Сардар АВАЗ

(Сандан-санга)
Тележылдыздын махабаты
(II серия)
Каалганын сыртында саамга ойлонуп турдум да, "тобокел" маанисинде үйгө кирдим. Ууру мышыкчасынан. Аялымдын астында кирдей түшкөнүмдү сезип, ичимди кызыктай кыжалаттык аралады. Уктоочу бөлмөмө акырын аярласам, кыздарым менен Кундуз уктап атат. Бейкапар. "Өх" дедим. Шапа-шупа чечиндим да, аялымдым койнуна сүңгүп кирдим. Кундуз ушул учурда дирт этип алды.
- Кайда жүрөсүң?
- Уктап калыптырмын...
- Уктап?
- Машинеден көзүм илинип кетиптир. Масмын да.
- Алдагы жытың кантет? - аялымдын итиркейин чындап сездим.
- Кайсы? - дедим калп эле.
- Ошентип жүрө бер, көрүнгөн катын менен! - деди да, терс бурулуп жатып алды.
- Койчу Кундуз, анча-мынча жыттар кафеден эле сиңип калат экен.
- ...
Менин жообум негедир коошподу. Аялым сабырдуу гана бурула жатып алганына түшүнбөдүм. Демейде чатакташа кетчүбүз, "бу жолу неге ачууланбайт?" деген суроо көкүрөктү өйүдү. Тыбырчылаган ой-сезимди уйку азгырып баратты.
Өлө уктаптырмын. Түш оой турдум да, телефонумду жандырдым. Шак эле СМСтин коңгуроосу. Ачып окусам, "Уйкуң кандыбы?" деген Гүлүмдүн тамгалары. Жандүйнө эргигендей көзүм кадалды. "Канды..." деп кайра айдап ийдим... Үйдүн ичине көз чаптырсам, көйнөк-шымым чечилген калыбында жатат. Аялым жок. Дароо эжесине чалдым:
- Кандайсыз? Кундуз сиздикиндеби?
- Жакшы. И-и...
- А мейли анда, - телефонумду шарт өчүрдүм.
Дагы балээ болуп, ашыкча сөздөр чыгып кетип, кайнежемен "бирди" угуп калбайын таризде жүрөк жок. Атаңгөрү, кээде ушундай коркокмун, өзүм "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп", анан былгытканда... Карайлай баштадым, "эмне кылсам, кечинде "Мэриге" барсамбы?" деген азгырык кыялдар. Сезимдер алып учуп. Экөө сүлкүлдөп отурса, супсулуу болушуп. Анан кафеден чыккан соң кетебиз, эсалуучу жайларга. Кайрадан аялым менен бет карашпай каламбы? "Кой, бүгүн эсалайын" дедим ким бирөөгө шыбырап. Айланамда жан адам болсочу. Күтүүсүздөн телефонум шыңгырады:
- Ай, кандайсың? - Гүлүм эже экен.
- Жакшы. Кандайсыз?
- Кечинде "Мэриден" чай ичели. Жетиге келгиле.
- Эртеңкиге кылсакчы?
- Эмнеге?
- Иштер чыгып калды. Айылга кетип аттым эле, - калпты урдуруп койдум.
- Өзүң бил.
- Ийгиликтин, жакшылыктын эрте-кечи жок да.
- Анда жакшы барып кел айылга. А баса, кечээ Берметти сурап атпадың беле?
- Ал жөнүндө кызык маалымат бар. Жолукканда айтайын.
- Эми айта берчи, маалкатасың да.
- Телефондонбу?
- А эмне болмок эле?
- Өткөндө салыкка баргам, иштеген жеринечи...
- Анан?
- Барсам дасторкон даярдап, аябай сыйлады. Чай ичтик, сок ичтик. Анын кабинетине бекинип алып. Бир топко отурдук...
- Ай маалкатпай эле айтсаң? Эмне болду деги?
- Дагы бир курбусу келди. Мен Адисти чакырдым. Кызыдык. Ошондон кийин үйгө кеткем, кызыктын баарын Адис кылыптыр. Ал эми айтылбайт.
- Айтылбаса эмне баштайсың?! - Гүлүм эженин жини кайнай түшкөндөй болду.
- Ары жагын өзүңүз билесиз да. Адис Берметти Россия кинотеатрынын артына алпарып, ошерден эле өбүшүптүр...
- Уятыңар жок силердин! Айылыңа жакшы барып кел, - телефонду өчүрүп салды.
Бармагымды тиштедим. "Эмне айтып салдым?" - дедим өзүмө таңкалып. Кээде ушундаймын да, жиним келсе эмоцияга алдырып, түз сүйлөп коем. Жүрөгүм тынчыбай Адиске чалдым.
- Кандайсың досум?
- Жакшы эй! Ырас чалбадыңбы, азыр эле телефондон кырылыштым.
- Эмне?
- Назгүлдүн айынан Астанадан бир сарт чалып, "экинчи Назгүл менен жүрсөң өлөсүң" деп кекетет энеңди...
- Дагы?
- Эртең разборка кылабыз дейт, тиягыңды кесип салам дейт...
- А Назгүлчү, эмне андай кылып атат?
- Ал кылган жок. Биздин мамилени бирөөлөр жеткирип коюптур. Шамил экен анысынын аты.
- Кызык экен анда, эртең жумушка барганда сүйлөшөлү. Сарттардын сазайын бербей алыбыз жокпу? Камсанаба, досум!
- Жаман жинди кайнатты да. Эртең балдарды жиберем дейт.
- Энесинен урайын (!), бизде деле балдар бар да. Туруп коебуз. Бүгүн эсалалы досум. Шашпай сүйлөшөбүз, - дедим кыжалаттана.
- Эртең эсептешели...
- Хо-оп.
Адис ызаланып калыптыр. Мен дагы тырчый түшүпмүн. Ичимден өзүмдү жооткотуп, өткөн-кеткен жоруктарга саресеп сала ойлонгуча диванга жата кеттим. Көзүмдү жумсам эле кыздардын элеси, жагымдуулугу, күлкүлөрү, ойт берме жоруктары, анан алардын соорулары, эх сыласаң... Атаңгөрү, башка тагдырлар түгөнүп калгансып. Анан Хэмингуейди окуюн дедим. Алаксып.
Кечинде аялым келди. Кыздарым менен. Деги адамдан айла качып кутулабы? Жарашып алдым. Аяк-бияктан чыгып атып. Бардыгы жайына келгендей болду. Ал күнүм ошентип өттү.
Эртеси адаттагыдай эле гезит чыгармай. Ит куугандай, деле жиниктирме иш да. Демейдеги планды түзүп, иш ыргагын баштадым. Макала жазмай, окумай, жакпаса ыргытмай, анан кээ бир сабатсыз кесиптештеримдин наалымайы күчөп, иштин ыргагына тоскоол болгонучу. Айтор, күнүмдүк көртирлик...
Бир маалда эшик кенен ачылып, Маке кирип келатат тампайып. Колунда күндөгү жазган кагаздары. Мурдун тырыштырып күлүп алган.
- Э-эй катта киши, кандай, менде бир жаңылык бар?
- Кандай?
- Пазыл досум саунага чакырды. Андай-мындайын өзү "саздап" коем дейт. Бизге эмне, үч-төрт саат отуруп баса беребиз да.
- Жакшы болуптур анда.
- Ошону айтып коеюн дедим, азыр мен Акүйгө барып келе калайын.
- Жарайт, Маке.
Калдайып эшикке чыгып бараткан, токтой калды.
- Тиги досуң жокпу?
- Адиспи?
- Эй ушуну иште дебейсиңби, эмне жүрө береби? Өткөндө ичип жүргөн жеринен кармап келдим эле. "ШОУсун" токтотпойбу? Иштесе бизге окшоп иштесин да. Муну акылга салбасак болбой калды.
- Келсинчи...
- Мейли анда, Зарыл, - Маке кол шилтеп коюп чыгып кетти.
Кечке гезит даярдадык. Биздики эмне, эң алды элге туура маалымат жетсе деп жандалбастайбыз. Бирок кээде саясатчыларды чагыштырмай, бийликти сокмой, интрига жасамай, иши кылып гезиттин казанында кайнамай. Мындай карасаң, жалаң ыплас саясаттын бир жагы биздин кол аркылуу өтөт. А эл болсо окуйт да. Бизди күтөт...
Баса, ал күнү Адис жумушка келген жок. Телефону өчүк. Мен, Маке, Асылбек үчөөбүз саунага бардык да, аябай чартаңбай тептик. Чарчоону, дегеле стресстерди дене бойдон алып ыргытып. Кудайдын бу күндөгү ырыскысына каниет кыла ичтен кудуңдап, тарамайга кезек келди. Шарт-шарт алакан чабыштык да, үчөөбүз үч жакка кеттик.
Удургуй жолдо келатам. Кыйма-чийме агылган машинелерден улам бирөөсүн басып өтүп, зуулдаган тейде. Совет көчөсү менен Түштүк дарбазага жетип калгам. Телефонум үн салып калды. Адис экен. Дароо эле:
- Эй жумуштан качып кайда жүрөсүң? - дедим ал-жай сурашкандын ордуна.
- Кечир, досум. Ушундай кызык иш болуп калды. Азыр келе калбасаң болбойт.
- Каяка?
- Келсең көрөсүң. Баягы мен айтып жүргөн министрдин секретаршасычы, анан дагы бир тележылдыз...
- Кайсы жылдыз?
- Келсең эми? Сага өлө жагат.
- Кайдасың? - дедим шашканымды билгизип.
- Восток-5ке кел, 19-үйгө...
- Жарайт досум!
Машинени кайра артка бурдум да, урган бойдон жөнөдүм. Ал ортодо аялыма СМС жаздым: "Мени Алик байке чакырып калды. Эки-үч саатта барам" деп. "Кудай өзү кечирсин" дедим ичимен жалбырып...



Гороскоп
22-декабрдан
28-декабрга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Апта башы жаңылыктарга бай. Анын ичинен сизге өтө жагымдуулары көп. Бейшемби күнү бейтааныш адам менен маектешүүгө туура келип калышы ыктымал. Шек санабай эле каалаган темада кеп сала бериңиз. Ал адам тараптан сизге коркунуч болбойт.

Букачар (21.04 - 20.05)
Жума башында көп эмгектенүүгө туура келет. Ал эми бейшемби, жума күндөрү дүкөнгө, чачтарачка баруу сыяктуу жеке иштериңизди бүтүрүп алсаңыз болот.
Эгиздер (21.05 - 21.06)
Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин соода тармагындагы "эгиздер" ишин жакшыртып алууга ыңгайлуу учур. Ал эми чыгармачыл адамдар шашылбаңыздар. Бул жумада чыгармачылыгыңызга жаңылык киргизе албайсыз. Балким эмки жуманы, а тургай эмки жылды күтүүгө да туура келет.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Ишиңиз техника менен тыгыз байланышкан болсо, дүйшөмбү, шейшемби күндөрү ден-соолугуңузга сак болуңуз. Темирге ишенип болбойт. Керек болсо, адистерге текшертип алганыңыз жакшы. Ал эми бейшемби, жума күндөрү тууган, достордун акча менен байланышкан иштерине кийгилишпей эле коюңуз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Бул жумада ар бир ишке кылдаттык менен мамиле кылыңыз. "Боло берет" ыкмасы менен бир да ишиңиз оңунан чыкпайт. Аптанын экинчи жарымында көптөн бери эңсеп жүргөн буюмга ээ болосуз, же көптөн күткөн адамга кезигип калышыңыз ыктымал.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Өзүңүздүн талантыңызды көрсөтүүгө мезгил келип жетти. Кайсы тармактагы адис болсоңуз да ушул жуманын башынан аягына чейин фартуна сиз тарапка жылмаят. Мүмкүнчүлүгүңүздү кое бербеңиз.

Тараза (24.09 - 23.10)
Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин көнүмүш иштер менен алек болосуз. Аптанын аягында гана жашоого шаң берген жаңычылдыктарга дуушар болуп, материалдык абалыңыз дагы жакшырышы мүмкүн.
Чаян (24.10 - 21.11)
Бул апта сиз үчүн тоскоол болчудай. Анткени, коллегалар да, жакындарыңыз да ар тараптан сиздин убактыңызды жана өзгөчө көңүл бурууңузду талап кылышат. Чыдай туруңуз. Эч кимисине каршы турбай, "макул" дей берсеңиз, жеңиш сиз тарапта болот.

Жаачы (22.11 - 21.12)
Бул жумада кай жакка барсаңыз да (оорукана, банк, дүкөн, почта ж.б.) иш билги адамдар менен иш бүтүрүүгө аракет кылыңыз. Анткени, бирөөнүн билбестигинен же шалаакылыгынан сиз жабыр тартып калышыңыз мүмкүн. Өзгөчө жума күнү ден-соолугуңузга сак болуңуз.

Текечер (22.02 - 20.01)
Шейшемби, шаршемби күндөрү мурдагы кетирген катачылыктарга жооп берип калышыңыз ыктымал. Бирок, болор-болбос нерсени көңүлүңүзгө албай койсоңуз деле болот. Ишембиде достор менен кездешип, чер жазууга ыңгайлуу учур.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул аптада сизди конокко чакыргандар көп болот. Бирок, баарына эле бара берүүнүн кажети жок. Анткени, сайрандоодон башка бүтүрө турган олуттуу иштер чыгып калышы мүмкүн. Андай болгон учурда иштерди жума күнгө чейин бүтүрүүгө аракет кылыңыз.

Балык (20.02 - 20.03)
Апта башынан баштап эле жанга жагымдуу окуялар, кулак сүйүнткөн жаңылыктар болот. Ал жаңылыкты угуп, сиз да ак эмгегиңиздин акыбети кайткандай сүйүнүшүңүз ыктымал. Ишемби, жекшемби күнү жакын адамыңыз менен сыр чечишип, маектешсеңиз ашыкча болбойт.















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan