Саясат KG

Күндүзү кымыз, түнү кыз...
А.Мадумаров акылына келгенби?
Коопсуздук кеңешинин катчысы достору менен шапар тээп, ымандай сырын ачканга үлгүрүптүр: үч жыл бою көзүнүн май басканын моюндап, эми калыстык үчүн тик турарына сөз берип. Спикерликтен айдалгандан кийин акылына келгени, элди ойлогону ушулбу? Айтмакчы, "күндүзү кымыз, түнү кыз, күжүлдөгөн эр кыргыз" деген кеп, Адахан мырзага таандыкпы?

Тиги жээктин заманы
Бөлөк элдин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол!
Туңгуч президент А.Акаев Атажуртунун суусуна зар болуп жашаганы менен, Москванын кадимки хансарайларынын арасында күн кечирет. Океңдердин элитасынын алдыңкы сабына кирет (байлык жагынан). Мисалы, Айдар Акаев бир катар кафе-ресторандарды, о.э. "Вечерний Бишкек" аталышындагы кадырлуу түнкү клубду тейлейт. Соңку учурда Айдар мырза акылына келгенби, айтор, кыкеңдердин баш көтөргөн азаматтарын ишке тартып, кол кабыш кылган кези экен. Бирок, канчалык бөлөк элдин султаны болгончо, кыргыздын ултаны болгону артык. Ушуну сезишти бекен?


"Итек-Эйрдин" иримейиби?
Бегалы акенин билигине май тамызгы
"Итек- эйрдин" дагы бир Боинги 26-октябрда Москвадан Бишкекке учарда бузулуп, "Манас" аэропортуна бир жарым саатча кечигип конгон. Жүргүнчүлөр баягы жарылган "Итек- эйрдин" учагын эстешип, кыйла кооптонуу менен эзилишкен. Бул бизге "Итек-Эйрдин" маалым болгон бир гана соңку кабары. Ал эми толук былык-чылыгын депутат Бегалы Наргозуевге койдук. Анын иши. Баса, Россиядан же чет элден Кыргызстанга жарандар келе турган болсо, алар биздин авиакомпаниялардан жаа бою качып калышыптыр. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" деген ушубу?


Саресеп салчы
Күйүүчү май күйүтүнөн табышмак
Россия Газпромунун экономикалык саясаты кыргыздарды курутуп кирдиби? Мисалы, былтыр 1 баррель 61 доллар кезинде күйүүчү май 21-24 сомго чейин болсо, быйыл июнь-июль айларында 1 баррель 146 долларды чапчып кеткен. Азыр болсо 1 баррелдин наркы 61 долларга кайра түшкөн. Кызыгы, мындай шартта эмне үчүн күйүүчү май 29-35 сомго дейре өсүп, бүгүнкү күндө өз наркын таппай атат? Ортодон кайсы тарап акча жеп атканына экономисттер баш оорутуп көрбөйбү? Саресеп салып.


Депрессиядан кийин
Темике бильярд ойноп, эс алууда
Экс-башсалыкчы Т.Курманбеков кызматтан алынганы дымып эле калган. Изилдеп көрсөк, Темике азырынча эс алууга өтүптүр. Кызматтан чегинүү депрессиясынан арылып, бильярд ойноо менен алек. Эч кандай маанайы түшкөнү деле сезилбегендей. Мындай жайбаракат жүргөнүнө караганда, Акүй тараптан жылуу кеп укканы байкалат...


Шарапчы Шакеден
Оомат атбашылыктарга оойбу?
Кыргыздын "мен" деген беш олигархы болсо, алардын бири Шаке. Атбашынын кулуну. Кыргызстанда жети арак заводду гүлдөтүп, андан сырткары Казакстан, Орусияга чейин бизнесин жайылткан кербези. Мындай жөндөм-шыкты байкагандар да жок эмес. Атургай казактын айрым лөктөрү Шакеге суктанышып, "кийинки ажо ушул жигит болсо, Кыргызстанды оңдойт эле" дегендерин эшиттик. Кокус, атбашылык шарапчы Шаке бизнестен саясатка секирип, акчасын самандай чачса, ажолукту алып кетери да ажеп эмес. Өң-түспөлү да жарашат. Ойлонуп аткандыр...


"Рух ордодогу" сөз
Т.Керексизовдун философиясынан
Экс-депутат Т.Керексизов "Рухордо - Ташкул ата" борборун мындан ары "Чыңгыз Айтматов атындагы маданий көргөзмө" аталарын жар салды. Ташкул мырзанын мындай кең пейилдиги кыргыз маданиятына болгон сый-урмат катары бааланат дечи. Ал "Рухордону" 9 айда бүтүргөнүн кеп кылуу менен, наристе да эненин боюнан 9 айда жарык дүйнөгө келерин философиялаштырды... Эми Т.Керексизовдун көл тескейиндеги "Аалам-Ордосу" бүтсө, ага да эл мыктысынын аты ыйгарылабы?


Шапар тепмей
"Тогузторо" коому тойлогондо
Тойломойдун да салты бар экен. Маселен, "Тогузторо" коому ынтымакка келишип, башкалаадан чер жазмай өнөр күтүшүптүр. Өткөндө 12-кичирайондогу "Алтынтөр" кафесинен майрамдашып (кайсы ырыстарына?), элди жыргатып салгандай ой-да күпүлдөштү. Тогузторо районунда эл итке минип, электр жарыгы тынымсыз өчүп атканы менен иштери да жокпу дейсиң. Эл багарлар мына ушинтип шапар тээп жүрүшсө, башкасы өлгөн экен да...


Парламент тарайт,
Тарабайт
К.Кабилова эр жүрөктүк
кылабы, же...
Эсиңерде болсо, жакында оппозициядан Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, И.Өмүркулов сыяктуу лидерлер Москвага барып келишкен. Бизге так маалым болгондой, алар Орусия саясый лөктөрүнөн сырткары К.Кабиловага да жолугушуп, узак маек курушкан. Негизги маселеге байкалгандай, оппозиция лидерлери Клара айымдан былтыркы парламенттик шайлоонун жараксыздыгын далилдөөнү өтүнүшкөн. Албетте, документ, фактылардын алкагында. Эгер К.Кабилова мындай эр жүрөктүүлүккө барса, азыркы парламенттин ташы талкан болот.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan