архив • редакция 



  Жумасереп

"Бригада" - бешилтиги
Сөздү кайпактатпай түз айтканда, Акүй жаңы саясый топтун курчоосунда калды. Саясатта деле кан алмаштыруу табигый нерсе да. Мурдагы парламентте оппозицияны ооздуктоо үчүн түзүлгөн "Бригада" кайра жанданып, жаңы мүчөлөрү менен Бакиев эшелонун ээлеп турат. Данияр Үсөнов Жаныш Бакиевден "добро" алып, "бригаданын" шинелинен чыкты. М.Султанов, К.Ташиев, С.Жапаров, А.Мадумаров сыяктуу саясатчылар "бригаданын" өзөгүн жаңыртышты. Буларга чай ташыган анча-мынчалары күн көрүү, кызмат алуу максатында айланчыктап жүргөнүн эске албаганда, ажо баш болуп, 2010-жылдагы тагдырын ушуларга гана аманат кылганы жашыруун эмес. Анда Кыргыз журтуна "ажо өтсө да өтөт, өтпөсө да өтөт" деген жаңы ураан пайда болду демектир. "Бригаданын" тундрадан келишине шарт түзгөн Медет Садыркуловдун "отставкасы" капилет учурдун туундусу болалбайт. 2007-жылдан бери үйбүлөнүн берки тобунун каарына калып, кесилген кулак-мурундан "бадарке" алганына караганда, Медет мырзанын душмандары өз боюнан да ашкан эле. Көчө сөзү дегибиз келбейт, бирок каңырыш укпасак, эски жылды этектеп, Б.Акаева Кеминдин аксакал-көксакалдарын кеңешмеге чакырыптыр. Бакиев бийлиги жиликтенип, талкууга коюлса керек. Медет мырза чакырылса да барбаптыр, бирок Бермет деген Бермет да. Кыраакы кишинин телефонун таап, телефондо баарлашыптыр. Садыркулов накта ушул эпизод менен Акүйдөн алыс айдалды деген божомолдор бар. Бакиев бийлигинин политтехнологдору эсептеп чыккандай, ал кишиге Түндүгү да Түштүгү да ызырынып, тиш кайрап отурса, болгондо да шайлоо мезгилинде бийлик эшелонуна кыпчый алышпайт. Кандай амал тапса да, аны менен убактылуу коштошуп Курманбек Салиевич утту. Эми эмне өзгөрөт? Кадр дайындоо маселелери күч алышы мүмкүн. Төңкөрүштөн бери көбүрөөк Түштүктөшкөн бийлик эми тең салмагын сактайт. Түндүктүн кадрларына орун берилет. Анын үстүнө Д.Үсөнов жаңы талап, жаңы кадрлар менен бийликтеги канды алмаштырганы турат. Кулов, Атамбаев сыяктуу айрым саясый лидерлерден өч алууга аракет кылат. Аларга караштууларга куугунтук жасап, кайырмакка илип дегендей. Үсөнов ушул нерселерди жакшы уюштурушу мүмкүн, бирок президенттин көзү, кулагы болалбайт. Оппозиция менен тил табышып, сүйлөшө албайт. Куугунтук, күрөздүгү күчөсө, элдин ошого жараша жообу даяр. Бийлик мындан ары жаңы дайындоолордун, отставкалардын тизмесин узартышы мүмкүн. Мындай "балакет" Эсеп палатасы менен парламентке да тиет. Жашырганда не, Садыркуловдун кетиши менен айрым "Акжолчу" депутаттар арасында сөз көбөйгөн. Мисалы, "Менин Өлкөм" партиясынын мурдагы өкүлдөрү "Акжолдон" кетүү маселесин козгоп, өздөрүнчө жыйын өткөзүштү. Д.Үсөнов жетектеген жаңы саясый күчтүн азырынча бир гана тилеги бар. Ал тилек "президенттик шайлоону татыктуу өткөзүү". Ошондуктан, бир эле тармактагы бир эле мисалды алалы, салык системасындагы арам акчаларды адалдап, казынага буруп, кан алмашууну активдештирүүдөгү аракеттин түпкүлүгүндө, шайлоого даярдык жатат. Мындайда бул жаңы топтун парламентке көз карашы түз болобу?
Азырынча түз болгону менен түпкүлүгүндө парламенттин өмүрү узун болбойт...


















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan