Сардар АВАЗ

(Сандан-санга)
Тележылдыздын махабаты
(I серия)

...Тулку боюм алагүү тартып, кафеден чыктым. Артыман ким бирөө карагандай болду, кылчайганымча эки кыздын үлбүрөгөн сулуулугуна көзүм байланды. Тиктеше кеттик. Кыздар саал жылмайгандай. Мен дагы. Аңгыча телефонум шыңгырады.
- Алло...
- Мен келдим,-деген айымдын үнү.
- А-а...-тиги кыздардан көзүмдү зорго бура бердим.
Эки кыз эрте жаздагы жоогазындай көрүндү. Негедир үшүгөн десең. А мен чок сымал жанып. Ич дүйнөм алып учат... Азыр чалган айымдын элжиреген жүзү, илбериңки мамилеси, куйкум-юмор аралаш сөздөрүчү, тим эле жүрөгүмдү каккан казыкка байлап салгандай. Ал мага караганда акылдуу-дай, эстүүдөй көрүнгөн. Акыл таймашына түшө калган жайыбыз бар. Ит жыгылыш болуп. Эми карачы, ошол айымга саналуу кадамдар калды. Эх десең! Жол жээгинде апакай "Джип" турат. Жигитчесинен шарт эле барып отурдум.
- Саламатсызбы, майрамыңыз менен! - дедим чала мастыкка салып.
- Сонун, катуу майрамдагансың го, - деди койкоңдогон мойнун түзөп, беталдыдагы жарыкка карагыча.
- Кеттикпи, Гүлүм эже? - анын супсулуу жүзүнө карадым.
- Кеттик, бирок кайда? - деди ууртунан бүлк эте.
- Алыс жактарга, айдай бериңиз...
Машине зуулдап жолго түштү. Бишкектин жамгырга жуулган жолдорун кубалап. Белгисиз жакка бет алдык. Кудум секс сценарийдин башкы каармандары сыяктуу ачыгып. Анүстүнө башым да тумандап, мастыкка магдырап. Бир маалда:
- Тоо жакка чыгып келеличи, - дедим караңгыда шамчырак кармагандай сүйүнүп.
Гүлүм күлүп койду. Кыйма-чийме машинелерден озуп, ызгып баратабыз. Ылдамдыктын күүсү бизди кумар жыргалына азгырып бараткандай. Жолдо ката "Асанбайга" барууну сурандым. Ал жакка да жете бардык. "Бүгүн майрам эмеспи, эжеге гүл алайын" деген кыязда "Джиптен" түшө жөнөдүм. Кыпкызыл розалардан үчтү алып, чын дилимден тартуу эттим.
- Майрамыңыз менен!
- Рахмат! - гүлдү аяр кармай арткы орунтукка таштап койду.
"Мындайды далай жигиттер берсе керек..." деген кыжалат ой ичимен сызылып өттү. Кызык, "гүлдүн тагдырын кара, азыркы кафенин сыртындагы кыздар кейиптенип" дедим өзүмчө... Аңгыча айым:
- Шаардан сыртка чыгып кетеличи, ким бирөөнүн көзүнө чалдыгып калбай, - деп мага күлө карады.
- Жарайт.
Чоң-Арыкты көздөй салып-уруп жөнөдүк. Терезени ачсам, жаздын жаңы илеби урат десең. Мындай жагымдуулукка кошул-ташыл Гүлүм эженин дүйнөсү термелтет жандүйнөнү. Аны менен кумарга батып атканымды элестетип алып, тиягымды да ойготуп алдым. Зымырайта. Эй, ойлонгон жакшы экен! Жаныңдагың жарашып турса. Баары башкача, дүйнөм да таттуу сезилип.
Биз жете турган жерге да жеттик. Оюмдун баары алигидей кумар. Аныкы дагы сезилип атты. Жаратылыштын жаңырып атканы эргүүнү козгоп. Кудай жалгап жамгыр пастап калыптыр. "Тоого чыгалы" дедик. Тоо сүрдүү экен. Бир дөбөгө чыктык да, ыктай кучакташа кеттик.
- Отуралычы эми...-айым негедир уялыңкы.
- Баса, бүгүн күнүңүз кандай өттү? - дедим анын ысык денесине берилип.
- Күндөгүдөй... Сабакка бардым. Кечинде эфирге даярдандым. Анан эфирден чыккандан кийин үйгө бардым да, кайра сага келбедимби...
- Ушундай супсак элеби?
- Кандайча? - мага тигиле карады.
Ушу маалда айымдын жагымдуу жыты эрте жаздын илебине аралаша кетти, каңылжарымды өрдөп. Саал тиктешкендей болуп, анан кулагынан жыттадым. Жумшак кыңкыстап ийди, анысы жел менен кошо жорткондой бир заматта дымып калгансыды. Жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Кучагыма катураак кыстым.
- Ай, акырын,-деди Гүлүм эже туйлаган сымал.
- Эмне болду?
- Кыспачы?
- Кыскым келип, өпкүм келип атса...
- Ай токтосоң, айтчы, а сен бүгүн эмне кылдың?
- Кечке каңгыган карышкырдай жүрүп, анан майрамдадык. "Адриатикада" отурбадыкпы. Сиз келгенге чейин...
- Балдарың кандай жүрөт?
- Түзүк эле. Кызыгып атасызбы?
- Жо-ок ай! Таланттуу балдар да.
- Эмесе ошолордон Адис салам айтты.
- Саламат болсун! Анын жүргөнү жаман ээ, соо эмес ошол.
- Койчу? - Гүлүмдүн бетинен аяр өптүм.
- Мен анын чыгармачылыгын сыйлап жүрсө, ал кыздарды курутат окшойт...
- Адис андай жагынан да адис да...
- Айтсаң?
- Сиздин коллегаңыз бар го, ошонучу... Назгүлдү...
- Эмне кылды эле? - айымдын көздөрү чачырай түштү.
- Өзүнчө роман.
- Айтчы эми?
- Машинеге отуралычы, мен чыйрыга баштадым.
Оордубуздан туруп, шаардын кызыл-тазыл жарыктарына көзүбүз урунду. "Джипке" баратабыз. Ичимен толгонуп алдым, "баарын айтып салсамбы" деп ойлоно бердим.
Айым машинени оталдырды да, светин жагып, ушундай сүйкүм менен жылмая карады.
- Зарыл, Назгүл жөнүндө айтсаң?
- Кыскасы ушул, Адис экөө жүрөт...
- Ошо да ойнош күткөнгө жарайт бекен?
- Жараганы ошол да. Баса, анын күйөөсү барбы?
- Бар. Органда иштейт. Ал итирейип алып кыйын го... -Гүлүм эже какшык аралаш күлүп койду.
- Балким күйөөсүнөн рахат алалбайт. Сиз кайдан билесиз? Жашоо керек да...
Айым сумсая түштү. Өзүмчө байкасам, алсыз жерин тебелеп салгандай болдум. Чын эле. Кабагы катаал тарта мага карады.
- Дагы кимдерди билесиң?
- Журналистиканын чөйрөсүндө баары эле белгилүү да, өзгөчө биздин балдар бу жагынан уста да.
- Айтсаң дагы?
- Кулагыңызды тоссоңуз?
Тосту. Акырын өптүм. Анан бетинен, анан... таза өбүшө кеттик. Магнит сымал чапталышып. Бир оокумда үстүн чечип салдым. Жумшак, сыйдаң денеси айга чагылышат. Тоодон кылайган айга. Чын эле, тоо күбө болду, ай көрдү. Биздин алгачкы махабат арзуубузга... Чиркиндики, кумар эмес бекен?!
Таңгамаал шаарга түшүп баратабыз. Жарык киргиче үй-үйүбүзгө тарасак деп.
Ой чөлкөмүндө магдырай берип, бир нерсе кылт этти.
- Сиздин күйөөңүз каякта? - дедим чоочугансып.
- Командировкада.
- Келеби?
- Он күндөн кийин...
- Жакшы турбайбы, - дедим өзүмдү жеңил сезип.
- Эмнеге? -айым күлмүңдөйт да.
- А сиз эмнеге мени менен болуп атасыз?
- Себептери бар...
- Айтсаңыз?
- Айтылбайт. Ал менин ичимдеги сырым.
Гүлүм да, мен да ойго чөмүлө бараттык. Ичимен күрсүнүп "чоңдун аялы болсо, анан ушуларда да арман, себептер болобу" деген түкшүмөл пайда болду. Мен жандырмагын таппай кызыгып. "Энеңдурайын десе, мамлекетти ичип-жеп алышып, чет өлкөдө командировкалап, сайрандап жүрүшкөнүн кара!" деген кыжалаттык мээни тээп чыкты. Буулуга баштадым. Кайра-кайра ич күптүм козголуп, "энеңди десе... булар мамлекетти сызга отургузганы аз келгенсип, экиден-үчтөн катын алып, үй-жай, кызмат менен камсыздап, өздөрү чет өлкөдө жүрсө, биз болсо алардын кумар эңсеген катындарын кандырып, акмагыбыздын чыкканы ушул экен да!". Туталана түштүм.
- Ай Зарыл, сага эмне болду? - айым бир нерсени сезгендей мага карап.
- А... өзүмчө эле.
- Сени үйүңө таштап коеюн да, мен дагы эсалайын. Бүгүн демалыш эмеспи. Баса, кечкиге Айдай кафеге чакырган, "Мэриге" отуралы деп. Досуңду ээрчите кел.
- Адистиби?
- Ананчы?
Таңдын атышына кубалаша үйүмө жеткирди. Жумшак өбүштүк. Жуп кетерде бир нерсе кылт дей түштү.
- Салыкта иштеген курбуңузга жолугуп атасызбы?
- А эмне болду? - Гүлүм эже чоочугандай карады.
- Мейли. Кечинде сүйлөшөлү. Шашпай айтам.
- Жакшы эсал...
- Сиз дагы,-дедим да, "Джиптин" эшигин шарт жаап баса бердим.
Үйгө кирип келатам. Эй, эми аялым тосуп алат...














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan