Эртеси биз ойлогон кырылышмай кан буугандай токтоду. Турмушта ушундай да күтүүсүздүк болот экен. Адиске эрөөлгө чыгам деген Шамил баштартып, жолугууга келбей койду. Кыязы биздин катуу даярдыкты жонунан сезгенби, айтор, куйрук түйгөндөй эле жок болду. Ортодон Назгүлгө бооруң ооруйт, кайдагы өзбек менен жүрүп алып, же анысы сөзүнө турсачы. Жай жашоо калыбына түшкөнсүдү...
Ошентип оро-пара убакыт уча баштады. Биз муну кээде байкасак, а көп учурдан мезгил-сааттын курмандыгында кала берет экенбиз. Жаштыгыбыз текке кетип. Айтмакчы, акыркы күндөрү маанайым чөгүп, таза ички рухум жылыбай койду. Жумушка, жеке турмушумдун кызыктарына азгырылдым, атургай тоого да чыктым. Өзүмдү алаксыттым, баары бир кыжалаттык моюнумдан арылбады. Ал эмне? Көрсө, мен Гүлүм эжеме бир канча убакыт жолукпаганым, ошого катар ага орой, тоңмоюн мамиле кылганым жүрөктү эзип, өзүмө-өзүм сокку жасаганымды туйдум. Ооба, Гүлүмдүн күйөөсү өлбөдүбү, ошонун айынан экөөбүз жолугуша албай чайналып атабыз. Мен биякта, ал үйүндө. Кара басып. Бир чети ага жакшы болду. Камакта камалган куш болбой, эми эркин учат. Ушул мезгилде башкы көйгөйлөр четте калды. Эң негизгиси, Гүлүм эжей экөөбүздүн дүйнөбүз түйшөлөт. Келечегибиз ойлонтот, чын эле. Ооба, эртеңки күндөр.
Арадан канча убакыт өттү, мен үчүн баары маанисиздей сезилгенин кара. Бир гана Гүлүм эжейдин телефон чалуусун күтөм. Күткөн күн да келет демекчи, ал өзү мага байланышка чыкты:
- Кандайсың, Зарыл? Баары жакшыбы? - дейт дирилдеген үнү менен.
- Жакшы эле. Жамандык артта калды, эми биз жакшылыкты сүйлөшөлүчү ээ... - дедим чын дилимен.
- Туура. Мен дагы ушул ойду айтайын дегем. Жамандыкты эстебейличи... - негедир жашып алгансыды.
- Токтосоңуз, сиз кайдасыз азыр?
- Канттан келатам, үйдөгүлөргө бардым эле.
- Анда жолугалы.
- Сен кайдасың?
- Үйдө.
- Анда южная ворота жакка келбейсиңби, жарым саатта. Мен баратам.
- Макул эжекеси. Тоогобу?
- Барганда сүйлөшөбүз.
Шапа-шупа кийиндим да, салып-уруп жөнөп калдым. Машинени айдабадым. Гүлүм эженин машинеси менен жүргөн жакшы, аурасы да түзүк. Мен түштүк дарбазага жеткиче ал да келди. Көрүштүк. Жумшак өбүшүп. Анан:
- Зарыл, мен сени сагындым. Кандай сонун баласың ээ. Сени көргөндө бүт кайгымды унутам.
- Мен дагы. Тоого баралыбы? - күтүүсүз суроо салгандай болдум.
- Макул.
- Кеттик анда.
Зуулдаган бойдон жолго түштүк. Өткөн-кеткен кайгылардан суурулуп, жагымдуу чер жазууну ойлодук. Экөөбүз тең. Бу саам Чоң-Арыктын тоосуна эмес, Көк-Жардан өйдө Татырдын тоосу тарапка бурулдук. Жарым саатча убакытта капчыгайга кирип бардык. Айлана сонун. Сүрөттөсөң сөз жетчүдөй эмес. Жаздын жагымдуу жыты каңылжарды кытыгылап, мээ сергитет. Табигаттын сулуулугуна аралаш экөөбүздүн көңүлүбүз кыйла көтөрүлдү. Машинени бир бактын жанына такай токтоттук да, көздөн далдоо бадалдардын арасына кирип кеттик. Гүлүм эженин машинесинде шам-шум этчү оокаттар бар экен. Аз-маз курсак камын көрдүк. Анан бири-бирибизге ыктап, кыналыша баратабыз. Бир маалда Гүлүм эже:
- Тээтиги үй кимдики? - деди кокусунан суроо салып.
- Кайсы?
- Өйдө жакты карасаң, жылкылар да оттоп жүрөт го.
- А-а... Ал Тынычтын байкесиники. Ошол жакта мал кармашат. Жерлери да бар.
- Жакшы жер экен.
- Анан эмне, байлар жаман жерди ээлемек беле?
- Баса Зарыл, сен өзүңдү кандай сезип атасың?
- Эмне болду?
- Мага аябай жагымдуу боло баштады...
Гүлүм эже бир нерсени жүрөккө кылт эткизди. Анын көздөрүнөн окудум. Кылыктана караганынан. Дароо колдорунан алып, өзүмө тарттым. Денеси ысык десең, дайыма ушундай. Айкалыша түштүк. Күн да батып кетиптир. Тиги кыяда жылкы кубалап бир бала түшүп келатат. Ага да карабадык. Сугалак өбүшүүлөргө моюн сундук. Төшөгүбүз көк шибер. Таянганыбыз тоо. Үстүбүздөн бадалдын бүчүрлөрү термелет өзүнчө. А биз болсо энеден туума чечинип, салкын жел менен бирге термелүүгө өттүк. Тең жарышып. Гүлүм эжейдин кызыктуу доошу тоого сиңип атты. Узакка термелип, бири-бирибизден ажырай албай, көк шиберде оонап атканбыз. Бир маалда күтүүсүздүк болду. Бутубуз жактан шыртылдаган үн чыкты. Акырын аяр салсам, кимдир бирөө бадалдын артына бүкчүйө отуруп, бизди аңдып атыптыр. Денем дүркүрөй түштү. Бүкчүңдөгөн элес-булас бир караанды көрүп. Анүстүнө күүгүм да кирип кетиптир. А Гүлүм эже экөөбүз аны да байкабай. Дал ушул учурда тоонун сүрүн, анан ага кошул-ташыл алиги эргулдун аңдымайы таза жүрөктү лакылдатты. Кетип калбайт десең. Же көрүмчүбү? Аза боюм дүркүрөп кетти. Гүлүм эжей болсо эч нерседен кабарсыз көк чөптө чалкасынан жатат. Колунан алдым да...
- Кеттик, улуу тоону уят кылбай, - дедим шашкалактап.
- Ой, кандай жан эргиттиң...
- Туралык эми, бирөө бизди аңдып атат...
Адам корккондо кайсалактап калат тура, жанталаша кийинип, машинени көздөй жөнөдүк. А тиги бизди аңдыган неме качып да кетпестен, уялып да койбостон, бир ордунда аңдыган боюнча катып кала берди. "Джипти" оталдырып, Татырдын аңгыл-дөңгүл жолунан ылдый салдык. Караңгы коюуланып кирип баратты. Шаарды көздөй ызгып келатабыз. Негедир ортодо жымжырттык өкүмсүрө калганынан сөз баштадым:
- Азыр бизди бирөө аңдыды, байкадыңызбы?
- Жо-ок.
- Мен көрдүм. Кашайып экөөбүздү сүрөткө тартып албагай эле.
- Койчу?!
- Сизди коомчулук кантсе да тааныйт эмеспи. А меники башка кеп. Баса, эми күйөөсү өлгөндө момундай жүрөт деп, интернетке сүрөттөрдү айдаса кантесиз?
- Кайдагыны айтпачы? Бизди сүрөткө эч ким тарткан жок. Жүрөктү түшүрбөчү, Зарыл.
- Мындай нерсени да ойлош керек. Азыр эч нерсеге ишенич жок да.
- Туура. Сен акылдуусуң ээ. Өсө турган жигитсиң. Али отузга да чыга элексиң.
- Сиз деле эжеке, отуздан жаңы эле аштыңыз да...
Мына ушул аралыкта ал акырын колун созуп, менин колуман аяр кармады. Бири-бирибизге сонун энергия өткөндөй сезилди. Дароо бир идеяны ойлондум.
- Токтосоңуз?
- Эмнеге?
- Токтосоңуз эми...
"Джип" жай ыргак менен жол жээкке токтоду. Гүлүм эженин эки колунан акырын алдым да, желкеме койдум. Машинеде ыңгайсыз болсо дагы өбүшүп кирдик. Эх чиркиндики, кандай гана жыргал дүйнө! Анын эриндери ушундай таттуу десең, тим эле мээге чыгат. Өбүшүүнүн бир башкача ырахатын аласың, мына ушул аралыкта тулку боюм магдырап, өзүнчө сырдуу дүйнөгө бой ургандай баратам. Гүлүм эже да жанын таштап, аябай берилип алган. Күтүүсүз телефон ырдап кирди. Тык токтодук. Ууру кылып аткан сымал...
- Алло...
- Ой, Зарыл, кандай?
- Жакшы байке, кандайсыз өзүңүз, денсоолук жакшыбы?
- Баары жайында. Биз азыр бильярддабыз. "Алтынтөргө" келип калбайсыңбы?
- Кимдер бар?
- А өзүбүз эле. Лева, Макс, мен болуп...
- Шаарга жетип калдым. Тоодон келатам. Жарым саатта барайын.
- Жакшы бир идея бар. Келсең анан сүйлөшөлүк.
- Хо-оп, байке.
Сүйлөшүү токтоду. Гүлүм эжей экөөбүздүн ысык өбүшүү кумарыбызга Токой байке бүлүк салып ийди. Ай кайран киши... Күн да кечтеп кетиптир.Ушу арада эжей чыйпылыктагандай мага карап:
- Зарыл, үйгө баралык. Бүгүнкү күн мага аябай жакшы болду. Сонун баласың. Мен сени эч качан унутпайм.
- Сизди жакшы көрөм.
- Мен дагы...
Үнсүз тиктешүүлөр. Анан дагы бир жытташтык да, жолубузду уланттык. Шаарга келип калыппыз. Гүлүм эжей мени бильярд ойноочу жерге жеткирип койду. Зорго коштоштук, дегеле ажырагыбыз келбейт. Убакыт күтпөйт экен, эже машинеси менен салып-уруп жолго түштү. "Атаңгөрү, кандай керемет жан..." дедим ичимен, анын ажайып дүйнөсүнө суктанып.
"Алтынтөрдүн" астында бака-шака болушуп, бир топ киши туруптур. Тойдун шааниси да. Мен дароо эле бильярд ойноочу жагына бурулдум. Биз демейдеги VIР залга ойнойбуз да. Кызык, эшикти мына ачайын десем, кыздардын күлкүсү угулду ичкериден. Шарт токтодум. "Кайдагы кыздар?" дедим өзүмчө таңгалып. Токой байке өзүбүз эле дебеди беле? "Кой, эмнеси болсо да кирейин..." дедим. Жүрөк алдын-ала бир нерсени сезет десең...




Гороскоп
12-январдан
18-январга чейин

Кой (21.03 - 20.04)
Аптанын башы ийгиликтүү башталат. Жума, шейшемби күндөрү жакындар менен жагымдуу маек куруп, керектүү маалыматтарга ээ болосуз. Жуманын экинчи жарымы активдүүлүктү талап кылат.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жума башында өзүңүз жөнүндө ушак угасыз. Сиздин жеке абийириңизге шек келтирген. Буга "ит үрө берет, кербен жүрө берет" ыкмасын колдонуңуз. Ушак артынан сая түшпөй, күтө турсаңыз, жуманын аягында актыгыңыз тастыкталат.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Дүйшөмбү күнү алыстан кабар угасыз. Шаршемби күнү күтүлбөгөн жерден киреше келип, үйбүлөлүк бюджетиңиз толукталышы ыктымал. Анын аркасы менен аптанын аягында баалуу буюм сатып алышыңыз мүмкүн. Абайлаңыз. Сапаты жагына жакшы көңүл бурганыңыз оң.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Кесиптештер менен пикир келишпестиктер аптанын башынан аягына чейин уланат. Кандай болгон күндө дагы өз позицияңыздан кайтпаңыз. Аптанын аягы сиз үчүн жемиштүү болуп, маселенин баары сиздин пайдаңызга чечилип калышы ыктымал.

Арстан (23.07 - 23.08)
Маанилүү иштин баарын ушул жумада бүтүрүңүз. Анткени бул учурда сизге эң сонун идеялар келип турган мезгил. Сиздин мойнуңузда турган бардык иштин майын чыгарсаңыз, эмки жума жалаң ийгиликтер менен коштолот.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Аптанын биринчи жарымында ар кандай тоскоолдуктар болот. Сиз жалгыз чече турган. Колдон келишинче эч кимди кийлигиштирбегенге аракет кылыңыз. Анткени, бул сиздин жеке тагдырыңызга таасир этчү маселелер.

Тараза (24.09 - 23.10)
Шейшемби, шаршемби күнү жакын адамыңыздын алдында өтө ыңгайсыз абалда калышыңыз күтүлүүдө. Ошол себептен кийген кийимиңизден баштап, ар бир кадамыңызга чейин кылдат болуңуз.

Чаян (24.10 - 21.11)
Жуманын биринчи жарымында өтө кымбат баалуу буюм же көп суммадагы акча жоготуп алышыңыз мүмкүн. Андыктан, коомдук унааларда, эл көп жерлерде этият болуңуз. Аптанын экинчи жарымында, тескерисинче, сизди чоң киреше күтүп турат.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Жума бою ак эмгегиңиздин акыбети кайтып, арбын ийгиликтерге жетишесиз. Бирок көрө албагандар да болот. Андыктан, бейтааныш адамдар менен абайлап мамиле куруп, колдон келсе шектүү адамдар менен байланышпай эле койгонуңуз оң.

Текечер (22.02 - 20.01)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү жеке жашоого байланышкан маселелерди чечүүгө туура келет. Ал эми шейшемби күнү жардам сурап кайрылгандар болот. Колдон келсе көмөк көрсөтүп койгонуңуз жакшы. Муну менен сиз өзүңүзгө ал адамдын алдында чоң урмат-сый таба аласыз.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул жума чыгармачылык менен алектенген адамдар үчүн өтө жемиштүү. Апта башында чыгармачылыгыңызга моралдыкпы, материалдыкпы, айтор, жардам бере турган адам табылат.

Балык (20.02 - 20.03)
Апта сизден көп эмгекти талап кылат. Дүйшөмбү кызматыңызга байланышкан көптөгөн маселелерди чечүүгө өтө ыңгайлуу. Ал эми шаршемби күнү акча маселесине сак болуңуз. Аптанын аягында алыс жолго чыгышыңыз күтүлүүдө.

Даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan