архив • редакция 


  Өз башындагы төөнү көрбөй...

Дастан Сарыгулов карандай коо жаап, "сасык" оюнду баштадыбы?..
Дастан Сарыгулов деген аксакалыбыз бар. Кишинин көзүнө өмүрү тик карабаган, бүт өмүрү мамкызматка чырмалган киши. Өзгөчө Кыргызстан эгемендик алгандан тарта Акаевдин коюндаш досу болуп, губернаторлук, "Кыргызалтын" башчылыгы өңдүү майлуу кызматтарга минсе, Бакиев доорунун башатында коңулдан чыга кала мамкатчылыкты аркалап жиберген. Азыр бош. Тээ кылымдар түпкүрүнөн кеп чубап, "Теңир - Ордо" атыккан фондду жетектемиш этип келет. Кыргызга күйгөн кыязында. Күйгөнү курусун, акыркы күнү гезит беттеринен оппозиция лидерлерин "поктоп", жыландын башын кылтыйта жылжыма суроолорун коюп жүрү. Өткөндө "Асман-пресс" гезитинен СДПК лидери Алмаз Атамбаевге эби-сыны жок асылыптыр. Собол коюп... Же анысы суу кечсечи. Эмесе, Дастан аксакалдын Алмаз Атамбаевге "агыткан" соболдоруна жооп издеп көрөлүчү. Айтмакчы, биз бул жерден Атамбаевге жан тартуу, же аны актоо үчүн эмес, дегеле оппозиция айдоосуна таш ыргытып, ар кимине бир асылган Дастан Сарыгуловдун өз жүзүн өз соболдоруна жооп берүү менен ачып көрөлү дедик. (Асты сызылган тексттер Дастан Сарыгуловдун сөзү экенин эскерте кетмекчибиз).
1. "Атамбаев өкмөт башчылыгына Жогорку Кеңеште бекип жатып, "Мен Акаевге каршы болчумун" деп карандай калпты уялбай туруп айтты".
- Эгер Атамбаевдин Акаевге каршы турганы калп болсо, Сарыгуловчосунан Акаевди коюндаш дос күтсө, 2000-жылы Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоодо уткан мандатын, өз эмгеги, аракети менен тапкан байлыгынын 90-95%ын Акаев күчкө салып, тартып алат беле?
Акаев режиминде Башкы прокуратурага "Кандай да болсо бир нерсесин таап, Атамбаевди камагыла" деп Акүйдүн лөктөрү буйрук берет беле? Уятты ала чуркайсыз да, жарыктык киши. Уят эмне экенин билсеңиз, ушул сөздү сиз айтпас элеңиз.
2. "Акаев учурунда канча завод-фабрика, үй-жайларды менчиктештирип, бюджеттен кайра кайтарылгыс көптөгөн кредиттерди алганын унутса дагы, Акаевдин колунан алган "Даңк" медалын унутпашы керек эле".
- Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө терең анализ жүргүзүп көрүңүзчү, Дастан аксакал. Ал киши бир да завод-фабриканы менчиктештирген эмес. Эгер ишенбесеңиз архивди казып чыгыңыз, бекер отургуча. Завод-фабрикаларды сизге окшоп директорлук креслодо отургандар менчиктештирип, Атамбаевге окшогон бизнесмендерге акцияларын 10 эсе, 50,100 эсе кымбат кылып саткан. Атамбаев заводдорду ошондо сатып алганын сиз менден жакшы билесиз.
Кайсы учурда бюджеттен акча алганын далилдей аласызбы? Жок. Анткени, алган эмес. Ал адам Акаев учурунда мамструктурада иштеген эмес. Мамструктурада мына сиз иштегенсиз. Балким, бюджеттен кайтарылгыс кредиттерди сиз алып жүрбөңүз? Акаев учурунда кимдер "гүүлдөгөнүн" сиздин өздүк "үй хансарайыңыз" эле далилдейт.
(Уландысы 3-бетте)




Саясат KG
Жакалашмай
А.Мадумаров менен М.Садыркуловдун талашканы не?
Жакынкы күндөрү А.Мадумаров менен М.Садыркулов Акүйдөн айтыша кетишип, аз жерден балжа-булжа чабыша кете жаздаган имиш. Көргөндөр арачага түшкөнүн айтышууда. Ооз-дон чыккан сөздөрү да бири-бирин кемсинтмей, кызык дешүүдө. Ак ит кирип, кара ит чыккан маанисинде. Минтип ажонун жакын жан-жөөкөрлөрү тытышып атса, анда жыргаптырбыз!

Шыбырашмай
Д.Нур уулу эмнени акылдашты?
"Жаңы Кыргызстан" партиясынын үлкөндөрү Ү.Сыдыков, И.Исаков, Д.Нур уулу жашыруун акылдашып, президент К.Бакиевди шыбаган сыяпатында кеп чыгууда. Мындай сүйлөшүү атайын үн жазмага жазылганы, ал жогору жакка жеткени маалым. Мындан соң Д.Нур уулунун ээрден көчүгү кыйшайып, тагдыры аскага илинүүдө. Аны мамкатчылыктан Улуттук университетке кудалап, бирок шайлоодон чабылары божомолдонууда.

Эргимей
И.Исаков оппозициянын офисине неге барды?
Кечээ "Жаңы Кыргызстан" партиясынын лидери И.Исаков "Акыйкат үчүн" кыймылынын офисине барып, шашпа-ай чер жазуу рахатына батты. Кимдер менен дебейсизби? "Ата Мекен" партиясынын лидери Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов ж.б. саясатчылар менен. Алдыдагы саясый пландар, тактикалар боюнча акылдашты. Ынтымакка келели дешип. Айтмакчы, Исмаил мырза Түштүктү кыдырып келгенин, элдин пикири бийликке бузула баштаганын жашырбады. Эргий сүйлөп.

Адыраңдамай
Олигарх Шаке ажо таптаган саяпкерби?
Байлыкка маарып, эми саясатка ык коеюн дегенби, айтор, алкомагнат Шаке акыркы кездери өкүл атасы Т.Сариевди өлө колдоп, шымалана киришкен кербези дейт. Тар чөйрөдө Темикени президент кылабыз маанисинде күпүлдөп, чөнтөктү чапмайы күчөгөндөй. Атаңгөрү десе, көздү май басат дечү беле (?), кокус эртең Шакенин мындай аракетине бийлик каарын төксө, баш чайкап отуруп калбагай эле. Сынып. А Т.Сариев болсо саясаттагы "карышкыр" да, кабагым-кашым дебейт го...

(Уландысы 2-бетте)




  Үшкүрүк

Тууганбай деген ким эле?
Турушу менен ыр эле...
Өттү... Бу кем дүйнөдөн, бу шор дүйнөдөн кыргыздын өнөр түркүгү - Сөз касиетин туу тутуп, анда төгүлүп да, төгүп да бүт өмүрүн берип келген Тууганбай деген тумарыбыз өттү, каранкүн...
Төкмөлүк үчүн төрөлүп, төкмөлүк менен торолуп, чокуга сала бергендей, чукул-курч, таамай сөз ээси, Чоңкодон чыккан чолпонубуз өттү, каранкүн...
"Махабаттын дастанында" Бегимайын сүйдүрүп, сезим үчүн селт этпей, денесин отко күйдүрүп, көргөндүн зээнин кейитип, арзууга конок жандардын, жүрөгүн ээлеп-элиртип, тасмага түшкөн кадимки Бегимайдын ашыгы Раймаалы өттү, каранкүн...
Тука (өнөр дүйнөсү аны ушинтип атачу эле), жаткан жериңиз жай болсун. Кыргыз бар - сиз барсыз. Ыр жашап турганда - сиз жашайсыз!
"Учур" гезитинин жамааты




Жашайт Тукам!
Тийген күндүн нурларында,
Түмөн кыргыз ырларында,
Төр жайлоонун кырларында,
Төкмөлөрдүн сырларында,
Ой гүлдөтүп обологон,
Обондордун ыргагында,
Жашайт Тукам!

Акыл-эстин тазасында,
Асыл-элдин батасында,
Жүрөктөрдүн тереңинде,
Журттун өнөр желегинде,
Улуулуктун данегинде,
Урпактардын карегинде,
Жашайт Тукам!
Жеңишбек ЖУМАКАДЫР














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan