Учурмаек

Мураскер... "Апельсин" рестораны...
А.Жекшенкуловду иликтөө...
(Уландысы. Башы 3-бетте)
- Университетти бүткөндөн кийинки кыска убакыттын аралыгында эле Башкы прокурорлук кызматка жеттиңиз. Колдоочуңуз күчтүү десек болобу?
- Кандай десем, прокуратура системасында менин баскан жолум кимге кыска убакыт экенин билбейм. Бул кыска мөөнөт эмес. Эскертип коеюн, эч качан колдоочум бар деп айта албайм. Жөлөк-таяк кыла турган ата-энем тирүү болбосо, же бир туугандарым таасирдүү кызматта отурбаса, менде кайдагы колдоочу болушу мүмкүн? Менин төрт эжем бар, алар өз турмуштары менен алек. Анан бир иним бар, ал менден кийин өстү да... Кыскасы, 1992-жылдан бери прокуратура системасында кызмат өтөп келатам. Эң башкысы өзүмдүн аракетимди, эмгегимди жогорку жетекчилер байкаса керек. Айтмакчы, биринчи ирет 99-жылы 33 жашымда Кыргыз транспорт прокурору болдум. Ал жерде ийгиликтүү иштегенден соң, Кемин районунун прокурорлук кызматына жөнөтүлдүм. Кеминде төрт жыл иштегенден кийин, Жайыл районунун прокурору болуп которулдум. Мына ошол Кара-Балтада иштеп жүрүп, Ысык-Көл облпрокурорлугуна көтөрүлдүм. Аякта бир жыл иштедим. Анан тагдырдын буйругу экен, 2006-жылдан баштап УКК төрага орунбасары болуп келдим. Ал эми 2007-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорлугуна дайындалдым. Кызмат жолумду учкай айтканда ушундай...
- Облпрокурорлуктан тез өскөн турбайсызбы. А сизден кыйын адам жок беле?
- Ар дайым айтып келем, "бул системада баарынан акылдуумун, өзгөчө кыйынмын" дебейм. Менден татыктуулар деле болсо керек. Бирок мен кай жерде иштебейин, ишке болгон уюштуруучулугум менен аздыр-көптүр эмгегимди баалагандар болуп, ошол адамдардын назары түшкөндүр...
- Сизди ажо Курманбек Бакиевдин үйбүлөсүнө жакын деп айтып атышпайбы. Бүгүнкү даражага өсүп жетүү ушундан улам эмеспи?
- "Элдин оозунда элек жок" дейт эмеспи. Айткандар ар нерсеге ой жооруп, айта беришет. Кимдин оозун тыясың? Азыр Германиядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарымдуу элчиси Марат Бакиев менен студент кезде чогуу окуп, дос болуп жүргөнүм чындык. Биз юрфактын коомдук иштерине да бирге катышып, далай күндөрдү бирге өткөргөнбүз. Марат менен бүгүнкү күнгө чейин достук мамилем сакталган. Жашырганда эмне?
- Жакында генерал-лейтенант чинин алдыңыз. Ажонун сизге сый-урматы байкалды. Ушундан соң ар кандай кептер интернет булактарына таркап, атургай сизди президенттин мураскери катары көргөзгөнгө үлгүрүштү. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" да. Кандай дейсиз?
- Башкы прокурор кызматына УККдан алган генерал-майор наамы менен келгем. Эми өлкөнүн Башкы прокурору болгон соң, прокурорлук чин бериш керек эле. Сиз айткандай, генерал-лейтенант наамы прокурорлук кызматыма ылайык ыйгарылды. Албетте, ишимди кыйратып салдым дебейм. Башкы прокурорлукка аскер наамы менен отуруу кандайдыр деңгээлде коошпой турганы белгилүү болчу. Ушундан улам берилди. Дагы кайталап коеюн, укмуш эмгек өтөп ийдим дегенден алысмын, мындай наам кызматыңды аркалап атканың үчүн да берилет. Бул сый-урмат эмес.
- Интернет булактары сизди мураскер катары жазганына не дейсиз?
- Дал ошол билдирүүлөргө таң калып отурам. Ар ким оозуна келгенин оттоп, ушак чыгара беришет турбайбы. Мен андай ойду ойломок тургай, азыркы кызматымдын жүгүн болушунча татыктуу көтөрүп, ишимдин жакшы жагы менен көрүнсөм деген түйшүктөмүн. Башкы максатым да ушул. Акыркы күндөрү интернет сайттарда менин өздүгүмө, ар-намысыма шек келтирген материалдар чыга баштады. Мындай ыпластыктарды көралбагандардын жоруктары деп билем. А эң башкысы, эл астында кызматымды татыктуу аркалап, ошого катар президенттин ишеничин актасам деген максатым, тилегим бар. Анан кайдагы мураскерлик? Түшүнбөдүм. Баса, ушул кызматта иштегенден бери көрүп атам, душмандар, көралбагандар көп болот экен. Атургай жаныңда жүргөн жолдошуң да тескери иштерге барып, аңга түрткүсү келет. Мындай начар адамдардын ойлоп таппаганы жок да... Ал эми бүгүнкү ээлеп турган кызматым тоонун чокусундай, мен ушуга топук кылам.
- Дагы бир айың кеп уктук. Өткөн 30-декабрь күнү бийлик үлкөндөрү "Апельсин" ресторанында отуруп, анан кайсы бир аткаминер кызуулугу менен сизге тескери сүйлөп алып, натыйжада ал таяк жедиби?
- 30-декабрь күнү "Апельсин" ресторанына барганым чын. А жерде 10-15тей көңүлү жакын адамдар отурганбыз. Бирок, эч кандай бири-бирибизге жаман айтуу, чыр-чатак болгон жок. Мындай ушактар менен менин кадыр-баркыма көө жапкысы келгендер шугулданып жүрүшөт. Дегеле ишмердүүлүгүмө, профессионалдуулугума шек келтире алышпай, айлалары кеткенде мени чоң муштум, чатак адам катары көрсөткүлөрү келишет. Чындыгында андай эмес да, кандай гана отурушта болбоюн, жайдары мүнөздө өзүмдү алып жүрөм. Ал эми күндөлүк турмушумда ачык адаммын, калыстык тараптамын, акыйкатты таамай айтам. Мындай учурда мени менен бирге отургандар чоочулап, айбыгышат. Атургай жакпай калышым да мүмкүн...
- Ишке профессионал демекчи, сиз юридика илиминин кандидаттыгын жактадыңыз беле?
- 2003-жылы Илимдер академиясынан "Кылмыш саясаты" деген темада кандидаттык ишимди жактагам. Мааниси жагынан алганда, кылмыштуулукка каршы дегенди туюндурат.
- Сизди кыргызча-орусча ырларды жеткизе ырдайт деп айтып калышат...
- Жакшы ырдайм деп мактангым келбейт. Бирок ырдаганды жакшы көрөм. Ырдаган адамдын ички дүйнөсү тазарат дегенге ишенем, ошондой эле ыр менен жаман эмоцияларды чыгарууга да мүмкүнчүлүк болоорун билем.
- Элмурза Ракиевич, соңку учурда өлкөдө саясый куугунтуктун желаргысы башталгандай сезилет. Маселен, оппозициядагы Исмаил Исаков менен Аликбек Жекшенкуловго кылмыш иштери козголду. Булар бийликке каршы сөз айтканы үчүн кылмыш козголдубу, же...
- Аслан иним, мен табиятымдан ушундай адаммын, жок жерден саясый куугунтук жаратып, өзүмдүн жүзүмө көлөкө түшүргүм келбейт. Кылмыш жасабаган адамды (саясый эмес), кантип кылмыш куугунтугуна аласың? Алалбайсың да. Азыр чынын айтсам, Исаковдун үстүнөн козголгон эки кылмыш иши тергелүүдө. Ал жөнүндө биздин басма сөз кызматы билдирген. Эми Жекшенкуловдун маселесине келе турган болсок, ага кылмыш иши козголду деген туура эмес. Аныгы ушул, бул кылмыш иши ТИМдин туура эмес тендер жүргүзгөндүгүнөн, имараттын ремонтуна кеткен акчанын белгисиздигинен козголуп отурат. Азырынча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга Жекшенкуловдун тиешеси бар же жок деп айтууга азыр эртерээк. Бирок, тиешеси бар болуп чыгышы мүмкүн. Себеби, ал ошол мезгилде аталган министрликти жетектеп турган, балким, ушундан улам Аликбек мырза чоочуп кетип, "кылмыш иши козголду" деп жар салып жүрсө керек. Жакында тергөө амалдарынын жыйынтыгы чыкса, Жекшенкуловдун бул ишке түзмө-түз тиешеси бар экени аныкталса, албетте, жоопко тартылат. Эгерде адам өзүн таза сезсе, эч качан, эч нерседен коркпош керек. Айтып коеюн, саясый куугунтук деп сөз чыгаруунун өзүндө мандем бар. Маселен, бизде жылына 10 миң кылмыш иши козголсо, каалаганын карап эле саясый куугунтук дей беребизби? Кылмыш саясаты деген бар да.
- Баса, гезитибиздин өткөн санында Каржы полициясынын башчысы Акимжан Муйбиллаевдин коррупциялык былык иштери чыкты. Сиз Башкы прокурор катары кандай баа бересиз?
- Аны биз да окудук. Макалада Башкы прокуратурага да кайрылуулар бар экен. Бул маалыматтын чын-жалганын териштирүү биздин милдет.
- Дагы бир кызык суроо: оппозиция лидерлери бийликти мартта алабыз дегендей аракеттерди көрө баштады. Буга кандай дейсиз?
- Кыргыз тили аябай бай тил. Бийликти алабыз дегенди ар кандай түшүнсө болот. Муну эми мындайча айтканда, март айында президенттик шайлоо болбойт да. Эгер эмки март айында шайлоо болсо, ошондо күрөшкө чыгып, алабыз деп атышы мүмкүн. Мен бул жөнүндө ар нерсени ойлонуп, бушайман болгум деле келбейт. Кокус оппозицияда мен түшүнбөгөн башка ойлор болсо, Башкы прокурор катары эскертип коеюн, азыркы учурда Конституциялык жол менен белгилүү мөөнөткө шайланган өлкөнүн президенти бар. Ошого катар мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги деген бар. Эң негизгиси, Конституциялык бийлик, Конституциялык жол менен гана алмашат. Ал жалпы элдин шайлоосунда өтөт.
- Жакында Медет Садыркулов кызматтан кетти. Анын кетишинин себеби эмнеде? Мындан ары бийликтин абалы оорлойт деген пикирлердин айтылышы чынбы? Айтмакчы, Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин тирешүүсүнөн улам Садыркулов садага чабылды деген кеп туурабы? Негизинен ушул эки топтун карама-каршы күрөшү жүрүп келгени аныкпы?
- Садыркуловдун кызматтан кетишинин себебине кызыкканым жок. Ал өз арызында көрсөткөндүр. Мындан ары бийликтин абалы оорлойт же жеңилдейт деген түшүнүк менде жок. Бийликтин абалы ансыз да ар дайым оор, себеби, элдин жүгүн көтөрүү, социалдык көйгөйлөрдү чечүү эч качан жеңил болбойт. Акүйдөн бир адамдын кызматтан кетиши менен заман оң-солго өзгөрүп деле кетпейт. Ал эми Жаныш Бакиев менен Максим Бакиев тирешет деген болбогон кеп, эки топ бар деген түшүнүк да туура эмес. Булар биртууган адамдар, анан көз караштары карама-каршы келиши да мүмкүн эмес.
- Сизди да кызматтан алат деген кептер чыга баштады го...
- Мени кызматтан кетет деген сөздөр бул жакка дайындалгандан бери айтылууда. Ушак жүрө берет да. Эгер жогоруда айткан максаттарымды орундата албасам, эмнеге биякка байланышым керек? Бул орунга татыктуу инсандарыбыз бар...
- Жоголгон Руслан Шабатоев менен Жусуп Жээнбековдун уулу табылбай келүүдө. Сиздин кандай пикириңиз бар?
- Ушу күнгө чейин ИИМ, УКК аябай тыгыз иштешип, аларды табууга аракет кылып келишти. Тилекке каршы, жыйынтык чыгара албай атышат. Жоголуу боюнча кылмыш ишинин тергелиши прокуратура органынын көзөмөлүндө. Биз да жакшылыкты күтөбүз, аман-эсен табылышына ишенгибиз келет.
Маектешкен
Аслан САРТБАЕВ

P.S. Элмурза Сатыбалдиев менен маектешүүдө оозунан кандай сөздөр чыкса, ошону өзгөртпөстөн, алымча-кошумчасы жок эле уруп салдык. Албетте, интервью макулдашуусуз чыкты. Эгерде бизден айрым катачылыктар кетсе, айып этпестир.

















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan