архив • редакция 


  Чоңдордуку да чорбоёт

Мелис Турганбаевдин кылмыш иши сотко ашты
Эсиңерде болсо, жай аптабында Мелис Турганбаевдин айланасында чуулган чыккан. Албетте, бир катар ММКлар сенсациялуу окуяны ар кандай деңгээлде таратууга үлгүрүшкөн. Натыйжада Мелис мырза эки кыз менен болгону, аларды урганы боюнча. Эскерте кетсек, агезде М.Турганбаев Ички иштер министринин 1-орунбасары болчу. Ал эми бүгүнкү күндө ошол окуянын соңу кандай аяктоодо? Кеп мына ушул жөнүндө.
Кэчээ Башкы прокуратура М.Турганбаевдин кылмыш ишин Аламүдүн райсотуна өткөрүп берди. Хулиганчылык маанайында бааланып. Мас абалында эки кызды коомчулук жайда урганы тастыкталуу менен , натыйжада кыздардын жеңил жаракат алганы такталган. Бул боюнча тергөө амалдары дыкат жүргүзүлүп, күнөөлүү катары М.Турганбаев толук далилденген. Айыбы угузулуп, мыйзамченемдүү аракеттер көрүлгөнү анык. Башкы прокуратурада тергөө иши түз, таза жүргүзүлгөндүктөн, эми Аламүдүн соту кыйшаңдамай чечим чыгаруусу арсар. Себеби, иштин жагдайы ар тараптан толук жана обьективдүү изилденген. Мындан аркысын да мезгил көрсөтөт. Соттун адилет же адилет эместигин...
Дагы бир эскерте кетчү жагдай, Башкы прокуратуранын иш-аракетинин негизинде М.Турганбаев Ички иштер министринин 1-орунбасарлыгынан айдалган. Албетте, мыйзам Кыргызстандын жарандары үчүн бардыгына бирдей болушу шарт. Мындай кылмыш иши коомчулукка тарап кеткенден соң, башка үлкөн чиновниктер да сабак алары ажеп эмес. Мм...да, киттер да кайырмакка түшөт турбайбы.
Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ




  Энергетика ит кейпинде

Ишенимсиз Кыргызстанга инвестиция келеби?
Өкмөт "Түндүкэлектро" электр бөлүштүрүүчү компаниясын, Бишкек электр жылуулук борборун, о.э. Бишкек жылуулук түйүнүн сатканы жатат. Бул тууралуу 29-октябрда болуп өткөн отурумунда тиешелүү чечим кабыл алынды. Сатканда да кыргыз баласы үч уктаса түшүнө кирбеген акчаларды айтып жатышат. "Түндүкэлектро" 127 млн. долларга (4 млрд. 817 млн. сом), Бишкек электр жылуулук борбору 301 млн. долларга (11 млрд. 438 млн. сом), Бишкек жылуулук түйүнү 46 млн. долларга (1 млрд. 758 млн. сом).
Баардыгы 474 млн. долларга (18 млрд. 13 млн. сом) кетет экен. Буга чейин деле өкмөт бир топ ушуга окшогон ири ишканаларды саткан. Бирок алардын биринин баасы да 5 млн. доллардан ашкан эмес. Канттын цемент шифер комбинаты 1 млн. долларга, Майлуу cуу электр лампа заводу 3,2 млн. долларга, Кристалл - 1,6 млн. долларга, Кара-Балта тоо кен комбинаты - 1,8 млн. долларга, Кайыңды кант заводу 1 млн. долларга кеткен. Аталган энергетика компаниялары 474 млн. долларга кетиши мүмкүнбү?
(Уландысы 6-бетте)














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan