(Сандан-санга)

Сардар АВАЗ
Тележылдыздын махабаты
(III серия)
Болжогон жерге заматта жеттим. Адис сыртта күтүп туруптур. Кучакташа көрүштүк да, үйгө кирип баратабыз. Биздин ич дүйнөбүз кудуңдаган кейипте. Мен чыдабай тиги кыз-айымдарды сурадым:
- Эй, буларың кандай, тузакка түшчүдөйбү?
- Түшкөнү ушул да, сенин торуңа жаш тележылдыз кармалды, эй! - Адис кытмыр жылмая берди.
- Керемет дечи...
- Анан эмне, мына азыр көрөсүң.
Чала ачылган эшикке жете бердик. Үчүнчү кабат. Үйдүн төрүнө өткүчө, тиги сулуулардын жүзүн көргүчө жүрөгүм бир кызыктай алып учуп, чыдамым кеткеничи. Акыры алар отурган бөлмөгө да башбактым. Чырайлары келишкен кыздар экен. Албетте, булар жөнүндө маалыматым бар эле, ошентсе да тааныша кеттик.
- Зарыл... - дедим сулууларга аз-маз күлө карап.
- Карлыгач...
- Айгерим...
Кыздар менден бир нерсе күткөндөй тигиле карап калышты. Аңгыча Адис:
- Силердин таанышууңар үчүн! Келгиле кармап коелу, Зарыл бирдеме деп коесуңбу?
- Ой, дароо элеби?
- Кызуусунда соголу.
- Мейли анда, - кыздарга карасам, менден укмуш гениалдуу сөз күткөндөй карашат.
- Сен тост айтсаң, анан алып ийели, - досум таза жарга камагандай кылды.
- Күтүүсүздөн болду, - деп сөз баштадым, - дайым ушундай жакшылыктын күтүүсүз дасторкону, таанышуулар болсун. Сиздердей кыздар бар - биз барбыз. Кыргыз эли да ошон үчүн бүтүн, өсүп-өнөлү. Дайым ден-соолук болуп, ишибиздин ийгилиги артып, бар бололу! Келгиле эми, алып ийели, - бакалды көтөрдүм да, тартып ийдим.
Тигилер да шыңгытты. Винонун даамы ширин экен. Менин суусунум кана түшкөндөй болду. Кыздарга карадым, негедир мемирейт десең. Жөн турамбы, сөз баштайм да. Алеки мүнөттүн аралыгында камыр-жумур кеп салышып, сөз дайрасында айкалыша эле баратабыз. Анүстүнө шараптан улам урдуруп. Кыздар да сөзгө кыйындыгын көрсөттү. Адис болсо жезтаңдай чечен да. Ортобуз күлкү-шаңга толуп эле баратат. Бир маалда идея таптым:
- Мындай кылалы, досторум, келгиле бийлейбиз, светти өчүрүп алып...
- Ой, давайте, кеттик! - деди Адис ордунан ыргып туруп.
Кыздар бизди карап калды.
- Айгерим экөөбүз да ээ, - дедим анын жакшынакай келбетине суктана карап.
- Тиги бөлмөдөн бийлейбиз, - деп досум тиги экөөнүн колунан алып, өйдө тургузду.
Мүчөлөрү келишкен, таптаза, чырайлуу периштелердин арбоосу жанымды тызылдатып баратты. Ал аңгыча Карлыгач:
- Адис, акырынчы, колум ооруп кетти, - деди аярлай басып бараткан калыбында. Мен дароо Айгеримдин белинен имере кармаганга үлгүрүп, бий аянтча бөлмөбүзгө башбактык. Жарыкты өчүрүп, романтикалуу жай музыкага жаныбызды таштадык. Караңгыда Адистин аракетине деле кызыкпадым. Өзүмдү айтсам, атаңгөрү десе, Айгеримдин кымча белине колумду аста жойлотуп, имере тарттым. Деми ысык экен. Жыты, эх! Шарап аралаш да. Соо жанды мас кылат, а мага окшогон масты жинди кылат. Айгеримдин денеси толкуп-ташып, жагымдуулугун айт! Барган сайын экөөбүз музыканын ыргагына бата эзилишип, денелерибиз чапталыша куюлуп бараткандайбыз. Жомок сымал. Ушу маалда анын бетине бетим тийип кетти. Жылуулугу дүр эткизди аза бойду. Жүзүнөн сүйдүм. Ал дагы өптү. Жа-ай өбүшүүгө өттүк. Таттуулугу маңдайыман ары тамагыма жутулуп. Сезим эргүүсүнө чөмүлүп бараттык эле, дал ушул маалда музыка токтоду. Биз дагы тык токтоп. Айгерим экөөбүздүн ажырабай турганыбыздан тигилер уялдыбы, айтор, Адис менен Карлыгач тиги бөлмөгө чыга жөнөштү. Ичимен жым дей түштүм. Кайрадан жай музыканын коштоосунда ыргалып баратабыз. Мындайда балээнин сөзүбү, унчукпастан эле Айгеримдин бетинен акыры-ын өптүм. Анан алкымынан аймачудай эрдимди тийгизип... Колдорум болсо соорусуна сүңгүдү. Айгерим ушу маалда оор дем тарта онтоп алды. Мындайда бизди эч ким кармай алчудай эмес. Жерге бой таштадык. Тирүүлүктүн шириндигин айт!..
Бул түн биздин эсибизде калчудай эле ыргакта өттү. Таңга жуук бой сергите ваннага түштүк да, Айгерим экөөбүз үйлөрүбүзгө кетүүгө камдандык. Тигилер болсо уйкудан баш көтөрө алышпай. Колтукташкан тейде сыртка чыксак, таңдын атышы менен аңкыган таза аба бизди тосуп алды. Ай батып калыптыр. Жылдыздар суюлуп. Айгерим болсо мага ыктай басып келатты. Үн-сөз жок. Ичинен мага мээрими төгүлгөнүн байкадым. Элжиредим. Машинеме да жете келиппиз. Үрүл-бүрүл таң астында саамга өбүштүк да, үй-жайыбызга кетүүгө ашыктык.
- Сени жеткирип коеюн, кайда айдайын? - дедим Айгеримдин нурданган жүзүнө карап.
- Көк-Жарга...
- Кеттик анда.
Машинеге отурдук. Сулуумдун жүзү чындап эле нурданат десең. Бул дүйнөгө ыраазы болгон маанайын туйдум, мемирейт го чиркиндики. Жолдо ката башыма бир ой келди: "Айгеримдин алгач түнү жөнүндө..." деген. Кыжалат боло баштадым. Акыры сурайын дедим.
- Айгерим.
- Эмне болду?
- Бирдеме сурасам капа болбойсуңбу?
- Сурай бер.
- Экөөбүз эми жакын кишилерден болуп калдык да...
- Ооба, - Айгерим мага ойлуу карады.
- Таарынбачы ээ. Биринчи жолу ким менен болдуң эле?
- -Ким менен?.. - уялганынан жер карай түштү.
- Айта берчи, экөөбүздүн ортобузда калат...
- Айтпай эле коеюнчу...
- Койчу.
- Сен экинчи...
- А биринчи ким?
- Шефим болчу, мени кыйнап салып... - Айгеримдин үнү үзүлүп-үзүлүп чыккандай болду.
Ортодо жымжырттык. Анын шефинин жоруктары көз алдыман өтө баштады. Адамдын бир "шедеври" сымал баарына үлгүргөнү, жадакалса ушундай жаш кыздардын эсебин таап, түз жолдон чыгарып койгонуна өкүндүм. Оңду-солду карабай эле "шилтегени", кызыгы бийлигине, эркек сөрөйлүгүнө сала бергени болобу? Кыжырды кайнаткан ойду улай Айгеримге суроо узаттым:
- Сен эфирге чыкканыңа канча болду?
- Үч айдан ашты.
- Шефиңер далайын "жайлап" атат го...
Айгерим уялыңкы мага карап алды да, кабагы бүркөлө түштү. "Сындырып койдумбу?" деген түкшүмөл ой мээмди көзөдү. Эч нерсе ойлогум келбеди. Машинени зымырата айдап Көк-Жарга келдим да, анын үйүнүн астына токтодум. Үнсүз отурабыз. Менде дале алиги итиркейди келтирген сезим, жымжырттыкты бузайын дедим.
- Шефиң канчада?.. - күтүүсүздөн ушул суроо оозуман чыгып кетти.
- Кырктан ашты.
- А баса, ал эки-үч жыл мурда Америкадан бирдеме окуп келсе керек.
- Билбейм.
Ушу маалда бизге жакын жерден үйгүшкөн иттер ызы-чуу түшүп, айыл-шаарды жаңырта ырылдаша талашып, каңшылаганы каңшылап, таза шаштыны кетирди.
- Айгерим макул анда, капа болбо, жашоо али алдыда да, - дедим тыбырчылай.
- Жакшы бар...
- Көрүшкөнчө...
Машинени оталдыра жөнөдүм. Алиги иттер кубалаша сүрүшүп астыма чыга калбаспы. Бирин былчыйта тебелеп өттүм. Көк-Жардын чаңын сапыра урган бойдон жөнөдүм, көзгө чалдыкпайын деп. Тагдырдын жылас алган буйругун кара, таңдын атышы менен бир итти оо дүйнөгө узаттым. Жүрөгүм зырпылдап баратты. Бу да кырсык да. Кудай жолунда мындай кылык-жоругум, дегеле түн безе жорткон катынпоздугум өзүмө жакпай кетти. Мындай көрүнүштү жогор жактын коңгуроосу катары сездим. "Түз жолго түшүүгө эрким жетеби?" деген суроо турду көмөкөйдө. Түркүн ойлордун түкшүмөлүндө удургуй үйгө жеттим. Айлана жапжарык. А менин ички дүйнөмө жарык кирбей...
Ошентип, иттин өлүмүнөн кийин өзүмчө сестене жашоо кечирүүгө ыктадым. Аялыма "Алик байкенин иштери менен жүрдүм" дедим. Эки-үч күн өттү. Ишимден бошосом эле үйгө кетмей. Тескери ойду ойлодум дегиче тээрим тырышат. Негедир жашоонун маңызына, түбөлүктүү иштердин учугун табууга кыялданам. Бир жылуулук издеп. Кызыгы, Айгерим көпөлөк сыяктуу унутта калды. Гүл ачылып соолугандай болуп. Көрсө анын эргүү булагы бир гана түндүк экен. Тагдыры ошол. Ал ошол бойдон калды.
Эсала турган убактым да келди. Ишемби, жекшемби күндөрүм. Ушул бир жума аралыгындагы досторумдун азгырыгын, айымдардын, дегеле кыздардын шыңкылдаган күлкүлөрүн унута түштүм. Алардын идея-сунуштары болсо, четке кагып коем, жок шылтоону таап. Турмуштун катаалдыгы ушундай кыйчалыш беле (?) айтор, күндөгү көрүнүш. Кечинде кыздарым менен ойноп отурсам, телефонум үн салып калды.
- Алло...
- Зарыл, байкең өтүп кетти... - Гүлүм эженин үнү, бышактап ыйлап.
- Кайсы байкем? - так секирип алдым.
- Менин күйө-өм...
- А-а, сиз күйөбү...
- Ооба.
- Туй ата, мен эмне кылдым?.. - оозуман ушул сөз чыгып, - эмне болуп кетти ыя?
- Атып...
Ары жактан чуру-чуу түштү сыягы, биздин байланыш үзүлүп. Жаман абалда калдым. Балээ болду го, Кыргызстанда атып кетмей, өлтүрмөй, тономойлор күч алды, эй! Гүлүмдү аядым. Каражан эжейимдин башына мүшкүл түшкөндө дароо мага чалганын карачы. Менин колуман не келет? Же өлгөн жанды тирилте албасам. Башым катып калды, шалдайып ойлоно бергенимче кыздарым аркама асыла ойношуп, кыжалаттанганымды буруп ийишти. Кичинекей күчүктөрүмдү эркелетип, өзүмдү алаксытууга жан үрөдүм. "Өлгөндүн өзүнүн шору" дедим ичимен, азыркы кабардын суугунан бошоно албай. Бул орой болсо да ата-бабанын сөзү. Себеби чындык ушундай ачуу.
Жарым саат өтүп-өтпөй Адиске чалдым.
- Досум кандайсың?
- Жакшы. Эсалып атасың?
- Эсалып... Тиги Гүлүм эженин күйөөсүн өлтүрүп кетиптир.
- Эмне дейсиң?
- Өлүп калыптыр. Атып дейби?
- Ошондой болуптурбу?
- Азыр мага чалды...
- Бир чети жазасын алды го...
- Эмне жаза?
- Далай кишинин байлыгын менчиктеп алса, мамлекетти жеп-ичсе, акыры ошентип өлөт да. Чала болуптур.
- Кой эми, өлгөндү көмгөн кылып, антип табалаба.
- Болору болду да, алардын жашоосу ошондой бүтмөк. Андан көрө Зарыл, мен бир жаман нерсеге туш болдум...
- Эмне?
- Эртең Назгүлдүн көмүскөдөгү жигитине эрөөлгө бармай болуп атам. Бүгүн жана чалат, эркек болсоң кел деп... Чогуу балдарды топтобосок болбойт, эй, - Адистин чоочугандай түрүн байкадым.
- Камсанаба досум, Кыргызстанда туруп өзбектерден коркосуңбу?
- Ошону сүйлөшүп алалы. Бир кезде Үсөн аке деле өзбектердин энесин окутуп, кыргыз калпак кийгизип, аягы кандай бүттү эле билесиң...
- Эми ал көп сөз. Эртең анда балдарды чогулталы. А тиги сарттар тишине чейин куралданып келсе керек.
- Кеп ошондо болуп атат да, досум!
- Кудай деп туралык. Мен азыр Семетейге чалып коеюн. Көрө жатарбыз.
- Макул досум, жакшы анда.
- Хо-оп.
- Эртеңкиге чейин...
- Давай...
Кашайгырдыкы десе, эртең накта кырылмай болот тура. Бир катындын айынан. Тамеки чегейин дедим. Кайра эле Гүлүм эженин элеси, ыйласа да үнү башкача. Сүйкүмү сонун да...
Автордон: Менин бул чыгармамды айрым адамдар окуп алышып, уктабай аткан имиш. "Шектүү шекшинет" маанисинде тагдырларын окшоштурушуп. Эскертип коеюн, "Тележылдыздын махабаты" көркөм чыгарма. Маселен, Чыңгыз Айтматовдун "Жамийласы", Казат Акматовдун "Мунабиясы" сыяктуу эле. Кыскасы, адабиятты түшүнгөн интеллигенция туура кабылдайт деп ишенем. А түшүнбөгөндөргө айла жок...













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan