Сынак сап

Бүгүнкү сынак сапта өлкөнүн соода Жана экономиканы өнүктүрүү министри Акылбек ЖАПАРОВ болмокчу.

Ким эле?
Орозбек ДҮЙШЕЕВ, экс-депутат
- Акылбек абдан энергиялуу, тилинен да, акылынан да келген биздин алдыңкы саптагы жигиттерибиздин бири болуп келет. Анткени, ал өзүнүн иштери боюнча такшалган. Тээ коммунисттик доордун комсомолдор мектебинен өткөн. Комсомолдун мектеби тартипке, тактыкка, сүйлөгөнгө, адам менен мамиле кыла билүүгө үйрөткөн мектеп болгондуктан, Акылбек ушунун баарынан өткөн эле. Эң негизги артыкчылыгы - ал эл менен иштетүүнү эң сонун өздөштүргөн.

Шарипа САДЫБАКАСОВА,
ЖК депутаты, "Акжол" партиясы:
- Ал жигит финансы министри болбоду беле. Андан башка ал жигит жөнүндө билбейт экенмин. Билсем айтып берет элем.

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ,
"Атамекен" партиясынын Нарын облусу боюнча координатору:
- Акылбек депутат кезинде тилинен чаң чыккан депутат болчу. Косомолдо иштеп жүргөндө да өтө тыкан, так жигит эле. Ал жагынан баланын таланты бар. Мыйзам чыгаруу жыйынында да жакшы иштей алды. Орчундуу маселелерди көтөрчү. Мыйзамды да чага билчү. Негизи эле Акылбек өз кесибин жакшы билет. Азыркы бийликтин начарлыгы ушунда болуп жатат. Жакшы кадр болуп бере ала турган Жапаров өңдүүлөргө көлөкө түшүрүп койду. Канчалык жакшы иштесе да, система ашмалтай болгон соң, Жапаров жалгыз өлкөнү гүлдөтүп жибере албайт да. Акылбектин болгон кемчилиги учур бийлигин жактоону моюндап алып, айрым учурда жалган сөздөргө аралашып, элден оолактап алууда. Болбосо, Акылбек мыкты жигиттерден болчу.

Ким болду?
Эркин БУЛЕКБАЕВ,
"Жашылдар" партиясынын лидери:
- Ал жигит бир сөз менен айтканда - түлкү саясатчы. Түлкүлүк кылуунун ичинде баары бар да. Калпы да, чагымчылыгы да, арамзалыгы да, сатып кетмейи да, анан суу куймайы да бар. Кыскасы, мындай түлкүлөр баардык жерге батып, баардык жерден түнөк таба алышат. Акылбек так ушул түркүмдөгү адамдарга айланып калды.

Курманбек БАЙТЕРЕКОВ,
Кочкор районунун акими:
- Учурунда экөөбүз депутаттыкка ат салышканбыз. Ошондо "мени элге пара берүүдө" деп жарыштан алдырып салган. Төрт саат өтпөй эле өзүнүн пара бергени аныкталып, аны да алып салган. Ошондон тарта өлкөм тургай өз кичи мекенин билбей, Кочкор элине дейре өз баркын түшүрүп алган. Себеби, жалган сөздү опулдап-допулдап көп сүйлөп коет. Ошондуктан, анын бир да сөзүнө мен ишенбейм. Сөзүндө тургай, ишинде деле өтө көп каталарды кетирип келет. Анткени, сөздү айтканы менен, ишке келгенде жоопкерчилик таптакыр жок. Анан акчага да абдан катуу. Жигит деген шар болуш керек да. Акылбекте андай сапат жок.

Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ,
экс-министр:
- Убагында Акылбек абдан тың чыккан, жакшы сүйлөгөн, аргументтерин так келтирген депутат катары таанылган. Кийин бийлик өзгөргөндө анын баары жасалма оюн экени, жеке кызыкчылыгы, элдин кызыкчылыгынан өйдө тураары көрүнүп калды. Бүгүнкү күндө анын айтып аткан прогноз-сунуштарынын баары элдин мүдөсүнө төп келбеген, чындыктан алыс экени белгилүү болду. Иш тажрыйбасында келсек жасаган ишине караганда калпты келиштире айтып, кооз сүйлөп алмайга өттү. Бир сөз менен айтканда жалган айтууну абдан жакшы көрүп алды.

Даярдаган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ




  КҮНТҮРМӨК

908 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2008-жылы жол кырсыгына байланышкан үч жарым миңден ашык факты катталса, айрыкча бул кырсыкка кабылган балдардын саны көп. 16-20-ноябрь күндөрү Кыргызстанда дүйнө жүзүндөй эле жол кырсыгынан курман болгондорду эскерүү күнүнө карата акциялар өткөрүлдү. Жол кыймылын күзөтүп иштеген кызматкерлер шаардагы №3 балдар ооруканасында жол кырсыгынан жапа чеккен балдарга кан тапшырышты.

ТАЛАС РЕВОЛЮЦИЯНЫН БЕШИГИ БОЛОБУ?
Ток этерин айтканда, "Революциялык комитеттин" лидери Азимбек Бекназаров жыйында Курманбек Бакиев башында турган бийликти революциялык жол менен, же шайлоо жолу менен кетирүү тууралуу сунушу менен чыккан.
Жыйындын өзөгүн энергетикалык кризис, кыргыз-казак чегарасы, Каркыра жайлоосу жана алтын кендерине байланышкан маселелер түздү.. Чакырылгандардын ичинен Элдик жыйынга Бириккен оппозициянын лидерлери барышкан жок. Бекназаров жыйында кыймылдын лидерлери өлкөнүн жети облусун жана эки шаарын кыдырып, бийлик алмаштыруунун жолу тууралуу пикирин уккандан кийин гана аракеттерди жасаарын билдирди. Акырында Элдик жыйын Улуттук кеңеш түзүү менен соңуна чыкты. Улуттук кеңеш 20 кишиден куралып, анын төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды. Жыйындын чечимине ылайык, Элдик революциялык кыймылдын мындан аркы аракеттерин Улуттук кеңеш аныктамай болду. Кыймылдын келерки жыйыны өтүүчү аймак дагы Улуттук кеңештин чечими менен аныкталат. Президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылган "революциячылар" Таластагыдай жыйынды эми калган алты облуста жана Ош, Бишкек шаарларында өткөрүүнү максат кылышты. Элдик жыйынга 1,5 миңге жакын киши катышкандыгы маалымдалды. Расмий бийлик алардын саны 250дөн ашпаганын айтышууда.

КИМ АЛАТ?
19-ноябрда "Түндүк-электрону", Бишкек-жылуулук-тармактарын" жана "Бишкек жылуулук борборун" сатыкка коюшту. Анын ичинен, "Түндүкэлектро" менен "Бишкекжылуулук-тармактар" акционердик коомунун 71% акциясы сатыкка чыгып, "Түндүкэлектро" 137 миллион доллар, "Бишкек-жылуулуктармактар" ишканасы 48 миллион доллар, ал эми Бишкек жылуулук борбору 314 миллион долларга бааланган. Бул ишканаларды сатып алууну каалаган кардарлардан арыз 27-январга чейин кабыл алынат.

НУРАГА 200 МИЛЛИОН СОМ
Нура айылын кайра курууга өкмөт 200 миллион сом бөлдү. Курулуш иштери быйыл башталып, келерки жылдын август айына карай аякташ керектигин өкмөт башчы баса белгилейт. Айылдын инфраструктурасына Азия өнүктүрүү банкы да каражат бөлүүдө деди. Сапар учурунда Игорь Чудинов менен Акматбек Келдибеков темир үйлөрдө жашап жаткан нуралыктар менен жолугушуп, алардын ал-абалы менен таанышышты. Өкмөт башчы ошондой эле Нура айыл башчысына Нива автоунаасын тапшырды.

ТАМЕКИДЕН ТУБАСА ООРУКЧАНДАР ТӨРӨЛ ҮҮДӨ
Статистикалык маалыматтар боюнча республика боюнча өнөкөт өпкө оорусуна чалдыккандардын саны отуз эки миңге чамалайт. Медицина илимдеринин доктору Талант Сооронбаевдин айтымында, өнөкөт өпкө оорулардын пайда болушунун негизги себеби - тамеки чегүү. "Акыркы кездерде кыз-келиндер арасында да тамеки тарткандар көбөйүүдө. Анын кесепетинен көптөгөн жаңы төрөлгөн наристелерде түрдүү тубаса оорулары аныкталып жатат. Адистердин айтымында, Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнүн ичинен ушул дарт менен каза тапкан жана оорулуулардын саны боюнча Кыргызстан алдыңкы орунда турат.

"ТАШ КҮЗГҮ" ДЕЙБИ?
Чагылгандай ыр жазып, ар намысты козгогон, чокко кактап жүрөгүн, кыргызым деп боздогон жаш акын Алтынбек Исмаилов сиздерди "Таш күзгү" аттуу ыр жыйнагынын бет ачаар аземине жана лира кечесине чакырат!
Андыктан урматтуу замандаш!
Күнүмдүк көр оокатка чөмүлүп жүрө бербей, ушул ыр кечеге келип, кыргыздын ыйы менен кылымдын муңун баяндаган акындын курч ырларын тыңдап, аз да болсо жан дүйнөңүзгө төңкөрүш жасап кетиңиз!
Ыр кече 21-ноябрь күнү, саат 15:00 дө УТРКнын концерттик залында өтөт.

А.ЖЕКШЕНКУЛОВ БИЛДИРДИ
"Акыйкат үчүн" кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов, бийлик ар кандай шылтоолор менен оппозициянын Курултайына имарат берүүдөн баш тартып жатканын айтты. "Акыйкат үчүн" кыймылы алгач Кожомкул атындагы спорт сарайды сурап, ал жерде 29-ноябрда Курултай өткөрүүнү белгилеген. Бирок, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт деген себеп менен спорт сарайы берилген эмес. Андан кийин Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония, Токтоболот Абдымомунов атындагы улуттук драма театр жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын имараты суралган. Бирок бийлик өкүлдөрү имарат берүүдөн баш тарткан. Ал эми конституция боюнча алсак, коомдук мекемеде оппозиция жыйын өткөрүүгө укугу бар. Таңкаласың, бийлик мындай аракети менен кайда баратат?













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan