Спорт

Эки тизгин
бир чылбыр
Дүйнөлүк боксерлор кеңеши (WВС) Кытай жергесинде кезектеги чоң жыйын өткөрүп, күн тартибинде коюлган орчундуу маселелердин түйүндөрүн чечип чыгышты. Ошону менен бирге буга чейинки уюмдун президенти Хосе Сулаймандын ишмердүүлүгүн дагы төрт жылга узартуу жөнүндө чечим чыгарышты.

Семетейдин
Вьетнамдагы жортуулу
Кечээ Вьетнам өлкөсүндө дүйнөлүк чемпионат аяктады. Кыргызстандан барган эларалык чебер Төлөгөн тегин Семетей курагы боюнча туш келген 75 шахматчынын арасынан 16 орунду ээледи. Оюн швейцар таризинде жүргүзүлүп 11 оюндан 6,5 упай топтой алган. Он сегиз жаштагы Семетейдин ийгилиги дагы арта берсин демекчибиз.

Владимир Крамниктин ой толгоосу
"Дүйнөлүк биринчиликте уттуруп, отуруп калбайм. Астыда бир жума эс алып, андан соң Дрезденде боло турган бүткүл дүйнөлүк Олимпиадада Россиянын курамында ойнойм. Бул жолу менин кол-кабышым аркылуу Россияны алдыга алып чыгам. Акыркы Олимпиадада жердештерим жакшы жыйынтык бералбаганын баарыбыз түшүнүп турабыз. Мен бармын."


Кыш келгенде,
топ тебебиз
Ордо калаанын "Көк-Жар" кичи районуна жакын жайгашкан Улуттук футбол борборунда ФИФАнын "Гол-2"
долбоорунун жардамы менен дагы бир жаңы футболдук талаа ачылды. Талаа майданы чым менен төшөлүп, ыңгайлуу жагынан мурункудан кем эмес жакшы сапатта курулганын эскерте кетели. Эми кышы бою карын күрөп, топ тебе бер деген кеп.

Учкан шарды
ким издейт?
Стол үстүндө теннис боюнча Кыргызстандын ачык биринчилигинин кезектеги оюну аяктады. Жогорку чебердикте ойногон атлеттер өзүнчө лигада болгондуктан, бул жерде Алишер Якупбаев көч башында келатат. Аты таанымал Азамат Таласбаев азырынча 3-орунду камсыз кылып койгон. Ал эми биринчиликтин жыйынтыгы жыл аягында чыгат.


"Владимир
Кличкону женип..."
Ташы өйдө кулап аткан украиндик ага-ини Кличколор, ушу тапта "урунаарга тоо, урушаарга жоо таппай аткан" учуру. 13-декабрь күнү Германия өлкөсүндө боло турган Владимирдин чемпиондугун тастыктоо таймашына атаандаш издеп, акыры дүйнөнүн эң оор салмактагы мурунку чемпиону америкалык Хасим Рахмандын рингге чыгуусуна токтошту.
Кызылдай акча бар жерде "кыргын" болбой койбойт. Күтө туралы.

Шаардын тын чыкмалары
Бираз күн мурун Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордодо Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады. Жалпы 115 боксер өлкөнүн булуң-бурчтарынан келип, төрт күн бою кыл аркандын ичинде кызыктуу таймашты көрсөтө алышты.
КР бокс федерациясы , шаардык спорт комитети менен биргеликте болуп төмөндөгү спортсмендерге чемпион наамын ыйгарышты: Азат Үсөналиев (48 кг.), Медер Мамакеев (51 кг.), Сулайманбек уулу Акжол (54 кг.), Сапарбек уулу Тилек (57 кг.), Эрмек Сакенов (60 кг.), Акматали Мадаминов (64 кг.), Асадулло Боймурадов (69 кг.), Дильшат Жалалов (75 кг.), Чынгыз Борбашев (81 кг.), Рамазан Аши (91 кг.), Максат Пазылов (91 кг. дан жогору).

Чемпиондор лигасынын тoртyнчy оюну
Европа талааларында "дөө-шаа" деген клубдар жашыл майданга чыгып, кезектеги оюндарын ойношту.
А тайпада "Рома" (Италия) - "Челси" (Англия) - 3:1,
ЧФР (Румыния) - "Бордо" (Франция) - 1:2 эсептери катталып, бүгүнкү күндө "Челси" - 7 упай, 6 упайдан "Рома", "Бордо", 4 упай алган ЧФР көч артында.

В тайпада "Вердер" (Германия) - "Панатинаикос" (Греция) - 0:3, "Анортосис" (Кипр) - "Интер" (Италия) - 3:3 эсебинде оюн бүтүп, бул тайпада "Интер" - 8 упай, "Анортосис" - 5, "Панатинаикос" - 4, "Вердер" - 3 упай топтошкон.

С тайпада "Барселона" (Испания) - "Базель" (Швейцария) - 1:1, "Спортинг" (Португалия) - "Шахтер" (Украина) - 1:0 болуп, "Барселона" - 10 упай, "Спортинг" - 9, "Шахтер" - 3, "Базель" - 1 упайлуу болушкан.


D тайпада "Марсель" (Франция) - "ПСВ Эйндховен" (Голландия) - 3:0, "Ливерпуль" (Англия) - "Атлетико" (Испания) - 1:1 эсебиндеги оюндарды ойношуп, Алдыда "Ливерпуль", "Атлетико" - 8ден упай, "Марсель" менен "ПСВ Эйндховен" командаларынын 3төн упайлары бар.

Сурат жылкычиев




Гороскоп
10-ноябрдан 16-ноябрга чейин
Кой (21.03 - 20.04)
Жуманын башынан баштап маанайыңыз жакшы болот. Шейшемби күнү финансылык абалыңыз жакшырат. Жуманын аягы тосколураак болуп, сизден чыдамкайлык талап кылынат.

Букачар (21.04 - 20.05)
Бул аптада сиздин эркиндигиңизге чек койгусу келгендер четтен чыгат. Ал жакын адамбы, же бейтааныш бирөө болобу, акыры, жаныңызга жолоптоңуз. Жуманын аягында гана өзүңүздү эркин сезип, эс алсаңыз болот.

Эгиздер (21.05 - 21.06)
11-ноябрь сиз үчүн жагымдуу кабарлар менен коштолот, жашооңузда кескин өзгөрүүлөр да болуп кетиши мүмкүн. Өзгөрүү кайсы жагына болсо да, жуманын аяганда жакын адамыңызга көңүл буруп, айткандарын аткарып койгонуңуз жакшы.

Бөйөн (22.06 - 22.07)
Жуманын башында жумуштагы кесиптештер менен пикир келишпестиктер болот. Бул шаршемби күнгө чейин созулушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да керектүү адамдар менен мамилеңизди бузбаганга аркет кылыңыз. Жуманын аягы ийгиликтүү болот.

Арстан (23.07 - 23.08)
Апта сиз үчүн кадимки катардагы күндөрү менен өтөт. Эч кандай жаңылык күтпөй эле койсоңуз болот. Андан көрө жуманын аягына чейин жеке иштериңизди бүтүрүп алганга аракет кылыңыз.

Бийкеч (24.08 - 23.09)
Ишиңизде алга жылуулар болот. Шаршемби, бейшембиде өтө маанилүү жана кирешелүү сунуштар болот. Ага катар жеке жашооңузда да жаңылыктар болуп, жуманын аягына чейин ийгиликтерден башыңыз айланат.

Тараза (24.09 - 23.10)
Сиздин жүрөгүңүздү өйүп жүргөн финансы маселеси чечилчү убак. Бир гана сиздин чечкиндүүлүгүңүз талап кылынат. Жума же ишемби күнү жакын адамыңыз менен конокко барып, эң жагымдуу көз ирмемдерге күбө болосуз.

Чаян (24.20 - 21.11)
Бул жумада өтө сак болушуңуз керек. Өзгөчө жолдо жүрүүдө этият болуңуз. Бейшемби күнү жакшы кабар угуп, жуманын аягына чейин ошол маанай менен күн кечиресиз.

Жаачы (23.11 - 21.12)
Маанилүү иштин баарын ушул жумада бүтүрүңүз. Анткени, бул учурда сизге эң сонун идеялар келип турган мезгил. Сиздин мойнуңузда турган бардык иштин майын чыгарсаңыз, ишемби күнү акчалуу болосуз.

Текечер 22.02 - 20.01)
Дүйшөмбү күнү жакын адамдарыңыздын жемесине каласыз. Мунун баары өз шалакылыгыңыздын кесепети. Бирок аптанын ортосунда жолуңуз ачылып, жаңы жашоого бет алууга мүмкүнчүлүк бар.

Суупери (21.01 - 19.02)
Бул жашоодо сизди жакшы көргөн бирөө бар экенин унутпаңыз. Анткени, жуманын башынан баштап аягына чейин моралдык, материалдык жактан өтө оор болот. "Мен да бирөөгө керекмин!" деген гана ой сизди сактап калат.

Балык (20.02 - 20.03)
Бул жумада сизге болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди тартуулайт. Акчалуу болуп, далай кымбат баалуу буюмдарды сатып аласыз. Аптанын ортосунда сизден жардам сурагандар да болот. Аянбаңыз. Кудай берешен адамдарды жакшы көрөт.

Бегимай БАКАШЕВА











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan