Касиет кайыгында

Ташкул Керексизовдун сыр сандыгы ачылдыбы?
Ташкул Керексизов мамкүлк, бажыкана төрагалыгында, губернатор, матрезерв башчысы, ЖК депутаты өңдүү кызматтарды аркалады. Ал болгон табылгасын кыргыздын руханий дөөлөттөрүн асыроого сарптады. Дүйнөлүк аренада өлкөнүн аброюн арттырууга далалаттанды. Илимий даражадагы табылгалардын негизинде улуттун каада-салтын, ата-баба арбактарын, жергебиздин ыйык касиеттерин бекемдеп, мамлекетүүлүктүн сакталышына салым кошуп отурат. "Баланча жылдан кийин Кыргызстан деген мамлекет, кыргыз деген улут жер бетинен жоюлат" деп айтып чыккан кесирооздорго "Аалам Ордо" деген түбөлүктүү жооп даярдап койду.
Ташкул ата эртең 26-декабрда 60 жашка толот. 60-жаш акылдын анык бышкан курагыдыр... Денсоолук, өмүр, дөөлөттүү карылык тилейбиз! Бар болуңуз...

(Уландысы. Башы өткөн санда)
"Аалам Ордодогу" аруулук
Ар жылы жаз этектей "Аалам Ордодо" 365 бозүй тигилип турат. Бозүйлөрдүн саны жыл ичиндеги күндөргө барабар. 366-болуп дагы бир боз үй обочо тигилип, анда өзүм болом. А негизги курулган 36 бозүйдө үлкөн коноктор жайгашат. Конок дегенибиз арак ичип, тайраңдап бийлеген чиновник эмес. Биздин коноктор: илим изилдегендер, философтор, ойлоп тапкычтар, адабиятчылар, маданиятчылар, тарыхчылар, санжырачылар, манасчылар, композиторлор... кыскасы, биягы Кытай-Индия, тиягы Европа-Америкадан тарта дүйнөнүн бүткүл булуң-бурчунан агылып келүүчү акылмандар каймагы. Чакыртпай келчү конок көп болот. "Аалам Ордонун" касиети ошондо. "Аалам Ордого" келгендер ой калчашат, пикир алмашат, акылмандыктын талаш-тартышын жүргүзүшөт, улуу-кичүү муундар ортосунда түйүндүү маселелер талкууланат. Таланттуулардын шыгына шык кошулат. Бул ыйык жерге келгендер образдуу айтканда ааламды алаканга салгандай көрүп, адамдыктын улуулугун тааныйт. Арууланат. "Аалам Ордо" көпчүлүк моюн сунбаган, чети оюла элек жаңы илим ачылыштарына дарбаза болот. "Аалам Ордону" жөнөкөй куруучулар эмес, арбактар колдогон ата-тектүү адамдар курушту. Бул да тегин эмес.
Сыйлык
Жакшы иш бүтүргөн жаш адамды сыйлап, канатын андан ары күүлөп дегендей. Жигиттин көкүрөгүнө сыйлык кадап, шумкардай таптасаң... Ошол сыйлыктын эртеңи, кайрымы кайра элге тиет. Маселен, "Аалам Ордону" курган 36 жигитти мамлекет маңдайынан сылап, сыйлап койсо, алар мамлекеттин баасын түшүнөт. Жанагы "сатып алма" сыйлыктар сыйлык эмес!
Жарык
Иш демекчи, менин ичимди жылыткан "Камбарата" ГЭСинин курулушу болду. "Камбарата" курулушун ар бир кыргыз кубанып, колдошу керек. Электр алтындан, газдан артык товар. Жарык жаратуучу курулуш тамаша эмес. Биздин жерге келип чет өлкөлүк адамдар ишкана ачып, ишкердик кылып, биздин арзан электр энергиябыздын эсебинен байып жатышат. "Камбарата" да кыргыздын байлыгы. "Камбарата" лампочка нуру менен жарык чачат, а "Аалам Ордо" руханий нуру менен жарык чачат. Ыгы келгенде ушул эки окшоштукту айтпасам болбос. Эки бирдей кыргыздын жарыгы. Жарыкка жардам кыл, жарык болсун. А жарык уурдаган жарыбайт...
Кудайга ишенесиңби?
Кудайга ишенесиңби? Бул эң чоң суроо. Бул суроону президентке, министрге, депутатка, жөнөкөй адамга берип көр. Кудайга ишенген адамдын колунан жамандык келбейт. Кудайга ишенген адам эч качан калыссыздыкка барбайт. Ишеним жок болсо, алып-жутмай көрпенделик башталат...
Элечек
Салт - бул мыйзам. Салтка бекем улуттун өмүрү узун болот. Биздин салтты карагылачы... Аксакалга сый устукан тартылат. Ал кичине кесип ооз тийет да, кийинкисине узатат. Ал кийинкисине сунат. Кызмат кылып, тейлеген келин, жигит да ачка калбайт. Улагадагы ит сөөгүн кемирет. Маселе аксакалдын тамакты аз, же көп жешинде эмес, салтта. Мына, философия!
Элечек кийген кайнененин келини үйрүлүп түшүп, ийкем кызмат кылат. Элечектин касиети менен келин-кайнененин ортосунда кайым айтышуу болбойт. Шок келинди элечектин дөөлөтү ийге келтирет. Элечекчен эненин астынан эч ким кыя өтпөөсү тийиш, салтта ушундай. Мына, философия!
Бүгүн кимдин чөнтөгү калың болсо, төргө барып отурат. Андан улуулары кошомат кылып шыйпаңдап турат. Кана салт?!
Ысык-Көлдүн түбүндөгү Ысык-Көл
Ишенесиңерби? Кадимки Ысык-Көлдүн түбүндө терең катмардан кийин өзүнчө көл бар. Чыныгы ыйык Ысык-Көл ошол. Азыр силер түшүп жаткан көлдүн ордунда кезинде кургакчылык жашоо богон. Шаар болгон. Ошондо аркы түпкүрүндө, тээ тереңдигинде Ысык-Көл жайгашкан. Ал көл азыр өз нугунда. Ысыктыгы, ыйыктыгы, касиети менен бүгүнкү мезгилге таасир этүүдө. Көлдүн тегерегинде чыгып жаткан 40-60 градуска чейинки ысык дары суулары ошол түпкү Ысык-Көлдүн негизинде. Ысык-Көлдү дээрлик ыйык, сырлуу жерлер курчап жатат. "Рух Ордонун" да, "Аалам Ордонун" да Ысык-Көл жээгинен орун алганы өзүнчө сыр...
Куш. Кут
Колумда тартууга келген куш жашады. Баам сала мамиле кылдым. Жыл өткөн соң боосун үзүп, учурдук. Бирок, бир күнү жалгыз эмес келди. Түгөйү көктө айлана учуп күтүп турду. Өзү талпынып туурга конду. Этке тойду. Анан үйдүн үстүн айлана асмандай баштады. Короодо карап турабыз. Түптүз айланып-айланып отуруп, чекит болуп көрүндү да жок болду. Ушул окуядан кандайдыр табышмакты сездим. Себепсиз нерсе болбойт. Адамдар табигат баалуулугун аздектеп, камыр-жумур аралаша жашаганда өмүрдүн өзү тазармак. Үйүмдө илбирс, кулжа, элик жашады. Аларды жаратылыш куттары катары кабылдадым.
Комуз менен
Кылкыяк
Жылкынын жалынан кылкыякка кыл тагып, койдун ичегисинен комузга кыл тагып, 10 миң жылдап кыргыз үнүн бүгүнкүгө дейре жеткирди. Өзгөчөлүгү миңдеген жылдар өтсө да, формасы, жасалышы, табияты бир калыпта сакталды. Кылкыяк менен комуздан чыккан сыйкыр үн - кыргыздын тили, оюу, окуясы. Жакшылыкты, жамандыкты, сүйүүнү, жеңишти ушул эки аспаптай бир да жан баяндап бере албайт...
Дүйнө Манастан бүтөт...
Манасты жаттап айтышат. Анык манасчылар көзүн чылк жумуп, "көрүп" айтышат. Күндөп-түндөп, саатка карабай көргөнүн айта берет. Талдап түшүнүү керек. Манас - бул илим. Жөн эле бир жоочабар алптын окуясы эмес. Эң биринчи үн болгон, сөз болгон, ой болгон. Манас деген ириде үн, касиеттүү сөз болгон. Саякбай ата кызып айтып киргенде, 300-500 миң сапты төгүп айткан. Мындай керемет Кудай тааладан Саякбай атанын боюна түшкөн касиет аркылуу айтылган. Манасты сахнада, микрофонго айтпайт. Манасты ачык асман астында, айды, күндү, абаны, сууну, арчаны,тоону каратып айтат. Манас бозүйдө айтылса, түндүк түрүлүп, очокто от алоологон, Кумайык "кыңк" этпей жаткан, куш туурда каткан. Дүйнө Манастан бүткөн, Манастан бүтөт... Акаевдин тушунда эмне үчүн Манас элесин, Саякбайды, тулпарларды Акүй ичиндеги ачык эшиктердин төрүнө тарттыргам? Маңызын эч ким аңдаган жок. Аягы эмне болуп атат?.. Манастын туусун жасатып, түндүк-түштүк уюлдарына орноттурдум. Манас жөнүндө илимий китеп жазам. Манас аркылуу бийликке, элге ишим менен гана жардам берип, сөз айта алам.
Август
ачылыштарынан
2009-жылдын август айынын кап ортосунда "Аалам Ордодо" интелектуал-ойчул окумуштуулардын алгачкы талкуу-жыйыны өтөт. Айрымдарын атай кетели: учурдагы таасирдүү, белгилүү физик-теоретик - Стивен Хокинг, физик, Мериленд университетинин профессору - Роальд Сагдиев, математик, академик - Юрий Журавлев, окумуштуу, академик - Юрий Евтушенко, илим изилдөөчү - Сергей Шарков, чыгаан математик - Андрей Богатов, окумуштуу, программист - Игорь Янковский. Булар узун тизменин башындагылар.
Баса, алардын катышуусунда жаңы табылга сүрөт ачылышы талкууга түшөт. Ал дүйнөдө жок сүрөт. Мухаммед пайгамбардын канча аты болсо, ошончо чарчы бөлүктөн турган ири дубалга тартылат. Эйнштейн, Ньютон, Алхоризмден тарта, аалам моделдеринин теориялык формаларын камтыган, Манас илиминин маанисин чагылдырган ошол сүрөт жаңы кылымдагы жаңы илимдин очогуна айланат. Ушул сүрөттүн мазмуну келаткан жылдын апрель айында Женевада өтүүчү Андронный Колайдер илимий-эксперименталдык экинчи сыноосунун жыйынтыгына айкалышы мүмкүн. Керемет сүрөттү көрүүнү самагандар океандын өйүзүнөн бери чубашат...
("Касиет кайыгында" рубрикабыздан Ташкул мырзанын жабык сырларын жаңы жылдагы сандарда улантабыз)
Азамат КЫЯЗОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan