НКВД желаргысы

Бүгүн Кыргызстанда саясый куугунтук күч алдыбы?
Токтогул Какчакеев, саясат таануучу:
"Оппозицияны куугунтуктаганга эч кимдин акысы жок"
- Биринчиден, саясый куугунтук күч алдыбы, же күч алган жокпу ага аныктама бералбайбыз. Дүйнөдө саясый куугунтуктун үлгүсү көп. Мисалы, 1932- жылдан баштап коммунисттик партиянын мезгилинде мындай куугунтуктардын классикалык үлгүсүн баштан өткөргөнбүз. Сталиндик бийлик атканын атып, андан калгандарын сүргүнгө айдаган да, туурабы? Ал эми бизде болсо, Башмыйзамда жарандар митинг, пикеттерди өткөрүүгө жана катышууга укуктуу деп жазылып турат. Бирок, парламент көчөдөгү коопсуздук маселелери боюнча мыйзам кабыл алып коюуда. Ошону менен эл аралык келишимдердин, ратификацияланган документтердин күчүн жокко чыгарып, өз билгендерин кылып жатышпайбы. Бийлик парламентте көз жарган мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөнү колго алууга мажбур. Бүгүнкү күндө ушундай маселелерди куугунтук деп эсептеп жатышат. Экинчи жагынан, эгер мамлекетте оппозиция жок болсо, аны бийлик өзү ойлоп табуусу керек. Негизинен оппозицияны куугунтуктаганга эч кимдин акысы жок. Кайра аларды кунт коюп угуп, ойлорун талкуулап, мамлекетке пайдалуу жагын колдонсо болот.

Нурлан Мотуев, Мусулмандар кеңешинин тең төрагасы:
"Куугунтук ысык-көлдөн башталды"
- Биз Турсунбай Бакир уулу экөөбүз Түштүк райондорун кыдырып, үч облустун эли менен жолугушууларды өткөргөнбүз. Куугунтук болгон эмес эле. Жөн гана имарат беришпей, айрым дүжүрлөр аркылуу жолугушууну үзгүлтүккө учураткысы келишкен. Мисалы, Кара-Сууда райондук кеңештин 2 депутаты менен Кызыл-Кыя шаарында алкаш эки аялды чыгарып коюшкан. Бирок, бизди уккан 80 миң адамдын алдында бул төрт дүжүргө маани деле берген эмеспиз. Талас,Чүй облусунда деле абал жакшы болчу. Куугунтук Ысык-Көлдө башталды. "Жумурткачандар отряды" деген атак наам алган Түп районунун эли акылдарына кирип калышканбы, айтор, бизди жакшы кабыл алган. Жолугушуу аяктап калган ченде аким, прокурор, РИИБ начальниги баш болуп, 15 чакты милиция келди. Эл тарап кетээри менен бизди прокуратурага алпарып, 7 саат кармап, бирок айып угузалбай, жогору жактын буйругу ушундай дешти. Ал жерден бошоп, Балыкчы шаарына келгенибизде да, ошондой көрүнүш дагы кайталанды. Балыкчынын РИИБинде да 7 саат кармалдык. Ушул сыяктуу окуялардан кийин өлкөбүздө саясый куугунтук күч алып баратат деп айтаар элем.

Эмил Алиев, "Ар-Намыс" партиясынын төрага орун басары:
"Бакиев бийлигине акаевдин шылуундары толуп алды"
- Ооба, азыр Кыргызстанда саясый куугунтук бар. Мындай нерсе Акаев мезгилинде деле болгон. Ал эми учурда уланып жатат. Менимче, бийликте отургандардын буга канчалык тиешеси болсо, аларга кызмат кылгандардын да ошончо тиешеси бар. Анткени, Акаев мезгилиндеги шылуундар Бакиев бийлигине да толуп албадыбы. "Бөрк ал десе, баш алгандар" бүгүн ар кандай куугунтукту уюштуруп жатышат. Бул токтобойт. Бийлик болгон жерде сөзсүз уланып келатканы маалым. Мындай "илдет"кыргыз элинин табиятына сиңип калыптыр. Ал эми кылмыш иш козголгон оппозиция лидерлерине бир нерсе айталбайм. Алардын кылмыш ишин көрүү керек. Мисалы, Кулов камалганда биз анын иши менен таанышканбыз да. Анан эми бир нерсе бар. Бардык эле министрликтерде оңдоп-түзөө иштери болот. Ага министрлер кийлигишпейт деп ойлойм.

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:
"саясый башпаанек издегендер көбөйүп баратат"
- Мен айтаар элем, саясый куугунтук аябай күч алды. Саясый башпаанек издегендер күн сайын көбөйүп баратат. Өлкө демократиялык принциптерден артка чегинүү жасады. Адам укуктары сакталбай жатат. Бийлик сын-пикир, кеңештерди туура кабыл албай калды. Далили эле ушул. Ал эми Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш иши жөнүндө так маалыматым жок. Бирок, таң калганым, бийлик Жекшенкуловду министр кезинде же министрликтен кеткенден кийин эмне үчүн кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес? Министрликтен кеткенде дароо эле кылмыш иш козгобостон, бир нече убакыт өткөндөн кийин "казып" чыккандары таң калыштуу болуп жатат. Бир эле Жекшенкуловго эмес баарыныкы тең ушундай өңүттө.

Азимбек Бекназаров, Ревкомдун жетекчиси:
"биз качпайбыз, коркоктор качат"
- Тилекке каршы күч алды. Өзүбүз жашап жаткан окуялар эле жандуу далил. Кечээ биздин офиске келип, тинтүү жүргүзүштү. Партия жайгашкан имараттын маңдайында ар күн үч-төрт "кароол" бизди акмалап отурат. Түндө Анарбек деген жардамчымдын чөнтөк телефонуна чалышып, орусчалап ар нерсени айтышыптыр... Эркин Булекбаев Казакстанга кетип калды деп уктум. Биз качпайбыз. Коркоктор качат. Жекшенкуловдун кылмыш ишин деле элге ишендире алышпайт. Балким Америкадан келбей калсын деп жасап жатышкандыр. Ушунча кылмышы болсо дейли, а мурда эмне кылып жүрүштү? Мен ойлойм, бийлик куугунтук жолун тандап алуу менен өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат.

Анаш Сейтказиев, Коммунисттер фракциясынан ЖК депутаты:
"ата кадыры күч органына жетти"
- Мурда жок беле? Саясый куугунтук болуп эле келатат. Бирок, өтө чоң деңгээлде эмес. Оппозиция деле мыйзам чегинде курултайын, митинг-пикеттерин өткөзүп жатпайбы. Ар кандай саясый көз-карашынан улам жарандар куугунтукка мажбурланбашы керек. Арийне, бизде мындай көрүнүштөр кайра күч алып барат. Бул да болсо, күч органдарындагы кемчиликтердин далили. Карап көргүлө, орган кызматкерлеринин көпчүлүгү кесиптик жактан такшалган эмес, же мыйзамдардан түшүнүгү жок. Көпчүлүгү тааныш-билиш, ата кадыры менен кокустан келип калган. Мындайлар УКК да да кезигет. Баардыгы ушундай деп айткандан алысмын. Айрым мыйзамдарга алымча-толуктоолорду киргизсек, балким куугунтуктоолорго чек коюлат.

Асия САСЫКБАЕВА, "Интербилим" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
"жашылдар" партиясынын кеңсесин тинтип кетишти"
- Саясый куугунтук аябай күч алды. Жөндөн-жөн эле кыргыз элин кырып атышат. Кызматтан кетип оппозицияга кошулса, дароо кылмыш ишин козгошот. Өздөрүнө караштуу адамдар кызматтан кетсе, аларга козголбойт, тескерисинче, дагы кызмат беришет. Вагон-вагон кылып уурдап аткандарды көрүшпөйт. Азыр эми Жекшенкулов АКШда жүрсө, бул жактан кылмыш козгоп коюшту. Эдил Байсалов, Болот Шерниязов, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчыларыбыз чет өлкөдө жүрөт. БШКнын экс-төрайымы Клара Кабилова президенттин баласынан коркуп жашынып жүрөт. "Жашылдар" партиясынын кеңсесин тинтип кетишти. Руслан Шабатоевди, Жусупжан Жээнбековдун уулун издегендин ордуна бизде ушундай саясый куугунтук күчөп атат.

Даярдаган Манас ОСМОН















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan