"Давай наливай..."

Жалган маалыматка башкы прокурор неге унчукпайт?
"Асман-пресс" деген гезит бар. Акаевщина үйбүлөсүн, ошого катар эмчи-домчу, көзү ачык, тамырчыларды жазышат. Мактап, майлап-сүттөп. Анан калса оппозиция лидери Алмаз Атамбаевди негизсиз шыбап келген да ушулар. Дагы кызыгы, өткөн бир сандарында кыргыздын каймагы, интеллигенция көч башы катары (СМС добуш шылтоосу менен) Аманбай Кайыпов деген немени көрсөтүшүптүр. Кайсы жериң менен күлөөрүңдү билбейсиң. Кыргыздын каймагы "базарчы" А.Кайыпов болсо, анда акыр кыяматтын келгениби ыя? Кыскарта чапканда ушунакай.
Биз булардын элдир-селдир жазымыш эткенин эске деле албайт элек, бирок, буга дейре "Учур" басылмасы саясатка реалдуу ой жүгүртсө, мына ушундан кынтык таба албай, кырчаңгы сымал тийишип калмай жайлары бар. Арттан суу коюп... Каймана мааниде "тырманышат". Ой, бир жерлери "кычышып" атса, анын дарысы бизде эмес да. Эми мынча болду, "Асмандын" айымдарынын бир макалачасын жиликтеп көрөлү дедик, "Учурга" ыксыз асылган дараметтерин көрөлүчү. Ыңгайы келип турганда.
Булардын жазганы боюнча башкы прокурор кадр саясатында жаңылыштыктарды кетирип, профессионал прокурорлорду иштен айдап аткан имиш. Ал прокурорлор М.Суранбаев, Ж.Макешов, Р.Жакыпов, В.Иванов сыяктуулар дейт. "Асман" гезитинин акылына ынансак, Элмурза Сатыбалдиев мыкты кадрларды кызматтан четтетип, президенттин саясатына каршы чыгып атат маанисин өркүндөтүшөт, "ачуу чындык" деп айгайлашат. Кызыгың түшкүрдүкү, жалган маалыматты байкап таратышса болмок. Жалган демекчи, төмөндө үч бакыйган прокурор "Асман" гезитинин калпын ашкерелеп, жалганчы аракеттерин далилдеп отурат. Ал макаланы тиешелүү адистер талдап, мыйзамга каршы экенин ырастаса ого эле оңой иш. А неге башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев унчукпайт?..
- "Асман" гезити башпрокурор Элмурза Сатыбалдиевди "иш билги кадрларды жумуштан айдап, кадрдык саясатты туура эмес жүргүзүп атат" деген маалымат таратты. Ушул чынбы?
Айбек ТУРГАМБАЕВ, Бишкек шаардык прокурору:
- Кадрдык маселелерди башпрокурор өзү жалгыз жүргүзбөйт, коллегия чечет. Мен башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин ишмердүүлүгүн колдойм. Туура иштерди жүргүзүп атат. Ал эми ал макалада айтылган В.Иванов биздин шаардык прокуратурада бөлүм башчы. М.Суранбаев болсо, пенсияга чыгып кеткен. Негизсиз эч ким жумуштан алынбайт да. Негизсиз кызматтан кеткен болсо арызданышат эле го. Аларды даттануу укугунан эч ким ажыраткан эмес.
Асылбай СӨЛПИЕВ, Чүй облустук прокурору:
- Бул гезитке чыккан маалымат түп тамырынан туура эмес. Анткени, ошол макалада көрсөтүлгөн Ж.Макешов Ленин райондук прокурор болуп жүрүп жумуштагы кетирген кемчиликтери үчүн кызматтан кеткен. Р.Жакыпов дагы ушундай эле себептер менен кеткен. М. Суранбаев болсо пенсиялык куракка жеткендигине байланыштуу пенсияга чыккан. В.Иванов шаардык прокуратурада эмгектенип атат. Бул маселелерди коллегиянын мүчөлөрүнүн ар биринин ой-пикирин эске алуу менен коллегия чечет. Элмурза Сатыбалдиев башкарууда жаңы ыкмаларды колдонуп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп атканын баары эле билишет. Менимче, көралбагандар ыплас оюн жүргүзүп атса керек.
Кылыч ТОКТОГУЛОВ, 1-май райондук прокурору:
- Тескерисинче, кадрдык саясат аябай туура жүргүзүлүп атат. Мурда башкы прокурор менен соттошуп эле жатышчу. Азыр тынчып калды. Азыркы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев келгенден бери жаштар кызматка тартылып атат. Гендердик саясат туура жүргүзүлүп, аялдар да жетекчилик кызматтарда иштеп атат. Мисалы, азыр Ленин райондук прокурор, Чүй облустук прокурордун орун басары аял киши. Андан сырткары, кадрдык маселеде башка улуттун өкүлдөрү да унутта калган жок.
Даярдаган
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ





  Уйга утурлап

Ийгиликтин жылы болсун!
Урматтуу калайык калк!
Ар бир адам эски жылды узатып жатып, өзүнө, коомго, үй-бүлөсүнө өтүп бараткан жылдагы кемчиликтери менен жетишкендигин таразалап, эсебин берет эмеспи. Ошол сыяктуу эски жылда мамлекетибиз кандай ийгиликтерди жарата алды деген бүдөмүк ой ар бир адамды ойлондурат. Санап келсек, көптөгөн ийгиликтер жаралыптыр. Урматтуу президентибиз башында турган бийлик көчү 15 жылда аткарылбаган айрым маселелерди чечүүгө жетише алды деп ойлойм. Анын ичинде, айлык-акылардын көбөйүшү, ар кандай курулуш иштеринин жанданышы, бийлик бутактарындагы реформаларды ж.б айтсак болот. Ушул көчтүн арасында мен да каары катуу бекем эркти сиздерден алып, сиздерге таянып, Ата-Журтумун жүгүн аркалоодо аракет кылып келем. Эл ишенимин актоо-биздин ыйык милдетибиз. Эзелтен Кыдыр колдогон элибизди, ага-инилерди, эже-карындаштарды, аксакал аталарды, акжуумал энелерди 2009-жаңы жылыңыздар менен кызуу куттуктайм. Жаңы жыл жергебизге тынчтыкты, ийгиликти, токчулукту, бейпилдик менен ынтымакты алып келсин.
Сиздерди терең урматтап
Нурпазыл Атамбаев, ЖК депутаты "Акжол" фракциясы




  Күнтүрмөк

Оппозиция Бирдиктүү Элдик кыймыл түздү
Тиешелүү документке 7 саясый партиянын жана төрт кыймылдын жетекчилери кол койду. Алар: "Ата Мекен", СДПК, "Акыйкат үчүн" кыймылы, "Акшумкар", Элдик революциялык кыймыл, "Асаба", "Бирдиктүү Кыргызстан", "Жашылдар", "Улуу Биримдик", "Жаңы Кыргызстан". Аталган кыймыл негизинен үч максатты коет. Биринчиси - бийликти алмаштыруу. Экинчиси - мамлекеттин саясый системасын өзгөртүү. Үчүнчүсү - ТЭЦ, "Бишкек жылуулук тармактары", "Түндүкэлектро", "Кыргызалтын", "Кыргызтелеком", "Кыргызпочтасы", Кыргыз темир жол, "Манас" аэропорту сыяктуу стратегиялык объектилерди жана дагы кен-байлык чыгуучу жерлерди элдин менчигинде сактап калуу.


Кыргыз милициясын тажик чегарачылар кармап кетти
Орусиядан иштеп кайткан тажик атуулдарынан акча талап кылган кыргыз милиция кызматкерлерин тажик чегарачылар кармап кетишти. 23-декабрга караган түнү Тажикстандын Лаккан айылы менен Баткен районунун Чоң-Талаа айылынын чектешкен жеринен эки кыргыз милиция кызматкери тажик атуулдарынан акча талап кылган. Акчаны "Тажикстандан алып беребиз" деп алдап, өз чегарачыларына кармап берип койгон. Бир милиция кызматкер качып кеткен, ал эми экинчиси Тажикстандын Хожент шаарында убактылуу кармоочу жайда турат.




Букашеваны ким коркутуп атат?
"Лица" гезитинин редактору Бермет Букашева телефон аркылуу кимдир бирөөлөр коркутуп атканын айтып, укук коргоочуларга кайрылды. Өзбекстандын оппозиция лидери Мухамад Салихтин президент Ислам Каримовго ачык каты аталган гезитке жарыялангандан кийин Бермет Букашевага телефон аркылуу эскертүүлөр, коркутуулар жасалган. Эскертүүлөрдө кыргыз прессасы Өзбекстандын ички саясатына киришүүгө акысы жок экендиги айтылган. Буга байланыштуу укук коргоочулар президент Курманбек Бакиевге жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Мурат Суталиновго "Лица" гезитинин башкы редактору Бермет Букашевага түшкөн коркутуулардын дарегин аныктоо өтүнүчүн жөнөтүштү.


УТРК "Азаттыкты" обого чыгарабы?
АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстанды "Азаттык" радиосун кайрадан обого берүүгө чакырды. Билдирүүдө аталган радиостанция ар кандай талкууларды уюштуруу менен Кыргызстандагы ММКлардын эркин болушуна өз салымын кошкондугун айтат. Буга чейин "Азаттыктын" обого чыкпай атканын УТРК "алар 19 миң доллар карыз болуп калган" деп айтып келген. Бирок ал акча Вашингтондон Бишкекке беш жолу келип, бирок которууда УТРКнын 16 символдон турган коду көрсөтүлбөй калгандыгы үчүн жетпей калгандыгы айтылат. "Бизде дүйнө боюнча 1400 өнөктөштөрүбүз бар, бирок мындай жагдай биринчи жолу түзүлүп атат" - дейт "Эркин Европа радиосунун" эл аралык берүү жана маркетинг департаментинин жетекчиси Гари Тэтчер.


Тоголок Молдо көчөсү бир тараптуу болот
Борбор шаарыбыздагы Тоголок Молдо көчөсү эми бир тараптуу болот. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. Шаардык транспорт департаментинин маалыматына караганда, жол каттамдын бул өзгөрүшүнө байланыштуу № 42, №4 автобустары көп көчөлөрдү камтып жүрүп баштайт. Мисалы, 12-кичирайондон баштап Абдрахманов көчөлөрүнө чейин жүргөн №42 автобус эми Аалы Токомбаев көчөсүнөн жүрөт. Ал маршрут Ала-Тоо жаңы конушунан келип Тоголок Молдо көчөсү менен жүрөт да, кайра кайтканда Манас проспекти менен кетет. Ал эми №4 автобусу эми "Оберон" базарына чейин барып, Сары-Челек, Бухара, Криворожск, Адыр көчөлөрүнөн өтөт.


Кайрадан свет өчүрүлөт
Бишкекте кайрадан свет өчүрүлүп баштайт. Эми көп кабаттуу үйлөрдө дагы. Ушундай билдирүүнү "Түндүкэлектро" таратты. Бул шаардыктардын электр энергиясын лимиттен ашык пайдаланып баштаганы менен түшүндүрүлөт. Бул өчүрүүнүн стратегиялык объектилерге тиешеси жок.


Газдын баасы кантет?
Бүгүн кыргызстандык делегаттар газдын баасын сүйлөшүү үчүн Өзбекстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу энергетика министри Ильяс Давыдов билдирди. Буга чейин Өзбек тарап газдын 1000 метр кубун 300 долларга көтөрүүнү айткан эле. Эгер кыргыз тарап бул баада албаса, газ берүүнү токтотуп койорун билдирген. Андан кийин Ильяс Давыдов Кыргызстан газдын баасынын мурдагыдай эле, тагыраак айтканда, 1000 метр кубун 145 доллар боюнча калышын суранаарын айткан.


Казак атуулдары кыргыз малын уурдап
Укук коргоо органдары катышкан казакстандык топ Кыргызстан менен чектеш жерде мал уурдаган. Ууруларды Талас облусунун Манас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери изин суутпай колго түшүрдү. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Милиция кызматкерлери уюшкан топтун башчысын кармай алган. Ал Кайыңды айылында кулун уурдап аткан жеринен колго түшкөн. Кийин ал Казакстанда мал уурдоо менен соттолгону маалым болду. Маалыматка караганда, кылмыш тобуна Казакстандын мурдагы милиция кызматкери да мүчө болгон. Бул топ кыргызстандыктардын 30дан ашык жылкысын уурдаганы аныкталды.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan