Тасма тамыры

Кино - улуттун саясатына, тарыхына кызмат кылсын
Жылдын ар күнү датага айланып, "менчиктелгени" жаңылык эмес. Бери дегенде ажонун туулган күнүнө чейин. Уламкы числону сүрүштүрө келсек, ноябрдын 17си - расмий студенттер күнү делет. Ага катар кино күнү аталып жүрөт. Учурдун ушул датасын утурлап, эки ооз кеп таштоону эп көрдүм. "Отко жакын ыш күйөт, жеңеге жакын көз күйөт" демекчи, жакшысын - жакшы, жаманын - жаман дешке атуулдук акым бардыр...

Алдыда келаткан кыштын "оорлугун" тээ жайдын аптабында эле президент К.Бакиев баш болуп, "тезек тергиле" дегенге чейин кеп козгоп, жүрөк үшүн албады беле. Андан бери жалаң экономикалык кризис жөнүндө чуу көтөрүп келатабыз. "Кризис" десе эле "дүйнөлүк тенденцияга" шылтайт экен, аткаминер илимдүүлөр. Макул дейин десең, дүйнөлүк тенденцияда убактылуу оорчулук болуп, кымбаттоолор жаралганы менен кайра жеңилдеп, бир канча эселеп арзандоолор болот экен. А биздин өлкөдө кымбаттаган оокат арзандабайт. Кымбаттаган бойдон калат, андан аркы кымбатчылыкты күтүп... (Мисалга, бүгүнкү мунай менен буудайды алсак жетиштүү). Темадан алыстап кетти дебеңиз, сөз - кадр саясаты өңүтүнө баратат. Ал эми кадрлар маселеси жүрө-жүрө ошол күн белгилеп, майрамдаган студенттерге такалат.
Өлкө тагдыры өнтөлөп аткан туштагы студенттерибиздин абалы кандай? Алар эртеңки кесибин айга - күнгө теңеп, аздектеп, аркалап кетүүгө даярбы? ЖОЖдорду жыл сайын шагырап бүтүрүп аткандардын кызмат орду чечилип атабы? Студент кандай гана билим албасын, анын натыйжасын бир гана өлкөнүн өнүгүшүнө жумшашы керек, чынбы? Анда неге кезегинде студент болушкан аким-өкүмдөрүбүз, министрлерибиз, сенаторлорубуз, бийлик анабашчыларыбыз Кыргызстанды гүлдөтө албай, жер карап отурушат. Студент дегенди мамлекет тагдырын колго алчу улуу күч катары сыйлашыбыз керек! Студент менен улуттун духу катары сыймыктанышыбыз керек! А жөн эле бир жан бакканга жарап бергидей диплом күтүп жүргөн, ач-жылаңач түнкү клуб да тайраңдап бийлеген, "акча соргуч" деңгээлинде карабай... Ошол кадырын ириде студент өзү билсе дейсиң.
Он-он беш күн мурун борборубуздагы "Ата түрк" сейил багындагы жыйырма-отуздай кыздын чоң жаңжалына капилет күбө болуп калдым. Нары-бери өткөн улуу-кичүү жака кармай жарданып турушту. Эки жаат боло кырылышып атышат. Сөгүнгөндөрү сөөктөн өтөт. Бири-бирин чачтан сүйрөп жыгышып, шиш такалуу өтүктөрү менен туш келди тепкилешип, кадимкидей кызыл жаян... Эркектери четке туруп, соткаларына сүрөткө тартып, видеотасмага түшүрүп, сүрөп атышат. Курткасы башына түрүлгөн бир кыз эсин жогото диртилдеп сулк жатып калды эле, аркы тарабы кача жөнөштү. Берки тарабында беш-алтоо калды, таяк жеген курбусун курчай улуп-уңшуп сөгүнүшүп... Демейде жанымда жүрчү фотоаппаратымдын жогуна бир өкүнсөм, эки жогорку окуу жайдын (кайда окушарын чатакка күбө болгондордон тактадым), өңчөй кыргыз студент кыздарынын жоругуна бир өкүнгөнүмдү айт. "Студент" деп айтканга, "кыз" деп айтканга ооз барбайт, эй!..
Бүгүнкү "студенттер күнүнүн" аркасында - миллион майрамга алмашкыс эң чоң байлык жатат. Ал - жалпы кыргыз элинин сабат туулугу. Ошого каниет этели...
Эми, "кино күнү" жагдайынан сөз уласак, мунун деле күнгөйтескейи алаканга салгандай. Ооба, биз советтик кинонун таасири астында чоңойдук. Ал кинолор тарбиялык маанинин алкагында советтик идеологияга кызмат кылчу. Ошол кинолор эле жаштарды патриоттуулукка чакырып койчу. Кинонун бирден-бир максаты - "идеология" болгон. Чыңгыз Айтматов баш болгон мыкты жазмакерлердин чыгармаларынын дээрлигинен кино жаралды. Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев өңдүү өз мезгилинин көрөгөч киночулары не бир сонун керемет эмгектерин кыргыздын кызыкчылыгына тартуулай алды. Аларды улай, табияты өзгөчөрөөк фильмдерди Геннадий Базаров менен Дооронбек Садырбаев жаратты. Ушул инсандарыбыздын көз майынан жаралган: "Кызыл алма", "Ак кеме", "Саманчынын жолу", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы", "Уркуя", "Эрте жаздагы турналар", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" өңдүү көркөм тасмалар улут сыймыгы болуп калды. Ал эми чебер кинорежиссерлордун мээнетин актап, экран ажарын ачып берген улуу киноактерлорубузга андан бетер таазим этебиз. Айрымын атай кетели: Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Болот Бейшеналиев, Орозбек Кутманалиев, Сүймөнкул Чокморов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Таттыбүбү Турсунбаева жана башка кайталангыс таланттарыбыз жараткан каармандары аркылуу жүрөгүбүздө жашап келет.
Киночулар көчүнүн соңунда Жали Соданбек, Бакыт Карагулов, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров аттуу тасма усталары "аккан арыктан суу агызып" жатышат.

Эми бирин-экин кыргыз кинолоруна акылдын жетишинче сын айтып көрөлү. Албетте, жогоруда сөз болгон улуу муундун шедеврлерине "кыңк" эте албайбыз. Учурда видео-дисктер аркылуу калк катмарына сиңип, кааласа-каалабаса да көрөрмандардын жаш өзгөчөлүгүн ылгабай табит талкалаган, чаласабат тасмалар "кыргыз киносу" атыгып жүрөт. Кино - деген искусствонун туу чокусу! Кинону акыл көрөңгөсү ар башка миллиондогон эл көрөт. Кинону базар деңгээлинде тартпаш керек! Ушуну түшүнө албаган аты-жыты белгисиз "режиссер" деген немелер көбөйдү. "Карагул ботом", "Туңгуюк", "Күзгү жалбырак" дагы, бирдеме-сирдеме деген киночолор жарабайт, эй! Жанагы Рустам Аташев тарткан "Министрдин кызынын махабаты" киносу кемчилиги көп болсо да, тарбиялык маани камтыйт. Түйшүгү, мүмкүнчүлүгү, изденүүсү көрүнүп турат. Ушул кинолор жөнүндө аргасыз кеп козгоп атам. Себеби, ар бир үйдөгү DVD тиктеген, аң-сезими жаңы калыптанып келаткан бала "а-а, кыргыз киносу ушул тура" деп делдейип отурат. Ансыз деле батыштын кан төкмөйдү даңазалаган фильмдери адамдык сапаттарды алсыздандырууда. Мен атайы, салыштырмакка өзбек, казактын жаңы тартылган кинолорун көрүп чыктым. Коңшуларыбыздын киночулары маданияттуулукту тутунушуп, улуттук намыска, өлкө цивилизациясына басым жасап, түпкүлүгүн идеологиялык ыргакка салган жаңычыл формадагы жакшы фильмдерди жаратышыптыр. Аларды көрүп арданат экенсиң.
Акыркы кезде биздин киночулар кинону улут кызыкчылыгы үчүн эмес, сыйлык үчүн тартып калышкандай. Баланча кино, баланча жерге барып, түкүнчө сыйлык алды, ур-е-е... дегендей кеп. Кинорежиссер Нурбек Эген "Аталар керээзи" ("Сундук предков") фильмин тартып, рекламасын күргүштөтүп, өзүн кыргызфранцуз көпүрөсүндөй көрсөтө, тарткан киносу Европанын үлкөн сыйына татыганын жар салды. Кинонун зор сүйүүгө багышталган мазмуну, тартылышындагы көркөм чеберчилик, автордун сүрөткерлигинде кеп жок. Өз улутунун намысын тебелеп, бөтөн элдин арзыбаган сыйлыгына азгырылган "соодагерлиги" менен жеке атак-даңк үчүн бүтүндөй кыргызга көлөкө түшүрүп алганын сезди бекен өзү? Сюжеттен мисал тартайын: "Өнүккөн өлкө франциянын Парижинен француз сулуусу менен ысык сүйүшкөн кыргыз жигит сүйгөнүн ээрчитип, Кыргызстандын тоолу бир айылына келет. Анан тиги "улуу элдин өкүлүнө" айылдык кыргыздардын көрсөткөн "жапайычылыгы" сүрөттөлөт. Ак калпак кийген кыргыздарды, ылжырата мас кылып, мушташтырып, "горька" деп өбүштүрүп, айтор, Манастын тукумдарынын ирээнжитме, ыплас кылык-жоругун көрсөтөт". Аны көргөн чет өлкөлүктөр бүгүнкү кыргыздарды ошондой эле кабылдайт. Эрнест Абдыжапаровдун "Боз салкын" кинотасмасында да жеңелери кызды "запорожецтен" сүйрөп түшүп, күч колдонуп, зордоп көшөгөгө тыгып, жоолук салганы өтө одоно. Ооба, турмуш чындыгында андан да жаман кыз алакачуулар бар. Бирок, анын барын бүт дүйнөгө жарыялоодон не пайда табабыз? Аталган фильмде дагы бир анча байкалбаган деталь бар, Шамбет деген чабанды аялы кубалап барып, үстүнө минип алып сабайт. Жансоогалаган Шамбет башындагы ак калпагын кайтакайта оңдоп, төрт аяктап өкүрөт. Улуттук баш кийимчен адамды мындай эпизодго колдонбош керек. Тигине, Орусиянын телеканалынын "Наша Раша" көрсөтүүсү "Жамшуд" дешип, тажиктерди ачык эле келекелеп атышат.
Кино - улуттун каада-салтына, саясатына, тарыхына, арнамысына кызмат кылышы керек. Төлөмүш Океев тарткан "Ак илбирстин тукуму" фильминде журтун таштап, көчө качкан Касен досун Кожожаш мерген жөө кубалап отуруп, ашуудан жетип, жаа кезеп, атпастан "чыккынчынын тирүү жүргөнү - өлүмдөн артык" деп айтып, кое берет. Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастанында" Раймалынын "комуз сынса да, комуздун добушу сынбайт, күү өлбөйт, күү жүрөктөрдө жашайт" деген бийик сөздөрү бар. Мына, кинонун маңызы, ушундай духтагы чакырыктарда жатат. Ар качандан - бир качан кыргыздын сезимин ойготкон улуу тарыхый кинону эңсеп келем... Ошондой кино жаралаар бекен?..
Азамат КЫЯЗОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan