Спорт

Качанкы Эвандер Холифилд
Ушу жылдын 20-декабрь күнү Цюрих шаарында, убагында дүйнөнүн чаңын чыгарып, астынан чыккан атаандаштарын "эки чайнап, бир жуткан" америкалык атактуу мушкер Эвандер Холифилд, WВА жаатынын эң оор салмактагы дүйнөнүн утурумдук
чемпиону Николай Валуев экөө кыл
арканда кыл чайнашмакчы болуп турат. Бул эрегиш аалам алкагындагы бокс күйөрмандарынын бүйүрүн кызытууда.
46 жаштагы карт бөрү Эвандерби же денесин түк баскан орустун алпы Николайбы? Аны убакыт көрсөтөөр, чыдап туралы.

Динара Сафина жылдын мыктысыбы?
Россия басылмалары бир катар иликтөө жүргүзүп: "өлкөдөгү теннисчи кыздардын ичинен жылдын мыктысы ким" деген сурамжылоо жасашкан. Жыйынтыгында 1-орунда 47% менен Динара Сафина, 21% менен Вера Звонарева экинчи орунда, Елена Дементьева20%ы менен үчүнчү, ал эми төртүнчү тепкичте 7% алган Мария Шарапова болгон.

"Рубин"
чемпион!
Россия премьер-лигасынын бүтөрүнө эки тур калды. Бирок алтын медалдын тагдыры чечилди. Жалпыга маалым болгондой "Рубин" командасы Россиянын чемпиону аталып, алдын-ала шампан атылып, Казань шаары майрамдап аткан чак. Акыркы эки турда күмүш жана коло медалдын ээлери табылып калышы ыктымал.
Бүгүнкү күндө 28 оюндан кийин Рубин - 60 упай, ЦСКА - 53, Динамо - 50 упайлары бар.


Каникулда
"Алтын кyз"
Республикалык шахмат клубунун директору Даниил Токтогоновдун билдирүүсүнө таянсак, каникул учурунда 40тан ашуун жаш шахматчылар эки топко бөлүнүп алып, ич ара мелдеш өткөрүшкөн. Биринчи топто жашы онго чыгалек балдар арасында Илья Белеков жеңүүчү болду. Экинчи орунда Шахнози Мусаева. Үчүнчүдө Чыңгыз Исаев калды. Экинчи топто жашы ондон жогоркулардын күчтүүсү Максат Акунов болду. Жарым упай кем алган Нурлан уулу Жакшылык экинчи орунду ээледи. Үчүнчү жана төртүнчү орунга Артур Жакыпов, Кудрет Аманбаевдер бирге чыгышты.


WВО президенти
шайланды
Бүткүл дүйнөлүк бексёрлор уюму (WВО) Флорида штатында (АКШ) чоң отурум кылып, уюмдун президентин шайлашты. Бул кызматты 1995-жылдан бери аркалап келаткан Франциско Пако Валкарсел мырза астыдагы төрт жыл кайрадан бийлигин улантмакчы .

Легендарлуу Рой Жонстун кичyyсy кимден таяк жеди, ыя?
Британдык 36 жаштагы Жо Кользаге кесипкөй спортто 45 жолу рингге чыгып, бирөөнөн да жеңилбеген. Бу жолу 46-таймашын Нью-Йоркто 40 жаштагы легендарлуу Рой Жонстун кичүүсүнө чыгып, 12 раунд бою бирин-бири жалпыйта чаба алган эмес. Ошентсе да Кользагенин чеберлиги, амалкөй ыкмалары америкалык Ройду бир топ жүдөтүп, жеңилүүгө аргасыз кылган. Калыс ээлери бир бүтүмдөн чечимин чыгарып, британдык мушкердин үстөмдүгүн баса көрсөтүү менен жеңишти Жо Кользагеге ыйгарым этишкен.


yч жолку чемпион
Бир аз күн мурун стол үстүндөгү теннис боюнча өлкөнүн биринчилиги аяктады.
Эркектер арасында 1-орун-Азамат Эргешов, 2-орун-Алишер Якупбаев, 3-орун-Жандос Арипов алды.
Аялдар арасында 1-орун-Саида Кудусова, 2-орун - Жылдыз Аязбекова, 3-Айнура
Качиева.
Командалар арасында Бишкек шаары-алтын, Жалал-Абат облусу - күмүш, Чүй облусу коло медалга арзышты. Айта кетчү жагдай, кыздар арасында мелдеште Саида Кусудова ушуну менен өлкөнүн үчүнчү жолку чемпиону болуп, чемпионаттын мыкты спортсмени аталды.

Майназаровдор
майын чыгарат тура
Корея өлкөсүндө өткөн өспүрүмдөр арасындагы Азия кубогунда Кыргызстандан барган таш билек балбандар жакшы көрсөткүчтөргө жетишти. Эсен Майназаровдун шакирти Бекзат Осмоналиев (56 кг) 234 кг. көрсөткүчү менен күмүш медалга татыган болсо, Үсөн Майназаровдун шакирти Султан Молдодосов (62 кг) 264 кг. менен коло медалды багындырды.

Сурат жылкычиев




Гороскоп
17-ноябрдан
23-ноябрга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Бул жума сиз жана сиздин жакындарыңыз үчүн бактылуу көз ирмемдерди тартуулайт. Дүйшөмбүдөн жумага чейин жалаң жакшы кабарлар кулак сүйүнтүп, моралдык да, материалдык да жактан чоң колдоого ээ болосуз. Жуманын аягында толук кандуу эс алууга аракет кылыңыз.

Букачар (21.04 - 20.05)
Бул аптада ишиңизде мол жетишкендиктер болуп, мактоого алынасыз. Жуманын экинчи жарымын өзүңүзгө жана жакындарыңызга арнаңыз. Ал эми акыркы күндөрүн жеке кызыкчылыгыңызга жумшасаңыз, баары ойдогудай болот.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөр сизден зор эмгекти талап кылат. Жуманын ортосунда маанилүү маселелерди чечүүгө туура келет. Бардык ишти ойлонуп кылсаңыз, эмгегиңиздин акыбети жуманын аягына чейин эле кайтат.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Жуманын башында жеке жашооңузда ийгиликтер болушу ыктымал. Шаршемби күнү алыс жолго чыгышыңыз күтүлүүдө. Ал эми, жуманын акыркы күндөрүн жакын адамдарга арнаңыз.

Арстан (23.07 - 23.08)
Аптанын алгачкы күндөрүндө бир аз тоскоолдуктар күтүлөт. Ойлонуп иш кылыңыз. Ишемби, жекшемби күндөрү жагдай жеңилдеп, ишиңиз оңунан чыга баштайт.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Ушул жума сиз көптөн күткөн адамдар менен кездешип, чоң кубанычка ээ болуп калышыңыз ыктымал. Кандай жагдай болсо да эмоцияга алдырбаңыз. Жашоонун жагымдуу көз ирмемдери алдыда.

Тараза (24.09 - 23.10)
Сиз үчүн бул апта акча маселесин чече турган учур. Шейшемби, шаршемби күндөрү кошумча киреше таап, мойнуңуздагы орчундуу маселелер чечилет. Жуманын аягын эс алууга арнаңыз.

Чаян (24.20 - 21.11)
Аптанын башында ден-соолугуңузга сак болуңуз. Шаршемби, бейшемби күндөрү болгон аракетиңизди жумшап иш кылсаңыз, жуманын аягында көп акчалуу болосуз.

Жаачы (23.11 - 21.12)
Дүйшөмбү күнү мурдатан бери пландап жүргөн иштериңизди турмуш жүзүнө ашырууга чоң өбөлгө түзүлөт. Ал эми аптанын экинчи жарымында ал иштердин үзүрүн көрөсүз.

Текечер 22.02 - 20.01)
Дүйшөмбүдөн ишембиге чейин тынбай иштөөгө туура келет. Көп капаланбай, "иштеген тиштейт" деген принцип менен жашаңыз. Аптанын аягы сиз пландагандай болот.

Суупери (21.01 - 19.02)
Жума башында жеке жашооңузда сиз күтпөгөн өзгөрүүлөр болуп кетиши мүмкүн. Жуманын ортосунан аягына чейин жакын адамыңыз менен таарынышпаганга аракет кылыңыз. Аркасы өкүнүч менен бүтүп калышы мүмкүн.

Балык (20.02 - 20.03)
Бул жумада кошуналар арасынан жиниңизге тийгендер болот. Мамилеңизди бузуп албаганга аракет кылыңыз.Анткени, "алыс-кы туугандан жакынкы кошуна артык" деген кеп бар. Аптанын ишемби күнү акчага байланыштуу маселелерди чечесиз.












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan