Жуптөр

Айчүрөк Иманалиева менен Таалай Орозкуловдун үйлөнгөнүнө он алты жыл болду. Бул жылдан бери алар кайда барбасын чогуу жүрүшөт. Достору "ой, силер бир күндө 24 саат чогуу жүргөндөн тажабайсыңарбы?" дешсе, алар да тамашалап, "сүйүү күчтүү да" деп коюшат.

Айчүрөк
ИМАНАЛИЕВА:
"Биз бири-бирибизди кызганбайбыз"

Таалай
ОРОЗКУЛОВ:
"Айчүрөк байпак бергенди жакшы көрөт"
- Үйдө кимиңиздер кожоюнсуздар?
Таалай: - Экөөбүз тең кожоюнбуз. Азыркы заманда сен кожоюн, мен кожоюн деген болбой калды окшойт. Тытынып иштеп, үйдөгү жумуштарга да жетишебиз деп атып, кимибиз кожоюн экенибизди да унутуп калабыз. Үйбүлөлүк маселелерди экөөбүз эле чечип койбой, балдарыбыз менен да акылдашабыз. Алардын ой-пикирлери бизге өтө маанилүү.
- А ким "кошелек"?
Айчүрөк: - Жолдошум экөөбүздүн жумушубуз бир болгондуктан, тапкан акчабыз да бир. Ошондуктан, биз "сенин чөнтөгүң менин чөнтөгүм, менин чөнтөгүм сенин чөнтөгүң" дегенге көнүп калганбыз.
- Сиздердин үйбүлөлүк "конституцияңыздардын" өзгөчөлүктөрү?
Айчүрөк: - Мисалы, бизде кыргыздарда аял тамак жасап, үй жыйнап, кир жууш керек деген стереотип калыптанып калган. А биз бул эрежелерден алыспыз. Ким бош болсо ошол жумуштарды аткара берет. Менби, жолдошумбу, Аргенби, же Арленби, айтор бош болсок, пол жууп, чаң сүргөнгө чейин аткара беребиз.
- Алгач таанышкан күндөрүңүздү айтып берсеңиздер?
Айчүрөк: - Таанышканыбызга он алты жыл болду. Ал кезде жолдошум "Пирамида" телеканалында диктор болчу. КТРден экөөбүз таанышып калдык, бири-бирибиздин телефондорубузду алдык. Кыздарды артынан чуркатып, ал да өзүнчө популярдуу, мен да өзүмчө популярдуу. Бир-эки жумадай чалып жүрдү. Бир күн чалып "жолукпайлыбы?" дейт. 18-апрель болчу, эртесинде Аргендин туулган күнү эле. "Эмнеге жолугушубуз керек?" деп, мен кыз кылыгына салып атам да. "Менин туулган күнүм" дейт. "Бүгүн сенин туулган күнүң болсо, эртең менин баламдын туулган күнү" дедим. "Анда жолугууга себеп бар турбайбы" деп, өзүнүн туулган күнү болуп атса, мага гүл, Аргенге машина көтөрүп келиптир.
- Таалай, сизде кандай сезимдер болду ошол күнү?
Таалай: - Сиз сүйүп көрдүңүз беле?
- Болгон, андай сезимдер...
Таалай: - Ошондой сезимдерге мас болгом да. Кан-жаныма канат бүтүп, учуп кетчүдөй болуп, толкунданып алып келгем. Туулган күндү чогуу тостук.
Айчүрөк: - Ошол күндөн баштап бат-баттан жолугуп баштадык. Эл эмне дейт, ата-энелерибиз эмне дейт деп жашырынып, эки жылдан ашык сүйлөшүп жүрдүк. Анткени, ортобузда беш жаштай айырма бар. Анан бири-бирибизсиз жашай албашыбызды түшүндүк окшойт, үйлөнөбүз деп чечтик. Кудай буюрса, мына он алты жылдан бери урушуп-талашып, сыйлашып-ыйлашып бир коломтодон түтүн булатып жашап келатабыз.
- Кандай келинсиз?
Айчүрөк: - Мен кайненем, кайнатамдын жанында камыр жууруп, от жагып кызмат кылган жокмун. Алар Бишкекте эле жашашат, чыгармачылыгыбызды түшүнгөн билимдүү кишилер. Мени өз кызындай көрүшөт.
- Бири-бириңиздердин жакшы, анан жаман сапаттарыңыздарды айтып өтсөңүздөр?
Айчүрөк: - Таалай ушак, интрига деген менен такыр иши жок. Бул анын эң мыкты сапаты. Кээде какшыктап сүйлөгөн адамдардын чөйрөсүнө туш болуп каласың да. Бул байкуш какшыктаганды да жакшы түшүнбөйт, түз эле кабыл алат. Жаман сапаты болсо жалкоо, уйкучу. Аны уйкудан ойготуу өзүнчө эле чоң проблема.
Таалай: - Мен чын эле жалкоомун. Айканын эмгекчилдиги аябай жагат. Анан ишенчээктиги жакпайт. Муну үч жашар кыз деле алдап койсо болот.
- Ким көп таарынат?
Айчүрөк: - Мен көп таарынат болушум керек. Бирок, эки мүнөт эле. Таарынганымды унутуп калып, кайра өзүм телефон чалып алам да, чочуп кетем... Таалай орус мектепти бүткөн да, кыргызчаны жакшы сүйлөй албайт. Бир жолу экөөбүз кыйкырышып "Сен эмнеге минтип атасың... сенин минткенге укугуң жок" деп атабыз. Анан Таалай "Айка, сенин башың жок... сенин мага кыйкырганга үкүгүң жок" деп атпайбы. Анан мен ошол жерден тарс күлүп жиберип "ай, үкүк эмес, укук десең" десем, "Да какая разница, что укук, что үкүк?" дейт өзү да күлүп. Каткырып атып элдешип кеттик. Урушуп атсаң да, сөзсүз бир жерден кыргызча сонун сөздөрдү айтып коет, анан күлүп жатып калабыз.
- Ким көп кызганат?
Айчүрөк: - Кызганычтар, албетте, болот. Бирок аша чаап кызганып, бири-бирибиздин нервивизди "жебейбиз".
Таалай: - Мисалы, менин кызганычым "Эмне үч саат телефонго минип алдың?" деген болушу мүмкүн. Аны сурай келсең кайра эле жумуштун маселелерин чечүү болуп чыга келет. Негизи, адамга көңүл буруу жетишпей атканда кызганыч чыгат да.
- "Жылдыздын" жолдошу болгон деле оңой эмес болуш керек?
Таалай: - Менин жубайым элдин кишиси болгону менен сыймыктанам. Бирок, мен аны "жылдыз" болгону үчүн сүйгөн жокмун да. Мен анын адамдык сапаттарын, акылдуулугун, сулуулугун, мээримдүүлүгүн сүйөм.
- Ким көп эркелейт?
Таалай: - Ар бир аял эркелегенди жакшы көрөт болуш керек.
Айчүрөк: - Мени Таалай "Айкам", "королевам" деп эркелетет. Мен болсо Таалайчик дейм. Бир жумуштар бүтпөй аткан болсо "Таалай, сен мага караганда акылдуусуң го..." деп калам.
- Калп айтканга кандайсыздар?
Айчүрөк: - Такыр калп айта албайбыз, ага да шык болуш керек окшойт. Мындан 2-3 жыл мурун машине алдык да, достор менен жуудук. Анан Турусбек Жумалиев "Канчага алдыңар?" деп сурап калды, 16 миң долларга деп айтсам, "Ой, бул машинелер жыйырма миңден ашык турат, сен кошуп эле айтып кой" деди. Анан мен анын тилин алып, кийинки сурагандарга 17, 18 деп атып, бир убакта машинем 20 миңге чыгып кетти. Өзүм канчага алганымды билбей калдым да, Турусбекке кайра чалып "мен сага канчага алдым дедим эле, баасын таппай калдым" деп атпаймынбы...
- Кийимдерди кайдан аласыздар, продуктуну ким алып келет?
Айчүрөк: - Мен базарга барбаганыма көп жыл болуп кетти. Продуктуну Таалай алып келет. Анан концерттерден, тойлордон кайтканда кечинде "Народныйларга" чогуу кирип калабыз. Анткени, Аэлита ал жактагы коляскага түшкөндү жакшы көрөт. Кийимдерди болсо "Светоч" дүкөнүнөн алабыз. Чөнтөгүбүз жукараак болсо, эл катары "Дордойго" барабыз. Концерттик костюмдарды болсо, өзүбүздүн тикмечилерге тиктиребиз.
- Эсте калган белектер?
Айчүрөк: - Төрт жыл болуп калды. Салык инспекциясында иштеген бир Мисиркул деген байке искусствону аябай жакшы көрөт экен. Анан "шаардагы эң кымбат гүлдү сатып берем" деп шаарды түрө кыдырдык. Көңүлгө жаккан кооз гүл таппай койдук. Анан бир жерден Таалай экөөбүзгө тең 100 доллардан эки пальма сатып берди. Азыр ал пальмалар бир топ өсүп калды, үйдө турат. Ал эми майрам сайын Таалай мага ар түрдүү белектерди берип турат. Менин табитимди жакшы билет.
Таалай: - Эң сонун белектер - бул Айчүрөктүн мага сонун балдарды төрөп бергени. Айканын туулган күнүн белгилейбиз деп салаттарды жасап, даярданып отуруп эле, толготуп калат да төрөт үйүнө жөнөйт. Анан Арлен төрөлдү, кийин дал ошол күнү Аэлита төрөлдү. Үчөөнүн туулган күнү бир күн. Арген экөөбүздүн туулган күнүбүз болсо удаалаш. Бул да болсо Кудайдын буйругу деп ойлойм, ар кимге эле мындай белекти бере бербейт болуш керек. Анан дагы Айчүрөк байпак бергенди жакшы көрөт. Четөлкөлөргө барганыбызда мага байкатпай эле байпактарды сатып алып кое берет экен, кийин бергенде көңүлүң көтөрүлүп калат.
Дилбар АЛИМОВА




  Өнөр көчө

Эртең Айтматовдун туулган күнү
Көзү тирүү болсо улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эртең 80ге чыкмак. Анын урматына Бишкекте 5-декабрдан 12-декабрга чейин Айтматов жумалыгы өттү. Бул иш чаранын алкагында жазуучунун чыгармачылыгынын негизинде тартылган тасмалар шаардын бардык кинотеатрларында көрсөтүлдү. Андан сырткары, юбилейине арналган көргөзмөлөр болду. Бул улуу инсандын 80 жылдыгын кыргыз эли гана эмес, дүйнөнүн бир канча мамлекети белгиледи.

"Караш-караштын" 40 жылдык юбилейи
Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин "Караш-караш" көркөм тасмасынын тартылганына 40 жыл болду. Юбилейлик көрсөтүү "Ала-Тоо" кинотеатрында өттү. Кыргыз кинематографисттер департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Абибилла Пазыловдун айтымында, юбилейлик көрсөтүүгө кинорежиссер Болот Шамшиев өзү, кинотаануучулар, маданият ишмерлери, Казакстандан келген коноктор катышты. Кошумчалай кетсек, "Караш-караш" көркөм тасмасы 1968-жылы казак классиги Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде тартылган.

"Азия байлыктары" менен жаңы жылдык жарманке
11-декабрь күнү "М галереясында" сүрөтчү Өмүркул уулу Базаркулдун "Азиянын байлыктары" аттуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу галереянын арт-менеджери Мээрим Акматкулова билдирди. Анын айтымында, көргөзмөгө автордун этно-арт стилинде тартылган жаңы эмгектери коюлат. Мындан сырткары, жаңы жылдык жасалгалардын жарманкеси да болот. Ал жерде прикладдык искусство өкүлдөрүнүн эмгектери коюлат.

"Город 312" эң көп диск сатты
Кыргызстандан чыккан "Город 312" тобу "Обернись" альбому үчүн "Рекордъ-2008" сыйлыгына ээ болду. Анткени бул альбом 2008-жылы сатылуу жагынан Россияда биринчи орунду алган. Сыйлыкты тапшыруу аземи 2-декабрь күнү Москва шаарында өттү.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan