Шапкечендер шайманы

Туратбек Мадылбеков, "Ата Мекен" партиясынын Чүй облусу боюнча жетекчиси:
"укук коргоо органдарында Профессионалдуулук өлүптүр"
- Туратбек мырза, "Ата Мекен" партиясынын Таласта жыйын курушунун себеби эмнеде эле?
-Таласка барган максатыбыз - партиянын планы боюнча ал жакта конференция өткөрүү болчу. Эмне үчүн дегенде биздин партиянын Талас облусу боюнча жетекчиси былтыр каза болгон. Ошол себептүү ал жакка барып төрт райондо, анан Талас шаарында конференцияларды өткөрүп, облустук делегаттарды, жетекчини шайлоо, бекитүү эле. Мен жана партиянын саясый кеңешинин мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов экөөбүз Таласка үч-төрт күн мурда барганбыз. Ал жакта уюштуруу иштерин жүргүзмөк элек.
- Партиянын жыйындарын өткөзбөөгө укук коргоо органдары ачык эле басым кылышыптыр. Укук коргоо тармагынын ветераны катары ИИМ, УКМК Таласты оппозициядан кантип "коргогонун"айтсаңыз?
- Алмамбет экөөбүз Таласка баргандан тарта УКМКнын, ИИБнын, атургай МАИнин кызматкерлери биздин артыбыздан түштү. Каякка барбайлы, кимге жолукпайлы ошолордун баарын байкап, бир канча машине менен ээрчип жүрүштү. Кара-Буура районунун постунда МАИ кызматкерлери токтотту эле, үч-төрт мүнөт аралыгында 30 чакты ИИМдин, УКМКнын кызматкерлери жабалактап жетип келе калышты. Ал жерден машинамды бир күнгө камап койду. Бирок башка машина менен жүрүп, машинамды эртеси алдым. Биз барган жердеги адамдардын баарын тең УКМКнын кызматкерлери чакырып алып коркутуп атты.
- Мисалы?
- Талас районуна барганыбызда Жаныбек, Султан деген жигиттерди атайын чакырып, сурак кылышты. Барган жерлерибизде акимден да, айыл өкмөтүнөн да жыйын өткөрүүгө имарат сурап жаттык. Ижара акысын төлөп беребиз десек да, айыл өкмөттөр жакын жолотпой качып жатышты. Айла кеткенде Талас районундагы Султан деген жигиттин кампасына жыйын өткөрүүгө өзүнөн уруксат алсак, аны да билип алган УКМКнын адамдары "эгер сен берчү болсоң, сени мындай-тигиндей кылабыз" деп коркутуп-үркүткөн. Атургай "үйүңөргө түнөтпөгүлө, тамак бербелиге" деген пастыкка дейре барышты. Муну ошол жердеги УКМКнын кызматкери Максат деген жигит айтып чыкты.
- Демек, укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук кордоочулук кылып, мыйзамга каршы иштеди дейсизби?
- Так ошондой болду. Бир нерсени айта кетейин. УКМКнын кызматкерлери азыр болбой калыптыр. Профессионалдуулук өлүптүр. Алардын иши ачык болбош керек да. Жабык-жашыруун жүргүзүлүп, информация менен жашыруун иштеши керек. УКМКчылардын азыр участковыйдан айрымасы жок экен. Ачык эле чакырып алып, профилактикалык иштерди жүргүзүмүш этип, бирок коркутуп-үркүтүү менен алектенишүүдө. Мындай кылгандары мыйзамга карама-каршы келет. Жадакалса, буларың Текебаевдин машинасындагы өздүк каттоодогу куралын да тартып алганга, аны менен биздин жыйынды бүлгүнгө учуратып, элге жаманатты кылганга аракет кылышты. Эгер ал курал катталбаса, тиешелүү документтери жок болсо, анан ажиотаж кылса болот эле. Кашайып, алардын бул кара ниет максаттары да ишке ашкан жок.
- Жалпылап айтканда жыйын кандай деңгээлде өттү?
- Негизинен жыйын өз максатына жетти. Жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары канчалык каршылык көрсөтүп, бут тоскону менен эл эң жакшы кабыл алды. Алардын коркутуп-үркүтүүлөрү, кайсы жерге барсак да бизди ээрчип алган бийликтин айдактамасындагы ОБОНдору, облгубернатордун шоферу Бакай-Ата районунан апкелген спортсмендери бизди мокотпостон, тескерисинче курчутту. Эл да кимдин-ким экенин ачык түшүнүп алышты. Биз эми муну менен эле токтобостон, жакында Чүй облусунда да ушундай жыйындарды өткөрөбүз. Андан соң баардык региондорго чыгабыз.
Маектешкен
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ




Күнтүрмөк
Алло, шаар бийлиги барсыңбы?
Ушул күндөрү Бишкектеги "Туңгуч" кичирайонуна "Телеком-Нур" деген компания бүлүк салууда. 9 кабаттуу үйлөрдүн чок ортосундагы 58-үйдүн төбөсүнө калдайган антенна аппараттарын орнотуп, "өтүк илмейге" өтүштү. Андагы жашоочулардын "телевизорубуз көрсөтпөй, мобилдик телефондорубуз иштебей калды, нур толкундары денсоолугубузга зыян" өңдүү каршылыгына "арендасына 5 000 сом төлөйбүз, зыяндуу нурлар силердин үйгө эмес, кошуна үйлөргө чагылышат" деп тигилер көшөрүшөт. Ар кадамын акча менен "тазалап көнгөн" "Телеком-Нурлардын" тизгинин кагаар жан барбы? Же жаңжал тутана бергени кызыкпы?

"Акжолчу" депутат Ю.Даниловго
күнүнө 22 литр
күйүүчү май берилет
Бул жөнүндөгү чечимди ЖКнын Этика жана парламенттин регламенти боюнча комитети кабыл алды. Комитеттин отурумунда депутат Юрий Даниловдун турак жайга ай сайын алуучу 18 миң сомдук компенсациясы тууралуу маселе козголду. Данилов шаардын сыртында 45 чакырым алыстыктагы айылда жашаарын айтып, кызматтык автоунаага күнүнө 22 литр май берилсе компенсациядан баш тартмакчы болгон. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин 31 депутатына турак жайга төлөнгөн компенсацияга
6 млн. сомго чукул каражат жумшалган. Комитет отурумунда Кыргызстан коммунисттери фракциясынын лидери Исхак Масалиев айрым депутаттар шайлоочулары менен жолугушканы иш сапарына чыгуу үчүн мамлекеттин капчыгынан акча каражатын алышып, Бишкектен чыкпаганын айтып сынга алды. "Орой айтканда уурдабагыла, кризиске байланыштуу бюджеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланууга чакырам" - деген Масалиев фракция башчыларынан бул маселени катуу көзөмөлгө алууга чакырды.

Окуучулар коррупцияга каршы
Билим берүү мекемелеринде эми коррупция менен күрөшүү боюнча сабак өтүлө баштайт. Сабактарга прокуратура кызматкерлери чакырылат. Бул маалыматты билим берүү министрлигинин маалымат кызматы таратты. Мындай сабактын өтүлүшү менен окуучулардын адам укуктары жаатында сабаттуу болуп чыгуусуна шарт түзөт.

Иорданиядан башпаанек сурашты
Ноокат районунун он тургуну Иорданиядан башпаанек сурады. Бул тууралуу "Демократия жана граждандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова билдирди. Анын айтымында, бул кадамга барууга 2008-жылы Орозо айт күнү мусулмандардын чыгып сөз сүйлөөсүнө бийликтин жасаган кысымы себеп болгон. Башпаанек сурап Иорданияга ким барганы укук коргоочуларга белгисиз. "Ноокаттагы массалык тартипсиздикти уюштурду деп камалгандар, чындыгында ага тиешеси жок. Укук коргоо органдары соттолгон 32 кишинин 28ине башаламандыкка катышкандыгы тууралуу далил таба алышкан эмес" - дейт Д.Ошурахунова. Андан сырткары "Соттун чечим чыгарышына саясый кысым көрсөтүлгөн. Ноокаттагы Орозо айт күнкү окуяны иликтөө боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлүш керек" - деп кошумчалады ал.

Мотуев эми молдолор чатагында
Турсунбай Бакир уулу менен Нурлан Мотуев жетектеген Мусулмандар союзу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктен диний уюм катары каттоодон өткөнү жатат. Аталган агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев " Мотуев менен Бакир
уулу мусулмандардын атынан сүйлөөгө акысы жок, анткени алар диний уюм катары каттоодон өткөн эмес" - деп билдирген эле. Ага жооп кылып Нурлан Мотуев: "Каныбек Осмоналиев "Газа сектору боюнча өкмөт, муфтият эчак эле өз пикирин билдирген" деп айтканы - калп. Биз бул маселе боюнча биринчилерден болуп өз пикирибизди айтып чыктык. Каныбек Осмоналиевдин уулу афера жолу менен элдин акчасын алып кеткенин баары билет. Уулунун мындай жоругунан кийин Дин боюнча мамагенттикти жетектөөгө моралдык укугу жок" - деди.

Адам сатам деп
Жалал-Абат шаарынын тургуну адам сатууга шектүү деп кармалды. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, ал 20 жаштагы жердеш кызды Өзбекстанга алып кетип аткан жеринен Жалал-Абат облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Аны Ташкент аркылуу Түркияга сойку кылуу максатта жиберүүнү каалап, билет сатып алып койгон. Бул иш боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп атат.

Үйлөр арзандайбы?
Өткөн айда квартиралардын баасы 5 %га, хансарайлардын баасы 2%га арзандады. Мындай маалыматты "Глобал инвест" компаниясынын аналитиктери өз отчетторунда көрсөткөн. Акча менен эсептегенде бир чарчы метрине 20 доллар төмөндөдү.

Бар бол, кесиптеш!
Урматтуу "Учур" гезитинин табышкери Манас! Сени 23-январь туулган күнүң менен куттуктайбыз! Калемиң эч убакта талбай, биринчи көңүлдү анан чөнтөктү өзүңдүн көлөмүңдөй көлкөйтө толтуруп жүрө бер. Жашоодо далай-далай бийиктиктерди багындырып, ооматың артып, бар бол!
"Учур" жамааты












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan