Гүлдөйжан

Нелянын концерти ийгилик жаратты
Студенттер күнүнө карата Неля шоу -концерт коюп, чынын айтыш керек, эл спорт ордосуна эки күн тең жык толду. Ырчы кыз жаш болсо да, концертине жакшы даярданыптыр. Башка концерттерден өзгөчөлөнүп, башында Неля жөнүндө чакан видео көрсөтүлдү. Андан ары театралдаштырылган концерт элди тажатып ийген жок десек жаңылышпайбыз. Эң кызыктуу номер акыркысы болду. Кыргыз мачосу Урмат Усенов экөө "Мен сендикмин" аттуу ырды аткарышты. Турмушта да экөө ошондой бири-бирин эркелеткен жубайлар болсо, куп жарашчудай экен. Кыз бала болуп туруп, продюсермродюсери жок мыкты концерт бергениңе бали, Неля!

Кундуз Көйнөктөрүн Кимге берди?
"90-60-90" деген атты энчилеп алган ырчы Кундуз Канатбек кызы күйөрмандарына жолуккан сайын эстеликке белек берип жүрөт. Мисалы, сөйкө, шакек, браслет жана башкалар. Бул жолу Кундуз он күйөрман кызына мурда сахнага кийип чыккан көйнөктөрүн белекке берди.

Султан менен Асия
Ырчы жигит Султан Садыралиев менен скрипкачы кыз Асия жакында аспаптык дуэт жаратканы турат. Дуэтте Асия скрипкада ойносо, а Султан аны домбра менен коштойт. Бул эки таланттын эмгегинен бир кездерде хитке айланган "Кудача кыз" аттуу чыгарманы да скрипка менен добмранын кылдарынан угуп калат экенбиз.

Чолпонайдын сумкасын уурдап Кетишти
Жаш ырчы Чолпонай Бишкек гуманитардык университетинин студенти. Жакынкы күндөрдө университеттин бир майрамында ырчы кыз алып баруучу болуп, колу бошобой, кеченин камын көрүп атып, сумкасын уурдатып ийди. "Мени менен чогуу кечени алып барчу жигит кечигип, өзүм жалгыз бошобой атканда сумкамды уурдап кетишти. Ичинде керектүү көп буюмдарым, анан аябай кымбат баалуу, өзүм жакшы көргөн атырым бар болчу" дейт Чолпонай. Дагы жакшы, ал күнү документтери, машинасынын ачкычы жанында жок экен.

Кайрат орус Кыздарды сүйдүрдү
Бир аз күн мурун Покровкада өткөн Бегимай Эсенгулованын концертинде' Кайрат Примбердиев "Объясни" деген орусча ыр ырдап, орус кыздардын жүрөгүн сыздатты. Демейдеги концерттерде коопсуздук кызматынын жигиттерине моюн бербей, ырчыларды сүрөткө тартып жүргөн кыргыз кыздары биякта эле калды. Кайрат ырдап атканда орус кыздар сахнага чейин чыгып алып, токтоно албай бийлешти.

Ильяз "двойнигин" тапты
Ильяз Абдразаков "Табышмагымбы?" аттуу жаңы ырына клип тартып бүттү. Клиптин сценарийи боюнча Ильяз менен ага куюп койгондой окшош бала экөө бир кызды сүйүп калышат. "Двойниктердин" кимиси кыздын жүрөгүн ээлерин клиптен көрүңүз.

Көнүмүштөн Качып...
Жаш ырчылардын баары эле концерттерин Кожомкул спорт ордосунда берээри белгилүү. Бирок бул жолу Мирбек Иманбеков бул салттан качып, концертин циркте өткөрдү. "Баягы эле спорт сарайы, көнүмүш адаттан алыс бололу, "не обычный" бир нерсе жараталы деп, цирктин имаратын тандап алдык" дейт Мирбектин продюсери Асыл Апасова. Ал жаңычылдыгынын бири: Мирбек сахнадагы да, турмуштагы да достору Султан, Акбар, Чыңгыз төртөө сахнага ат минип чыгышты. Негизинен мунусу элге жакты, бирок Акбарга азо ат туш келип калган экен, ырчыны көп эле кыйнады.

Бегимай БАКАШЕВА, Дилбар АЛИМОВА













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan