Азакеден
АЗИЛ АРАЛ
oрдoк канат каттар
Сагыныч кат
Саламатсыңбы апа! Сени өлө сагындым! Сага болгон кусалыгым курсагыма түшүп кетти. Чын. Салаңдап эле калды. Көралбагандар "казы байладың" дебатышат. Кайдагы казы? Курсак толо кусалык! Ишенсең апа, сени күнсайын кечинде эстейм. Жумуштан келгенде эстейм. Кечки тамакка отурганда эстейм. Тишине тыгылган этти чукуп, какшанып төрдө отурган кайненемди көргөндө эстейм. Аялымдын апасы күндө кашында. А менин апам... Сени ойлоп отуруп, күчүмдү тамактан чыгарам. Натыйжасы бул. Апаке, мобу галстугумду келиниңе, келиниңдин апасына биротоло тапшырып бербесем, сени дагы төрт жыл көрбөй калчудаймын...
Саргайган уулуң Садыр

Өкүнүч кат
Кандайсың Меке? Устатым. Билесиң, сага көп кат жаздым. Өмүрүмдүн тең жарымы сага кат жазуу менен өттү десем жаңылышпайм. Сага кат жазып жүрүп, кат сабатым жоюлганын да танбайм. Керек болсо эң жогорку чеберчиликте, ар түрдүү позада туруп алып, ар түрдүү позицияда саясый чыгармачылыгымды өркүндөтүүгө жетиштим. Акүйгө жагышты үйрөндүм. Көкүйгө киришти өздөштүрдүм. Но, барыбир менде жүрөк эзген өкүнүч бар. Ушунча жылдар бою көз майымды короткон каттарга бир да ирет жазуу түрүндө жооп берген жоксуң. Не магинитиң бар экенин билбейм, "жазбайм" десем да болбой, минтип өкүнүч кат жаздыртып кыйнадың...
досуң Беке

Сүйүү каты
Салам Сайрагүл! Денсоолук, окуулар бешпи? Мени көрүнбөй кайда жүрөт дебатасыңбы? Же, ойлогон жоксуңбу? А мен сени саат сайын, мүнөт сайын ойлойм. Ишикылса, жүрөгүм сен үчүн гана согот, билсең. Эсиңдеби, баягы сени узатып барганда үч кабат үйүңөрдүн жанына турубалып, кооз темир дарбазаңардын көлөкөсүндө, көнөктөгөн нөшөргө карабай өбүшкөнүбүздү. Ох-х, ошол түн эсимен эч кетпейт, чиркин! Анан... анан, "алты жүзүнчү мерс" менен атаң келип калгандачы... эки дөөдөй жансакчысы далдаңдай чуркап келип мени алка жакадан алганда, сен аларды токтотуп, "сүйгөн жигитим" дебедиң беле. Бекер айтыпсың. Ажерден аман-эсен кутулганым менен, эртесиле УКК деген үчтамга изиме түшпөдүбү. Алардан качып жүрүп, кожновенерологический диспансерге түшүп калдым. Аз калды. Жакында чыгам. Чыгарым менен чымчык болуп сага учам, жаным!..
Кызыл боёк жоктугунан "жүрөгүмдүн каны" деп тамыза албадым. Сүйгөнүң Сүйүмбек

Түшүнүк кат
Ушул түшүнүк катты өз колум менен жазып жатып кээ бир жеринен жаңылыштык кетирериме толук ишенем. Аным үчүн алдын-ала кечирим сурайм. Ооба, ал түнү адеттегидейле өз үйүмдө, өз керебетимде, өз төшөгүмдө, өз аялымдын койнунда жаткам. Катуу уктап атканымды коңуругуман тажаган аялымдын калак менен узаткан катуу соккусу далилдейт. Аюудай бакырганым чындык. Бирок, менин ачуу чаңырыгыман бүтүндөй кыштак ойгонгонун, натыйжасында он тогуз ойнош менен отуз эки мал ууру колго түшкөнүн мойнума алам. Демек, чаңырык үндүн ээси мен болгондон кийин жогорудагы он тогуз менен отуз экинин ичинде таптакыр жокмун. Ага өзүм бореки жарылган чекемен көрүнүбаткан мээм менен ишенем.
Түшүнүк кат ээси Түнбакыр













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan