Акүйгө айбат

Исмаил Исаков, экс-коргоо министри:
"Үсөн акеге катуу кысым болушу мүмкүн"
(уландысы.
Башы өткөн санда)
- Исмаил Исакович, бүгүнкү күндө өкмөттүк эмес уюмдар, коомчулук жана кээ бир саясатчылар эски жылдын аягында кабыл алынган "Аскердик милдет жөнүндөгү" мыйзам Башмыйзамга каршы келет деген пикирди айтышууда. Буга сиздин оюңуз кандай?
- Чындыгында, мыйзамда карама-каршылыктар абдан көп экен. Мисалы, аскер кызматчыларын коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча укук коргоо органдарына жардам берүү үчүн колдонуу, Башмыйзамдын 9-беренесинин 3-бөлүгүнө жана "Коргонуу жөнүндөгү мыйзамдын" 13-беренесине каршы келет. Башмыйзамда "мамлекеттин ички саясый маселелерин чечүүдө куралдуу күчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат жана куралдуу күчтөр өлкөнүн эркиндигин, бүтүндүгүн тышкы күчтөрдөн сактоо үчүн колдонулат" деп ачык жазылган. Ушул эле мыйзамда жаңы аскер кызматы жөнүндө жобо киргизилиптир. Эгерде (120 расчеттук эсеп, 100 сомдон болгондо, 12 миң сом) бир ай кызмат өтөп, 12 миң сом акча төлөсөң, армияда кызмат өтөдү деген аскер белетин алып, граждандык кызматка кетүү мүмкүнчүлүгүн алса болот экен. Ал эми жогорку билими болуп 12 миң сом төлөсө, "лейтенант" деген аскер чинин 1 ай кызмат өтөгөндөн кийин алууга шарт түзүлүптүр. Эгерде жогорку билими туруп, акчасы жок 1 жыл кызмат өтөсө, анда ал катардагы жоокер бойдон кетет. Бул жерде суроо туулат. Мейли, 1 ай кызмат өтөп, "лейтенант" чинин алсын. Бирок эртеңки күнү согуш чыгып кетсе, аны чакырып, взводдун командирлигине дайындаса, аскер бөлүгүн кантип башкарат? Ошону менен бирге аскер кафедрасында эки жыл окугандарга "кичи лейтенант" чини берилет. Мындай теңсиздик болбошу керек. Үчүнчүдөн, кызмат өтөө жашы боюнча. Кабыл алынган мыйзамда, контракт менен кызмат өтөгөн жоокер, же сержант 50 жашка чейин кызмат кылса болот дейт. Ошол эле учурда мамлекет каражат кетирип, окутуп, офицер наамын алган капитандар 40 жаштан, майор-подполковниктер 45 жаштан пенсияга кетиши керек экен. Аларга пенсия берип, мыйзам чегинде үй менен камсыз кылуу зарыл. Ага мамлекет кантип акча табат? Командирлери 39-44 жаш, аскерлери 45-50 жаш, деги эмне деген армия? Эч бир өлкөдө мындай жок. Мында жоокерлердин жаш-өлчөмүнөн катачылык кетүүдө. 45-50 жаштагы жоокер автомат, пулемёт менен кантип жүгүрүп, кызмат кылганын элес-тетип көргүлө? Анан да альтернативдик кызматтын мөөнөтүн эки жылдан үч жылга узартышыптыр. Мен депутат кезимде үч жылдан эки жылга кыскартуу демилгесин көтөрүп, ишке ашырган элем. Менин оюмча, бул таптакыр туура эмес. Эмнеге? Анткени, альтернативдик кызматка социалдык жактан колдоо көрсөтө турган ата-энелердин балдары барат. Ден-соолугу начар, карыган ата-энесин карай турганы болбосо, ж.б. эми ошол социалдык жактан колдоо көрсөтө тургандар үч жыл алган айлыгынын 20 пайызын төлөш керек. Эсептеп көрсө, үч жылдын ичинде 12 миң сомдон эки эсе көп болуп жатпайбы. Ата-энесинин колунда бар, ден-соолугу мыктылар 1 ай кызмат өтөп, 12 миң сом төлөйт. Ден-соолугу начар, ата-энелери пенсияга чыккандары үч жыл 20 пайыз айлыгынан төлөйт. Мындай норманы жалпы элге пайдалануунун зыяны көп.
- Муну депутаттар түшүнбөй эле кабыл алып койду деп ойлойсузбу?
- Мыйзамды кабыл алып жатканда, "Акжол" фракциясынын бир депутаты, "Президент сунуштаптыр, ал баарын карап тактаса керек. Эми президентти колдоп, талкуулабай эле кабыл алып берели" деп жатпайбы. СДПК фракциясынын каршылыгына карабай колдоп беришти. Баягы "кабылдоо" принциби. Мына кабылдоонун жыйынтыгы. Чыгышта, "опираться можно на то, что оказывает сопротивление" деген сөз бар. Эч качан "одобрямске" таянууга болбойт. Таянам дегендер тайгаланып жыгылышат.
- Жылан чакпай, жылкы теппей эле Коргоо министрлиги менен коопсуздук кеңешинин катчылыгынан өз арызыңыздын негизинде кетип калдыңыз. Мындай кадамыңызга эмне түрткү болду?
- Коргоо министри болуп үч жылдан ашыгыраак кызмат кылдым. Талкаланган, абалы оор, эл арасында начар пикирге ээ болгон тармакты оңдоп, офицерлерге үй-квартира бердирип, жоокерлерге жаңы нукта жатаканаларды салып, мамлекеттик тилде сүйлөтүп, жаңы формадагы кийим менен камсыз кылып, эл арасында армиянын кадырын көтөрдүм. Эң негизгиси "армияны үч жылда оңосо болот" деп айткан сөзүмдү куру сөз кылбай, иш жүзүндө көрсөттүм. Аны менен бирге алдыга койгон кээ бир максаттар ишке ашпай калды. Албетте, бул өкүнүчтүү. Былтыр 26-майда (Куралдуу күчтөрдүн майрамына үч күн калганда) Акүйдөн "президент салтанаттуу жыйынга катышпайт" деген маалымат алдым. Мурунку макулдашуу боюнча, президент келип катышуусу керек эле. Ошол маселени тактоо үчүн жана майрамга карата анча-мынча маселени чечүү максатында президентке кирдим. Сүйлөшүп бүткөндөн кийин президент капыстан эле, "мага ишенимдүү, керектүү, жардам бере турган киши керек болуп жатат. Сиз коопсуздук кеңешинин катчысы болуп келбейсизби" деп сунуштап калды. Коргоо министрлигиндеги жылыштарды ойлоп, бардыгы системага кирип калганын эске алып, президент суранса, демек чынында абал оор окшойт, мен жардам бербесем, ким жардам бермек эле деген ой менен Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп калдым. Министр кезимде көп сөздөрдү угуп, бирок, ишенчү эмесмин. Өзүмдүн тармагым кандай ийгиликтерге жетишсе, бардык тармакты ошондой элестетип, эч нерсеге аралашпай саясаттан четтеп жүрчүмүн. Көрсө кеп башкада турбайбы. Кайсы маселени караба, мамлекеттин коопсуздугуна келип такалат. Коопсуздук кеңештин демилгеси менен биринчилерден болуп, мугалимдердин маселесин алып чыктым. Президент өкмөткө катуу тапшырма берди. Андан кийин диний абалды, энерго тармакты, укук коргоо органдарын, өзгөчө прокуратура, соттордун маселе чечүүдөгү кемчиликтерин ашкереледим. Кыскасын айтканда, бийлик элге эмес, эл бийликке иштеп, кор болуп жатканын байкадым. Элдин талабын коргогондун ордуна акчалуулардын, бийликтегилердин талабы көбүрөөк корголуп жатканы ачык болду. Жогоруда айтылган маселелер эл кызыкчылыгына чечилбегендигине көзүм жеткенде арызымды жаздым да, кетип калдым.
- Кызматынан пайдаланып, баласына квартира менчиктеп берди деген жалаа менен сизге үчүнчү кылмыш ишин козгошту. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Балам аскер кызматчысы. Союз мезгилинде көбүрөөк аскер гарнизондорунда кызмат өтөгөндүгүмө байланыштуу, балам да жоокерлердин арасында чоңоюп, жыйынтыгында менин кесибимди аркалап калды. Министр болгонумда, ошол кездеги аскер прокурору Курмантай Абдиев, "балаңыз кол астыңызда иштейт экен, бул мыйзамга туура келбейт" деген протест катын жазган эле. Чынчынына келгенде, баламдын иштегени мыйзам чегинде болгон. Анткени, ал менин орун басарым эмес, же кайсы бир башкармалыктын же бөлүмдүн башчысы болгон эмес. Каржы же кадр маселелерин тейлеген эмес. Мен президентке прокурордун катын көрсөткөм. Кийин чет өлкөдөгү кызмат өтөп жаткан офицерлердин мөөнөтү бүтүп, алмашуу учуру келип калгандыгына байланыштуу 2006-жылы чет өлкөгө жөнөтүп жибердим. Анткени бул жерде жүрсө, дагы бир нерсеге жабыштырышат деген кооптонуу пайда болду. Ал эми квартира боюнча окуя мындай. Эсен Топоевдин учурунда өкмөттүн токтому менен Коргоо министрлигине караган кичинекей жолдун бөлүгүн "Бишкек Курулушка" берүүгө чечим чыгарышкан. Алар анын ордуна беш квартира (төртөө жаңы салынып жаткан үйлөрдөн, бирөө Тимирязев көчөсүндөгү даяр квартираны) жана 1 млн. сом бермек болушкан. Мен орун басарларыма квартиралар бүтпөсө да, бөлүштүрүп бергиле, алмашуу документтерин мыйзам чегинде жүргүзгүлө деп, тапшырма берген элем. Булар квартираларды бөлүштүрүп, Тимирязев көчөсүндөгү квартираны балама катташат. Көп убакыт өтпөй балам үй-бүлөсү менен чет өлкөгө жөнөп кетти. Кийин балама квартира мыйзамсыз берилген деген маалымат алдым. Ошол эле замат эки орун басарымды, квартира маселесин тейлеген башкармалыктын башчысын чакырып, "эгерде мыйзамга туура келбесе, эртедир, кечтир-чыгат, билинет. Баламдын квартирасын Коргоо министрлигинин балансына өткөргүлө да, башка аскер кызматчысына берип, документтери менен бирге мага маалымат бергиле " деп тапшырма бергем. Ошол эле мезгилде баламдын квартирасы төрт баласы бар аскер кызматчысына берилди. Ал эми "Бишкек Курулуш" өз милдетин келишимде жазылган мөөнөттө бүтүрө албагандыгына байланыштуу, квартираларды өткөрүп берүү иши 2008-жылдын апрель-май айларына чейин созулду. Ошондуктан, мени кызматынан пайдаланып, баласына квартира берди деген жалаалары чындыкка коошпойт. Эгерде андай болсо, "жаңы жылда аскер балдарына бадарке алып берип, акчаны туура эмес чыгымдаган, аскер техникаларынын уурдалганына күнөөлүү" деп кыйналышпай эле, квартира боюнча кылмыш ишин биринчи козгошмок. Экинчиден, 2008-жылдын апрель-май айларында гана "Бишкек Курулуш" ошол квартираларды Коргоо министрлигинин балансына каттоодон расмий түрдө өткөрүп берди. Эң негизгиси мамлекетке, министрликке эч кандай зыян келтирилген жок. Кайра мамлекетке пайда болду. Элге кызмат кылып жаткан аскер кызматчылары үйлүү болушуп, "өкмөт качан квартира берет экен" деп ойлонбой, өздөрүнүн кызматтарын улантып жатышат. Ал эми 1 млн. сомго аскер бейтапканасына жана госпиталдарга медициналык техникаларды сатып бердик.
(уландысы 10-бетте)
Манас ОСМОН













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan