Күнтүрмөк
Бажыны кимиси тейлейт эле?
Каатчылык каптаганын моюндашты
Кечээги өкмөттүн жыйынында Каржы министри Тажикан Калимбетова министрликтерде куруу жана ондоо иштерине казнадан акча бөлүү токтотулганын, дүйнөлүк каржы каатчылыгы аймакка таасирин тийгизип, бажыканадан түшкөн киреше 400 миллион сом, салыктан келген пайда 150 миллион сомго азайганын билдирди. Акчанын тартыштыгынан мамлекет мындан ары шаан-шөкөттөрдү уюштурбай тургандыгын айтты го, эй... сауналар кантет эми, ыя?

Ийне издегендей издедик го...
Жоголгондор дале дайынсыз
Депутат Руслан Шабатоевдин тарапкерлери Бишкек-Балыкчы жолун тосуп, изилдөө иштери талаптагыдай болбой жатканын айтышты. 27-октябрда облус жана район жетекчилери алар менен жолугушкан. Ал эми кечээ СДПК фракциясынан Б.Бешимов, И.Өмүркулов жана Р.Ирсалиевдер жоголгон депутаттын үйбүлөсү жана туугандары менен жолугуп кайтышты. Ошондой эле, Восток-5 кичи
районунан депутат Жусупжан Жээнбековдун баласы Бахтияр Амиржановго тиешелүү "Лексус" автомашинасы табылган. Машине жуулуп, тазаланган абалда табылып отурат. Бир мандем барбы?

Курулушчу куруду
Прокуратура кылмыш ишин козгоду
Баш прокуратура жеке ишкер Ж. Таштанбетовго каршы Кылмыш Кодексинин 180-беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Баш прокуратура ага "Айыл Банктын" Чолпон-Атадагы бөлүмүнүн имаратын уруксаты жок куруп, 1113,1 миң сом пайда көрдү деген айып тагууда.

Мите куртпу?
Өмүке Кыргыздарды жээрип...
Кечээ Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филармонияда Комсомолдун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгы белгиленди. Жыйынды Орозбек Абдыкалыков баш болгон жетекчилери уюштуруп, Игорь Чудинов баштаган чиновниктерди чакырган. Ал эми ишкер Өмүрбек Абдыракманов 29-октябрды - Бүткүл Союздук Лениндик Коммунисттик Жаштар Союзунун уюшулган күнүнө байланыштырып, Комсомол коомдун митеси болгон деген пикирин билдирүүдө. Мындай иш чаранын уюштурулушун Кыргызстандын тоталитардык коомдун психологиясы менен жашап жаткандыгынын айкын далили деп эсептейт ал. Өмүке чээнден чыкканга го дешип, коммунисттер болсо, аң-таң.

Өчөт-өчпөйт
Ишенич жок, ишенич...
Энергетика министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев "Акжол" фракциясынын отурумуна катышып, электрди пландуу өчүрүүнүн натыйжасында Токтогул суу сактагычынан 580-600 млн.куб.метр суу үнөмдөлгөнүн, учурда суунун көлөмү 9 млрд. Кубметрге көтөрүлгөнүн айтты 1-ноябрдан баштап свет өчүрүлбөйт, бирок карызы болсо, көз жаштарына карабайбыз дейт. Өчөт же өчпөйт дегени ушул да.

Конуш жайы
Парламент Ө.Текебаевге үй энчиледи
Жогорку Кеңештин этика жана рег-ламент комитети өз отурумунда экс-спикер Өмүрбек Текебаевге кызматтык үйүн менчиктештирип берүү чечимин чыгарды. Депутаттар, Өмүрбек Чиркешович парламенттин 4 жолку депутаты болгон. Анын мамлекеттен үй алганга акысы бар деп эсептешет.

Нурага жардам
"Кайрымдуу бол калайык"
Соцфондчу Марат Султанов ушундай аталыштагы марафон өткөздү. Өткөн аптанын аягында тарых музейинде өткөн кайрымдуулук акция-сында жыйналган каражаттар жер титирөөдөн жабыр тарткан Нура айылына жумшалмакчы. Азырынча, канча каражат топтолгону тууралуу маалымат жок. Бир билсе, Марат аке өзү билеттир.

Дин чатактан
Коомдук парламент менен "Акыйкат үчүн" кыймылы эмнеге кабатыр?
Коомдук парламент менен "Акыйкат үчүн" кыймылы бийликтин ойлонбой туруп, жоопкерчиликсиз мамиле менен "Диний ишенимдин жана диний бирикмелердин эркиндиги жөнүндөгү" мыйзамды үстүртөн эле кабыл алып, жатканына кабатырланууда. Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун экинчи окулушта эле кабыл алууга даярданып жатат. 20-октябрда Жогорку Кеңеште Зайнидин Курманов жетектеген комитет бул мыйзам долбоорун талкуулоо үчүн тегерек үстөл өткөргөн. Андагы материалдардын жыйнагына негиз катары мамлекеттин жыйынтык сөзү, ОБСЕ/ БДИПЧ консультативдик кеңешмесинин комментарийи, Женева комиссиясынын Дин жана ишенимдер боюнча мыйзамдарга жасаган анализи берилген. Тагыраак айтканда, жалаң гана чет өлкөлүк эксперттердин пикирлери берилип, традициялык диндерди жактаган жергиликтүү экспертердин пикири кошулган эмес. "Өзүбүздүн традициялык динди карманган элдин терс реакциясы жаралат" дейт Коомдук парламент жана "Акыйкат үчүн" кыймылынын өкүлдөрү.

Күч сынашабы?
Кылаары жоктун кылыгы ушул
"Ак жол" партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясы "Фракциянын башчылык ролун кантип бекемдөө жана күчөтүү керек?" деген темада семинар өткөрүп жатат. Жабык өтүп, анда "Арстен консалтинг" компаниясы негизги докладчы болууда..

"Учур-пресс"




  Собол чак

Бүгүн оппозиция меморандумга кол коюу кеңешмесине
отурат. Мындан натыйжа чыгып, ынтымакка келе алышабы?
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ,
"Эркиндик" партиясынын экс-жетекчиси:
- Оппозиция Кыргызстандын бардык көйгөйлүү маселелери боюнча биригиши кыйын. Негизги маселелер боюнча гана биригиши мүмкүн. Негизинен, оппозициялык 4 топ бар. Бирок, Үсөн Сыдыков, Марат Кайыповдор оппозицияга деле кошулбайт. Алар айтып атат: "Бакиев жакшы, өкмөт жаман. Өкмөттү кетириш керек" деп. Текебаев, Сариевдер болсо "парламентти таркатыш керек" дешет. А биз, элдик революциялык кыймыл "Бакиев кетсин" деп атабыз. Анткени, ал кылгылыктын баарын үйбүлөсү менен чогуу кылып атат.

Эмилбек КАПТАГАЕВ,
Коомдук парламенттин мүчөсү:
- Бүгүнкү коомдогу түзүлгөн экономикалык, саясый кырдаалда оппозициянын меморандумга кол коюшу учурдун талабы. Өлкөнү бул кырдалдан чыгарып кетели деген бирдей көз караштагы саясатчылар алдын ала меморандумду талкууга алып, мүмкүн ушул жумада кол коюшат. Бул чоң саясый окуя. Элдин келечекке болгон үмүтүн улап атканына мен ишенем.

Бегиш ААМАТОВ,
коомдук ишмер:
- Биз 1994-жылы эле конституциялык жолдон чыгып кеткенбиз. Азыр оппозиция Бакиевди кетирип, референдум жолу менен Конституция кабыл алабыз деп атат. 1993-жылдагы Конституцияны алып келмейин, Бакиев кетпейт. Акаевдин да, Бакиевдин да мыйзамсыз референдумдарын көрдүк. Эми оппозиция ушундай референдум өткөрөт экенби? Конституцияны мыйзамдуу парламент кабыл алат. А бизде мыйзамдуу парламент жок. Оппозиция былтыр апрелде, ноябрда да Конституция кабыл алабыз деп чыкты эле. Кана кабыл алышканы?

Жыпар ЖЕКШЕЕВ,
КДК лидери:
- Мен меморандумдун тексти менен тааныша элек экенмин. Ал жерде эмне жазылганын, эмнелер жок экени менен кабарым жок. Эгерде, оппозицияга акыркы жылдары башынан өткөргөн саясый окуялар сабак болуп, өткөн жаңылыштыктарды кетиришпесе конструктивдүү оппозициялык топко бириге алышат. Тескерисинче, эски жол менен барышса бириге албай калышы мүмкүн. Ынтымакка келүү үчүн жаңы деңгээл керек. Жөн эле пикет, митинг менен максат аткарылбайт.

Азимбек БЕКНАЗАРОВ,
Ревкомдун жетекчиси:
- Биз эмне деген гана меморандумдарды көргөн жокпуз. Бакиев-Кулов тандемин көрдүк, андан кийин биз, 18 киши келишимге кол койгонбуз. Конституция-нын ар бир барагына кол койгон учурлар болгон. Бул жолку меморандум эмне жөнүндө экенин да билбейм.

Дилбар АЛИМОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan