Туңгуюккабы?

Мурат ЖУРАЕВ, ЖК депутаты:
"Президенt чындыкты көрбөй жатат"
- Мурат Каттабекович, өкмөттүн убадасы жалган болуп чакты. Азыр 14-15 саат свет өчкөн айыл-кыштактар бар. Мунун жоопкерчилигин ким тартат?
- Мамлекетибиздин эң оор маселеси электр энергиясы болуп калды. Мындай кризистик абал 2007-жылдын күзүндө, 2008-жылдын январь айларында түзүлүп калган болчу. Бул боюнча ММКлар да жазышкан. Биз парламентте суунун кайда кеткенин аныктай турган комиссия түзөлү десек, "Акжолчулар" сунушубузду өткөрбөй коюшту. Ошол мезгилде 4 млрд. куб суунун жиги кайда кеткени билинбей, "кар жаады, из басты" сыяктанып калып кетти. Ал суу энергия менен гана чыгышы керек эле. Бирок, андай энергия да болгон эмес. Демек, суу уурдалган да, туурабы? Комиссия түзүлгөндө аныктап чыкмакпыз. "Сиз жоопкерчиликти ким моюндайт?" деп жатасыз. Менимче, алгач энергетика тармагын реформалоо зарыл. Балкыбековдун ордуна Давыдовдун келиши эч нерсени өзгөртпөйт. Эч ким свет өчпөйт деп кепилдик да бере албайт. Карап турасыз, 2009-жылдын февраль, март айларына барып абал оорлошот. ГЭСтер токтогондон кийин, 30% энергия калат, Бишкек ТЭЦ 20% энергия берсе, Күрпсай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон ГЭСтери 17% гана электр энергиясын берет. Анда 18 саат эмес, биротоло чырак менен калган кырдаал түзүлүшү мүмкүн.
- Энергетика тармагын реформалоо үчүн жаңы сунушуңуздар барбы?
- Бардык жерде эле айтып келатабыз. Алгач Башмыйзамды реформалоо зарыл. Кесепеттин баары ушул Башмыйзамда болуп жатпайбы. Кыргызстан түпкүлүгүндө бай мамлекет десек болот. Ар кандай мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок, ички, тышкы миграция күчөп, бир топ адистерибиз чет жакка чыгып кетишти. Өзүбүздү багып кетүүгө зор мүмкүнчүлүктөн кол жууп баратабыз. Биздеги система мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланалбай жатат. Өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылып жатканын көрүп билип турабыз. Карап көрүң, бир гана адам бийликтин баарын уучтап отурат. Мындай жаңылыштыктардан арылуу үчүн биринчи кезекте Конституциябызды оңдоп-түздөп алуу зарылчылыгын сезип турам. Андан кийин башка тармактардын жарасын айыктыруу анча деле кыйын эмес.
- Кыргызстан жылаңач өлкө деп жатышат го. Анан кайдагы мүмкүнчүлүктөн сөз кылабыз?
- Негизгиси алтыныбыз бар. Аны туура пайдалансак, элдин ырыскысы көбөймөк. Кыргызстан транзиттик мамлекеттердин катарына кирет. Кытайдан чыккан товарлар кайда бара турган болсо да, Кыргызстан аркылуу өтөт. Бажыканалар көңүлдөгүдөй пошлина төлөтүп турса болмок. Бүгүнкү күндө миграциянын аркасынан 30 миллиондон ашык акча түшүүдө. Миграциянын өзүнөн эле 1,5 миллиарддан ашык акча түшүрүүнүн жолдору бар. Ал үчүн чет жактан келген ишкерлер адистерди, жумушчу күчүн өздөрү алып келбей, жергиликтүү калкты гана иштетүүгө мажбур болушу керек. Биз бул тууралуу мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз.
- Коңшу өлкөлөрдүн президенттери деле бийликтин баарын өздөрү ээлеп отурушат. Маселенин баары бийликтеби?
- Туура, бирок алардын биздикинен көп мүмкүнчүлүктөрү бар. Мисалы, Өзбекстанда газ бар, колхоз-совхоздор жоюлган эмес. Казакстанда болсо завод-фабрикалар күргүштөп иштеп жатат. Аркы тармагы начарлап жатса, берки тармагынын акчасын колдонуп, тең салмакты сактап жатышат. Ал эми бизде андай көрүнүш жок да. Завод-фабрикаларды сатып, колхоз-совхоздорду жоюп, демократияны көздөй чуркап кеткенбиз. Бизде парламентти, керек болсо өкмөттү, баардык министрликтерди президент ээлеп алып, тең салмаксыздык менен кетип баратат. Акимдер, министрлер креслосунан коркконунан "дүжүр" чалдарды топтоп, "баары жакшы" дедирип жаткандары ошондон.
- Парламент демекчи, 3 - чакырылыштын депутаттары деле андай тең салмакты сактай алышкан эмес эле го?
- Эгер ошол парламент бүгүн болгондо бизде мынчалык кризис болмок эмес. Ал парламентте Келдибеков, Ташиев, Жапаров сыяктуу президенттин депутаттары болсо, оппозиция жээгинде Сариев, Текебаев, Шерниязов сыяктуу депутаттар бар болчу. Ал парламенттин күчү бар эле. Куловду премьерликке өткөрбөй койгонубуз жалган беле?
- Кыргызстан "туңгуюктабы"? Келечегине кандай баа бересиз?
- Азыр өлкөбүз жарды көздөй бара жатат. Кыргызстандын ушундай абалы алгач коңшуларды сүйүндүрөт. Себеби, суу кризисине кошул-ташыл болуп, саясый кризис курчап алган. Өзбекстан сыяктуу жакынкы коңшуларыбыз ушундан пайдаланып, жер, суу проблемаларын чечип алууга аракеттенишет.
Азыр өзбектер 2008-жылы пахтадан жакшы түшүм алдык деп жатышпайбы. Кайсы суу менен алды? Кыргызстандан канча суу чыгып, Өзбекстанга канча суу киргени боюнча отчетту текшерсең, экөө эки башка чыгат. Экинчиден, Фергана өрөөнүндө 12-14 миллион эл жашап жатат. Ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абатта 1,5 миллион эл калды. Айрым чегарага жакын жерлерде жерин, үйүн сатып, Бишкекке баса беришти. Демек, коңшулардын бизге чейин кирип келишине өзүбүз шарт түзүп берүүдөбүз. Ошол аймактарда мамлекеттин саясаты, көзөмөлү жок болуп, жергиликтүү тургундар жашоо-шарттын айынан кетип жатышат да. Мындай көрүнүш улана берсе, Кыргызстан кризистен өтө жамандык менен чыгышы мүмкүн. Анда кеч болуп калат.
- Тышкы саясатта дагы абал оорбу?
- Албетте, азыр Өзбекстан "Нарынды трансчегаралык кылбасаңар келишим түзбөйбүз" деп жатат. Эгер биз трансчегаралык кылсак, өзүбүз суубузга кожоюн болалбай, кандай курулуш кылсак да, Ташкенттин уруксатына мүңкүрөп калабыз. Буларга жер, жайлоо керек. Кыскасы, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, керек болсо Тажикстан дагы өз пайдасына өңөрө качам деп, Кыргызстанды акмалап турушат.
- Мындан ары кантип жашаш керек. Туңгуюктан чыгуу жолу барбы?
- Биринчиден, ынтымак керек. Мына оппозициянын курултайы өттү. Карап көрсөңүз, лидер көп экен бизде. Текебаев, Сариев, Бекназаров, Атамбаев сыяктуу. Мындайда биригүү зарыл. Оппозиция да ичинде биригип, бир күч болсо, президент эсептешет. Мен ал кишини түшүнүп жатам. Айланасындагылар малыматтарды фильтрден өткөрүп,"баары жайында" деп гана кабар берип жатышат. Президент чындыкты өз көзү менен көрүп, оппозиция менен компромиске барып, сунуштарын угушу керек. Чыгуу жолу - биримдикте деп айтаар элем.
- Оппозиция өткөргөн чогулуштары аркылуу Акүй менен болгон сүйлөшүүлөрүнө чекит коюп алды окшойт.
- Мен башкасын билбейм. Алмазбек Атамбаев президентти кетсин, же шайлоого барсын деген жери жок. Реформа кылалы деп жатат. Биз деле ошондой пикирдебиз. Айтып жатабыз, февраль, март айларында абал оорлошот деп. Ошондо оппозиция эмес, эл өзү толкуп кетсе эмне болот? Эгер тополоң болуп кетсе, баардык жамандыктарга өзүбүз жол ачкан болобуз.
- Акүйдөгү "маалымат фильтрлегич" ким деп ойлойсуз?
- Баары эле Медет Чокановичтен көрүп жатышпайбы. Мен ага анча кошула бербейм. Биринчиден, Акүйдүн өзүндө биримдик жок. Алар да өз араларында эки-үчкө бөлүнүп кетишкен. Бул да болсо, президентке көө сыйпап, ажонун командасы жок деген түшүнүктү бергени. Оппозиция деле ошондой абалда.
Бетти даярдаган Манас ОСМОН




  Жашыл жарык, ак жарык...

"Эки жүздүү саясатчылар эл каймагы эмес"
Токтосун БАРМАНОВ,
Кара-Суу районунун экс-акими:
- Негизсиз жумуштан кеттиңиз эле. Эмне үчүн оппозиция тарапка ыктабай жүрөсүз?
- Мени кысымга алып, зордоп кетиришкен эмес. Билесиң, өз арызымдын негизинде бошогом. Президент республикадагы эң чоң районго дайындап, жетекчи катары такшалтып, мага ишеним көрсөткөндүгү үчүн каршы чыгайынбы? Оппозиция тараптан чакыргандар жок эмес. Эки тарапта ойногон да мүнөзүм жок экен. Жумуш берсе да, бербесе да андай жолго бара албайм.
- Сиз эмес, кыргыздын каймагы делген бир топ адамдар эки жакка ооп жүрүшпөйбү. Саясаттын табиятын танып, жеке багытыңызда кайда бармак элеңиз?
- Ар бир адам төрөлгөндө өзгөчө мүнөзгө ээ болот турбайбы. Андай ойномо, эки жүздүү кишилерди мен эл каймагы деп айтпайм. Өздөрүнүн абийиринде калсын. Президентти сөзсүз эле бийликте туруп колдош керекпи? Бийлиги жок деле бир топ жардам берсе болот да. Мисалы, инвестиция тартуу же саясатты элге туура жеткирүү сыяктуу. Президент ардактуу эс алууга кеткенде да, мен ал кишинин жанында жүрүүгө даярмын.
- Сизге Акүй жактан "жашыл жарык" күйөйүн дейби?
- Мен кызмат сурабайм. Кимди кызматка койсо, ал президенттин мыйзамдагы укугу. Кептин баары эмнеде билесизби? Кызмат сурап бийликке баргандан кийин манчыркап жаткандарда болуп атат. Азыр айрым жетекчилердин эл менен мамилеси жок. Мындай жетекчилер бийликке залакасын тийгизиши мүмкүн деп ойлойм.




















Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan