Алты адамдын өмүрүн алган генератор
"1-ноябрдан баштап свет өчүрүлбөйт" деген маалымат баардык ММКлардан таратылган. Ал эми 1-ноябрда "үчүнөн баштап өчпөйт" деп жылдырып ийишти. Эми минтип үчү эмес ай бүттү. Бишкектин борборунда эле болбосо, калган жерлерде (региондордо, Бишкектин тегерегинде) өчүп эле атат. Кээде аялдамага туруп калганда "өчпөйт дебеди беле, калпычылар..." деп элдин шыпшынып атканын көп көрчү болдум. Акыркы бир жылда светтин өчүрүлгөнү кээ бирлерге чоң эле пайда алып келе баштады. Анткени,
базарларда генераторлорду эл ысык пирожкидей эле талап аткан учур. Так ошол генератордон киши да өлүп атат.
Мындан он күн мурда Сокулук районунун Жал айылында бир түндө бир үйбүлөдөн алты адам генератор бөлүп чыгарган газга ууланып, каза болду.
Гүлзат гана аман калды...
Үйбүлөдөн Россияда жашаган баласы Данил, ошол эле айылда жубайы менен башка үйдө жашаган кичүү уулу Антон жана келини Гүлзат гана аман калышты. Драчук Вячеславдын үйбүлөсү кыргыздан келин алгандыктан, кадимки кыргыздын салты менен эшик-төрүн көргөзмөкчү болуп, 15-ноябрь күнү кудасын чакырган. Адатта Жалда түнкү он бирде свет өчкөндүктөн, алар тааныштардын 5 Кл.Ваттык генераторун сурап коюшат. Генераторду бергендер "тышка койгула" деп айткан экен, бирок он бирде свет өчүп, тышта эт бышырып атканда үнү тоскоол болбосун деп подвалга киргизип, эшигин жаап коюшкан. Коноктордун кээ бирлери, үйбүлө мүчөлөрү ошондо эле өздөрүн башкача сезе баштаган. Ал тургай Вячеславдын балдызынын тогуз жаштагы баласы Дима эсин жоготуп жыгылган. Аны кайра эсине келтиришип, "чарчады" деп, эч ким деле көңүл бурган эмес. Ошентип, түнкү саат экилер чамасында конокторун узатып, өздөрү калганда Дима дагы бир жолу жыгылган (ата-энеси уктап атат деп ойлогон менен Дима ошондо эле жан бериптир), аркасынан эле үйдүн ортончу баласы Александр менен апасы эсин жоготкондо, Бишкектеги ооруканалардын биринде иштеген кошуна дарыгерди чакырышса, ал "кан басымдары көтөрүлүп кетиптир, ооруканага алпарыш керек" деп кетип калган. Ошол бойдон "барыбыз эртең менен чогуу барабыз" дегенчелик кылып, эс алууга жатып алышкан. Генератор таңга чейин подвалда иштеп тура берет. Таң атканда гана кошуналары кирип, бир гана араң дем алып аткан Гүлзатты ооруканага жеткирип, сактап калышты. Бирок, Гүлзат үйбүлөсүнөн ажыраганын азырынча биле элек.
"Ошончо билимдүү адам отуруп, бири дагы свет маселесин чече албайбы?"
Негизи айтылган график боюнча Жал айылында свет түнкү он бирден таңкы бешке чейин өчүрүлүшү керек экен. Бирок, биз кырсык болгон үйгө кечки саат төрттө барганыбызда деле свет жок экен. Эки кабаттуу чоң үй алты адамдан бирдей айрылып, каңгырап эле бош калыптыр.Үйдө Россияда жашаган баласы Данил бар экен. Ал: "Эми өлөр адамдар өлдү. Менин үйбүлөмдөн башка деле кишилер "генератордон жабыр тартты" деп угуп атам. Эми ушуну жалпы эл колдонуп аткандан кийин, светти өчүрүп аткандан кийин, бийлик телевидение аркылуу бир адисти отургузуп туруп, элге түшүндүрүш керек эле. Генератор оюнчук болбогондон кийин. Ушундай коркунучтуу нерсе экен, муну эл мурда жапырт колдонбогондон кийин билбейт да. Дегеле "1-ноябрдан баштап свет өчпөй калат" дебеди беле? Болгону Бишкектин борборунда гана өчпөй турат. Калгандары кадимкидей бир күнүнө жарым суткадан өчүп атпайбы. Мисалы, саат түнкү он бирден таңкы бешке чейин эле өчөт деп коюп, сөзсүз андан көпкө өчүрүлөт. Эми бийликте ошончо билимдүү адам отуруп, ушул электр энергиясынын проблемасын чече албайбы? Макул, кризис болуп атыптыр, мен аны түшүнүп атам. Бирок, жок дегенде график менен өчүрүшпөйбү" деп "кан жутуп" отурат Данил.
Свет өчүрүлө баштаган акыркы убактарда генераторду элдер кеңири колдоно башташты. А тургай кээ бирлери тигинтип үйбүлөсү менен чогуу генератордун айынан каза да болуп атат. Негизи эле, генераторду сатып атышканда шарттарын кардарларга түшүндүрөбү же эптеп сатсам болду деген мамиле кылышабы? Кыргызстанда генератор боюнча эң ири фирмалардын бири АКSAнын башкы директору Ильяс Ермеков буларды айтып берди:
- Биздин фирма Кыргызстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери иштеп атат. Биз саткан генераторлорго деги эле арыздануулар боло элек. Акыркы бир жылдын ичинде генератор алгандардын саны
3 эсеге өстү.
- Генератор алып жаткандарга шарттарын түшүндүрүп, үйлөрүнө орнотуп бересиздерби?
-Шарттарын албетте түшүндүрөбүз. Анткени, туура эмес пайдаланса, бул жашоого өтө коркунучтуу. Ар бир кардарга "кандай болгон күндө да генераторду үйдүн ичине койбогула, андан уулу зат бөлүнүп чыгат, ал жел болуп турчу жерде (тышта) турушу керек" деп какшап эле атабыз. Бирок генераторду биз орнотпойбуз. Ал боюнча атайын фирмалар менен иштейбиз, ошол боюнча адистери бар. Ага сөзсүз билген, лицензиясы бар адис керек. Ар бир эле адам генератор менен ойной бергенге болбойт.
Бегимай БАКАШЕВА




  Базарком

Жаңы байпак алсам да
Акчасы бары, акчасы жогу да базарга жөнөйт. Акчалуусу күнүмдүк турмушка керектүү оокат алганы. Акчасы жогу базарга отуруп, бирдеме сатып, акчалуу болгону.
Базарды жазбаган гезит, айтпаган үналгы, көргөзбөгөн сыналгы калбаса керек. Ошентсе да базар жөнүндө жазууга кагаз бети түтпөсүн бөркүмдөй көрүп, шаардын чыгыш жагында жайгашкан "Аламүдүн" базарына баш багып, азыноолак соодагерлердин кээ бирөөсүнөн тил учунан маек курдук.

Кызыл алма бар бекен?
Дүйшөнбек Шейшекеев:
- Кезегинде "Аламүдүн" базарында эки жылдан бери жер-жемиш сатып, оокат кылам. "Жыргаганыман жылкы багып"
отуруптурмунбу... Жаштардын, анын ичинде мыкты кесиптин ээлери көр оокаттын айынан чет-жакага кетип атканына кейийм. Минтип базарда күн көрүп, беш неберемди багып атам.
Шүгүр деш керек. Жакшы тапкан күндөрү 500 сом чамасына жетип калат. Аны да чоң аракет менен. Таң эрте "Дыйкан" же "Ош" базарынан барып, арзаныраак, баасын түшүрүп, биякка алып келип 5-10 сом үстүнө кошуп сатабыз. Ансыз болбойт. Соода ордум үчүн 2 миң сом төлөйм.
Төрт капталдан суук уруп турганы ушул жердегилердин бүт баарын түйшөлтөт. Айла жок. Карыганда калжаңдабай үйдө отурганга не жетсин.
Салыштырмалуу, берки базарларга караганда таза деп эсептейм. Кечке чейин чогулган таштандыларды таң эрте шыпырып, тазалап кетишет. Күндүзү колубуздан келишинче карманабыз.
Базардын ашканасынан 70 сомдун тегерегинде тамак жеп турам.

15% киреше үчүн үшүктө
Канатай Мырзакматова:
Бир жыл мурун строй маркет курулуш бүткөндө, 10 миң долларга ушул контейнерди алгам. Базар ээлерине 3800 сом аренда, 1200 сом патент, 400 сом охранага ай сайын төлөп, соода кылып турам. Чынын айтсам, ушул төлөмдөрдөн кийин жарытып акча таап кетпейсиң. Күнүмдүк нан-чайыңан ашпай калат. Мисалы, россиянын розеткасынын бир даанасы 38 сом, аны 45 сомго кардарларга сатып, 15% киреше көрөбүз. Кичине арзан кылсаң, өзүн актабайт, кымбатыраак сурасаң, эл албай коюшу мүмкүн.
Тартип сакчыларынын иштери көңүл жубатат. Колу туткак жубарымбектер соодагерлердин күнүмдүк иштерине тос-коол болгон учурларда аларга тийиштүү чараларды көрүп дегендей. Маркет сатуучуларына парковка маселеси каралган. Эртеден-кечке 20 сом төлөп, унааларын коюп коюшат. Ал эми супермаркетке келип калгандары 10 сом төлөп, машинесин коюп, кенен-кесир соода кылып кетишет.

"...өтүкчүгө өзүм барам"
Каныбек Коңурбеков:
Бул бутканы арендага алгам. Ай сайын кожоюнга үч миң сом төлөйм. Калганы өзүмдүкү. Өтүкчүлүк кесипти аркалаганыма төрт жылдын жүзү болду. Башынан баштадым десем болот. Биздин жумуш сезонго жараша болуп калат. Күздө кышкы бут кийимдерди оңдойбуз. Азыр өзүңүз деле көрүп атсаңыз керек, сапожка менен алпурушуп атканымды. Кытайдын бут кийимдери арзан болгону менен сапаты талапка жооп бербейт. Бир-эки кийип, анан апкелишет. Биз оңдоп-түздөп беребиз.
Беш маал намазды үзбөй окуганга аракет кылам. Даарат алган жердин шартын жакшыртып коюшса деген тилек айтат элем. Талапка жооп бербейт.

Аламүдүн базарындагы тамак-аш баалары
Ун - 25-30 сом, 1050 сом 1 кап (50 кг.)
Кумшекер - 30-35 сом, 1350-1700 сом 1 кап (50 кг.)
Туз - 10-15 сом
Анар - 60-70 сом
Алма - 20-35 сом
Курма - 40-50 сом
Апельсин - 50-60 сом
Өрүк - 100-150 сом
Мейиз - 90-130 сом
Жаңгак - 60-80 сом
Пахта майы - 90-150 сом
Кой эти - 150-190 сом
Уй эти - 160-180 сом
Жылкы эти - 140-200 сом
Чучук - 500 сом
Карын - 200 сом
Карта - 400 сом
Тоок сандары - 90-95 сом
Балык (туздалган) - 65-80 сом
Балык (тоңдурулган) - 120-180 сом
Күрүч - 40-85 сом
Нан - 10-30 сом
Пияз - 25 сом
Сабиз - 15 сом
Капуста - 15 сом
Чеснок - 45-60 сом

Сурат Жылкычиев













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan