"Теңири" - тетири

Темир БИРНАЗАРОВ, кино жана театр режиссеру:
"Кыргыздын таза сyйyyсyн ыплас экзотикага айландырып..."
"Белгисиз маршрут" тасмасы менен киночу Темир Бирназаровдун атагы алыска чаап турган чак. Жоон топ аксакал-көксакал кинорежиссерлордон айырмаланып, кинотурмуштун ачуу чындыгын айтып, улуттун ар-намысын арзыбаган акчага алмаштырган кесиптештерине кейип, жигиттик жүрөк менен кыргыз киносунун "кылык-жоруктарын" сынга алганы бир тең, келечегине күйүп-бышып түйшөлгөнү бир тең. Бир сапар "кино - улуттун идеологиясына кызмат кылсын" деп жаздым эле. Темир мырза экөөбүздүн чакан маегибиздин маңызы ушунда...

- Бүтүндөй Кыргызстанды бир автобуска батырган "Белгисиз маршрутуңуз" байыттыбы, сизди?
- Байытканы ошол, ооздон-оозго, колдон-колго өтүп, аброй күтө алды. Бүгүнкү чындык каймана сүрөттөлдү. Сексен миң долларга тартылды. Чет элде кинолор үч же төрт миллион долларга тартылат. Маңыздуу кинонун жемиши көп болот.
- Акыркы кездери чет элдик сыйлыктар үчүн улут кадырын тепсеген кинолор жаралууда. Маселен, "Аталар керээзи", "Боз салкын", "Теңири" сыяктуу. Буга не дейсиз?
- Ошол кинолор үчүн мен да жаман-жакшы көрүнүп, далай талаш-тартышка бардым. Бүт дүйнөгө кыргызды жапайы кылып көрсөтүү менен сыйлык алуу - орой айтканда чыккынчылык. Ата-бабаларыбыз качан арак ичип, "горька" деп өбүшчү эле, качан кыз алакачып ботодой боздотчу эле... Жанагы "Теңири" деген кинонун өзөгүндө кыргызга болгон кара ниеттик жатат.
- Кандай максат менен, эмненин негизинде "Теңири" тартылган?
- Мари де Поншевиль аттуу франциялык режиссер "Кыргызстан-Франция биргелешип" деген шылтоо менен Оскар сыйлыгы үчүн тартты. Жыл сайын бир фильм ар өлкөдөн Оскарга көрсөтүлөт. Ошондуктан Кыргызстандагы боштукту пайдаланып "биргелеше" калышты. Бир эле максат автордун жеке амбициясы. Мамлекет кызыкчылыгындагы нормалар сакталбагандыктан, биз чет өлкөлүктөргө "ит болуп, куш болуп" ойноп беребиз. Алар бизди бир аз акчага азгырып, каалашынча пайдаланып кетишет.
- Чет жерлерден келген кинодолбоорлорду анализдеп, сценарийин сынга салган тиешелүү адамдар жокпу?
- Бар. Ошолордун колу менен өтүп кетип атпайбы. "Теңири" фильмин адегенде монголдорго алпарышыптыр. Алар кабыл албай коюшат. Казактарга алпарышат. Казак кино жетекчилиги сценарийин жактырбай четке кагат. Анан кыргыздарга келип, кең-кесири тартып алып баса беришпедиби. Кандай критерий менен макулдук болуп калганы мага түшүнүксүз. Өзүбүздү келекелеген кинону өзүбүз тартып бердик да...
- Кимдер эми, макулдук бергендер?
- Кыргыз кино академиясы. Мар Байжиев баш болгон кино академиясынын аксакалдары аралашкан атайын курамдын колу менен өттү. Таалай Бапанов болсо "бул кинону өзүм прокат жасайм" деп жүгүн көтөрүп, түртүп жүрөт. "Эмне үчүн мындай ишке бардыңыз?" десем, "алар акча обещать эткен, ал акчага дагы кино тартабыз", кино үйүн оңдойбуз деп жооп берди.
- Канча акча алышыптыр, анан?
- Белгисиз. Жаңы кино тартыла элек. Кино үйү болсо маданият министрлигинин балансына өтүп кетти. Айтор, акчасы да, башкасы да табышмак.
- "Теңири" фильминин сизге жакпаган эпизоддорунан мисал келтирсеңиз?
- Бул фильм Ч.Айтматовдун "Жамийла"чыгармасынын негизинде тартылган. Костюмдары эскиче көчмөн элдин элесин чагылдырат. 2006-жылы Ысык-Көлдө, Нарында тартылды. Этнографиялык баалуулукту булгап, кыргыздын таза сүйүүсүн ыплас экзотикага айландырып, жапайы боек сүрткөн. Кыргыздарды тоонун арасындагы руху-духу жок, жүдөгөн алкаш, импотент, сапатсыз эл кылып көрсөткөн. Ушулардын арасында жазып-тайып жаралып калган жалгыз сулуу келин болот. Ошол келиндин кадырына жетпеген элдин ичине казак жигит ат менен кирип барып келинди өңөрө качат. Беркилер бозала болуп чаңында калышат. Бул сюжет бардык эле патриот кыргыздын намысын козгойт. Тартылган актерлордон уктум, режиссер "этти жулкуп-улкуп кол менен жегиле" дептир. Актерлор "биз этти бычак менен эле жейбиз" деп көнбөй коюшуптур. Нарында бирөөнү карга-кузгунга жегизип "өлтүрүшмөй" болушат. Жергиликтүү жигиттердин каршылыгы менен бул эпизод тартылбай калыптыр. Жеке көз карашымда, бул фильмден биздин улутка карата бөлөк улуттун ойлоп таап, күчтөп жабыштырган шылдыңы оркоюп көрүнүп турат.
- "Болору-болуп, боесу канды" демекчи, эми эмне кылабыз?
- Эми, эч нерсе кыла албайбыз. "Жамийланы" мурда немисттер тартканда да өтө одоно тартып, "силердин жериңерге, салтыңарга каргыш тийсин" деген оор сөздөр менен коштолгон. 1997-жылы Екатеринбургда чоң кинофестивалга катышкам. Ошондо "Наукан куштары" деген даректүү фильм көрсөтүлгөн. Анда Түндүктөгү наукан деген 70 түтүн эл жөнүндө тартылыптыр. Наукандар кылым башында миллионго жакын эл болуптур. Үрп-адатын, салтын сактабай, арак ичип отуруп, жоюлуп бүтүптүр. Азыр алардын арасында өз тилинде сүйлөгөн бир эле кемпир калыптыр. Бирок, сүйлөшө турган кишиси жок. Ал улуттун акыркы адамы ошол экен. Сыңарындай, биздин кинолор өлкөбүздүн кызыкчылыгына кызмат кылбаса, батыштын бузуку кинолоруна ансыз да тебеленип атпайбызбы. Жазында улуттук кинофестиваль өткөрүүнү пландаштырып койдук. Каада-салтыбызды, руханий байлыгыбызды, мыкты улуттук таза сапаттарыбызды даңазалаган кинотасмалар катышат. Жаш кинорежиссерго жаңы багыттар ачылат.
- Менин пикиримде да, Европанын темир сыйлык, жашыл кагазы үчүн эмес, өзүбүздүн улуттун түптүүлүгүнө, руханиятына, идеологиясына кызмат кылчу тасмалар тартылчу учур келди бейм...
- Европада жаңы идея, жаңы табылга калбай калды. Ошондуктан азыр бизге өздөрүнүн чала-була бирдемесин чүргөп сагалап турушат. Аларда көрө турган нерсе түгөндү. А биздеги кызыктардын чети оюла элек. Керек болсо, биз европалыктардан бир канча эсе тазабыз. Салтыбыздын, элибиздин, жерибиздин түбү жакшы...
Маектешкен Азамат КЫЯЗОВ
Автордон: Ооба, Темир мырзанын "тазабыз, жакшыбыз" дегендерине кошулам. Бирок, жалпы кыргыз улутунун кадырына шек келтирген "Теңири" фильмине "эми эч нерсе кыла албайбыз" деп кол куушуруп отуруп берүү эп эмес. Мамлекеттин ар бир кызыкчылыгы, коопсуздугу көзөмөлдө деп билебиз. Анда неге, интеллектуалдык товарга айланган кинокоррупция гүлдөөдө? Же, тергеп-тескөөчү ишенген кожолорубуз да устукан мүлжүп отурушабы?





киночулардан кино жөнүндө
Кыргыз кино искусствосунун бүгүнкү күндөгү абалы Мына ушундай өңүттө киноискусство жаатында
эмгектенип аткан өнөрпоз адамдарга собол таштадык.

Асанкожо АЙТИКЕЕВ, кинорежиссер:
- Кыргыз киносу бүгүнкү күндө кичине жанданып келатат. 2008-жылы Ысык-Көлдө өткөн Шанхай кызматташтык 2-кино фестивалында тастыкталды. Бул фестивалга келген коноктор кыргыз кинолорунун деңгээлин жогору баалашты. Айрыкча Т.Бирназаровдун "Белгисиз маршрут", Э.Абдыжапаровдун "Боз салкын" "Манас" университетинен студиясынын балдары тарткан "Апа, бизден кам санаба" аттуу кино тасмаларын баса белгилешти. Мындан сырткары эл аралык фестивалдарда сыйлык жеңип келип аткандары да бар. Жогоруда аты аталган тасмалардан башка А.Айтикеевдин "Той", Т.Ибрагимовдун "Көпүрө" аттуу чыгармаларын айтуу керек. Ушул эле учурда Кыргыз кино искусствосун аксатып аткан жагдайлар да бар. Маселен, камера кармаганды билбегендер деле кино тартып атышат. Батыштын атышмай,мушташ, эротикасын туурамыш этип... Себеби, кээ бир ушул өңүттө тартылган кино-тасмалар көрүүчүнүн табитин бузуп аткандай. Киноматографисттер союзу чукулда пленум өткөрдү. Анан ушул жерде биздин союздун өнөрпоз мүчөлөрү мыйзам иштеп чыгууну сунуштадык. Ал мыйзамда деңгээли төмөн чыгармаларды көркөм кеңеш аркылуу тариздеп, сын айтылды. Антпесе, келечек муунга терс таасири тийип калышы ыктымал. Бизде кино сынчылар жокко эсе, жок десе да болот. Кино-драматургдар заманбап сценарий жазбай калышты. Дегеле, кино индустриясынын баркы кетти. Киночулар чогулуп алып мурункудай кино тартпайт. Байкаган болсоң, түптөлгөн кыргыз классикасын улантпай калдык. 1960-70 - жылдарда "кыргыз керемети" пайда болуп дүйнөгө дүң этти эле. Ошондогу Чыңгыздыкындай, монументалдуу, кенен чөйрөлүү, рух-дух, салт-санааны камтыган чыгармалар жаралбай калды. Ар бирибиз өз казаныбызда кайнап атабыз. Анын ичинде мен да бармын.

Генадий БАЗАРОВ, кинорежиссер:
- Азыр баары эле кино тартып атат. "Министрдин кызы" тигиндей, мындай деген... Булар - дилетантизм. Мейли тартсын, кызыгышсын - бул жакшы жышаан. Бирок, тартаардан мурда билим алышсын да. Режиссердун, оператордун, сүрөтчүнүн атайын окуу жайларын бүтүп дегендей. Бизде камерасы бар режиссер, оператор боло калып, кино тартып атышат. Азыр биздин жашоодо байкалган бир нерсе бар. Мейли саясаттабы, экономикадабы, иши кылып "чала молдо дин бузар" заманы болуп баратат. Кээде билим, тажрыйба жагы төп келишпеген адамдар ар кандай жоопкерчиликтүү орундарга келе калып, чалмакейди чалып салып баса беришет. Ал эми кинодо таланттуу адамдар болуш керек. Андайлар жок эмес. Биз каражаттын жоктугунан кендирибиз кыйылып турат. Мисалы, "Монгол" тасмасына 25 миллион евро сарпталды. Мындай акча биздин түшүбүзгө да кире элек. Анан кошуна өлкөнүн ажосу Н.Назарбаев бир кино тасмага 40 миллион доллар каражат бөлүп берди. Бул да бизде жок. Ошого карабастан, Э.Абдыжапаров, Н.Абдыкалыков, Марат Саруулу деген жакшы бир-эки кино тартышты. Көптөгөн фестивалдарга барып сыйлык алып келип атышат. Алышсын. Аман болушсун. Мына ушулардын кинолоруна карап, "кыргыз керемети" доорун жандантчулары деп ийишти. Мен буга кошулбайм. Бул жигиттердин чыгармачылык келечеги али астыда. Эргүүнүн илептери кайта элек өсүүнүн жашындагы жигиттер. Дагы да болсо нечендеген деңгээлдүү тасмаларды жаратып, элге алып чыгышат деп ойлойм. Сыйлайм, урматтайм.

Мар БАЙЖИЕВ, драматург:
- Азыркы учурда кыргыз киносунда жакшынакай таланты бар жаштар өсүп келатат. Бирок негедир чар-жайыт кетип атышат. Өз учурунда "кыргыз керемети" доорун мага окшогон Т.Океев, Г.Базаров, Б.Шамшиевдер жаратууда астыбызда бир гана максат бар эле. Кино аркылуу кыргызды, анын ичинде өлкөбүздүн уникалдуу жаратылышы менен айкалышкан таза, нарктуу элин дүйнөгө таанытуу болчу. Биз ушундай бир жааттуу иштерге барганбыз. Кино - улуттун күзгүсү, жүзү да. азыркылардын максаты эмне? Түшүнбөй атабыз. Учурдан пайдаланып айта кетейин, "Аталар керээзи" менен "Теңири" кинолорунда кыргыз элин жапайы кылып көрсөтүптүр. "Аталар керээзинде" кыргыз жигит француз кызына үйлөнсө, аны атып салып атышат. Э кокуй, бизде андай нерсе болгон эмес да. Мисалы, "Манасты" алып көрөлү, Манастын аялдары Акылай - улуту афган, Бакдөөлөт - калмак, Каныкей - тажиктин кызы. Көрүп атпайсызбы, азыркы ажобуздун аялы орус. Же болбосо жанагы "Теңири" киносунда кыргыз, көрсө, акмак экен, чиркөө кызматкеринин аялын Данияр тепкилеп атып өлтүрүп салат. Өзү аялы менен Кытайга качып кетет. В этой стране оказывается жить нельзя. Ушу кантип болсун? Эми бул кинону фестивалдарга көрсөтүп атат дейт. Мен буга аябагандай каршымын. Возмущен, позор! Мындай болбош керек! Ошондуктан,кыргыз киносунда жогорудагыдай тасмалар болбош үчүн мамлекет тарабынан көзөмөлдөп, тизгинделип, андан көрө ушуларга корогон каражатка түпкүлүктүү кыргыз идеологиясына дем бере турган жакшы чыгармаларды жаратышса дээр элем.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan