Гүлдөйжан

Урмат менен Неля үйлөндү
Анонимдүү ырчылардын айтымында, көптөн бери көңүл борборунда болуп келген ырчы кыз Неля менен Урмат Усеновдун мамилелери үйлөнүү менен аяктаптыр. Алардын үйлөнүү үлпөтү 30-декабрь күнү тууган жана эң жакын достордун катышуусу менен гана болуптур. Урматка күйөө жолдош болуп Султан Садыралиев барганы да айтылууда. Жаш жубайлар коомчулукка, күйөрмандарына билдирбей баш кошуп алгынын ар кандай себептери бардыр. Эмнеси болсо да экөөнө бакыт каалайбыз.

Кайрымдуулук
Назира Жетигенова, Айнура Салахидинова, Азиза жана бир катар ырчылар жаңы жыл алдында Кыргызстандын ар кайсы жериндеги жети түрмөгө кайрымдуулук концертин коюшкан. Бүгүн дал ошондой концерт Беловодск түрмөсүндө коюлуп жатат. "Камактагы адамдар бир кезде жашоосунда ката кетирип алгандар, эми өз жазасын тартып атышат, бирок кандай болгон күндө да алар жашоо укугунан ажыраган эмес. Биз өз өнөрүбүздү тартуулап, бир тамчы болсо да көңүлүн көтөрүп коелу деген максатта концерт берип атабыз" - дейт ырчылар.

Бактыгүл кош бойлуубу?
Ырчы кыз Бактылүл Бадыева жаңы жылдык каникулду дагы деле улантып, дос - курбулары менен тоодо лыжа тээп жүргөн кези. Жакында эс алганы Японияга бир аптага кетээрин билдирди. Бирок акыркы убактарда ырчы кызды "кош бойлуу экен, ошол себептен Японияга бир жылга кетип атыптыр" деген ушактар ээрчип жүрөт.

Жакында Гүлдү кайрадан көрөбүз
Турмушка чыккандан бери шоу чөйрөсүндө көрүнбөй кеткен Ташкент кызы Гүл азыр келиндик милдетин толугу менен аткарып жүрөт. Бирок, жакын арада кайрадан сахнага кайрылат экен. Ал учурда жаңы ырларды жаздырып атканын билдирди. Жаңы чыгармалар менен кошо ырчы кыз биринчи наристесин да күтүп аткан чагы.

"Жакшы журналист болмокмун"
Белгилүү шоу-мэн Бакыт Букаевдин жаңы таланттары ачыла баштады. Жазуучулук. Ал жакында Айчүрөк Иманалиева жөнүндө китеп жазып бүтүп басмага берип койгон учуру. Азыр болсо "Замандаштарым" аттуу жаңы китептин үстүндө иштөөдө. "Мен шоу-бизнесте жүргөнүм менен өзүм журналистика факультетим бүтүргөм. Турмуштун нугу менен эле шоу-бизнеске түшүп калдым. Болбосо менден жакшы эле журналист чыгат болчу" - дейт Бакыт мырза.

Жабык концерт
Ырчы жигит Съездбек Искеналиев 13-январь күнү "Азия Ордо" ресторанында жабык концерт берет. Билеттин баасы 100 доллардан өйдө болот. Спорт сарайынын чоң залы болбогондон кийин саналуу эле көрүүчү бараары белгилүү, анүстүнө билетинин баасы тиги болсо. Негизи мындай концерт Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү турат. Съездбектен кийин дагы далай ырчылар жабык концерт берет экен деп угуп калат болушубуз керек.

Россиядагы кыргыздарга
Ал антип калгандары өз мекениндеги кыргыз элине концерт берип аткан учурда, ырчы Сапар Эркебаев да жөн калбай Россиядагы мекендештерге өз өнөрүн тартуулаганы турат. Сапар: "Ал жакта биздин мекендештер өтө көп экен. Оокаттын аркасынан жүрүшөт да. Бир барып, аз болсо да кулагы сагынган кыргыз ырларынан ырдап берели деп атабыз" - дейт.




  Сырмаанай

Мэри ШАКУЛИНА:
"Отчисление кылып ийбесе..."
- Жаңы жылды кандай тостуң?
- 31-декабрь күнү кеч киргенден баштап эле үйдөгүлөрдөн саат сурай баштагам. Байкем "эмне эле болуп атасың, жаңы жылга аз калганда айтам да" деп урушуп койгон. Аз калганда бир аз сүйлөшүп отура туралы деп телевизор да, саат да жок бөлмөгө кирип отурганбыз. Болуп калды го деп чыксак, эл эчак эле жаңы жыл тосуп, солюттар атылып бүтүп калыптыр. Карасак, саат бир болуп кетиптир.
- Кайсыл жакта окуйсуң?
- Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институнда окуйм. Эгер отчисление кылып ийбесе. Былтыр окуп атканда гостролго алып кетип калышкан. Ошол бойдон бара элекмин. Балким отчисление кылып ийишти, ким билет? Эгер дагы эле окуп атсам, анда 2-курс болдум.
- Кайсы аспапта ойной аласың?
- Бирин дагы черте албайм. Бирок бир аз гитара менен ырдап калчумун. Балдар тышка отуруп алып ырдашат го, "дворовые песни" деп коет. Мурда ошолордон ырдап калчумун. Байкем "аны жаман кыздар ырдайт" деп урушуп атып, ал адатым калып калды.
- Ини, сиңдилериң барбы?
- Ой боорду эзген 5 жаштагы Амина деген сиңдим бар. Сонун ырдайт десең. 5 башта болсо да, ар бир сөзгө тили таптак келип, алардын ырларын кээ бир жаш ырчылардан ашыра созуп ырдайт. Өткөндө Түштүккө гостролго барганда аны да ала бардым. Көрүүчүлөр бизден да ага катуу кол чабышты. Анан Жалал-Абатта Баяман деген иним бар. Мен барган сайын эле "Ильяз Абдразаковдун дискин алып кел" деп "заказ" берет. Алып барбасам үйгө кирбей калам (күлүп).

Бегимай БАКАШЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan