Улут укуругу

Совет ЖАМАЛДИНОВ, "Асаба" улуттук партиясынын лидери:
"Улук болсом тилим менен улукмун"
- Урматуу мекендештер! Кымбатуу
Элдик Курултайдын катышуучулары!
"Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясынын атынан сиздерди бүгүнкү Элдик Курултайдын катышуучуларын чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиздер.
Жогоруда сүйлөгөн жолдоштор өлкөбүздүн саясый -экономикалык, коомдук-саясый кризис, энергия кризиси ошондой эле азык-түлүк кризиси жөнүндө айтып өтүштү. Ушул айтылган кризистерден тышкары, азыр эң орчундуу кризисти айтар элем.
Кыргыз эли байыртадан эле өзүнүн Ата Мекенин, аскасы бийик Ала Тоосун, көгүлтүр Ысык-Көл , кең өзөн Чүйүн, ыйык Сулайман тоосун, өрүкзарлуу Баткенин, айтылуу Кетмен-Төбөсүн, аркар -кулжалуу Алайын, Теңир Тоолуу Нарынын атадан калган мурас катары көзүнүн карегиндей сактап келген. Ата-Журтубуздун бейпил турмушун, бакыбат жашоосун камсыз кылган:
"Эй жарандар,
Эрендер,
Бектер жана берендер,
Мейли бакыр,
Мейли баатыр…-
"Мен кыргызмын" дегендер!
Зоок үчүн келгеним жок бу жерге.
Соболум бар
Айта турган силерге.
Бир Ата- Журт,
Бир Асаба,
Бир жөлөк бар бир элде
Биз, кыргыз атабыздын мураскорлору ошол атадан калган ыйык мурастарды сактообуз керек.
Улутубуздун Кыргыз Атадан калган үч ыйык мурасын айтаар элем. Ар бир кыргыздын уул- кыздары ал ыйык мурастарды коздүн карегиндей сактоого милдетүү.
Биринчиси, бул- ыйык кыргыз жери. Ата жери. Ата- Журтубуз.
Экинчиси, бул- эне тил-кыргыз тил. Манас бабабыздын тили. Менин тилим. Сенин тилиң!
Үчүнчүсү, бул -Улуттук маданият, каада-салт, үрп-адат, улут руху.
Биз бүгүн эмне үчүн ушул чон ак сарайда Кыргызстандын туш- тарабынан келген карапайым эл өкүлдөрү Элдик Курултайда отурабыз? Биз жыргап кетип, турмушубузга мактаналы деп Элдик Курултай чакырганыбыз жок.
Эмне үчүн кыргыз бийлиги Кыргызстанда жашаган карапайым элдин, кыргыз улутунун кызыкчылыгын, Кыргыз мамлекетин коргой албайт?
Анткени биздин олкөдө жашаган карапайым кыргыз элинин кызыкчылыгы, мамлекеттин кызыкчылыгы эң акыркы орунга коюлуп, улуттук байлык болгон эбегейсиз кооз жерибизди, андагы кен- байлыктарды жана жаратылыш байлыгы болгон суубузга чейин жеңичинен бир ууч аткаминер, куучирендердин сатуусуна мүмкунчүлүк тузүп берип жатабыз.
Ушундай кайдыгерлик, көңүл коштук эртеңки кыргыз мамлекетинин жок болуп кетишине өбөлгө түзүп жатат деп эсептейм.
Биз качанкыга чейин ушундай кемсинтүүгө чыдай беребиз? Улут кайда? Эл кайда? Мамлекетик чиновниктердин эсепсиз байышы, мамлекеттик казынаны, байлыктарыбызды уурдаганын карапайым Кыргызстандын эли көрүп - билип туруп унчукпай отурабыз. Качанкыга чейин унчукпай отура беребиз?! Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!
Ата- бабанын ыйык топурагын тебелеп, бөлөк элге кошомат айткан, керек
болсо жерин, элин, динин саткан берендер чыкты кыргыздан.
Трайбализм, жердештик оорусу чегине жетип, өзүмө-өзүм бий, өзүмө-өзүм бек тушүнүгү менен айланасына бир туугандарын, классташ, куда- сөөк, аяштарын, жердештерин топтоо күч алууда . Ал эми жалдоо менен киши өлтүрү, уурулук, каракчылык чак түштө болуп, сойкулук, баңгилик, аракечтик, жеке адамдын укугун уятсыздык менен тепсөө, соттордун мыйзамсыздыгы, "менин милициям мени тонойт" принциби менен укук коргоо органдарынын мыйзамдуу рекеттерге айланышы кейиштүү акыбалга алып келип отурат. Жер- жерлерде логикага негизделбеген бийлик башындагыларды колдошубуз керек маанисинде анархизм жыттанган ураандар көнүмүш адатка айланды.
Мамлекетибиздеги ушундай фактылардан кийин кандай жыйынтык чыгарсак болот?
"Адамдын жумшагын адам жейт, жыгачтын жумшагын курт жейт".
Кандай жолго түшүбүз керек ? Кыргыздар кандай тунгуюкка кептелдик? Улуттун жок болуусунабы? Анархиягабы же авторитардык өзүм билемдиккеби?
Демек, бул- жалпы кыргыз эли ойлоно турган олуттуу, курч маселе.
Ал эми экинчи мурас - бул эне-тил.
Эмне үчүн Кыргыз мамлекетинде эне тилибиз болгон кыргыз тили толук кандуу иштебейт? Буга ким күнөөлүү ?
Менин жеке пикиримде, эне тилин билбеген кыргыздын аткаминери күнөөлүү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасында, өз Ала Тоосунда толук кандуу сүйлөнбөй келе жатат? Болбосо кайсы мамлкетте кыргыз тили ээн эркин сүйлөйт? Пекиндеби? Москвадабы? Анкаркадабы, же Америкадабы? Андыктан өлкөдө бир гана мамлекеттик кыргыз тили болуш керек, ал мамлекеттин да, улуттун да кызыкчылыгын көздөшү зарыл. Кыргыз тили бөлөк тилдердин чаңында калбашы керек . Бүтүндөй иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлүп, а тилди билбегендерди кызматтарга жолотпоо керек.
Кыргыз мамлекети күчтүү мамлекет болгондо гана жашаган көп улуттуу калкыбызга эң жакшы жашоо шарттары түзүлөт. Залда отурган орус, өзбек , уйгур туугандар жана башка элдин өкүлдөрүнө кайрылам. Кыргыз мамлекетинин бүт атуулдары, кыргыз жерин Ата Мекеним деген ар бир улут- кыргыз улутун негизги улут катары, жердин ээси катары сыйлашы жана колдоосу зарыл. Ошондо гана кыргыз сиздерди сыйлайт жана дайыма коргой алат. Муну эч убакта эч ким унутпашы керек? Анткени биз Кыргыз мамлекетинде жашап жатабыз.
Улуттун тагдырын ойлоо ар бирибиздин милдетибиз. Антпесе көп улуттуу Кыргызстандын фонунда тупкүлүктүү улуттун кызыкчылыгы, ар намысы кээ бир шовинисттер тарабынан басмырлана берет.
Ооба, бүгүнкү күндө ата-бабалар салты эмне болду?
Ата-салтыбыз бузулду. Айыл аксакалдарыбыз жасакерленип өз кара жанын сактоого өттү. Жаштарда ыйман - ынсап кетти. Ата-бабабыздан калган ыйык салт мурастар унутула баштады.
Жогоруда айтылгандын негизинде, Элдик Курултайдын катышуучуларына "Асаба" Улуттук кайра жаралууу партиясы төмөндөгүдөй сунуштар менен кайрылат:
Биринчиден, Ата-Журтубуздун жерин, улуттук кен байлыгын, жаратылыш байлыктарын мамлекеттик мыйзам негизинде Улуттун кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланууну талап кылабыз.
Экинчиден, Улуттук маданиятты ар тараптан өнүктүрүү менен жаштарды адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялоо багытында Улутук программа түзүүнү талап кылабыз.
Учүнчүдөн, келерки жылы кыргыз тилинин мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 20 жыл толушун эске алып, "2009 жыл - кыргыз тил жылы" болуп жарыялансын. Кыргыз тили мамлекеттик жалгыз тил болуп кабыл алынышы зарыл.
Сөзүмдүн аягында кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраевдин таамай айткан ыр саптарын окугум келет.
Тунук болсом,
Тилим менен тунукмун,
Улук болсом,
Тилим менен улукмун,
Улут болсом,
Тилим менен улутмун!
Анткени тил -
Ар улуттун улуттугун аныктаар,
Паспорту да,
Мандаты да,
Метрикасы улуттун!
Рахмат.




  Эл тамырын тирилтеби?

Эмилбек КАПТАГАЕВ, "Улуу Биримдик" улутчул-демократиялык партиянын лидери:
"Оппозиция күнүлөш-төрдөй ыркыраш-паса деп тилейм"
- Урматтуу делегаттар, урматтуу Элдик Курултайдын катышуучулары!
Өлкөдө абал өтө эле оор болуп калды. Азыр өлкөдөгү абалды кризис деп мүнөздөө өтө жумшак болуп жаткандай. Бул жерде кыргыздын бүлүнүү, кыйроо, талануу деген сөздөрү так аныктама бере турган. Кыргызстан мезгили менен болуп туруучу кризис-ке эле кабылып жаткан жок. Өлкөбүз бүлүнүп жатат, талкаланып, кыйрап жатат, таланып-тонолуп жатат. Мындай кыянатчыл саясаттын запкысын азыр ар бир үйбүлө тартууда. Коомдук парламенттин өткөн жыйынында Топчубек Тургуналиев айтты го: "Эл мурдагы бийликти сындап келген болсо, азыркы бийликти каргап жатат" - деп. Бул турмуш чындыгы.
Ушул жагдайдан алганда азыр бүтүндөй эл оппозиция болуп калды. Эл ичинде нааразычылык абдан чоң. Бирок, саясый активдүүлүк төмөн. Нааразы болуу, кыжырлануу бар, бирок абалды өзгөртүүгө карай жалпы умтулуу жок, саясый жигердүүлүк жок. Эл азыркы саясый режимге макул эмес. Бирок, эл туңгуюктан чыгуучу жолду көрө албай турат. Биздин Курултайдын негизги максаты - элге ошол жолду ачып көрсөтүү деп ойлойм.
Ооба, бүгүн көптөгөн мекендештерибиз оппозициялык саясый күчтөрдү колдоп чыгууга макул. Бирок, кооптонуу бар, ишенбөөчүлүк бар. Көкүрөк муштап - эл деп жүрүп эле бийликтин колтугуна кирип кеткендер канча? Эл ичинде: "азыркы оппозиция деле кызмат берилсе басып кете берет, аларга бийлик эле керек, элдин тагдыры, карапайым калктын турмушу алар үчүн жөн эле саясат оюну" - деген сөздөр айтылып эле жүрөт, аны барыбыз эле угуп жүрөбүз. Ушул залда деле ушундай ойдогу адамдар бар. Бирок, мындай пикир үчүн элге нааразы болууга биздин акыбыз жок. Ниеттин тазалыгына, максаттардын актыгына, кепилдик талап кылышка элдин толук акысы бар. Бүгүн биз элди ишендиришибиз керек. Эң негизгиси, оппозиция лидерлеринин инсандык жоопкерчилигин так көрсөтүшүбүз зарыл. Мына ушул шартта гана элде ишеним пайда болот, эл колдойт, өлкөнүн келечегин ойлогон конструктивдүү күчтөрдүн биригүүсүнө өбөлгө түзүлөт.
Эгерде ушул саам дагы арабыздан ала чыгып, ичибизге кирип алган бирин-эки мансапкор көрпенденин кесепетинен алдыга койгон максаттарга жетпей, өксүп кала турган болсок, анда мындан ары мамлекет, улут, келечек жөнүндө сөз кылуунун кереги жок болот. Биз, кылымдарды карыткан Улуу Кыргыздын тукумдары, майдаланып, ачкөз, коркок, ичи тар, күнкарама, кошоматчы, мансапкор болуп калганыбызды дүйнө коомчулугунун алдында моюнга алышыбыз керек да, кара курсактын камын көрүп, ар кимибиз ар жакка тарап кеткенибиз жөн. "Отун албаганга от жактырба" деген сөз бар.
(Уландысы 11-бетте)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan