгээлде өткөрүп жүрүшөт. Эмне үчүн биз да мындай кыла албайбыз? Кылсак болот. Юбилейдин максаты жылкы союп, эл чакырып, тамак, арак-шарап берип узатуу эмес, эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхында да ушундай инсан бар экенин келечекке, жаштарга, коңшу өлкөлөргө жеткирүү. Бул юбилейдин тарбиялык үлгүсү да чоң деп ойлойм.

Маектешкен
Кубаныч Зайнидинов























Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan