Айажар

Замира МОЛДОШЕВА, стилист:
"Күйөөм кесибимди түшүнүп, көр жемеден бийик турат"
Өткөн мезгилдерден айырмаланып, бүгүнкү кыргыз айымдары өз алдынчалыкка жетишип, көздөгөн максатына жетүүгө бир топ жаңы жолдорду таап алышты деген ойдобуз. Эгер сиз да өзүңүздү замандын ыргагы менен жүргөн, эркин, күчтүү аялзаты катары эсептеп, коомго пайдасы тийген иш кылып, же ошого аракеттенип жүрсөңүз, анда ушул саныбыздагы Айажар рубрикасы сиз үчүн.

- Карьера жагына келгенде Батыш аялдарынан айырмаланып, мусулман аялдарына жолдошу тарабынан кандайдыр бир чек коюлат эмеспи. Негизи мусулман аялдары карьера жасоодо эмнени жоготушат, эмнени табышат деп ойлойсуз?
- Акыркы учурларда биздин аялдарда деле боштондук болуп калды. Кимдин колунан эмне келсе, ошол ишти жасап жан багат. Мисалы, ошол эле Батыш аялдарындай саясатка, бизнеске аралашып жүргөн кыргыз аялдары толтура. Өзүн кызматкер айым кылабы, же үй кожойкеси кылабы ал ар бир аялдын өзүнөн көз каранды. Мисалы, үйүнөн чыкпай отурган аялдарды күйөөсү камсыз кылат дечи, бирок, өзүнө пайдалуу бир иш менен аял алек болушу керек деп ойлойм. Азыр тескерисинче, аялдар лидер болуп калышпадыбы. А эркектер чындап келгенде улуу балаңдай эле да, муну өздөрү деле мойнуна алышат.
- Аялдын сырткы келбети ишинде канчалык роль ойнойт?
- Аялдын келбети 60%, акыл-эси 40% роль аткарат деп ойлойм. Кызматкер айымга сөзсүз түрдө өзүн таза, тыкан алып жүрүүсү керек. Бирок кээ бир учурда убакыт жетпей калат. Менде деле андай учурлар болот. Мисалы, маникюр жасабай калып, барган жерден "эч ким колумду көрбөсө экен" деп катам. Баары бир убакыт табышыбыз керек. Биз деген аялбыз да. "Аял" деген сөздө эле баары айтылып атпайбы.
- Күйөөңүз ишиңизге кандай карайт?
- Ал жагынан мага Кудай берген. Жолдошум аябай түшүнүктүү. Мен эң эрте дегенде үйгө кечки - сегизде, көнүмүш - ондо, бир аз кармалдым дегенде - он экиде барам. Болгон бир эс алуу күнүм - жекшемби. Ал күнү да үй иштери менен күн өтөт. Үйгө келген-кеткендерчи... Аябай эле чарчайм. Ушул жагынан жолдошум "молодец". Кээ бир күйөөлөрдөй болуп көр жеме эмес.
-Үйбүлөңөрдө ким көп акча табат?
- Экөөбүз бирдей эле табабыз. Бирок сеники, меники демей жок. Үйдө күйөөм -бухгалтер, эртең менен акчаны санап, чыгашаларды эсептейт. Мен акчаны 10 сомго чейин кайда коротконумду жазып турам. Ага мени жолдошум үйрөттү.




Компьтерде иштөө келбетке кандай таасир этет?
Дайыма компьютерде иштеген айымдарга көздүн көрүүсү бузулуу, бүкүрөйүп калуудан башка дагы теринин эрте карып кетүү коркунучу турат. Ошол себептен адистер бир күндө манитордун алдында 2-3 саат гана отурууну кеңеш беришет. Бирок, бүгүнкү күндө керели-кечке компьютердин алдында отуруп иштеген айымдар аз эмес. Андай учурда адам сөзсүз өзүн компьютердин "чабуулунан" сакташы керек. Мисалы, компьютер турган бөлмөдө жашыл өсүмдүк (жок дегенде кактус) болушу керек. Ар бир 60-70 мүнөттөн кийин таза абага чыгып, 5-10 мүнөт эс алуу зарыл. Анын ортосунда суу же айран ууртап койсо да болот.
Эгер боенбосоңуз, иштеп жаткан ар бир 2-3 саттын ичинде бетиңизди минералдык суу менен жууп турсаңыз, теринин кургап кетүүсүнөн өзүңүздү сактап каласыз. Ал эми боенгон болсоңуз, жүзарчыны суулап, 5-7 мүнөт бетке чаап туруу керек.
Жакында немис окумуштуулары компьютер нурларынан сактануунун жаңы жолун ойлоп табышты. Анда сиз күнүнө бир жолу помидор менен капуста кошулган салат жеп, копьютерге отуруу алдында 2 чыны көк чай ичип коюшуңуз керек. Көк чай терини бир күн бою коркунучтуу нурлардан коргоп турат экен.




Жалаң эркектер иштеген коллективде кантип "жашаса" болот?
"Жалаң эркектер иштеген коллективде жалгыз айым мен болсом, аларга роза гүлүндөй болом" деп ойлосоңуз, жаңылышасыз. Андай коллективде иштеген - согуш талаасында жүргөнгө эле барабар. Анткени, аялзатынан айырмаланып, эркектер арасында өзгөчө бир "жигиттик" деген түшүнүк болот. Ал жерде эч ким бири-бирин аябайт, сырдашып, кеңешип отурбайт. Психологдордун ою боюнча, мунун себеби, ата-эне кыз баланы боорукерликке, үйбүлөгө, жакындарга мээримдүүлүккө, ал эми эркек баланы бир нерсеге өзгөчө жоопкер болууга, өзүнүкүн эч кимге алдырбоого тарбиялагандыктан экен.
Сиз иш боюнча жарнамалардан "коллективде иштей билген кызматкер керек" деген сүйлөмдү окусаңыз керек. Бул кесиптештер менен кыйышпас жылуу мамиледе болуу деген кеп эмес. Мунун негизги мааниси коллективдин пайдасына иш кылуу, сөзсүз коллектив көздөгөн максатка жетүү дегенди билдирет. Эгер сиз эркектерден турган коллективде жалгыз айым болсоңуз, же жакында ошондой жерге ишке киргени жатсаңыз төмөндөгү кеңештерге көңүл буруп коюңуз.

Эч качан жумушка жаңы кирген 1-2 айдын ичинде коллегаларыңыздан жардам сурабаңыз. Муну менен сиз өзүңүздүн акылдуулугуңузду жана өз алдынчалуулугуңузду көрсөтө аласыз. Сизди сыйлагандар көбөйөт.

Жетекчиңиздин көзүнчө сизге башкалар катуу сүйлөп, пикир келишпестиктер болсо, өзүңүздүн айтканыңыздан кайтпаңыз(эгер сиздики туура экенине ишенсеңиз). Муну менен сиз жетекчинин көзүнө позициясы туруктуу кызматкер катары көрүнө аласыз.

Жумушка орношуп жатканда, эч качан "мен коллегалар менен жакшы мамиле түзгөнгө аракет кылам" деп айтпаңыз. Ал жерде бир гана "ишти жогорку деңгээлде аткарам!" деген урааныңыз болушу керек.

"Ошол эле эркек адам кылган иш - менин да колумдан келет" деген ой менен, жетекчи тапшырган ар бир ишти коркпой аткара бергениңиз оң.

Эгер жалаң эркектер иштесе, демек, бул аябай эле олуттуу иш, ал жерге сиз эч качан көңүл бурдура турган кийимдерди кийбешиңиз керек. Кийимдин өңүнө да көңүл буруңуз. Мисалы, ачык кызыл же сары түстөгү юбка кийип алган болсоңуз, жетекчиңиз сизге эч качан орчундуу ишти тапшырбайт.

Негизинен ушул кеңештерди аткара жүрүңүз, бирок, муну менен биз андай коллектив сөзсүз эле дайыма коркунуч жараткан, баш оорутма коллектив дегенден алыспыз. Албетте кандай коллективде, кандай даражага жетип, кандай иш алпарасыз, ал сиздин жөндөмүңүзгө жараша болот.




Сиз кимсиз?
Бул тестти толтуруу менен өзүңүзгө ушуга чейин белгисиз кулк-мүнөзүңүздү ача аласыз. Тестти толтурууда көпкө ойлонбой, чыныгы, жүрөгүңүзгө жакын жооптордун тушуна белги коюңуз. Айта кетсек, бул жерде сизди "жаман" же "жакшы" деп эч ким айтпайт. Жөн гана өзүңүздүн ким экениңизди аныктап алыңыз.

1. Эгер сиздин жетекчиңиз ишиңизге нааразы болуп, ошон үчүн бардык кесиптештериңиз премиясыз калаарын айтса...
а. Ишимди кайра башынан жакшылап иштеп чыгам.
б. Андай оор иштерди башынан эле өз мойнума албайм.
в. Коллегаларым мени колдооруна ишенем.
г. "Адам ошентип отуруп өсөт да" деп коем.
2. Сиз менен катарлаш коллегаңыз кызматы боюнча көтөрүлүп, эми ал сиздин жетекчиңиз болуп калды...
а. Эгер анын пайдасы коомго тие турган болсо, ага баш ийип иштей берем.
б. Мага баары бир.
в. Таңкалбайм, анын мүмкүнчүлүктөрү меникинен жогору болчу.
г. Ага ким колдоо көрсөтүп атканын билем да, мен да ошол адам менен дос болууга аракеттенем.
3. Эгер сиз архитектор болсоңуз, биринчи кайсы курулуштун долбоорун колго алмаксыз?
а. Чоң шаардын.
б. Ким кандай тапшырма берсе, ошону аткара бермекмин.
в. Театрдын.
г. Мен архитектор болбойт болчумун.
4. Теледен кайсы берүүлөрдү көп көрөсүз?
а. Саясат тууралуу.
б. Пайдалуу кеңештерди айта турган.
в. Концерттерди.
г. Таптакыр телевизор көрбөйм.
5. Эгер сизди 10 адамдан турган коллективге жетекчи кылып койсо...
а. Жакшы иш-аракеттерди баштамакмын.
б. Бир аз корком.
в. Анда мага сөзсүз жаңы машина керек болот.
г. Алардын сазайын берем.
6. Сиз менен урушуп кеткен адам кокустукка кабылып, ооруканага жатып калса...
а. Ойлонбой туруп, ахвалын сураганы барам.
б. Аны менен урушканым үчүн өзүмдү ичимден тилдей берем.
в. Мен ага күнөлүү эмесмин да.
г. Ошого сооп болду!
7. Эгер сиз журналист болсоңуз, эмне жөнүндө жазмаксыз?
а. Коомго кантип пайда алып келүү жөнүндө.
б. Медицина, биология...
в. Мода, театр, шоу-бизнес...
г. Эч нерсе жазгым келбейт.

А - тамгасы көп болсо - сиз ишке берилген, оптимист адамсыз.
Б - тамгасы көп кездешсе - өзүңүзгө көп шектенесиз, акыл эмгекке жөндөмүңүз аз.
В - Көңүл борборунда болууну каалайсыз, саясат, экономика илимдерине "тишиңиз өтпөйт".
Г - Өзүңүздү да, өзгөнү да баалабайсыз.

Бетти даярдаган
Бегимай БАКАШЕВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan