Сынак сап

Өмүрбек
СУБАНАЛИЕВ
Бүгүнкү сынак сапта ИИМдин экс-министри, учурда Нарын облусунун губернатору, белгилүү "Каттани" кличкасынын ээси Өмүрбек Субаналиев болмокчу.

Ким эле?
Тойгонбай КАЛМАТОВ, коомдук ишмер:
- Өмүрбек Субаналиев кыргыз үчүн өтө көп эмгек өтөдү. Аны тааныгандар да, жөн эле атын уккандар да абдан сыйлап, аны сыймыктуу кабыл алып, көңүлдөрү да, көздөрү да түз болчу. Чындык үчүн, тазалык үчүн, абийир, адилеттик үчүн тикеден-тик турган жалгыз адам сыяктуу элдин эсинде дайым турчу. Айрыкча, Көлдө иштеген жылдары анын чыныгы эрдиктери, эмгектери унутулбайт. Жеке көз караш, мамилемде да ал кишиге түз оюм бар.

Амангелди МУРАЛИЕВ, "Бирдиктүү Кыргызстан" кыймылынын лидери:
- Мен Ош губернатору болуп турганда бул адам КГБ башчысы болуп милициядан барган. Өз ишин канчалык деңгээлде аткара алды (?), аны өз мезгили таразалады. Негизинен иш тажрыйбасында профессинал экендиги анык. Ал эми адамдык позициясын сөз кылууга болбойт. Анүстүнө мен өзүм да туура көрбөйм. Кыскасы, өзүн-өзү билген адам. Нарында азыр проблема көп. Аракет кылып жаткансыйт.

Шамшыбек МЕДЕТБЕКОВ, Нарындын экс-губернатору:
- Өмүрбек мырзаны мен "Каттани" деп билчүмүн. Ал адам райондук милиция жетекчилигинде жүргөндө эле өтө зор эмгектерди, эрдиктерди жасаган. 1995-жылы Жогорку Кеңешке мыйзам чыгаруу жыйынына депутат да болуп шайланган. Саясатта да ийгиликтүү жүрдү. Өз ысмын өзү таза эмгеги менен жасай алды. Өмүрбек Субаналиев деген ысым эрдиктин, жигиттиктин символу өңдүү болчу.




Ким болду?
Төлөйкан ИСМАИЛОВА, "Жарандар коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмунун төрайымы:
- Бул адам бир сөз менен айтканда , генерал, "Каттани" болчу. Тилекке каршы, пенделик пастыгынан көтөрүлө албай, азыркы системанын кулу болуп отурат. Себеби, ал акча, бийлик үчүн сатылып кетти. Өмүрбек мырза буга дейре жасаган эмгектерин элдин эсинен сүртүп, кызылдай сатып кетти. Эми келечекке болгон кадамдарда мындай адамдардын эч мааниси жок болот. Өз позициясын жеке кызыкчылыгы үчүн саткан адамдарда дагы да сатуу улана берет. Саткын саткын бойдон калат. А келечек андайлардан тазаланыш керек.

Мукар ЧОЛПОНБАЕВ, экс-адилет министри:
- Ал киши атуулдук позициясында өз кара жанын кайда болбосун баккан киши. Ал эми саясый позициясына келсек кызмат, бийлик үчүн сатылып кеткен адам. Мындай адамдар кайда болбосун ордун таба билет. Өмүрбек мырза бул кадамы менен өзүнүн чыныгы жүзүн ачып да, мурунку сыймыктуу жүзүн сыйрып да сала алды.

Анвар АРТЫКОВ, Оштун экс-губернатору:
- Мен ойлойм, бул жигит коомчулуктагы өз жүзүн булгап бийликке ыктап, губернаторлукка кетүү менен жоготуп алды. Саясаттагы салмагын да жоготту. Катураак айтканга туура келип жатат. Өмүрбек инимдей жигит эле. Бийлик креслосун коомчулуктагы аброюнан жогору көрдү. Фронттон соң, жаш балдар камакта тепки жеп жатса, бул киши саясый оюн кылып кызматка отурушу абийирге сыйбайт. Бийлик саясатынын сасык оюнунан бийик боло алган жок.




  Бөк түш, алчы түш...

Мелис ТУРГАНБАЕВ:
"Мени сындырыш кыйын"
Гезитибиздин өткөн санында ИИМ министринин экс-орунбасары, белгилүү изкубар Мелис Турганбаевдин кылмыш иши тууралуу жазган элек. Бу сапар Мелис мырзанын да өз чындыгын угуп көрүүнү эп көрдүк. Акпы-карабы, аны мезгил ылгайт эмеспи. Ага дейре коомчулукта кызуу талкуу жараткан бул маселени эки жээктен тең тыңдап көрөлүчү.

- Мелис мырза, сиздин жай айларында кыздарга аралашкан чатагыңыз тууралуу айрым ММКлар учурунда жазып чыккан соң, Башпрокуратура кылмыш козгоп, сотко өткөрүптүр. Маселенин анык-бышыгын өзүңүздөн уксак?
- Бул туура эмес. Ал учурда ММКлар да маалыматты тактап жазышпаган. Эгер андай эле жазгылары келсе, эки тарапты тең тактап, пикирлерин катар бериш керек эле. Тилекке каршы, бир да ММК мага кайрылып, өз пикиримди сурашкан жок. Атургай алар оозго алгыс сөздөр менен да жазганга чейин барышты. "Зордуктады, баланча, түкүнчө кылды" дешти. Бирок, сотко болгону акыры "хулиганчылык" катары жөнөтүштү. ММКлар жазгандын бири да жок бул жерде. Анткени, кайсы бир кызыкдар болгондор көбүртүп-жабыртып жиберишкени менен, эч нерсе таба албай, айлалары кетип, "хулиганчылык" дегенге такалышты. Эми ак-карасын сот гана чечет. Күтө туралы. Али эч нерсе тактала да, далилдене да элек.
- Прокуратура айыбыңызды расмий угузган турбайбы?
- Албетте, ар бир ишти сотко бериш үчүн айыбы угузулат. Бирок, "биз ага макул эмеспиз" деп жазып бердик.
- Айрымдар бул окуяны атайын уюштурулган деп да атышат. Эгер андай болсо ким жана кайсы күчтөр экенин айта аласызбы?
- Алардын бардыгын атоого азыр эрте. Ал учур да келет. Эртеби-кечпи бул маселе ачыкка чыгат. Албетте, дем алыш күнү чогуу иштегендер болуп өзүбүзчө отурганбыз. Атургай биз отурган жердин администрациясы, тейлөө кызматы болуп жети-сегиз адам күбө болгон. Ошолордун баары андай окуя болгондугун айтышкан жок. Анан алардын да пикирин эске албай эле арызчылардыкын туура дештин өзү болбойт да.
- Сизди Садыркуловдун адамы катары, ошондой эле бийликтеги эки жээктин кармашынын курмандыгы болду дешкендер да бар. Кошуласызбы?
- Андай пикирге кошулбайм. Мен өмүр бою кылмышкерлердин бетин ачып, кармашып келатам. Айрым учурда кээлеринин куйругун басып, айрымдарынын жолунан өтүп койгон учурлар болду. Кандай кырдаал болбосун, мен бир гана принципти туу тутуп, бир гана жолдо эч кайда кылтың дебей иштедим. Сурангандарды да укчу эмесмин. Ушунун да негизи бар бул жерде. Андан тышкары ич күйдүлүк деген бар. "Бул бала каякка өсүп баратат(?)" деп, менин бийиктегенимди көралбагандар болду. Мен эч кимдин түртмөлөөсүз эле өз эмгегим менен жетип келатам.
Акаев учурунда да мени каралашып, бир жарым жыл согушуп жатып, соттон акталып чыккам. Таза экеним далилденген. Азыр мага бардык жактан чабуул жасап көрүштү. Кээлери мени сындырабыз деп ойлошту. Ачык эле айтып коёюн, мени сындырыш кыйын. Себеби, "ак ийилет, бирок сынбайт" дейт элибиз.
- Сот процесси качан болору айтылдыбы?
- Азырынча айтыла элек.
13-14-ноябрда болот го дейм.
- Эгер калыс эмес жагына тартып кетсе, кандай кадамдарга барасыз?
- Учурунда көрөбүз. Кашайып эле калыс эмес жагына тартып туруп алса, аны да көрө жатарбыз. Кудай алдында акмын. Эгер бир нерсе болгон болсо, эмгиче бардыгы чыгып калмак. Албетте, каалагандай мазакташты. Кыргызда "оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн" деген кеп бар да. Колдорунан келип турганда болгон жамандыктарын жасашты. Бүгүнкү күндө достор, жердештер, замандаш, пикирлештеримдин баары жерге түкүрүшүп, ушунчалыкка барышпаса болмок деп жатышат...
Бетти даярдаган
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan