Көшөгөнүн артында

Атактуулар азартка кантип батышат?

Кыргыз элине төбөсү көрүнгөн атактуулардын кантип эс алганы, азартка батканы боюнча изилдеп көрдүк. Саясатта, мамлекеттик кызматта башка чийимде жүрсө, ал эми жай турмушта алар деле адам да. Кумарга батат, чер жазат, тамаша курат деген сыяктуу. Мына ушул жагынан окурман журтчулугуна жарыялап туралы дедик. Эң кызыгы, биз алардын жандүйнөсүнөн, ички толгонууларынан да кабар бермекчибиз. Сиз билген, сиз билбеген кызыктарга бой таштайлык анда...

М.Турганбаев менен килем үстүнө кармашка чыгасыңбы?
Белгилүү изкубар Мелис Турганбаев кызматынан четтетилгенден бери спорт жаатына кенен-чонон киришип, спортко шыгы бар ышкыбоздорду тарбиялоодо. Өзүнүн жүрүм-турумуна абай салып көрсөк, дайыма аны спорт үлгүсүндөгү жигиттер кайтарып жүрөт. Душманы көп экенинен кабар этеби?
М.Турганбаев бош убактысында дене бойду сергитип, сууда чабак ургандан рахат алат. Мындай эс алууну байма-бай кайталап тураарын эшиттик. Андан да кызыгы, Мелис мырза ар убак килем үстүндөгү кармашка чыгып, каруу билегин текшерип турат экен. Алка-шалка тердегенче күрөшүп, өнөктөшүн көмөлөтө чапкандан азартка батат. Кызык бекен?

Э.Сатыбалдиев ылдамдыктын ышкыбозу
Өлкөнүн Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев сыртынан кандай сүрдүү, катаал адам көрүнсө, ички руху да ошого жараша бийик, бай десек болот. Жүрөктүү. Ал өзү орган адамы болгону менен, чыгармачылыкты, көркөм дүйнөнү терең баалайт.
Элмурза мырзанын бала кезинен берки калыптанган "өнөрлөрү" көп. Башкасын айтпасак да, анын мурдагы учурларда машинени ушундай катуу ылдамдыкта айдаганы (албетте, башка жерден), андан кумарга батканын эч ким билбейт. Маселен, ыгы келген жолдон 220-240ка дейре газды тээп, ызгытканда, көргөн адамдын жүрөгү түшүп эле калчу. Кудум эле "перевозчиктин" образын элестетиңиз. Мындай кооптуу көрүнүшкө кандай жүрөк түтөт? Ал эми бүгүнкү кезде Э.Сатыбалдиев ишемби, жекшемби күндөрү рулга өзү отуруп калмайы бар...

Балык уулаган Т.Субанбековдун кыялдануусунан
Экс-депутат Таалай Субанбеков бизнес "битинин ичегисине кан куюп", көп жылдардан бери ушул тармакта эмгектенет. Ал ортодо депутат боло калып, аз жерден чоң саясаттын чокусуна чыга жаздады. Бүгүнкү кезде арак-пиво заводдорун өркүндөтүүнүн үстүндө иш алпарууда. Мамлекетке очойгон салык төлөп.
Анын кантип кумар аларын да иликтеп көрдүк. Таалай мырза бизнестен, күнүмдүк көр тирликтен тажаганда кайырмагын алып, балык уулаганга жөнөп берет экен. Балык кармагандын да өзүнчө табияты бар эмеспи. Таке кайырмакты кармаган бойдон улуу ойго батып, балык түшсө -түшпөсө да келечекке ой жоруйт. Мындай эргүүсү менен өткөн-кеткен жоруктарына, Кыргызстандын келечегине саресеп салат. Узак ойлонот. Жаштын тилегин береби?

С.Жээнбеков муздак көлдө пингвиндей ойнойт
Экс-министр Сооронбай Жээнбеков учурда СДПКнын саясый иштерине баш отун коюп, өзгөчө Чүйдөгү түштүктүктөрдүн тамырын тартып жүрү. Убактысы деле кенен, өзүнүн мал-чарбасына да баш-көз болгонго үлгүрөт.
Ал эми бош учурунда адамдар менен аңгемелешип, китеп окуганды жактырат. Сооронбай мырзанын дагы бир кызык жагдайы бар: кышы менен муздак сууда пингвиндей ойноп, чабак уруп, чер жазат. Үшүбөгөнүнө таң каласың, же бирдемеден "согуп" алабы?

Э.Бөлөкбаев саясаттан чарчаганда топ кубалайт
"Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев саясаттан тажамак тургай, акыркы мезгилдерде катуу шугулданууга өттү. Байма-бай казак баурдастарына барып туруу менен кыргыз саясый чөйрөсүнө да бүлүк салуусун өркүндөтүүдө. Кичи мекени Москва районуна тез-тез саясый жыйын куруп, радикалдуу сөздөрдү айткандан эч чарчабады.
Кызыгы, Э.Бөлөкбаев саясаттан чаалыкканда, спорт формасын кийип, футбол талаасында жиниккенче топ кубалап, ушул оюндан чер жазат. Анын бардык стресстери топ тээп жүрүп чыгып кетет. Эркин мырзанын бала кезинен берки азартка батканы ушул.

Б.Бешимов кооз тоолорго көз кандырат
Президенттикке даяр талапкер, СДПК фракция башчысы Бакыт
Бешимов жеке эле саясат менен алпурушпастан, адамзаттык аруу сезимдерди да кастарлай алат. Адамдар менен өтө астейдил, аяр мамиледе сүйлөшүп, маданияттуулук жагынан камчы салдырбайт. Дагы көп жакшы сапаттары бар.
А саясаттан сырткары учурда көңүл жибитип, эс алганды жактырат. Эң негизгиси, ал бийик деңгээлдеги ойчул адамдар менен аңгеме куруп, чер жазганды жанындай көрөт. Жыргайт. Ошондой эле жаз айларында бийик, кооз тоолорду багындырып, тердеп-кургап чокуга чыгат. Мындан сырткары, бош убактыларында мазмундуу китептерди окуп, акыл-көрөңгөсүн байытуу аракетинде болоору анык.

Т.Курманбеков ысык шыпыргыдан рахат алат
Экс-башсалыкчы Темирбек Курманбеков кызматтан кеткен соң, эсалуу күндөрүн баштан кечирүүдө. Акүй жакка анчалык үзүлүп-түшүп чуркабады. Аброюн кармап. Азырынча өткөн-кеткен күндөрүнө саресеп салып, жоро-жолдош , тууган-уругу менен алака күтүп аткан чагы.
Байкап көрсөк, Темике чоңдор сыяктуу деле чартаңбай теппейт экен. Болгону бир жакшы мончого барып, ысык шыпыргы күүсүнөн рахат алса, анан жумасына бир ирет достору менен бильярд ойнойт. Азыр бош болгондуктанбы, көп убактысын үйбүлөсүнө арнап аткан маалы...

Апас Ниязалиев












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan